16
Бай болгондон корком – программа өчтү
Туулгандан байлык менен бирге төрөлгөм. Байлык менин ичимде! Менин ички жана сырткы дүйнөм бай! Өзүмө бай болууга уруксаат бердим!Себеби ал энергиядан турат, менин руханий жана материалдык дүйнөмдүн энергиясы.Ал энергия ар бир адамда бар – программалары ишке кирди
17
Кембагалдык бешенемде жазылган – программасы өчтү
Мындан ары кембагалдык жашоону токтоттум! Себеби, адамды кембагал кылган “ишеним” экендигин түшүндүм. Кембагал болуунун программасын өчүрдүм. Ар кандай бай болбоо үчүн жасаган аракеттеримди, тоскоолдуктарымды ачык көрүп жатам. Мен өзүмө өзүм бай болуп жашоого уруксаат бердим. Ашыкча “көз артуумду” нормага келтирдим. Себеби өзүм каалаган нерселерди кантип өз убагында жасоону билемин. Жасап жатамын. Болгон байлыгыма кубанам,сүйүнөм. Мындан ары айкөл болууну чечтим! Байлыктын ачкычы ички дүйнөмдө. Ал ачылды! Мен кантип алганды жана бергенди билемин! – программасы ишке кирди
18
Мен бактысызмын – программасы өчтү
Мен бактылуумун. Төрөлгөндөн бактылуу болуп төрөлгөм! Өзүмө өзүм бактылуу болуп жашоого уруксаат бердим! Мен бакыттын ээсимин! – программалары ишке кирди
19
Кудай мени жазалайт – программасы өчтү
Эч ким эч кимди жазалабайт, ар бир адам өзүн өзү жазалайт, себеби, адамдык “намысы” ошентип иштейт. Мына ушул секундадан баштап менин “ намысым” мени сактайт жана коргойт, себеби ойлогон оюмду жана сөзүмдү өз учурунда так айта аламын – программасы ишке кирди
20
Эл айтат, элден уялам, эл эмне дейт? – программасы өчтү
Эл ар бир адамдан куралат. Ар кимдин жашоого болгон көз карашы ар түрдүү. Мен ар бир адамдын укугун баалайм жана колдойм. Ар кимдин өзүнүн чындыгы бар. Мен өзүмдү кандай болсом ошондой кабыл алдым. Ошондуктан адамдардын сөзү менин тынччылыгымды бузууга акысы жок. Мен өзүм менен өзүм гармониядамын! Каалаганымды жасоого толук укугум бар. Менин эрким жана аң сезимим кол тийгис! – программалары ишке кирди
Мындан ары, жогорку тартипте ар бир сөз, сүйлөм менен ушинтип иштесеңер болот.
Ар бир сөздүн маанисин “аң сезим” менен “түшүнүп”, “ден соолукту” “сезим” менен “чыңдап” энергияңдын кубаттуулугун жогору көтөр. Аны өзүңө өзүң түшүндүрүп бар.
Башкача айтканда ой жүгүртүүнү оңдоо менен ар бир адам өз ден соолугун өзү чыңдай алат, жашоосунун сапатын жакшы жагына өзгөртө алат.
Суроо канчалык көп берилген сайын, мээнин иштеши активдештирилет, ой жүгүртүү тездейт, кан айлануу жакшырат. Бирок суроону позитивдүү берүүнү үйрөнүү зарыл. Китепти окугандан кийин адамдар бири – бириңер менен позитивдүү сүйлөшүүгө көбүрөөк маектешүүгө өтсөңөр, жакшы таасир берет. Себеби, жүрөк өйүгөн сырларды, ойлорду ичте кармагандын ордуна сыртка чыгарып, энергиянын айлануусун, кандын айлануусун жакшыртуу,жашоону узартып, турмуштун кызыгын көрүүгө жардам берет. Терс сезимдерди бирөөгө айтып ушакты көбөйтүүнүн ордуна эч ким жок жерде өзүңө – өзүң айтканың оң, себеби, бирөөнү ушактоо менен өзүңдүн ички дүйнөңдү башкаларга көрсөтөсүң. Андан көрө кагазга жазып өрттөп сал. Себеби, уккан кулак аны, бирөөгө өткөрмөйүнчө, ал маалыматтан кутула албайт, ошон үчүн адамдар бирин-бири сөз кылууга, маалыматты бөлүшүүгө жөндөмдүү. Уккан сөздү эч качан сөзмө сөз сен айткандай жеткире албайт жана айтпа деп айткан сөзүң сенин айлана чөйрөңө белгилүү болот. Өзүңөр жөнүндө жаман сөздүн ордуна, жакшы нерселерди айткан оң. Себеби, баары бир адамдар тарабынан бурмаланып, ар кандай окуяга айланат, ал эми жакшысы сезимиңди жакшыртат. Жаманы ден соолугуңду бузат. Ал нерсеге көз каранды болбоо үчүн өзүңдүн жашооңо өзүң кожоюн бол, аны өзүң өзгөртүп баруу келечекке ишенимдүү жашоо түзөт.
Ичте “ашыкча сыр катуу”, бул ден соолуктун начарлашына алып келет. Себеби, ал нурлардын айлануусу, нур айланбай туруп калса, ичиңде кыжаалатчылык пайда болот. Кан айлануу начарлайт. Ошндуктан сырыңды ашыкча сактоонун ордуна кагаз бетине жазып өрттөп салуу адамга аябай чоң жардам берет. Сыр чечишкен адамың болсо андан да жакшы, эгерде сени позитивдүү нукка бура билген адам болсо. Жакшысы эч кимге айтпай эле өзүңө өзүң шыбырап айтып, жаныңды кыйнаган сырды, энергияңды денеңден чыгарып сал. Сырды уккан адам сен жөнүндө кандай образ түзөт ал белгисиз, ошон үчүн проблеманы көбөйткүң келбесе бирөөгө айтпай эле койгон оң.
Сырдын ичте сакталышы боордун ооруусуна, кандын коюуланышына алып келет, ошондуктан сенден уккан нерсени баары бир бирөө менен бөлүшөт, себеби сыр – бул нур, энергия толкуну экендигин түшүндүң. Ал эми энергиянын бир жерде кыймылсыз туруп калышы клеткалардын тез өлүшүнө шарт түзөт, жыйынтыгы ооруунун очогу пайда болот. Ошон үчүн сырдашкан адамга эч кимге айтпа деп аны кыйноонун кажети жок. Анын да ден соолугун ойлоо зарыл.Себеби, сен ал кыжаалатчылыгыңды бирөөгө өткөрүп койдуң, эми ал сырды уккан адам кыйнала баштайт.Аял кишиге айткандан корккондор эркекктерге айтат. Ал эми, эркек киши аны сөзүз эркек адам менен бөлүшөт, жыйынтыгы кайра эле аялдарга айтылып, алар аркылуу көркөмдөп көбөйтүлөт. Ошентип ушактын учугун улоо башталат. Демек, ушактын башчысы өзүң экендигиңди мойнуңа ал. Себеби, аны сен өзүң айтпасаң башкалар билмек эмес. Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт деген макал бекеринен эмес. Ошон үчүн “ичиңдеги сыр” менен кантип иштегенди өздөштүрүү зарыл.
Эмнени көп ойлоносуң, сүйлөйсүң?
Кайсыл ой сага кандайча таасир берет? Байка?! Жокчулуктубу? Барчылыктыбы? Өзүмдү кандайча сезем? Жетишпестиктиби? Байлыктыбы? Өзүмдү кандайча сезем? Пайданыбы? Карыздыбы? Өзүмдү кандайча сезем? Согуштубу? Тынччылыктыбы? Өзүмдү кандайча сезем? Өч алуунубу? Ынтымакта жашоонубу? Өзүмдү кандайча сезем? Ооруунубу? Ден соолуктубу? Өзүмдү кандайча сезем? Күрөшүүнүбү? Атаандашуунубу?
Бүгүнкү күндө кандай жашап жатам? Сезимиме дайыма байкоо жүргүзөм.
Ойлогон оюм менен жашаган турмушум айкалышабы? Же оюм алдыга кетип, жашоом арттабы? Келечекти көп ойлономунбу? Өткөн жашоону көп ойлономунбу? Учур чакты, азыркы, бүгүнкү жашоодо жашай аламынбы же жашап жатамынбы? ж.б.у.с. көптөгөн суроолор. Жоопту ар ким өзү алат.
Ар бир ойлогон ойдун сапаты – бүгүнкү жашоонун мөмөсү.
Учур чакта жашоо деген эмне? Өткөн жашоого кандайча түшүнөсүң? Келечек жашоого кандайча түшүнөсүң?
Ар бир адам жер бетине жашоого келгенден кийин өзүнүн максатын, тилегин, оюн, сөзүн , ачык, так, даана айтып аны өз убагында аткара билүүсү керек.
Адам баласы ар бир секунда сайын өзүн бактылуу сезип, жашоодон ырахат алып жашоо үчүн эмне керек?
Мен эмнени каалаймын ? – деген суроого ачык, даана, так жооп берүүнү үйрөнүү. Ден соолукта, сапаттуу жашоо үчүн албетте, ойдун тазалыгы, жан дүйнөнүн тынчтыгы керек.
Жашоодон “сага эмне керек?” – экендигин сөзсүз бил. Башкача айтканда заказыңды Алла Талаага кантип айтууну билген жакшы.
– “Мен ар бир секунда сайын өзүмдүн ден соолугумдун чың болушун ниет кылам».
– “ Денем чыйрак, деним сак, ыкчам кыймылдап, акыл– эсим, жүрөгүм биргеликте ой жүгүртүп, каалаган нерсемди жасоону ниет кылам”.
– “Оюм менен жүрөгүм биргеликте ойлонот”, каалаган ниетиме, тилегиме жетүү үчүн:
– учур чакта каалоом бирөө, максатым бирөө кана болуш керек.
М: “Мен ден соолукта болууну ниет кылам, каалайм” же
“Мага чын ден соолук керек?” же
“Азыр ушул секундадан баштап мен өзүмдү чың ден соолукта сезип жатам!”
Үч варианттын бирин кана алып иштейбиз. Себеби, азыр, ушул учур чакта бир кана заказ Ааламга жөнөтүлөт. Каалашыңча ар бирин өзүнчө айтып көрсөң болот.
–
[А] Мен өзүмө өзүм ден соолукта болууга уруксаат бедим! Мен ден соолуктун толкунудамын!
Ден соолуктун коду.
Анда эмесе, биринчиден: “Мен азыр, ушул секундадан баштап өзүмдү чың ден соолукта сезип жатам!”
”Азыр, мен ден соолуктун толкунуна уландым!” Эми, дем алып, дем чыгарам 5– 7 жолу – оюм менен ойлоном, ушул ойду, үнүмдү чыгарып айтам же шыбырап сүйлөнөм, кагазга жазып окуйм, ушул сүйлөмдү, көз алдыма кыялым менен өзүмдү ден соолукта экендигимди элестетем, сезимим менен денемди ден соолукта сезем, Анан унутам дагы ошол максатыма жетүү үчүн керектүү нерселерди жасайм ( б.а. тезирээк ишке ашуу үчүн каалоо ниетти кое берүү керек,) денедеги орууну ыраазы болуп, коюп жиберип, бош калган орунга “Азыр ден соолук менен биргемин!” – деген ойду, сезимди киргизем.
Организмдин гармонияда, бир калыпта иштеши үчүн төмөнкү сөздөрдүн “кодун” айтабыз:
“Мага ден соолук!”– Ден соолукка “кошулгун!” – “Өзгөргүн!” – “Жеткир!” – “ Жөнөкөйлөт!” – “Биргебиз!” – “Чыныгы!”– “Жашар – Жаңылан!” – “Ден соолукта бол!” – “Сүйөмүн!” – “Мээр төгөм!” – “Нурду бир калыпта кабыл алам – чачыратам!”– “Мен тең салмактуулуктамын!” –“Кечир!” “Кечиремин!” “Ыракмат!” – “Ыраазымын!”
Же болбосо, бул сөздөр дененин “өзүн – өзү” калыптандыруусуна жардам берет. Ар бир адам денеси өзү түзгөн программа менен иштейт.
Экинчиден: Сууга айтып,
– менин ден соолугум чың,
– мен бактылуумун! – деп ичип,
– мен ар дайым ден соолуктамын! – деп денең менен сезген жакшы.
Бул сөздөр дене үчүн өтө маанилүү. Баардык жерде негизги орунду “СЕЗИМ””СҮЙҮҮ” нуру ээлейт!
Суу менен, денени бузган маалыматтар, өзүнүн деңгээлинде ар бир клеткага, ички органдарга чейин жетип тазаланат. Суу денени тазалайт, агартат, дарылык касиети өтө чоң жана дагы эң чоң маалымат сактоочу күч.
Ошондой эле, жеген ичкен тамактын баары маалыматты сактайт.
Ошондуктан, тамак ичип жатканда эмнени сүйлөп, өзүңдү кандай сезип тамагыңды жеп жатасың? Көңүл бөл!
Телевизорду тиктеп отуруп, тамак ичсең кандай информацияны кабыл алып, эмнени денеңе сиңирдиң, кандай маалыматтын энергиясын денеңе тараттың? Эмнени көрүп жатасың өлтүргөндүбү, ыйлагандыбы же, кубангандыбы?
Кандай сезим менен жедиң? Териге, ички органдарга ошонун баары сиңет.Өзүңдү байкасаң, нервдериң кандай акыбалда болот? Булчуңдарың өзүн кандай сезди? Аш казанга тамак менен кошулуп кандай маалыматтар түштү? Ичегилердин иштеши кандай болду? Акыбалың кандай болуп калды?
Эми ошол терс көрүнүштөр, ден соолукту бузуучу маалыматтар сага керекпи?
Аны жабыркаткан ким? Эми, мындан ары аларды көрбөй эле башка каналга бурсамчы?– деген суроолорду өзүңө өзүң берип көр.
Мен өзүмдү күнүмдүк жашоомдо айлана чөйрөдөгү адамдардын жашоосуна карап, албетте, биринчи иретте өзүмдүн тагдырыма, ден соолугума, бүгүнкү күндөгү акыбалыма анализ жасап, баамдап келе жатам. Ар бир адам өз тагдырын өзү бешенесине жазаарына ишендим. Ал процесс ар бир көз ирмемде жүрүп тураарына көзүм жетти.
Өзүмдүн ден соолугумду өзүм бузуп, турмушумда ар кандай тоскоолдуктарды түзүп келгендигиме күн өткөн сайын ар кандай далилдер менен таксыктап, “аң сезим менен түшүнүп” келе жатам. Түшүнүп эле койбостон, ал адаттан арылуу керектигин өзүңө өзүң түшүндүр. Ал үчүн кайрадан ар бир адам өзүн өзү тарбиялоосу зарыл.
“Аң сезим менен түшүнүү – бул анализдеп, акылды өлчөп калчап, логика менен интуицияны тең иштетүү б.а. жашоо менен байланыштырып түшүнүү”. Ар бир клетканын, органдын, дененин, бүткүл тулку боюдун өзүнчө “аң сезими” бар. Баардык нерсе “жандуу”.
Физикалык дененин, тулку боюдун аң сезимин – аң сезим (сознание, сознательный ум) логикалык, рационалдык акыл, мүмкүнчүлүгү чектелген акыл, мээнин сол жарым шарынын иштеши”, деп түшүнүп, ал эми “ички дүйнөнүн аң сезимин, жан дүйнөнүн аң сезимин (подсознание, безсознательный ум) – чыгармачыл акыл, иррационалдык акыл, мүмкүнчүлүгү чектелбеген чексиз акыл, мээнин оң жарым шарынын иштеши” экендигин түшүндүм.
Экөөбүнүн биргеликте бир деңгээлде иштеши жашоонун жеңил жолун ачып, азыркы, бүгүнкү жашоону, учур чактагы жашоону алып келет. Бирок, эки мээ “тең салмактуулукта” иштеген адамда “сыйкырдуу” жаратуулар болот, алар материалдык дүйнөдө адамдар тарабынан “гений, өтө талантуу, кудай, пайгамбарлар” катары кабыл алынат. Тилекке каршы андай адамдар чанда кездешет. Ал эми, мүмкүнчүлүк ар бир адамда бар. Ошон үчүн ар ким өзүн өзү түшүнүп, өзүн өзү угуп иштеткенди үйрөнүүсү, керек, өз мүмкүнчүлүгүн пайдалануусу, ичиндеги чыныгы жөндөмдүүлүгүн эстеп, ачуусу керек.
Өзүңдү өзүң түшүнүү аркылуу, сырдуу күчтөрүңө ишенесиң, ден соолукта болууга өзүңө өзүң уруксаат бересиң.
–
[А] Мен, Сен, Ал, Биз, Дүйнө, Аалам, Кудай барбыз! Биз азыр ушул жердебиз!
Эмнеге “Мен”, “Сен”, “Ал”, “Биз”, “Дүйнө”, “Аалам”, “Кудай” деген сөздөр көп колдонулат?
Ар бир адам дене түзүлүшү көп кырдуу, көп тармактуу жана ар кандай көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн дүйнөлөр менен тыгыз байланышта. Медициналык көз караштан сырткары, эзотериканын тили менен айтканда, адам дене түзүлүшү негизинен жети денеден турат, орустардын “Матрешка “ куурчагы сыяктуу көзгө көрүнбөгөн энергиядан турган денелер бири-бирине кийгизилип турат. Ал нерсени көпчүлүк адам түшүнө элек. Ошондой эле ошол денелерди бири– бирине байланыштырып, адамды кыймылга келтирип, жылуулук берип, жандандырып, жашатып жаткан көзгө көрүнбөгөн нур жипчелер, нур каналдар, энергетикалык нур айландыруучу борборлор бар экендиги тууралуу көп маалыматтар бар. Мен дагы көпчүлүк катары бул нерсени түшүнүү үчүн издендим. Ал денелердин бар экендигине ишенип, физикалык дене башка денелер аркылуу тыгыз байланышта экендигин түшүнгөндөн кийин кана, мындай маалыматтын ар бир адам үчүн керектигин түшүндүм. Жана аны көпчүлүктүн түшүнүп алуусун ниет кылдым. Себеби, ден соолукта болуу үчүн бул маалымат адамдар үчүн керектигине ынандым. Ошон үчүн китеп аркылуу түшүндүрүү зарылдыгын колго алдым. Албетте, бул нерсени менден эч ким суранган жок, бирок билген маалымат менен бөлүшүүнү туура деп таптым. Кээ бир адамдар, китеп жазуу – бул сенин “миссияң” деп да айткандарды уктум. Жыйынтыгында, миссияны(предназначение) ар бир адам өзү түзөөрүнө ишендим. Ал сенин мурдатадан жасап келе жаткан турмуштук тажрыйбаң экендиги анык. Бул нерсе маалымат талааңда болбосо, мындай нерсенин бар экендигине ишенмек эмесмин. Түшүнгөндөн кийин жаным жай алып, жазууну менин чыгармачылыкта иштөөм деген ишеним менен анан жазууну баштагам. Бул жөн эле “атак даңк” үчүн же “акча табуунун негизги булагы эмес” экендигин бара-бара түшүнө баштадым. Чындыгында өтө чөң жоопкерчилик. Мен аны түшүндүм. Билген, көргөн нерсемди дагы ооз жабып отура берүүнүн кажети жок экендигин түшүндүм. Себеби, билим – ал энергия, менин физикалык денем, ден соолугум менен байланышкан. Аны алып, берип сарптабасаң ден соолуктан ажыраарымды түшүндүм. Ал эми ден соолукта болуу үчүн ал энергия менен иштеш керек. Чыгармачылык энергиясын иштете билүү керек. Ошентип, жазуунун мен үчүн зарлдыгын мойнума алдым.
Эми, денеде жылуулук болбосо, же ашыкча болсо, адам денесинде эмне болоорун түшүндүңөр. Энергетикалык денелерди бири– бирине байланыштырып нур өткөрүп турган ар биринин өзүнүн энергетикалык борборлору бар. Ал жөнүндө бул китепте кыскача түшүнүктөр жазылды.
Мектеп программасында математика, физика, геометрия илимдеринде ар кандай фигуралар жөнүндө адамдарга билим берилет. Мына ошол, биз күнүмдүк жашоодо угуп, көрүп, пайдаланып жүргөн фигуралар дагы адам баласынын дене түзүлүш системасындагы бар нерселер. Аны биз ачык көрбөгөн үчүн ишенбейбиз. Туурабы? Ал жөнүндө кеңири маалымат алгыңар келсе “Сакралдык геометрия” илими аркылуу түшүнүк алсаңар болот.
Мен китепте кеңири пайдаланган “Мен”, “Сен”, “Ал”, “Биз”, “Дүйнө”, “ Кудай” деген сөздөр адамдын ден соолугу, денеси менен түз байланышта болгон денени активдүү ишке киргизүүчү сөздөр. “Кудай” деген сөздү эң жогорку алкактагы “Жаратуучу – нур”– деп түшүнсөңөр да болот. Ушул сөздөр аркылуу чачылып кеткен денелер бири– бирине биригип, топтолот, бири– биринен ажырап же бир жагына кыйшайып калган көзгө көрүнбөгөн дүйнөдөгү денелер өз калыбына келет, б.а. ортодогу боштук жабылат, рак оорууларын пайда кылган тешиктер, жылчыкчалар жабылат. Ар кандай геометриялык фигуралар калыбына келип, денедеги пирамидалар өз нугуна келет. Кванттык дүйнө менен байланыш калыптанып, денедеги тартылуу, түртүлүү күчтөрү өз нугуна түшөт, денеде бир “Бүтүндүк” пайда болот. Ойдун ритими калыптанат, же чар жайыт, баш аламандык жоголот. Бузуглан түштөр оңолуп, уйку өз нугуна түшөт, астралдык дүйнө калыптана баштайт. Бул деген адамдын “чың ден соолук каналына” уланышы деп эсептеймин.
Ар бир адамдын бүтүндүгү – бул дүйнөнүн бүтүндүгү. Адам тынч! Дүйнө тынч! Аалам тынч! Кудай тынч!