– Ой ал жөн эле сыр көрсөтүп жаткан го? – деп Турдукан кенебей туруп калды.
– Ботом, сен дагы адамсың го, колдорун карачы, тырышып калыптыр.
– Тим кой, өзү эс алат, жөн эле коркуткусу келип жатса керек, – деп дагы деле ийибеди Турдукан.
– Ай Турдукан, өлүп калса сен жооптуу болосуң, тур молдо чакыр, – деп Салкын айтканда гана кетти, ал үйгө келген Салкындын көзүнчө атайын жасап жатат деп ойлогон эле, экөө сүйлөшүп отургуча түш болгонун байкабай калган эле.
– Эмне деп жатасың, эмнеге өлмөк эле? – деп келип, келининин түрүн көрүп чындап коркуп кетти, – Эмне доктур чакырайынбы?
– Доктур эмес молдо чакыр, арууркаган го, бол эрте, – деп колун ушалап жаакка ургулады, – Жамийла, тур-тура гой, көзүңдү аччы айланайын, – дегенде тишин кычыратып көзүн аңтара чиренип булдуруктаганда Турдукан шашыла туруп кетип жатып босогодон Сагынбек менен беттеше түштү.
– Каякка? – деди ал аялына.
– Сагын, тиги молдону чакырып келе калчы.
– Эмне болду?
– Тиги-и, тиги Жамийла жыгылып калды аруусу бар окшойт.
– Эмне? – деп чоочуп эшиктин алдында келинин кучактап отурган Салкынды көрүп чоочуп кетип жетип келди, – Эмне болду буга?
– Кир жууп отуруп эле жыгылып калды, – деди Турдукан күнөөлүүдөй жер карап, – Оорусу бар го?
– Болду, Мамат молдого барып келейин, – деди да шашыла чыгып кетип көп өтпөй эле молдону алып келди, Жамийла алиге чейин көзү аңтарылып, колдору тырышып жаткан, аны үйгө киргизип жаткырып коюшкан болчу. Мамат молдо ага дем салып отуруп:
– Келиниңер катуу коркуп калган, деди, анан колун кармап тамырын көрдү, – Кой бойлуу да болсо керек, этият кылгыла.
– Кой бойлуу, келгенине он беш күн зорго болду го? – Турдукан молдону ишене бербей карап калды, ал молдону жактырбаса дагы аргасыз көнгөн болчу, атеисттик заманда далайлар молдо-кожого ишенбей “каапыр” боло баштаган эмеспи, Турдукан дагы мугалим болгондуктан ишенчү эмес.
– Кош бойлуу экенин анык, жүрөгү катуу түшкөн, бирдемеден чоочуп калган го, үч күн дем салайын, жакшы болуп кетет, – деди Мамат.
– Өзүнүн оорусу болсо керек дейм: – деди Турдукан.
– Инш-шалла, оорусу билинбейт, жаңы гана корккон түрү бар.
– Эмнеден коркот? – деп мурдун чүйрүп отуруп калды, ошол кезде Турат келип калды, суналып жаткан келинчегин, аны тегеректеп отурган ата-энеси менен Салкынды көрүп делдээ туруп калды, бир аздан кийин гана:
– Жамийлага эмне болду? – деп сурады.
– Ооруп калды, – деди Турдукан өзүн күнөөлүү сезип.
– Эмнеси ооруйт, жакшынакай эле жүрчү эмес беле?
– Кайдан билебиз балам, отур дем салып жатат, – деди Сагынбек.
– Доктурга алып барбай эмне кылып жатасыңар анан, молдого болчу беле? – деди суроолуу карап.
– Кой балам, тынч отур, коркуп калыптыр, – деди Салкын, – Мындайда доктур жардам бере албайт.
– Кызык, азыр молдого ишенип болобу? – дегенде Сагынбек аны тим отур дегендей белги берди эле унчукпай калды, мунун сөздөрүн уккан молдо терикпеди, анткени азыр молдого ишенгендер чанда гана болчу, көпкө дем салып анан кетти, Жамийла ал кеткенден кийин көзүн ачты, башын көтөрүп кайнатасын көрө тура калды:
– Мага эмне болду?
– Жат, жата бер балам, бизди коркутуп ийдиң.
– Жо-ок турайын, – деп өйдө болмок болгондо Турат кармай калды, башы тегеренип көзү караңгылап кетти дагы, – Башым айланып жатат да.
– Жүрү бөлмөгө кеттик, бирдеме ичтиң беле?
– Жо-ок…
– Апа, али эчтеке ичкен эмес тура, – деп Турдуканды карады.
– Азыр, мен чай даярдай коеюн, – деп шыпылдай ашканага кирди: “Кудай уруп эчтеке иче элек тура, бирдеме болсо, мен күнөөлүү болом, кой ал деле адам баласы эмеспи, баса бул кайдан кош бойлуу болуп калат, тийип тийе электе эле кантип болсун, мында бир сыр бар боюна болуп калып эптеп Туратка тийип абийирин жапкысы келген го, аңкоо балам ошону да билбегенин кар, жаш неме кыз жубанын билди дейсиңби”, – деп ойлонуп чай алып кирди, – Жакшы сезип калдыңбы өзүңдү? – дегенде Жамийла ылдый карап жооп берди:
– Ооба жакшы элемин.
– Жакшы болсоң угуп кой, боюңда бар экенин жашырып жапкың келип эле Туратка жармашыпсың, ал белгилүү болду оңолуп ал да акырын үйүңө кет! – дегенде келинчегине үйрүлүп жаткан Турат ыргып турду:
– Эмне деп жатасың апа?
– Ошо боюнда бар экен мунуңдун.
– Жамийла, ошондойбу мен билген эмесмин, – Турат келинчегин эки бетинен өөп, -ң Биз балалуу болот экенбиз да ээ? – деди кубана.
– Эй маң баш, кандай түшүнбөйсүң ыя, кеминде эки ай болуптур, мунун келгенине он беш эле күн болду го?
– Апа, бул менин балам, аны өзүм билем.
– – Калп, сени жөн гана куулук кылып алдап жатат! – деп заарын чача караганда бөлмөгө Сагынбек баш бакты:
– Эмне болуп жатасыңар?
– Ата, апам мындайын койбосо Жамишти алам да бул үйдөн чыгып кетем, – деди Турат.
– Жөн жүрсөң боло, балдардын тынчын албай, жүрү чай берчи, мен жумушка кетем, – деп Турдуканды бөлмөдөн алып чыгып кетти Сагынбек, – Тим кой, өздөрү билсин, жалгыз балаңа асылып эле калдың, – деди бөлмөдөн чыккандан кийин.
– Балаңды урушкандын ордуна мени тыясың да.
– Аларга мүмкүнчүлүк бер да, сени билимдүү мугалим деп ким айтат?
– Эми сен калдың эле, балаң тилимди албай жатканы аз келгенсип, – деп чай-тамагын булкулдай алып келди, түштөнүүгө келген Сагынбек кардын тойгузуп алып кайра кетти, Жамийла чай ичип алып жатып калды, анын жанында Турат үстүн кымтылап жатты:
– Эми түзүксүңбү жаным?
– Ооба, сен эч жакка кетпечи.
– Сени ээрчитип кел дегенинен сага келгенмин да.
– Ким?
– Сейит, келин ала качып келишти, улагын союп казанга салып коюп келгенмин да, – деди Турат.
– Анда дагы кетесиңби?
– Жо-ок, барбай эле коем го?
– Мен деле бара берейинчи.
– Өзүң дурус элесиңби?
– Азыр жакшымын, жыгылганымды өзүм билбей калыптырмын.
– Сен экөөбүз эми үчөө болобуз, уулубуз мага окшош болот ээ? – Турат эңкейип келинчегин өптү.
– Кыз эле болсунчу.
– Эмнеге?
– Мага кыз жагат, – Жамийла эркелей карады.
– Макул-макул, сен каалагандай эле болсун.
– Мен барайынбы?
– Өзүңдү жакшы сезсең кийин кеттик.
– Жакшы элемин, – Жамийла кайненеси менен бир үйдө калгысы келбей эртерээк кийинип, башына жоолук салынды да Туратты ээрчий кошо чыгып келе жатканда верандада отурган Турдукан:
– Эми эле өлө турган болуп жатпадың беле, кайда жөнөдүң? – деди.
– Апа, классташым үйлөндү, Жамийланы алып кел деген.
– Апей, кечээ келген келин айылчылайт деген эмнеси, деги бирдеме көргөн немесиңби ыя, келин көрө элек кайнагаларың көрүп калса уят эмеспи, кир үйгө, – деди ачуусу келе.
– Апа, эски салатты койгулачы, азыр эч ким андай дебейт, – Анан Жамийлага карады, – Жүрө бер кеттик, бизди күтүп калышты. Алар эшикке чыга бергенде Турдукан жулкуна жетип келди:
– Менин тилимди албасаңар кайрылып бул үйгө келбегиле!
– Чын айттыңбы апа? – деди Турат токтой калып.
– Турат унчукпа, мен кала берейин, – Жамийла эне баланы уруштургусу келбей колун бошотту, – Сен эле барып келчи.
– Болбойт, – деди Турат орой, – Эгерде айтканыңыз чын болсо артыман издебегиле, эми мендей балаңар жок! – деди да Жамийланы колунан ала ылдамдай басып кетти.
– Кайда барып баш калкалайсың* – деген Турдукандын сөзүн уккан дагы жок, абдан ызалуу: “Өз ата-энемдин жасаган мамилеси өттү деги, жер чукуп иштесем дагы үй-бүлөөмдү багам, эми мен жаш бала эмесмин, адамча жашоого кудуретим жетет”, – деп ойлонуп бара жатты. Ошол күнү классташтары менен бирге болуп ойноп-күлүп отуруп анан таңга маал тарашты, Турат Өмүрбек деген классташынан жыйырма беш сом сурап алды да Жамийла экөө шаарга кетип калышты.
– Байбиче, Тураттар көрүнбөйт да, – деди кечинде келген Сагынбек.
– Сейит үйлөнүптүр, ошонукуна кетишти.
– Аа-а мейли, жаштар эмеспи.
– Өздөрүн өздөрү билип калышты го?
– Кой тим кой, башкысы балам бактылуу болсо болду.
– Ким билет, жанагысы жакшылык кылбайт го?
– Анте бербе, ушул Туратты кандай гана тилек менен көрдүк эле, бактылуу болушсун, – деп Сагынбек жамбаштай кетти.
– Кой десе болбой алып алды, ким билет, – андан кийин Сагынбек аялынын сөзүнө жооп кылбады: “Жаш кезинде байкаган эмес экенмин, өз баласына дагы ушунчалык каршы чыгабы, өгөй болсо дагы бир жөн, балдарды өзүнчө бөлүп ийсем окшойт, азыр биз келиндин кызматына зар эмеспиз, Турдукан али жаш, өздөрүнчө жашаганы жакшы”, – деп ойлонуп жатты. Түнү бою келбегенинен эртең менен бөлмөсүн карады Сагынбек, кечээги бойдон экенин көрүп:
– Балдар келбептир го?
– Келип калаар…
– Ушунча жүрөбү, барып сурап келчи.
– Өздөрү келет да, мен алардын артынан жүрмөк белем?
– Анда мен барып келейин, – деп Сагынбек чыгып кетти.
– Деги кандай бүлөөгө жолуктук эле, баламдын башын айлантып келип тозокко салмай болду, – деп өзүнчө күбүрөнүп жатканда Салкын кирди, – Кел.
– Жамийла жакшыбы, ошону көрөйүн деп эле келдим.
– Ой өлбөйт ал, арамза болсо керек, кечээ Туратты ээрчип кеткен бойдон келише элек, – деди Турдукан жактырбагандай карап.
– Каякка кетишти?
– Тиги Эрмектин баласы Сейит үйлөнгөн тура.
– Теңтуш немелер барат да, жакшы болуп калса эле болду, бечара ал да бирөөнүн баласы эмеспи, менин эки кызым күйөөдө, алыс кетишпедиби, аларды ойлонуп жаным төрт чарчы болот, бөтөн эл, бөтөн жерде кандай гана күндө жүрүшөт деп.
– Жакшы болсо барган жерине сый болот да.
– Капырай, мен сени тааный албай калдым, мен билген Турдукан эмессиң ай, жалгыз балаң сүйүп-күйүп алган келинди кантип жаман көрөсүң? – деди Салкын ага таңгала карап, – Ушул баланы көргөнчө эмне күндү көрбөдүң эле?
– Көңүлгө жакканын албаса кантем?
– Сага жакпаса Туратка жагат.
– Жакпаса койсун, – Сырттан Сагынбек кирди:
– Турдукан, Тураттар Фрунзеге кетип калыптыр!
– Качан?
– Азыр эле тигил Садык айтты, автобуска түшкөнүн көрүптүр.
– Жинди болушкан го, аны жанагы сөлдүрөгөн шүмшүгү азгырды да.
– Кой Турдукан, уул-келинге мындай кылба, өзүңдүн андан башка балаң болбосо, бир балаңды кыйнап койбо, – деп Салкын туруп кетмек болуп сыртка чыкты, Турдукан мисирээ турган ордунда катты. Ошентип ал күнү Сагынбек райондогу аэропорттон самолетко көтөрүлүп калганда уулу менен келинин алып калды, Турат болбой көгөрдү, бирок ага ата болбоду, кеч күүгүмдө аларды үйүнө алып келди. Балким ошондо шаарга кетип калышса тирчилик кылып, эптеп жашап жүрө беришмек беле ким билет, кайра келгенине кубанбай Турдукан эми көз көрүнөө эле асыла баштады.
– Сен менин баламды тентитип каякка азгырып жөнөдүң ыя, ал сен эмес тарбиялуу бала, сага ата-энең жакшыраак тарбия бербептир да!
– Турдукан болбодубу эми, – Сагынбек ачуулу карады.
– Ушу сен келгени үйүбүздөн ырк кетти, сен үчүн уруш болот.
– Апа, мени бала катары көрбөсөң ачыгыңды айт да, Жамийлада эмне күнөө? – деди Турат, Жамийла ыйлагандан башка үн катпады.
– Күнөөсүбү, анын күнөөсү ар кимден боозуп сенин башыңды айлантып отурганы, сен маң баш ошого ишенип келесоо болуп отурасың.
– Сен кандай аялсың деги, дагы бир жолу сүйлөсөң сени менен мен ажырашамын, – деди Сагынбек ачуулу.
– Мейли ажыраш, бир кызалактын айынан төркүнүмө кетир! – деп сөз бербей ажылдаганда Турат сыртка чыгып кетти, анын эмнеге чыкканын эч кимиси деле баамдаган жок, Жамийла өз бөлмөсүнө кирсе дагы артынан кирип сүйлөй берди эле ал дагы сыртка чыкты, ары карап, бери карап Туратты таппады, анын оюна жамандык келбеди, түн бир оокумда төшөгүнө кирип жатып алды. Туратты досторуна кеткен экен деп ойлоду ал, таң эрте катуу уктап калган экен:
– Тур, Турат кайда кетти? – деп Турдукан бир тепкенде чоочуп бакырып тура калды.
– Апа-а!
– Ападан айлан, – Турат кана?
– Билбейм, кечинде чыккан бойдон…
– Билмексен болбой таап кел!
– Кайдан табам? – Кийине ордунан турду, анын дагы муундары калтырап жыгылганы турду, ошол убакта сырттан Сагынбектин боздогон үнү угулду.
– Оо жаратка-ан, бул эмне деген шумдугуң эле, каралдым ай, жалгызым а-ай! – дегенин угуп Турдукан жүгүрүп чыкты, анын артынан Жамийла эптеп басып бара жатып босогого жеткенде Сагынбектин Тураттын жансыз денесин көтөрүп келе жатканын бир билет, ошол бойдон кечке маал эсине келди. Апасы Тоту маңдайында отуруптур. Ал көзүн ачып эле:
– Апа, Турат келдиби? – деди алсыз.
– Кызым, шоруң каткырым ай, аның куураптыр го? – дегенде чачтары саксая туруп алып сыртты көздөй жүгүрдү:
– Турат, Турат кайда жүрөт, менден качпачы Турат! – деп чыгып келе жатканда алда качан үй тигип өлүктү жайына алып жаткырып коюп боздоп ыйлап отурган Сагынбек менен башкалар жардана карап калышты, артынан чыккан Тоту кызын кучактап башына жоолук салды:
– Эсиңе кел кызым, Турат эми жок, ал муунуп алыптыр!
– Аа-ай! – деген Жамийла кайра эсин жоготуп койду, боз үйдөн чыга калып Турдукан:
– Көзүмө көрсөтпөй жоготкулачы, кара жолтойдун айынан баламдан айрылдым, – дегенде Сагынбек басып келди:
– Кир азыр, ал эмес сен өлтүрдүң баланы, кечээ алып келбей койсом болмок экен, аялы бар эркектин башында аялы турушу керек, боюнда барын дагы жарыя кылабыз, – деди акырын. Турдукан буркурап ыйлап кайра үйгө кирди, каргап шилеп жатты, эртеси эле Туратты жайына коюшту, андан соң Турдукандын каргап шилегенинен улам Жамийланы ата-энеси алып кетти.
– Балам, барсаң барып тур, уулумдан калган туяк кызбы, уулбу бизге аман-эсен төрөп берсең болду, тагдыр экен, айла жок, – деп Сагынбек көз жашын көлдөтө узатып кала берди. Жамийла көптө барып өзүнө келди, кыркын бергенде аны абысындары келип алып кетти, Сагынбек жөнөткөн эле. Турдукан баласынан кийин ар кайсыны сүйлөп өзүн билбей калды, Сагынбек кайгыдан төшөккө жатып калган, бул кыйын оор тагдырга туш келген адам ким болсо дагы көтөр алмак эмес эле…
Жети айдан кийин Жамийла кыз төрөдү, Сагынбекке сүйүнчү жиберишти, бирок төрөттөн кийин оңоло албай Жамийла дагы оо дүйнө кетти. Калың эл кайгылуу окуяны кеп кылып жатты, Турдукан эч ким менен иши жок эле өзүнчө сүйлөп, күлүп кээде басып кетип калганда төркүнү алып кетти, жалгыз сиңдиси бар болчу. Сагынбек сүйүнчүгө бир тай берип:
– Менин дагы көрөөр күнүм аз калды окшойт, уулум көрбөй кеткен перзентти мага алып келип көрсөтсүн, атын өзүм коеюн, – деди онтолоп.
– Макул аке, – деп келген бала барып айтты эле Жолдоштун кичүү кызы Замира көтөрүп келип көрсөткөндө наристени чекесинен өөп:
– Маңдайың жарык кыз бол айланайын, өмүрүң узун болсун, – деп Замиранын колуна кагаз карматты, – Бул документ кызым, артыбызда кыз болсо дагы туяк калды, ушунусуна шүгүр, бул үй-жай, короодогу малдын баары кызыма калсын деген кат, бекем катып ал дагы мага жибер, – деди.
– Макул, кете берелиби?
– Токтой тур, неберемдин кулагына атын айтайын, – деп Сагынбек небересин колуна алып шор-шор жыттап көзүнүн жашы жүзү ылдый куюлуп, – Атың Жаркынай болсун каралдым, өмүрүң узун, бактылуу бол, – деди да ороодогу он-он беш күндүк наристени Замирага сунду, – Жаркынай деп койдум кызым, сен атаңды мага жибер, – деди да жатып калды. Өздөрү кайгы жутуп үч баласынын улуусу, тун кызынан айрылып отурган Жолдош менен Тотуга бул жаңылык таңгалыштуу болду. Эртеси Жолдош келгенде Сагынбектин жанында иниси менен келини, дагы башка туугандары бар болчу, ал аны жанына жакын отур дегендей белги берди.
– Айла жок экен куда, мен дагы кызымдын айрылып калдым, – деп эмшиңдеди Жолдош.
– Сабыр кылыңыз, мындай болот деп ким ойлоптур? – деди Азимбек кайрат айтып.
– Жолдош, – деди Сагынбек ага карай, – Бул Жаркынайдын күбөлүгү, атасы көрбөй кетти аттиң, – Муунуп-муунуп зорго сүйлөдү, – Мына, инимдин туугандарымдын көзүнчө уулумдан калган жалгызыма баарын бергенимди билишет, азыр короодогу малды толугу менен айдап кет, небереме менден берген мурасым болсун, бул үйдүн документин болсо бердим, – деп оор дем алып алды, – Азимбек, короодогу малды бүт чыгарып бер Жолдошко.
– Аке, кызды өзүбүз деле багат элек го? – деди Азимбек ичи ачыша, анткени он бештей кой эчки, эки музоолуу уй, бир жылкыны бүт бергин деп мурунураак дагы айтып отурган эле.
– Жок, таятасында чоңое берсин, – деп унутуп калгандай жаздыгынын алдын сыйпалап дагы бир кагаз алып чыкты, – Мында малды бердим деген акт бар, өз колум менен бүтүрдүм.