Анда чал:
Сизге кызымды токолдукка сатып, көп мал алганымдан көрө өзүмдүн күндөлүк эмгек кылып, кармаган балыгым артык эмеспи, дейт.
Бул сөзгө кандын ачуусу келип:
Чалды дарга тарткыла, деп желдеттерине буйрук берет. Ошондо чал абдан коркуп, кандан үч күнгө уруксат алып, үйүнө кайтмак болот. Кетээрде чалга кан:
Үч күнгө чейин сөзүмдү орундатпасаң, баары бир курулгандар ушул калыбында турат. Тирүү кутуламын деп ойлобогун. Мен айткан сөздү аткарып, кызынды бересиң, дейт. Чал корккон бойдон сандалып баса албай үйүнө келет да тескери карап жаткан жеринде кыңылдап ыйлай берет.