* * *
Үмүт биздин эртеңкибиз, эртеңки күн биздин келечегибиз.
* * *
Жакшы үй-бүлөдө бардык сонун нерселер жатат. Баарынан мурда жакшы тарбиянын тарыхы, негизги башталышы жатат.
* * *
Адам адегенде жүрөгү менен чындыкты тааныйт, чындык анан тиги кишини тааныйт. Аягында чындык менен сугарылган адамды эл тааныйт.
* * *
Сен жараткан кубаныч менин жүрөгүмө жетти. Менин жүрөгүмөн өтүп, башкалардын жүрөгүнө жетти.
* * *
Бактысыз үй-бүлөө, бири-бирин сүйүүнү көргөн эмес, ошол үчүн бактысыз.
* * *
Мен бактысыз үй-бүлөөнү көрбөй, бактылуу үй-бүлөөнү көргүм келет. Бактысыз үй-бүлөөнү аяйм, алар дагы бактылуу үй-бүлөдөн болсо экен деп самайм.
* * *
«Сүйүүдөн бактыбызды таптык» деп айткан сөздү көп жаштардын оозунан уккум келет. Дагы эле уга бергим келет.
* * *
Жакшы ынактар бири-биринин күнөөсүн кечиришет. Анткени сүйүү ар кандай кемчиликтен жогору турат. Анын жакшы жагы ошондо.
* * *
Баш кошкондор үчүн алдыда чоң иштер бар. Мурун алар ата-энесинин камкордугунда болсо, азыр кичинекей үй-бүлөлүк өлкөнү курууга аттанып чыккандар.
* * *
Кандай адамга баш коштуң, ошол адамдан сенин караан элесиң көрүнүп турат.
* * *
Аялына баш ийген арсыз адам эл башкара албайт. Эл эмес койнунда жаткан аялын да башкара албайт. Эл башкаруу үй-бүлөнү башкаруудан башталат.
* * *
Тарбия гүлдөп турган дарак. Жакшы тарбия жемиши даамдуу дарак. Адамга түрмө да тарбия. Бирок анын жемиши өтө ачуу дарак.
* * *
Жакшы нерсе ыплас жерде жатса да, кайра-кайра карантат. Кеп ошол жакшы нерсе ыпластыкты тепсеп жатпайбы.
* * *
Асмандагы жалгыз айды, жалгыздыгы үчүн аягам. Жалгыз жашап, ар түндө аны караганым үчүн өзүмдү да аягам.
* * *
Өсүүчү жигиттин жолу башкача болот, жаш чагында эле басаар жолу дайын болот. Салган жолу өзүнө даңгыр болот.
* * *
Бул үйдө атасынын өз орду бар, энесинин да өз орду бар, балдарынын, кыздарынын өз орду бар. Демек, бул үйдө жашоо өз жолунда.
* * *
Улгайган адам көлчүктү карап туруп өзүнүн өңүн көрөт.
Өзүнөн мурун улгайган кезин көрөт.
* * *
Баланы куш сыяктуу таптап жаткан чеберди көрөбүз. Баланын жаңы башталган талантын көрөбүз. Баланы таптаган чебердин ишин көрөбүз. Барып-барып эле баланын куш сыяктуу учуп баратканын дагы көрөбүз.
* * *
Таланттын ар кандай түрү болот. Ийгиликке жеткендер жана жетпегендери болот. Жетпей жүрөм деп, мээнеттенгендердин арасында эбак эле жетип алгандар болот. Жеттим дегендердин арасында жетпей жүргөндөр да болот.
* * *
Мен өзүмдү ойлойм, анан үй-бүлөөмдү ойлойм. Анан чыгармачылыгымды ойлойм. Аягында барып-барып эле аз калып бараткан өмүрдү ойлойм.
* * *
Капалуу жүргөн адам капаны, кубанычтуу жүргөн адам кубанычты чакырат. Капага да, кубанычка да батпаган адам бул ааламда барбы ыя?
* * *
Тулпар оор жолдо сыналат.Баатырдык кыйын кезде сыналат.Адилеттик үчүн аттанып, кайраты кайрылган эрдик түрмөнүн ичинде сыналат.
* * *
Ынак эки жашты бириктирген бир нерсе бар ал сүйүү.
* * *
Баардык жаштар «бактылуу болсок» деп үйлөнүшөт. Анда аларга бактысыздык кайдан жармашып алган?
* * *
Тунук суудан адамдын жүзү көрүнсө,баш кошкон эки жардын мамилесинен сүйүүнүн өңү көрүнүп жатабы?.
* * *
Бекем сүйүү жүрөгүңдө болсун, өкүнүчүң сыртыңда болсун. Жүрөгүңдөгү нерсени эч ким жууп сала албайт. Сыртыңдагы нерсени күбүп салсаң болот.
* * *
Эки жаштын ортосунда кызганчаактык көбөйсө, ал жаман жагына айланышы мүмкүн. Жаштар ошондон этият болгула!
* * *
Узагандардын саны арбып баратат. Улам-улам ошолордун карааны суюулуп баратат.
* * *
Жагымдуу нерсе болот. Жагымсыз нерсе да болот. Экөөнүн ортосунда айырма чоң болот.
* * *
Байлар жөнүндө сүйлөп жардылар жөнүндө сүйлөбөдүк, байлар ошол жардылардын эмгеги менен байыганын да сүйлөбөдүк,.Өлкөбүздө байлар өтө аз, жардылар өтө көп экенин да сүйлөбөдүк, элибиздин байлыгын ошол жардылар түзгөнүн да такыр сүйлөбөдүк.
* * *
Терезеден кирген желден эшик ачылат, элге жакшылык кылсаң, көп адамга жакшылыктын эшиги ачылат.
* * *
Терезеден кирген желден эшик ачылат, элге жакшылык кылсаң, көп адамга жакшылыктын эшиги ачылат.
* * *
Ал жараткан кубаныч менин жүрөгүмө жетти. Мендеги кубаныч башкаларга жетти.
* * *
Жан дүйнөсү таза адам майда пенделерден баары бир улук болгон. Аны улуулукка көтөргөн багы эле тазалык болгон.
* * *
Улуу генийлердин артынан адамдар ээрчиген анткени адамдарды ээрчите турган жакшы касиеттер болгон.
* * *
Акылдуу болуп байлыкты түзө билсең ал дагы бир жакшы жөндөм. Ошол ишиң сени жакырлыктан коргогон.
* * *
Адамдын жаштыгы керемет, ал жашооңдо бир гана жолу өмүр сүрүшүң керемет.
* * *
Сулууну бир карап өт.
Бышып келаткан эгинди бир карап өт.
Байгеге чабылчу жел жетпес, аргымакты бир карап өт.
Баса улгайып бараткан өңүңдү да, күзгүдөн бир карап өт.
* * *
Өмүр бою кара жанын карч уруп келген адам дүйнөдөн кайтаарда бир сөз айтты:
Чарчадым, эми тынч гана уктайын!.
* * *
Өзүңө каалаган бакытты, башкаларга кааласаң жакшы болот, Башка адамдар бактылуу болсо, аларга да жакшы болот. Сен тааныбаган адамдар бактылуу болсо, жалпы эл бактылуу болот.
* * *
Карылыктан деле коркпойлу, ал келе турган нерсе, өлүмдөн деле коркпойлу, ал боло турган нерсе, аягында карылык деле өлүм- өмүр баары өтүп кетүүчү нерсе.
* * *
Кыштакта каралбай калган үйдү аядым, ал үйдү таштап кеткен адамды аядым, ал адамды батырбай кууп жиберген туугандарды аядым.
* * *
Бирөө менден, «Бакыт эмне?» деп сурады.
Жооп: «Бирөөгө жакшылык чачканың бакыт, өтүп жаткан өмүрүң бакыт, ошол өмүргө таштаган эмгектеги, байлыгың бакыт».
* * *
Адамдар эки колун таза күтүш керек, анткени көңүлдүн буйругу менен адамдын эки колу ар кандай ыпылас иштерди жасайт.
* * *
Рамис Рыскуловдун ырларын окуганда чоң дайра, мелмилдеп жаткан өрөөн, албуут жаштык, өлбөс өмүр, алдыдагы мейкиндер ачылат. Анын ыры чоң майрам, шатыра-шатмандык ачылат.
* * *
Өмүрүң жоголгон күнү жер үстүндө сени жоктогон
жетимдиктин үнү угулду ал кошок.
* * *
Поэзия адамдарга өлбөстүктүн шапатасын чачып турат, өлбөстүк сенин өмүрүңдү ырга салып турат, ал ырдан сенин назик шылдырын күүсү жаңырып турат.
* * *
Чыныгы осуят кийинки муундар аткарган осуят, жалган осуят. Кагазда калып, адам аткарбаган осуят, жок осуят.
* * *
Байлыкты акылмандуулук түзүп турат, акылмандуулук кадимки эле жөнөкөйлүктөн турат.
* * *
Китеп бул турмуш, турмуш да китеп. Чыныгы турмуш жазылган китеп. Унутулган окуялар качандыр бир заманда жазылып, адамдар окубай унутулган китеп.
* * *
Уурданып түн жарымында жасалган дабыш шектүү дабыш. Эмгектен жаралган дабыш, бир жаңылык жаратып жаткан дабыш.
* * *
Самаган нерсеңи түшүңдө көрүп, өңүңдө ишке ашса, ал чоң кубанычтын белгиси.
* * *
Күн кечтеп баратат, өмүрүбүз да кечки күн сыяктуу өтүп баратат. Баары өтүп баратат.
* * *
Ыр жазгандар өтө көп болуп жатат, ыр менен даңктуу болом дегендер да, көп болуп жатат, армандуу жагы жүрөктү толкуткан чыныгы акындар аз болуп жатат.
* * *
Ким эгер кыямат-кайым иш жасаса, ага кайра кыяматтык менен жооп берилсе, ал жерде эң жаман кыямат кайым иш болот.
* * *
Жалкоолук бекерчиликти чакырат, бекерчилик жакырчылыкты чакырат.
* * *
Үйдөгү кайгы- капа түз эле эшикке чыгып кетпейт. Ал үй-бүлөнүн жүрөгүн аралап кеткен кара так.
* * *
Эски, өзүмчүл бийлик кетет, жаңы адилет бийлик келет. Демек, жаманчылык кетип, жакшылык келет.
* * *
Күйөөсү жок аял балта менен отун жарат.
Аялы жок эркек казан-аягын калдыратып башкарат.
* * *
Таң агарып жылдыздар суюла баштады, жылдар өтүп кайрат кача баштады. Мезгил денедеги асыл жаштыктын жылдыздарын бир жакка алып кете баштады
* * *
«Мен иштеп жатам, бош кетпей артыма бир нерсени калтырайын», деп жатам. Демек, мен жашап жатам.
* * *
Жүрөктөгү сүйүүнү акыл жана көз жаратат. Анын жашоо жолун өзүңөр жана жашоо турмушуңар таразалайт.