Бир кайрыктар - Кадыр Абакиров 2 стр.


Китеп жазып, үй тургузган акылдан.

Андайлар өлбөс болот түбөлүк,

Акылынан саат сайын гүл өнүп.

Байыркынын шаңы өңдөнүп бийикте,

Бабалардын байлыгы ал өлбөстүк


ДАГЫ САГЫНБАЙГА

Элимде толкун чачкан көлдөр көп,

Ээ-жаа бербей агып жаткан суулар көп.

Бийиктиги булуттардан ары ашып,

Биздин жерде «Жеңиш» сындуу чоку көп.

Жердин шары мелт-калт ырга айланган.

Жергебиз өлбөс эпостой жаралган.

Кыргыз жерин күүгө айлантып таштаган,

Кылым ыры бул Сагынбай океан.

Жакшылар барда кубанычтуу кең аалам,

Кыргыз элдин бактысына жаралган.

Санжыралап Манас ыры айтылган,

Сагынбай барда кыргызымда эмне арман.


САЯКБАЙГА

Саякбай ата келатат,

Чылк алтын деп эсептелип.

Урматтала сыймык калып,

Улуу акын таш бетине чегилип.

Куйма алтын болбой калмак,

Жез, калай, темир аралашса.

Анда адамдар аташмак,

Асыл эмес жөн эле аралашма.

Куйма алтын болгону үчүн,

Саякбай, Саякбай болуп аталбайбы.

Анын аты айга, күнгө тең келип,

Ар күнүнө Манас айтып жатпайбы.

***

Шексиз кең ааламды багындырган,

Шекспир, Данте, Руставели бар.

Алардын аты алыска тарагандар,

Акылман аты аталган укмуш баяндар.


Биздин Сагынбай менен Саякбай,

Андан кийинки эле Жусуп Мамай.

Бийиктикке жылдызы учуп оболойт.

Алардан даңазасынан ашык болот

Асты такыр алардан кем болбойт.


ТӨКМӨ АКЫН КОРГООЛ ДОСУЕВГЕ

Арзыматтар жок болду,

Байларды мактаган.

Көп ырчылар унутулду,

Партия деп какшанган.

Стакеге берилип,

Сталинге жагымбады.

Өзүн-өзү мактаган

Өкмөт деп сайрабады.

Уу тилдүү сөзү курч,

Уч калем менен сайгандай.

Купшуңдап укмуш сайраган,

Куудул болчу чарчабай.

Кор турмуштан өйдө болуп,

Коргогон адам баркын,

Кор кылбаган талант даңкын,

Коргоол ырчы жашасын!

Кылымдарга даңкталып,

Кыргыз элде аты калсын.

Элде калган атагын,

Элибиз сени мактасын






СЫНЧЫ КАДЫРУУЛ ДАУТОВГО

Барпы десе Кадыркулду билебиз,

Кадыркул десе Барпыны билебиз.

Даңазалап улуулуктун улуу жолун,

Дайнын айтып аңгемелеп келебиз.

Акын Барпы түбөлүккө жашай берет,

Аралап өтүп далай кылымдарды.

Сынынан жазбай улуу акындай,

Сын жазып сынчы Барпы жаралды.


ЖЕҢИЖОККО

Бабалардын тукуму келет үзүлбөй,

Бактылуулук мындай уулду төрөгөн.

Эң ириде Жеңижок акын бүтүндөй,

Энеден эле акын болуп төрөлгөн.


МАНАСЧЫЛАРГА

Аты уйкаш Сагынбай менен Саякбай,

Кылымдардын кыйрын келет аралай.

Кадимки кичинекей баштын ичине,

Чоң мухит кантип сыйды экен.

Кит сүзүп, жашап анда балыктыр

Кыйры алыс ушунчалык кеп-кенен.

Канча кылым өтсө дагы закымдап,

Улуу мухит унутулбай сакталар,

«Айткыла!» деп түшкө кирип жатпайбы,

Абалкы бир тээ байыркы бабалар.


СЕМЕТЕЙЧИСАГЫНБАЙга

ЭПИТАФИЯ

Акын өзүн Семетейчимин дечү эле

Айтканда ырысы жанган жылдыздай,

Мейкини кеңип улам-улам арылай

Мемиретип дүйнө ачып баш аягы табылбай

Семетейди Манастан жакшы айтчу эле

Семетейи жазылбай калып арманда,

Бир сабы да калбай калып кагазда,

Ал көрүнүш кыргыздарга арманбы ия?

Арман анан жаш агызган эпитафия.

Семетейи кагазда калып жазылганда

Мындан дагы бай болмок кыргыз эл

Өлбөс даңкын кан-жанына сиңирген.

Жаш агызып ошол болду арманы,

Жан кейитет Семетей тоосу табылабы.

Ошол болот кыргыз элдин арманы

Кандай кылып толтурабыс ал арманды.


МАНАС ЭПОСУН МАНАСЧЫЛАРДЫН ООЗУНАН

ЖАЗГАН ЫБРАЙ АБДЫРАХМАНОВГО

Ачка, ток ысылы сууктарга кабылган,

Ээрчип жүрүп Сагынбайдын артынан.

Чыгарма кылып Манас ырын жараткан

Бир сөзүн калтырбастан бүт жазган.


Үй бүлөсүн такыр эле карабады,

Ак кагазга ар дайыма ыр жазганы.

Кылымга өмүр сүрүп жашасын,

Манас ырын тукумдарга калтырган.


«Ата» деп ээрчип туяк калбады

Ал адамдын ошол эле арманы.

Бирок ток пейил тарткан санаасы,

Өзү жазган китеби анын баласы.


Оор кезде Манас ырын жараткан

Миң мертебе Ыбрайга ырахмат.

Алп адам Сагынбай, ысымы менен

Анын аты ар дайыма даңктанат.

Ал болбосо Манас ыры жазылбай,

Бул жашоодо такыр эле жок калмак.

Сагынбайдын аты менен тең турат,

Сагынбайдын аты менен тең турат,

Кыргыз эли ал адамды урматтайт.


Манаптар да жаздырбады Манасты,

Байлар дагы жаздырбады Манасты.

Калем алып жазып чыкты Манасты

Манаптардан өйдө атак даңкы,

Мындай уулга түбөлүккө сый урмат,

Кыргыз барда анын аты унутулбайт.


УЛУУ МАНАСЧЫ САГЫНБАЙ ОРОЗБАКОВДУН

УУЛУ АМАНКУЛГА

( эпитафия)

Бала кезинде эле мыкты айтып Манасты,

Баардык элди ушунчалык таң калтты.

Отуз тогузунчу жылы декадага катышып,

Борбордон кайтып келди сыйлык алып.


Манас, Семетей, Сейтекти жакшы айткан

Атасындай улуу болот эле курган бала.

Капырай ай, тагдыр аяп койгон эмес,

Каза болду алыскы кан майданда.

Өлүм чиркин бизде өчүң бар беле,

Таланттууну алып кеттиң эмнеге?

Ай, тагдыр ай, катаал жагың жарабас,

Андай уул бизге экинчи табылбас.

Балким ал атасынан ашык болмок,

Манас, Семетейди айтып бермек жомоктоп.


ЖЕТИ КЕРЕМЕТ

Дүйнөдө жети керемет бар экен

Аяк жагы айтылып такыр бүтпөгөн.

Жоромол сыр улам-улам башталып,

Жомок болуп кылымдага өмүр сүргөн.


Алп океан адам барда жашай берет,

Арытып далай-далай кылымдарды.

Ар бир тому улуу эпоско айланып,

Ал керемет кыргыздагы Манас ыры.


САТЫЛГАНОВ ТОКТОГУЛГА

Байыркы Токтогул ырчыдай,

Бап келип аты уйкаш.

Даңазасы кетип кылымга,

Дайындуу даңкы уйкаш.

Ар дайым ырдап чындыкты,

Азапты көргөн байлардан.

Кыйма-чийме жолу узун

Кыр шиберге айдалган.

Ары комузчу, ары төкмө,

Байыркы Токтогул ырчыдай,

Калып калган аты улук,

Кадырлуу Токтогул акын барда

Кылымдарга кыргыз элдин аты улук.


КЫРГЫЗ ЭЛ БААТЫРЫ, УЛУУ МАНАСЧЫ

ЖУСУПМАМАЙГА

Кадимки Манас тарыхын

Сайрап берген жаңылбай.

Сагынбай менен Саякбай,

Ааламда үч гений адам болсо,

Анын бири ушул Жусуп Мамай.


МАНАСЧЫ САГЫНБАЙ АТАНЫН

КЫЗДАРЫ БУРУЛБҮБҮ, ТОКТОБҮБҮГӨ

ЭПИТАФИЯСЫ

Манасчы Сагынбайдын кыздары,

Атасындай Манас айта баштады.

Күйөлөрү угуп ага таң калды

Жоолукту алып башынан,

«Аял киши да Манас айтабы»,

Кызыл камчы кыйнап сабады.

Манас сабын айта албай,

Кыздар ооруп жаман кыйналды,

Кыйналды да жашын төгүп ыйлады,

Аябай оор тагдырга тушугуп,

Аркы дүнөгө сапарлап жол алды.

Аяктан Манас айтып жаткандар,

Максатына жетип алгандыр

Бул ыр кыздарын эпитафияся,

Буулуккан кыргыздын эпитафиясы

Жана армандуу ырдын сабагы

Кыргызым эки таланттан кур калды.

Түшүнбөстүк, караңгылык жутуп алды.


БУЛБУЛДАР

Көрөт тура ысык сүйүүнү

Көзү сокур адам деле.

Жүрөгүндө жанар тоонун,

Жүзүн ачып таратып элине.


Көзү жок уча албаган ал булбул,

Жүрөгү ырга чулганган бир булбул.

Бир жаралып, Барпы акын,

Өчпөй турган отту, сууну ырдаган,

Ырдоодон такыр эле талбаган.

Кадыркул сынчы ачып берди

Барпынын Барпы акын экенин,

Өчүп калбас ыйык эмгегин.

Биз дайыма берилип окуйбуз,

Ал жигиттин жазган сонун эмгегин.

Бири сын жараткан сынчы Булбул,

Экинчиси ыр жараткан ырчы Булбул.


АКЫН МОЛДО КЫЛЫЧКА

Куштун төрөсү Буудайык,

Куттуу сонун чыгарма.

Бала чакта жаттаганбыз

Бактылуу жомок балдарга.


«Кандай адам жазды» деп,

Баш катырып таң калганбыз.

Эстен кеткис улуу жомок,

Эми деле таңданабыз.


ТОГОЛОК МОЛДОГО

Жазмачы жакка келгенде,

Баарын артка калтырган.

Урматталып тирүүсүндө,

Улуу акын деп аталган.

Педагог, агартуучу, философ,

Көп дастанды жараткан.

Дастанынан ыры көп,

Ырынан да жомогу көп,

Жомогунан тамсили көп,

Тамсилинен кошогу көп,

Арманы жок жараткан,

Айта берсе баары көп.

Калыс айтсак улуу акын,

Караңгыдагы шам чырак.

Бейпилдик чачып чыгармасы,

Бергелгин деп чакырат.


КАЛЫК ЫРЧЫГА

Какем буура, мен- тайлак,

Качып турам жалтайлап.

Каарына алганда Какем,

Жутуп коё бир чайнап!


ОСМОНКУЛ

Жол талашкан акынды,

Жолборстой болуп качырган.

Батынып чыкпай айтышка,

Башка акындар тартынган.

Сөзмөр жана обончу,

Сөздү сөзгө кынаган.

Купшуңдап келип сүйлөсө,

Өлгөн жанды күлдүргөн,

Дастан айтып сүйдүргөн.

Улуу акын Токтогул,

Назад Дальше