Бабалардын жанырыгы - Кадыр Абакиров 11 стр.


Касиеттүү Теңир Тоого дагы Чынгыз хандын жоокерлери жакындап калган чагы эле. Алар чыгыштагы баардык жерди каратып, баш ийбегендерин жок кылып, талкалап, өрттөп келатты.

ДОЛОН БИЙДИН ЭРДИГИ

Калмактар Эки Нарын дарясынын аралыгын ээлеп алып кыргыздарга күн көрсөтпөй турушту. Калмактардын Эрдене баатыры өз журтунан жигиттерди бириктирип, кыргыз жерине каракчылык, басып алуу, барымта, мал уурдоо иштрин токтотпой жатты. Мына ошол күндөрдө Долонбий элдин камын ойлоп катуу санаага батты. Бир четинен түштүктө уйгурлардын кошууну кыргыздарга бүлүк салып турса, жанында калмактар кыргыз жерине кызыгып ыдык көрсөтүп турат. Бий бир канча жолу калмак тайшысына Эрдененин кылык жоругун эскертип кабарлады. Тайшы «Аны менен өзүңөр эсептешип алгыла, мен бир канча жолу эскерткем» деген кайдигер жоопту айтты. Бий ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры көпкөлөң тарткан Эрдененин тизгинин бир кагып эсине катуу салып коюуну ойлонуп жатты. Ал жигиттерди курап, түн ичинде ополоң-тополоң кылса деле болмок. Бирок ага барган жок. Көпкөлөң калмактар өчөшүп алып, кыргыз жерине катуу соккуну уюштурушу мүмкүн. Ошол үчүн ал Эрдененин кошуунун Эки Нарын дарыясынын аралыгы кенен жерге эр сайыш мелдешин өткөрүүгө чакырды. Беттешүүнү бугу айынын ортосу ченге белгиледи. Ошол күнгө карата кыргызд эр сайышка чыгууга бир канча жигиттерин даярдашты. Кыргыздар өзүнүн күчүн чыңап, темир эритип найза, кылыч, калкан жана башка куралдарды жасап жатышты. Акыры эки кошуундун болжошкон күнү да келип жетти. Кыргыздар үч жүз кошуун менен мелдеш өтүүчү эки дарыя аралыгына көк туусун желбиретип шаңдуу түрдө келип калышты. Калмактар ошончо эле кошуун менен өздөрүнүн туусун желге желбиретип жетип келишти. Эки тараптын баатырлары катуу ойлонуп турушту. Эр сайышка ким чыгат, ким-кимди аттан оодара сайып түшүрөт. Эр сайыш күч алып кетип, эки кошуун согушуп кетиши да ажеп эмес эле. Анда ушул жерде катуу майкан согуш жүрүп, далай баатырдын башы кетип, далай энелер жаш төгүп, далай балдар атасынан айрылып калмак. Эрдене элдин камын ойлобой өзүнүн күчүнө гана ишенген көпкөлөң тарткан пенде эле. Долонбий кандай болбосун Эрденени бир эсине келтирип коюуну ойлоп турду. Мындай көпкөлөң пендени бир эсине салып койсо, экинчи жолу баш көтөрүү кыйын болуп калаар эле.

Найза сайыш башталган турат. Калмактар да, кыргыздар да оңой жоолордон эмес. Байыртадан бери элдешпеген катуу душмандардан. Алардын алдында эки жол турат. Биринчиси катуу кармашып, бирин-бири жер үстүнөн жексен кылып, түбөлүк багынтып алуу же, бир-бирине жоо болбой тең ата чек араны сактап, аман-эсен ынтымакта жашоо. Темүчүндүн ушундай оор капсалаңдуу күнүндө эки элге экинчи жол гана керек экенин билип турушту.

Эки кошуун бетме-бет болуп бирин-бири карап турушту. Эр сайышка калмак тараптан чоң чабдар ат минип шыргыйдай узун болуу жотолуу Эркашка баатыр чыкты.

Калмак тарап:

 Эркашка!

 Эркашка!

 Эркашка!-деп үн салып жатышты.

Кыргыз баатырларынан үчөө атчан бийдин жанына келип:

 Мен чыгам

 Мен чыгам.

 Эркашкага мен чыгам.

Долон бийди тиги калмак найзакери эң эле жотолуу келип, карлуу экени оңой баатыр эмес экени сезтентип турду. Бий жанагы үч азаматка карады да:

 Дагы найза сайышка кимиңер чыгасыңар?

 Мен.

 Мен чыгам,-деп аркы жактан үч азамат кыйкырык таратты.

 Кимдер? деп жоон үнү менен ошол жакты карады.

Бий узун бойлуу жеерде атчанды чакырды.

 Мен чыгайын кадырлуу бий калмак баатыры оңой жоо эмес.

 Ооба Самансур сен ушул калмак баатырына барабарсыңбы?

 Ооба бийим мен чыгып көрөйүн.

 Сенин минип турган атың начар экен алдырып ийип жүрбө.

 Атты алмаштырайын, бул жаныбар өкүм эмес эң эле жалтак.

Бий арыда турган жотолуу акбоз атчан жигитке кайрылды.

 Сенин атың өкүм экен бербесиңби?

 Ат жерге кирсин берейин,-деп атынан түшүп, тизгинди Самансур баатырга карматты.

Самансур баатыр акбоз атты мингенде кадимки баатырдын элесин берип, башкаларды сестентип турду.

Ал акбоз атты минип болкоюп баатырдын элесин берип атын таскактата жөнөдү. Кыргыздар:

 Кыргыз!

 Кыргыз!

 Манас!

 Манас!

 Самансур!

 Самансуп! деп кайраттуу үн сала башташты.

Эки баатыр бир-бирине кезек беришкен жок. Түз эле найза кылычты пайдаланып, ач карышкырдай болуп катуу кармашка өттү. Кылыч чабуу жагынан Самансур баатыр кыйын экен. Калмактын баатыры Эркашка калканын тосо коюп, Самансур баатырдын чабуулунан коргонуп жатты. Экөөнүн кармашы бир далайга созулгансып жатты. Калмактын аты өкүм экен Самансурду жөөлөтүп кеткенге аракет кылып жатты, бирок Акбоз ат дагы оңой эмес кенен төшүн тосуп анын каршылыгына оңой эле коргонуп жатты. Ошол кезде калмактын аты обдулуп келип, Самансур баатырды урду эле, кыргыз баатыры аттан шыпырылып түштү. Кыргыз тарап эмне болду деп, беш алты жигит Самансурга карай чапты. Эркашка ат тизгинин буруп ары бастырып кетти. Кыргыздар чаап келип, Самансур баатырды тегеректеп калышты. Чындыгында баатыр эч нерсе деле болбоптур, болгону атынын басмайлы үзүлүп, кулап түшүптүр. Кыргыздар аны атына мингизип алып кетишти.

Эки тарап бул кармаштан кийин бир азга тынчтанып калышты. Калмак тараптан ким чыгаар экен деп күтүп жатышты. Алар чогулуп бир азга аңгемелешти. Анан калмак тараптан Кара аргымагын минип Эрдене баатырдын өзү чыкты. Жарыктык Эрдене баатырдын Кара аргымагы бир укмуш кулпунуп күчкө келип турган чагы экен. Жылкы жаныбар ар бир адамдын көңүлүн бурбай койбойт. Жал куйругу төгүлүп, кара жүндөрү жылт-жулт этип чагылып, аябай чоң буудан экен. Эрдене баатырдын кийинген зооту бир укмуш. Ал мактангандай эле бар окшойт. Калмак тарап «Эрденеге ким чыгаар экен» деп күтүп жатты. Эки-үч баатыр «Мен чыгам» -деп үн салды.

Долон бий:

 Силер чыкмак белеңер Эрдене чыккандан кийин мен чыгам.

Ошентип Акбоз атын минип найза сайышка Долон бий чыкты. Эрдене баатырга караганда Долонбийдин кийгени өтө жупуну эле. Эрдененин боюу бийик, бирок эмнегендир копол көрүнөт. Долон бий узун бойлуу денеси бүт тарамыш сөөк-саактуу, боюу чымыр тартып, кармаганын кайыштыра кармачудай түрү бар. Эр сайыш башталды. Булар кезектешип туруп бербей эки бөлүнүп бир-бирин качырып келип сайышууга өттү. Калмак баатыры найзасын Долон бийдин жүрөгүнө багыттап уруп өтмөй болду. Кыргыз баатыры калмактын найзасын чокмор менен бөлө чаап түз эле кылычташууга өттү. Эки баатыр кылыч менен качырыша уруп, бир-бирине алдырбай турду. Эрдененин бара-бара алы кетип баратканын Долон бий түшүнүп, эми тартынбай кайрат менен чабуулга өтсө калмактын сези кетип калаарын бий билип калды. Долон бийдин соккусун калмак калкан менен коргонуп, душманды өзүнө жакын жолотпойт. Калмак чокмор урганга өтө ыктуу экен. Эки жолу Долон баатырды оң жак карууга уруп өттү эле анын көзүнөн от чачырап айласы кете түштү. Долон баатыр эки-үч жолу калмактын чокморун калканын тосо коюп коргонууга өттү. Долон оңтоюу келсе калмакты кылычтап өтүүгө аракетинде болду. Алар бир-бирине оңой менен алдырбай коргонууга өтүп жатты. Калмак кылычын жогору көтөрүп кыргыз баатырын колго чабууга өттү эле ошол кезде Долон бий албарс кылычын калмактын оң колуна карай күч менен кайраттуу шилтеп калды. Калмак колун тартып алууга шаасы жетпей калды. Калмактын колунан кылычы ыргып, алды жагы кызыл-жаян болуп, катуу онтоп армандуу үн салып жиберип ал атын калмак кошууну тарапка карай бурду аргымак ээсинин оюун түшүнүп, «чу» кошуунга карай кирип жоголду. Далан бий жерди карады жерде калмактын кылычы анын жанында кан болгон беш манжасы жатканын бийдин кыраакы көзү көрө койду. Эки тарап эки баатырга эмне болгонун такыр түшүнбөй жатышты. Долон бий Акбозун чуратып кыргыз кошууну жакка кирип кетти. Салгылаш ушуну менен бүттү окшойт. Калмактар келген жагына карай бурулуп кайтып жатты. Көпкөн Эрдененени кылыч, найза кармаган беш манжа колу жок кылынганы белгилүү болуп калды.

Ошондон кийин калмактардын кыргызга кол салуусу такыр токтоду окшойт. Калмактардын элдешкис жоосу Монголдор болуп калган эле.


КАРЫЯНЫН БАЯНЫ

Анда- мында санжырачы карыя менен кезигише калганда алтын шилекейин чачыратып бизге өзү билген баянын тажабай айтып берет. Анын алтын сөздөрү биздин кулагыбызга жат болгон. Биз кээде «Ушунча баянды ал кантип унутпай жүрөт»  деп таң калабыз. Абышка теңир көктү ойго батып карап алды да, анан бир аз жайлана отуруп сөзүн баштоого киришти.

***

Анда мезгил жайдын ортосу болуп, күн ачык жаадырап тийип турган чагы эле. Долон бийдин кошууну Касиеттү Каркыра жайлоосунан көлдү аралап Нарынга карай кетип баратты. Чынгыз хандын кошууну кыргыздарды кууп келатты. Алдыда жол чалган эркектер бар. Эгер шектүү шыбырт билинсе, токойго же далдаа капчыгай, чуңкурга кире качат. Ал эми курал жаракчан жигиттер көчтү душмандан коргоп келатат. Жолдо чебердеп жүрбөсө жаман ушундай капсалаңдуу оор учурда монголдордун же калмак тайпаларынын черүүсүнө учураса, Долон бийдин аз кошуунун майкандап салышы ыктымал болчу. Айтпадымбы, бий өтө сак жана кыраакы эле. Кандай да болбосун чапкында калбай өз журтун аман алып калуунун камында болду. Балдарым ошентип, «Ажут-Мажут» деген желмогуз эл Теңир Тоого бобу биз турган ушул Ала Тоого каптап кирип келди. Бул жердеги кыргыздар жан айласы кылып ары-бери удургуп тентип кирди. Алар баягыдай эле түштүккө Жерге -Талга, Ош, Жалал-Абад жакка кача баштады. Ошентип биз турган жакка эң тынчсыз абал пайда болду. Согуштун жүзү курусун Чынгыз хандын жоокерлери эч кимди аяган жок. Шаарлар баш ийбейби, баардыгын жексен кылып талкалап келатты. Жердин үстү кан жошолонуп адамдар эмне кылаар айласын билбей калды. Жортулчуулар Каркыра жайлоосуна кирип келип ал жакты будуң-чаң кылып жатты. Жакшы куралданган монгол кошууну беш жүз эле ал эми, Долон бийдин кошууну миңге чукул болчу Жоокерлер каруу жарактарын белендеп, айбалталарын курчутуп, кылычтарын тапташты. Алардын айбаттуу айбаталары кыңгырап, кылычтары шыңгырап, өлүмдүн үнү угулду. Жоокерлер аттарынын көкүлүн сылап, чап өлөңүн бек тартып, көмөлдүрүгүн кыскартып, сол карысына калканын илип, бир жерде кернейлер бапылдап, да бир жерде сурнайлар шаңкылдап, добуш салып кыргыздарда ушул алаамат күндө өлбөстүктүн үнү угулуп турду. Ошентип эки кошуун качырып келип кармашка түштү Монголдордун кошууну аз болгон менен чыңалган кошуун экен. Ал эми кыргыздар каардана акыркы күчүн салып жоо менен катуу кармашка өттү. Ач кыйкырык, куу сүрөөн жүрүп, жер титиреп, ачык чөл күңүрт тартып турду. Добулбастар кагылып, сурнайлар азаптуу үндү берип турду.

Назад Дальше