Бабалардын жанырыгы - Кадыр Абакиров 13 стр.


***

Улама санжыра боюнча Долон бийдин үч аялы бар экен. Эң биринчи аялы эгиз Агуул, Кубулду төрөйт. Кийин кытай кызына үйлөнүп андан Моңмош деген уулду болот. Бий аны «Кыздан төрөлгөн уулум деп аны Кызылуулум» деп атаган экен. Агуул менен Кубул бой жетип, атасы сыяктуу эр болуп, эр уулу менен тең болуп, келаткан эле. Агуул айтты:

 Журтка мен бийлик кылам.

Кубул да намыс бербес өтүмдүү курч эле ал айтты:

 Жок журтка мен бийлик кылам, элди кичүү иниси башкарыш керек.

Агуул токтоо кайраттуу, «элге пайдамы тийгизем» деген, кең пейил жана жайдары күлкүнүн элеси жүзүнөн төгүлүп турчу. Ал журт башкарууга жаралган эле. Ал эми Кубул өтө өкүм, кайраттуу ошонусуна карап кээ бир ишти өзүнүн ыңгайына карап чечип, калыстыгы жок сыяктуу эле. Бийлик талашып экөө эрегишип кетти. Эки туугандын эрегишүүсүн билип журттун улуу адамдары Эсенгул, Баймөңкө жана башка касиеттүү адамдар баарын Баргы байбиченин үйүнө чогултуп, ак сакал улуу карыя айтып турду:

 Кагылайын Баргы келиним мына журт көрүп турат, булардын кимиси улуу, кимиси кичүү, деп балдарды тууган энесине кайрылды.

Ошондо Баргы айым карылардан ыйбаа кылып, башын жерге салып айтты:

 Агуул оң бөйрөгүмдө болчу ал биринчи төрөлдү, Кубул сол бөйрөгүмдө болчу ал андан кийин төрөлдү,-деген экен.

Ошондо сакалы белине жеткен жүз жаштан небак ашкан карыя акылман сөзүн айтып турду:

 Кагылайын Агуул сен оң бөйрөктө жатып биринчи төрөлүпсүң, Кубул сен сол бөйрөктө жатып экинчи төрөлүпсүң. Кыргыз салты бюнча улуусу эл башкарат. Анткени жол улуулата келет да. Ал эми сен Кубул бул атадан калган дүнөгө ээ болгун бирок, байлыктын баарын өзүң албай эл менен бөлүшүп, эл менен туугандарың менен бирге болсоң кор болбойсуң. Эл бактылуу болсо, силер да бактылуу болосуңар. Ата-бабаңар эл башкарып, журтту тескеп жүргөн кишилер болчу, силер дагы чабышпай ошолордун жолуна түшүшүңөр керек,-деп карыялар туугандарга акылдуу сөздөрүн айтып, эненин сыйын көрүп, бата берип, чыгып кетишти.Тарыхта Агуулдан төрөлгөндөр оң, ал эми Кубулдан төрөлгөндөр улама боюнча сол болуп айтылып калган экен.


ТАГАЙ БИЙ ЖЕ МУХАММАД КЫРГЫЗ

«Санжыра элди бөлбөйт бириктирип жети

атасынан кабар берет».

Кыргыз эл макалы.

***

Алтын жерден чыгат,

Азамат элден чыгат.

Байыркы кыргыз эл макалы.

***

Тагай бийдин атагы

Далай ирет айтылды.

Анын атын билбеген,

Араңарда жан барбы?


Долон бийдин уулу Агуул башынан токтоо оор басырыктуу болуп, атасынын тарбиясында баатыр чалыш өстү. Антпегенде кантмек эле бир жагынан калмак, монгол татарлардын жортуулу башталып, кыргыздардын башына караан түн түшүп турган. Ал заманда балалуу болуп, аны чоңойтуу азап болчу. Анткени эки күндүн биринде душмандын чапкыны чыгып, колго түшүрүп, кул же күң кылып коёт. Жана тогуз ай көтөрүп денесинен чыккан баласынан айрылуу эне үчүн кандай тозок жана кайгы. Ошондо мындай армандуу заманда кыргыздар ыр чыгарышкан.

Кырларда кайыңдардын бетинде,

Тамга жокпу кыргыз балта чаппаган.

Өрөөндөрдө, жылгаларда, сайлар да,

Кыргыз жокпу кыргын болуп жатпаган.

Бул ырды акындар кыргыз эли азап-тозок көрүп жүргөн чагында жаратты. Бул ыр таштын бетине, аскаларга чегилип арман ыр болуп калды. Бул ыр адамдардын жүрөгүнө калып, муундан-муунга кайгы ыры болуп кете берди. Бул ыр тээ байыркы заманда жаралып, азыркы муундар кайгырып, капаланып окуп жүрөгүндө өткөндөн муңдуу элес калгандыгы сезилет.

Тагдыр жазып койгонбу Агуулдан: Адигене, Тагай, Моңош жана Наалы эже төрөлдү. Тагай төрөлгөндө атасы аябай сүйүнүп:

 Жоо жакадан алып турганда эркек тана болгону жакшы. Аман- эсен болуп, душман сүрбөсө да ат кайтарып берсе болду,-деп кудайга тобо кылды. Атасы Тагайга кичине чагынан жоокердик өнөрдү үйрөттү. Тагай олбурлуу бара-бара туурасы өсүп, денеси чымыр тарткан. Башкалар аны тике карагандан айбыкчу. Ал бала кезинен эле өтө шок жана ат жаныбарга өтө жакын болгон. Күлүк ат чаап чабандестик ишке өтө берилген. Атка чуркап келип, үзөнгү теппей секирип минеер эле. Бул жорукту көрүп аялы Бермет:

 Бул жоругуңуз жарабайт, салабаттуу эле үзөнгүнү тээп минбейсизби,-деп жактырбай каткырып күлүп калаар эле.

***

Ыраматылык Агуул эрте кырчын кезинде көз жумуп, Тагай менен Адыгене атадан жаш калды. Экөөнө баш көз болуп Наалы эже жүрдү. Эже эки бир тууганынын тагдырын өтө тынсызданып ойлочу эле. «Тагдырдын соккусуна учурап, жаш немелер жок болуп кетип Агуулдан тукум калбай калабы» деп жатпайбы. Ошол үчүн Наалы эже турмушка чыкпай «Эки инисин чоңойтом» деп ак эткенден так этип турчу. «Балтыр бели катып, чоңоюп алса, бой бербейт эле» деп ойлоочу. Тагдыр ошондой болду. Наалы эже эки инисин «Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай» чоңойтту. Инилери да акылдуу экен Наалы эженин сөзүнөн чыкпай жакшы бой тартышты. А түгүл экөө кыргыз элин бириктирип, бир эл кылып, бири түштүктө бий болсо, экинчиси түндүктү башкарып, элге арка тирек бел болду. Ал заман Чынгыз хандын урпактарынан калган, азуусун айга жаныган Моголстандын заманы эле. Моголстандын ханы Жунус, анын уулу Ахмад, Халилдер кыргыздары эзип турган каардуу учур эле. Касиеттү Тагай бий элди эзгендерге жек көрүү менен мамиле кылып, жөнөкөй адамдарга арка бел, жөлөк эле деп улама, санжыраларда айтылат.

Кудайым шыбаа айтып койгонбу, кыргызда эр жигиттин бактысын алган жары ачат дейт. Анын биринчи жары Бермет бийге жарашыктуу аял боло турган. Ал бийдин ички сырын көзүнөн эле айттырбай билип турчу дешет. Ошону менен ал Тагай бийдин элге болгон ишин арылатып, журтка жакындатып, өзүмчүл эмес өз көмөчүнө күл тартпаган калыс эле деп карыялар сүйлөгөн уламаларда көп кеп болот.

Душмандар уу коргошун берип жок кылабы,-деп ага жаш кезинен уу коргошун таткантып жүрдү.


Уу коргошун ичип алганда.

Тагай бий такыр өлбөгөн.

Азабын көрдү жашоонун,

Ал пенде нени көрбөгөн.


Ат үстүндө баратып, жаа атып, найза сайып, кылыч чапканды эң жакшы көргөн. Адигене аны бий көтөрүп салды. Ал башынан эле адилет, калыс жана жолдоштору жемелеп турса да, оор басырыктуу көтөрүмдүү болчу. Жана бир нерсени будамайлап кетпей, чуу куйрук жайы жок ушул сапатынан эле башкаруучу хан же улук бий боло турган жөндөмү болгон. Ал кең пейил жетим жесирлерге кайрылган өтө кайрымдуу пенде эле. Адамда чынчылдык, боорукердик, токтоолугу жагы тоодой алтынга бергис улуу сапат болот эмеспи.

Биз уламабызда билгич карыялар айткан ошол бир баянга токтоло кетели.

***

Айлана аптап болуп ысыган жай чилдеси эле. Мал-жан күндүн тийген ысыгынан качып көлөкөгө умтулуп турган маал. Астыда шорлуу жерден туз топурактын үстүнө чыгып турат. Жолдо өскөн жапайы ак мамык дан, киргишен көп жылдык чөп. Булар ушундай шорлуу топурактуу жерди мекендейт. Жана эки жакты акмалап караган адамга кызылча, шакар чөп, баялыш, сөксөөл кездешет. Бадалдын түбүнөн кескелдирик чуркап, тигинде ысык кумда жылан оролуп жатат. Анда-мында канат кагып, кыска кайрыктарын созуп, чөл торгойу учуп өтөт. Мындай ысыкта жол жүрүү бир топ көңүлсүз, анткени күн ысыгы адамдардын талыкшытып, шайын кетирет. Көктө каалгый айры куйрук жерден бир нерсе издеп сызат. Адырдан ары тарп издеген жорулар учуп баратат. Көктө бирин-экин ак булуттар каалгый сызат. Ондой атчан жол менен кетип баратат. Күн дагы чыгыштан чыгып батышка сапарын улап кетип баратат. Алдыда акбоз жоргочон келишимдүү ак калпак кийген бутунда анжиян өтүк, колунда чеберлер жасаган жылан боор камчы. Күнгө күйгөн өңү кара тору, муруту өзүнө жарашыктуу койдуруп, көз карашы өтө сүрдүү, же аны адам карай албайт. Анын оң жагында жээрде атчан бийдин кеңешчиси жашы небак элүүдөн өткөн адам Бөлөй карыя. Сол жагындагы сары атчан сакал мурутуна али ак кире элек көзү өткүр, кыр мурун кара тору адам бул дагы бийдин кеңешчиси. Бий бир нерсени чечеерде ушулардын акыл-насаатына таянат. Антпесе болбойт, «Жалгыз адамдын акылы жарты акыл, көп адамдын акылы аккан дайра» дейт эмеспи ата-бабалар, булар башынан бийге, андан мурун элге небак алынган калыс адамдар. Ошол үчүн бийдин кулаткан ташы ылдый эмес өйдө карай кулап жатат. Артында жети-сегиз атчан булар бир иш менен башка жакка сапар аттанып, жолочу болуп жол арытып келатат. Бийдин тобу сапар кетип баратат. Сапары ыраак. Бул жол жүрүп отуруп, тээ береги адырга барып, андан ары өр таяна жайлоого Арча Төргө өйдөлөй чыгып отуруп бийиктикке чыгат. Бий кайдан чыгып, кайда кетип баратат. Ким билет? Кээде адамдардын өмүрү да төрөлгөн жерден чыгып, мунарык оронуп алдыга кайып сызып кетет эмеспи. Алар кайып сызып отуруп кайда баратат? Биздин өмүрүбүз ашыга алдыга кайып сызган жок беле? Айтчы тууганым? Бийдин тобу кетип баратат. Жол кетип баратат. Күн ысык алдыдан токтоно албай термелип мунарыктын артынан закымдап мунарык сызат. Тоолордун башында кылайган булут жок. Булут болсо, шамал айдап ылдый сүрүлүп, бобереги каны катып турган талаага жаан төгүп кетсе, денесине суу кирип тирдене жашарып, өсүмдүктөр өсүп калаар беле?

Бийдин тобу кетип баратат. Асманда ыйык күн да чыгыштан батышка карай кетип баратат. Астыга жарыша кеткен чаңы учуп куп кургак уланган жолдор. Жарыша кеткен жолдо сапар кетип бараткан байыркы биздин бабаларыбыз. Бул жолдор менен кимдер өтүп, ким гана баспаган. Атчаны да өттү, жөөсү да өтүп, жамактата ыр төгүп ырчылары да өттү. Сын айтып сынчылары да өттү. Төрт буттуудан түйшүк тартып, түлкү өтүп, караңгыда кайыгып карышкыр өттү. Боз чаңгыл баскан ай-ааламдын, асмандын улук бийи күн эне болсо, бул бараткан адамдарга жол көрсөтүп, ээрчитип бараткан адам бий Тагай эле.

Бий минген акбоз беркилерден озуп астыга чыккысы келип, өкүмдүгүн көрсөтөт. Бий тизгинди тарта, жанындагылар менен тең келатат. буудандын тизгинин коё бербей ал бирдей укукту сактагысы келет. Жол жүргөн атчандар бат эле ээрчише дөмпөйгөн боз дөбөлөргө жете келип, алардын аралап баратып, эбак эскирип эскилиги жете жыртылып, куну кеткен, бир боз үйгө туш келишти. Арыда аркандалган жалгыз музоо. Жыйырмага жакын кой-эчки. Байланган кулун тигинде бир бээ оттоп, анын жанында музоосун жаш тууган бир уй турат. Бээ менен уйду саайт шекилдүү. Тагай береги боз үйдү ойго батып карап калды да ат тизгинин аргасыздан ошол жакка бурду. « Боз үй талаада эмне үчүн жалгыз калган? Жалгыз калышына эмне себеп? Бий бул боз үйдүн жалгыз калышында бир арман бар экенин сезди. Бий эски боз үйдү калтырып кете бербейт эле. Анын канында кайнаган журттун каны согуп турбайбы. Эгер ушул жалгыз калган боз үйдү таштап кетсе анын бий болгон даңазасы кайда? Артында келаткандардын жини келип, кеткенин өңүнөн билинип турду. Бий атынын башын каякка бурат? Ысыкта кейпи кеткен боз үйгө барып дагы көпкө отурат. «Биз ушинтип талаадагы жалгыз боз үйлөрдүн ар бирин кыдырып чыгабызбы» деп ичинен күлгөндөр болушту. Ат туягынын дүбүртүн уктубу боз үйдөн кийми жыртык удаалаш чоңойгон эки бала көрүнүп, бирөө үйгө кирип, бир аялды ээрчитип чыкты. Күңгө күйгөн кара тору ургаачы башынадагы кара жоолугу небак эскирген, боз көйнөкчөн өңүндө «Дагы кимиси келатат» деген убайым бар эле. Бир жигит чаап келип, бийди ээрден түшүрүп аттын чылбырын казыкка байлады. Келин келген жолоочуларга салам берди.

Назад Дальше