Тагай бий каарданды. Анын каарданганын көрүп, Бөрүбай боз ала боло түшүп салбырап калды.
Ал күлүк кимдики?
Меники.
Желдеңдики эмес беле.
Желдең мага берген анын үстүнө күлүктү менин бээм тууган болчу.
Сага калмактардын чабуулунан түшкөн көп жылкыны ким берди эле?
Сиз бергенсиз Тагай бий.
Мен берсем сен эмне үчүн аны элге тең бөлүп берген эмессиң?
Желдеңдин бүркүтүн эмнеге тартып алдың?
Менин аскама тууган бүркүттүн балапаны болчу.
Сен кудайдын аскасын менчиктеп алдың беле, ушул сөздү кантип айтып турасың.
Жок Тагай бий ал атамын жайлоосу болчу.
Мына сага күлүк, мына сага бүркүт,-деп тагай бий Бөрүбайды чоку талаштыра эки-үч жолу тартып-тартып жиберди. Бөрүбайдын баш кийми учуп барып, аттардын буту турган жерге түшүп тапталгансып калды.
Билермандар эки ортого түшүп арачалап киришти.
Ардактуу бий бизге бир ачууңузду бериңиз.
Бий кечирип коюңуз.
Иттик Бөрүбайдан кетиптир, элдин таламын жактабай калган тура.
Байкуш Желдеңдин күлүгүн тартып алган тура.
Тагай бий:
Андай эле кыйын экенсиң калмактар басып алган Үч Кайнар булакты алсаң болмок.
Бөрүбай эмне кылаарын билбей эс-мас боло көзү ала-чакмак тартып, күйбөгөн жери күл болуп, өлбөгөн төрт шыйрагы калды.
Тагай бий каарданып:
Карапайым элге карабасаң бүт малыңды элге талатып тентитем,-деп ары бастырып кетти.
Эл Бөрүбайдын ач көздүгүн жек көрүп жатты.
Көп өткөн жок алкынган Актуяк күлүктү, бүркүттү алып Бөрүбайдын туугандары Тагай бийге ийлип кечирим сурап келишти. Бий Желдеңди чакыртып:
Ме күлүгүң менен бүркүтүңдү алгын, эгер дагы Бөрүбай тийшсе мен анын жазасын мындан дагы катуулатам.
Ал байгенин баардыгын Желдеңге бердирди. Ошентип бул иш калыстык менен чечилди. Анын калыстык баяны эл оозунда тарап, жерден-жерди, элден-элди аралап жүрүп отурду. Тагай бий өтө калыс эле ошонусу менен эл-журтка алына баштаган. Ал жаш кезинен эле элдик адам болуп, эзилген адамдарга болушуп, байларга өтө ырайымсыз болгон, ошол жакшы сапаты элдин канына эчак эле сиңип кеткен эле. Бул көрүнүштөн төмөндөгүнү баамдоого болот. Калыстык болгон жерде баары оңолуп иш жакшы жагына көчөт. Эгер элде калыстык болбой журт бир-бирине күч колдонсо, ошол кыргыздар баш ийип турган кандуу Моголстандын оор заманында журт тентип кеткен жатпайбы. Тагай бий муну терең түшүнүп, элди бирдей тең укуктуу тартипте кармаган.
Тагай бий жаштайынан Бермет деген кара торунун сулуусуна үйлөндү. Бермет боюу узун, шыңга болйуу өтө акылдуу бийдин кеңешчиси болгон. Бийге көптөгөн туура акылды берген асыл жар эле. Анын Богорстон, Койлон, Сарбагыш деген балдары болгон. Айрыкча кичүү уулу Сарбагышты кыйналып жатып төрөдү. Ана төрөп жатып эне көрбөгөн азаптарды көрдү, Аз жерден төрөттүн оордугунан өлүп кала таштады. Ал баарынан ушул кичүү баласын жакшы көрүп аяган. Баланын мойну бир жагына тартылып кыйшык өсүп калды. Эне баланын мойнунун кыйшык өскөнүн көрүп аяп аябай жаны кейиген. Ал Тагай бийге ыйлап- сыктап:
Самаркандык мыкты дарыгерлерге көрсөтүп баланын мойнун оңдотолу. Балким ошолордун колунан жакшы иш келеер.
Ал кудайдан теңирим аны ошондой жаратты.
Бирок ошондой болсо да баланын мойнун көрүп аны аяй берем.
Ага капа болбо бу баланын аты Манастын жакын көргөн адамы Элтабар баатырдын уулу Сарбагыш деген түпкү бабабыздын атынан койгом.
Ошондой болсун, ошол баатырдын арбагы баланын келечегине жар болоор.
Болот көрөөрсүң менин ишимди ушул бала улантат. Бул уулуман көптү күтөм.
Ошол иш ошол болду.
***
Айлана небак бозомук өңгө бөлөнүп, асман сургулт тартат. Мезгил жетинин айынын башталышы эле. Бир жумуштар менен Тагай бий беш жолдошун ээрчитип, белде кетип бараткан. Атчандар коктудан түшө бергенде өгүз минип келаткан бир адамга жолукту. Тагай бий аттан түшө калып, өгүзчөн улгайган адамга салам узатты. Тайгай бийди туурап беркилер да аттан түшүп, саламдашты. Алар ар дайыма бийди урматтап жүрөөр эле.
Уулум жол болсун кайда жол улантып бараттың эле?
Богорстон баламдыкыкнаа бараткам.
Ал уулуң жакшы турабы, аялы ооруп жатат,-деп эшиттим эле.
Жакшы болуп калды белдеги конушунан ылдый түшкөн, саламдашып ал абалын сурап келейин, дегем.
Аның жакшы уулуң менен кабарлашып турганың ийги иш.
Өзүңүз кайда баратасыз?
Кайда бармак элем үйгө эле.
Атыңыз эмне болду өгүз минип?
Кайда бармак элем үйгө эле.
Атыңыз эмне болду өгүз минип?
Каран калгыр өткөн кыштагы жуттан жылкы баласы кырылбадыбы.
Тагай бийдин өңүнө капалык келип, атынын тизгинин тиги карыяга карматты.
Бобул атты минип кетиңиз.
Койчу балам биздей карыяга өгүз эле жарашат. Бир бутум көрдө салаңдап турбайбы, муну балам өзүң эле мин. Бул жүз койго же бир айгыр үйрүнө алмашкыс камбар атанын асыл тукумунан тура.
Жок ата астыңызга ат тартып жатам, колду уялтпай минип кетиңиз баркыңыздан ушул ат улук беле, мен алдагы өгүзүңүздү минип кетем.
Бийдин жанындагы адамдар жаалап жиберишти:
Миңиңиз бий тартуулап жатат. Бий атсыз калмак беле.
Капа болбоңуз, өгүздөн түшүңүз.
Жигиттер карыяны өгүздөн түшүрүрп, бийдин келишкен жорго атына мингизип, өгүздүн мурунтугун мүйүзүнө түрүп, коё беришти.
Карыя ыраазы болуп күлүп:
Ырахмат Тагай балам, тим эле койсоң болмок, чоң жорго ат мингенде мен да бий болуп калбадымбы деп токтоно албай карс-карс ыраазы боло күлдү.
Тагай балам, Жар Кыянын этегиндеги Жылуу Булакта кыштоодобуз Ошол жер биздин турагыбыз. Убактыңыз болсо барып, үйдөн бир чөөгүн чай иче кет. Сени да ыраазы кылаармын балдар бар эмеспи.
Жок ата, ошол да болмок беле биз эмне акылашып жатабызбы, чай ичип эле жүрөбүз, кол бош болуп калса, сөзсүз жолугам.
Тагай бий карыя менен коштошту. Бул карыя Тагай бий он беш жашында, тай үрөтүп жүрүп, азоодон жыгылып, буту сынганда аны таңып кадимки өзүндөй кылып айыктырган. Колу эмсек куранды арабча бүт окуган касиеттүү молдо пакиза таза адам эле. Ал кезинде түштүктөгү молдолордон динди терең окуган адам болчу. Тагай бий сол, оң канатка жана ички кыргыздарга мусулман динин таратып, аны менен элдин жан дүйнөсүн оңдоого киришкен адам болчу.
***
Эки күндүн биринде күн күркүрөп, айлана текши жаңы түргө өтүп, жаңы чөп өнүп, касиеттүү жер эне жаңылана баштады. Айрыкча нымдуу тескей беттерде өсүмдүктөрдүн өсүшү өтө тез. Коктуларда, түзөңдөрдө эртең менен туман калыңдап, күн суук болсо, өйдө карай өрдөп жылат.
Ушул туман каптап турган күнү Тагай бийдин айлына кочкор мурун кашкар чапан кийген көзү ачык сынчы келди. Аны бий коноктоп, анан үч баласын чакырды. Сынчынын алдына Богорстон, Койлон, Сарбагыш келип отурду. Сынчы үч баланы сынап көпкө ойлонуп отурду.
Буюрса, булардын өмүрү узун болуп, маңдайында жылдыздары жанып турат. Бар болгула балдарым!-деп аларды кетирип жиберди. Улуу балаң Богорстондун тукумунан жортуулчу, баатырлар көп чыгып, элин коргойт жана элдин тогу болот. Булар жердин жакшы жерин ээлейт деген экен. Койлон балаңын тукумунан корооздонгон сыпаа кишилер көп чыгып, өзүн жогору санаган нымактуу эл болот. Акыры кичүү уулуңан эл бийлеген адамдар арбын болуп, ошондой эле баатырлар көп чыгат. Бирок такыр ынтымагы жок журт болот. Тукуму бир-бири менен жоолашып, чабыша берет, деген экен кайгыланып.
Ошентип сынчы Тагай бийдин үч баласын сындады. Тагай бий сынчыга жорго мингизип узатты. Албетте байыркы санжыраларда ушундай баяндар көп айтылат.
***
Тагай бий балдарына жер бөлүп бере элек эле. Ага жакындары айтты:
Ардактуу бий балдарыңа конуш бөлүп бер, алар ошол жерди мекендеп, душмандан коргоп, элин адилеттүү башкарганга үйрөнсүн, дешти.
Убакыт көп өтпөй бий аксакалдар менен дөңдө отуруп, үч баласын жанына чакырды.
Балдарым мен улгайып баратам, силер бой тартып калдыңар, мен силерге конуш бөлүп берейин,-деди ойлонуп.
Улуу балам Богорстон сага Сары Өзөн Чүйдү кыраан ак шумкарымды берейин улгайганда берекелүү ушул чөлкөмдө ит агытып, куш салып, армансыз жашагын. Бул аймакты элиң душмандан сактап, журтуң бакубат турсун. Экинчи балам Койлон сага Мөмөсү бышып жетилген кереметтүү түштүк жерин берейин, үстүнө мингениңде суу төгүлбөс акбоз жоргому алгын. Ошону менен түштүк жеринде жорго салдырып, журтуң менен аман-эсен жашап жүрө бер. Үчүнчү балам Кылжыр сен улуу балаң Орозбакты менен касиеттү көлдүн эки бетин ээле, кичүү уулуң Дөөлөсбакты Нарын, Чоң Кемин, Кичи Кемин жерлерин мекендеп, Алатуяк күлүктү чаап өз жерин душмандарына жолотпой бактылуу жашасын жана дагы жер талашпай, уруу-уруу болуп чабышпасын ал жаман апаатка алып келет, деп ата көп акыл-насаатын айткан экен. Эл дагы, балдары да бийге аябай ыраазы болду. Убакыт өткөн сайын анын кадыр баркы арта баштады. Ошол кезде бул чоң чөлкөмдү Чынгыз хандын тукумдары Моголдор башкарып турган экен. Алар каардуу эзүүчү, өздөрүнө каршы баш көтөргөндөрдү жок кылып турган. Тагай жалпы кыргыздарга бий болуп шайлангандан кийин, Жунустун уулу Ахмад, анын уулу Султан Халил анын иниси Султан Саид менен жакшы мамиле түздү, алар эмне десе ошону аткарып туруш керек болгон. Тагай бий бул чөлкөмгө айрыкча, өзбек, казак элине кадыр-барктуу болгон. Моголстандын ханы Тагайды конокко чакырып, жалпы маселени аны менен бирге чечеер эле. Моголстандын бийлөөчүлөрү Тагай бийдин кайратынан корккон. Алар бийди кыргыздарды бириктирип, Моголстандын бийлөөчүлөрүнө каршы чыгабы деп кооптонушкан. Бий азыркы Барскон аймагында жалпы кыргыздарга хан болуп көтөрүлүп, өзүнчө көз каранды эмес мамлакет болууга аракет кыла баштаган. Тагай бий өзүнчө күчтүү армия түзүп, армиянын тартибин Темирландын тактикасын пайдаланган. Бийдин жоокерлери Султан Саиддин жана анын уулу Рашиддин жоокерлери менен далай жолу беттешет. Акыры Могол бийлөөчүлөрү Тагай бий менен мамиле түзүп тынчып калышкан. Бирок Султан Саид тынч жаткан кыргыздарга чабуул коюп каргыз армиясы жеңилип калып, Тагай бий колго түшүп, Кашкарга ак үйгө алынып келинген. Аны жок кылуудан Моголстан бийликтери корккон. Аны ошол жерде бий катары кармап турган. Кашкарда Могол бийлөөчүлөрү Тагай бийге баардык шартты түзүп берген. Ага бул жерде жалгыз өмүр сүрүү көңүлсүз болгон. Ошол үчүн ал үйлөнүп алып жашоого мажбур болду.