Бабалардын Урпагы. 3 китеп - Кадыр Абакиров 3 стр.


Ар бир адам өзүнчө тарых, санжыра ошол үчүн колдон келишинче анча-мынча болсо да ошолордун образын берип, келечекке сактап калайын жердештерими ырга салайын деген эле ой.

Убакыт өтөт замандар жылып, адамдар картайып жок болот. Ошондо кийинки муун окуса деген эле ой турат. Мисалы биз мурунку адамдар жөнүндө эч нерсе билбейбиз, баарын унуттук, анан биз дагы ошондой болуп унутулуп калалыбы. Менин балалык күнүмдө элесиме сонун адамдар эске келет. Аларды биз таппай калдык, бир жашап өттү, бүттү кетти Кимдин ким болгону бизге белгисиз. Андай болбойт го. Чыгармада баардык адамдарды чылгый мактай берүү жарабаган иш, ага эч бир адам ишенбейт. Ар бир чыгармада тарбиялык маани болуш керек, кийинки муун мурунку муундун жаңылыштыгын кайталабай жакшы адам болуш керек, ошол керек болуп жатпайбы. Мен чыгармада эч бир адамды жамандайын деген оюм болбоду, анын мага кереги да жок, болгону ирония, күлкү үчүн кичинеден чымчып өттүм. Ал эми кемчиликти айткан аты жок ырлар бар алар жалпыбызга сабак болот, ошол үчүн ошол кемчиликти кайталабай жакшы адам болушубуз керек болуп жатпайбы.

Ошондой эле китептин аяккы бетинде Беккулу атанын үч уулунун тукумдары жазылган тизме толугу менен киргизилди. Анда кемчиликтер бар кыргызда көч бара-бара түзөлөт деген асыл сөз бар эмеспи. Балким кээ бир адамдар тизмеге кирбей калган же туура эмес жазылган. Ошондой болсо да негизги тизме жазылды аны оңдоп алууга болот. Кимдир бирөө ошону оңдоп, толуктап, тууралап берсе гана. Анын атына ырахмат айтып, китепке киргизип коёт элек. Тизме эмес китеби жок, а деген санжырасы жок кыштактар толуп деле жүрбөйбү. Аларга жети атасын, жети атасын санжырасын билүү адамдык парзы эмес. Аларга мындай ишти аткаруу кандай азап тозок. Муну бел байлаган киши гана аткара алат эмеспи. Ал эми китепти окуп алып, «мындай тигидей» деп айта берсе болот. Ал өтө жеңил. Жазганга караганда ооз эки сүйлөп сындаган алда канча жүз эсе оңой эмеспи. Керек болсо алар бул китептин кимге кереги бар эле деген ойду айтышы ыктымал.

Эми санжыраны окуу маселеси. Бизде деле кыркка чукулдап калган адамдар да жети атасын билбей жүргөндөрдү көп эле. Жети атасын сурай келгенде «биздин атабыз чымчык эмес беле дейт. Баса Торгой ата бар эмеспи» дейт. Ал адам «Сенсиң

торгоюум» деген ыр бар эмеспи. Ошону эстеп, ошондон ал ата-бабасынын атын эстеп жатат. Жети атасын чымчык аркылуу элестетип алган. Кээ бири айтат «Кара көйнөк биздин эченчи атабыз» дейт. Бизде кара көйнөк деген атабыз болгон эмес. Өзүнүн ата-теги жөнүндө эч бир түшүнүгү жок. Алардын жети атасын билүү, билбөө өз эрки өз маданияты, же билбесе билбей эле койсун. Бирок өтө улгайып калган адамдардын эсине жети атасын билүү парзы сөзсүз эсине келет. Ошол улгайып калган учурунда санжырага кызыга баштайт. «Мен ким элем, ким болдум?» деген ой келет..

Эми экинчи китеп жөнүндө баян кылайын. Китеп Ырыскан атадан Беккулу атанын уулдарынын Көңдөй жерине көчүп келгендигин ыр менен баяндап бердим. Жаш келечек муундар ошол санжыраны да билиш керек. Ошол үчүн ал санжыра да.

Бул үч китептин жаралышына кызым Жылдыз Абакированын эмгеги аябай зор. Китепти баштан аяк редакциялап, уйкаштыгын келиштире көркөмдөп, толуктап оңдоп чыкты. Эгер анын эмгеги болбосо олдоксон уйкаштыгы жок бир китеп болуп калмак. Китептеги көп керексиз нерселерди такыр алып таштады. Ошондон кийин ушундай китеп жаралды. Ата: «Сизде музыкалык слух такыр жок ошол үчүн ырларыңыздын уйкаштыгы өтө начар» деп, мени уяткарып, аябай оңдоп кемелине келтирди. Мен ошондо уялып ыр жазбай эле койсом дегем. Бул китептерге дагы Айгүл Жүзөнованын эмгеги зор ал үч китепти карап кайра-кайра оңдоп чыкты. Ал: « Олдоксон жазылган ырды эч ким окубасын» деди. Алардын эмгегин айта кетпесем болбойт. Ал эми баардык чыгармаларымды компьтерге басууда кичүү уулум Автандил Абакировдун эмгеги аябай зор болду. Эгерде ал болбосо, менин ишимиде кенедей жылыш болмок эмес. Анда ак кагазды карап жалдырап отура бермекмин. Ал бала кезинде жумуш иштеп, өзү кампьютер сатып алып, анан ишке киришкен. Менин чыгармаларымды жаза баштаган.

Муну жазыш үчүн көптөгөн санжыра китепти окуп чыктык. Баса үч китепти тең эчак эле тее илгери жазбадым беле андан бери канча замандар өттү. Андагы төрөлгөн балдар отузга чукулдап баратат.

Эми сөздү узарта бербейин калганын кийин сүйлөшө жатаарбыз. Баса бул китептеги жана өткөн китептеги кемчиликтерди айтып, же жазып берсеңер дурус болгон турат. Себеби ал кийинки чыккан чыгармада кайталанбаса болду.

Муну жазыш үчүн көптөгөн санжыра китепти окуп чыктык. Баса үч китепти тең эчак эле тее илгери жазбадым беле андан бери канча замандар өттү. Андагы төрөлгөн балдар отузга чукулдап баратат.

Эми сөздү узарта бербейин калганын кийин сүйлөшө жатаарбыз. Баса бул китептеги жана өткөн китептеги кемчиликтерди айтып, же жазып берсеңер дурус болгон турат. Себеби ал кийинки чыккан чыгармада кайталанбаса болду.

Мен дагы эмнени айтайын дедим эле, мен улгайдым чачым ак чалды. Айлым үчүн Беккулу атанын тукуму үчүн колдон келе турган санжыраны жазып бердим. Алар ата-тегин билип, туулган жерин сүйүп, жашасын дедим. Колуман келген китептерди жазып бердим. Аларды көп китеп кылып чыгарыш өздөрүнүн эрки. Мен эч нерсе айта албайм. Санжырадан башка дагы менин көп иштерим бар: ырларым, жомокторум, поэмаларым, сатираларым, учкул сөздөрүм, мугалимдик чыгармаларым, достук тамашалар жана башка толуп-толуп жаткан эмгектерим. Кээ бир жерде мындай чыгармачыл кишилиерди эли колдойт экен бирок менин ага көзүм жетпейт. Анан тигил санжыраны чыгартып алыш алардын өз эрки. Ал болбосо, мен жазып берген машинка менен басылган кол китепти окуп жүрө беришсин. Менин тилегим ата-тегин билсе болду, андан башка нерсени деле каалабайм. Ал эми рухий маданиятын, байлыгын жогорулатуу ар бир адамдын өз иши.



« Илгери адамдар ар кандай окуялардын таш бетине чегип

«жазчу экен мен жердештнримин атын кагаз бетине чектим».

Автор

Түпкү атабыз Беккулу

Түгөл кыдыр даарыган.

Ушулардан кеп козгоп,

Улама баян жаңырган.

Санжыра

Алыс жакты серепчилеп карасам.

Көчмөндөрүм улантышат сапарын.

Ак баракка чиймелеймин акырын

Бабалардын үл-бүлдөгөн караанын.


Бабалардын караанына кагылып

Тизмектейин санжыранын барагын

Абалкынын элесине жалынып,

Тактайынчы аңгемемдин ар сабын.

***

Адамга туулган жери ыйык. Канча пенде алыста жүрүп туулган жерин сагынат. Көңүлүндө эргип ыр жазат. Ошондуктан бул китептеги ырлар ошол сагынычтан жаралса керек. Туулган жерге болгон сагыныч көзгө көрүнгөн буюм эмес. Ал адамдын жүрөгүндө кенч сыяктуу бекем катылып жатат. Аны адам өмүр бою жүрөгүндө бекем сактап ала жүрөт. Ошондуктан туулган жерге болгон сагыныч ыйык ыр же куш болуп учуп жүрө берет. Ал элес мындай чыкканда, туулган жерден алыстаганда пайда болуп, куш сымал абада калкылдап учуп турат. Андай ыйык куш ар бирибиздин жүрөгүбүздө бар. Ошол куш сайрап ыр жаратып жатса керек.

***

Үрүл-бүрүл бабалардын карааны,

Бул дүйнөдө аны кармай аламбы.

«Байкоо салып, көз жибер,-дейт алыска»

Баян айткан аңгемечи чал дагы.


Көз жиберсем Саманчынын жолуна

Бабалардын доошу келе баштады.

Дайым тынбай ыр артынан ыр жазып,

Дал ошентип жараткамын дастанды.


***


Айланайын Көкө Теңирим! Ала-Тоом арка белим! Туулган Жерим касиетүү мекеним. Ата-Бабам конгон конуштарым. Көпөлөк кууган адырларым, кырларым, мен кечип өткөн сайларым, ата-бабам өткөн жерлерим. Адам пендесинин төрөлмөгү бар, өлмөгү бар, тагдырдын жазмышын көрмөгү бар экен. Жалган дүйнөгө бир жаралдым. Келдим да ыңаалап үн бердим. Ал жышаана мен келдим, туулган жер өзүң күтүп ал, деген белгим. Ошентип өмүргө аттандым. Ак калпак кийип атам турду жанымда, ак элечек кийип энем турду кашымда, бакыт каалап бабаларым турду жанымда. Теңирден үн эшитилип турду: « Дүйнөгө бир жаралып келген соң, ак жана тунук жаша, тирүү пендеге тырмактын карасындай жаманчылык кылба! Адамдардын каргыш илкишине калба! Алар да сендей пенделер».

Кыямтат кайым ойлор адамдарга бүлүк салбасын! Кудайым ошондон сактасын! Эл-журт аман болсун, алардын амандыгы биздин дагы амандык. Өзүңөрдү ойлобой калайыкты ойлогула! Ар дайыма түз жолдо болгула! Айланайын Көкө Теңирим! Түбү түктүү ыйык Мекеним! Жаратканды сыйлаган сыяктуу пенделердин эмгегин, күч-кубатын, мэримдүүлүгүн, тазалагын баалайлы. Жакшылыкты баалайлы, урматтап сыйлайлы. Ааламда мен жалгыз эмесмин. Мен сыяктуу силер да жалгыз эмессиңер. Бири-бирибизге ак үмүт каалап, бир бололу! Биримдиктен бакыт жаралат. Элди бакыт аралайт. Мендеги бакыт элдики, элдеги бакыт меники. Эркин соккон тоо-талаанын шамалы, мага бакытты алып келгиле! Мендеги жакшылыкты башкаларга да бергиле! Ак калпакчан аталар, ак элечекчен энелер, ак кар баскан Ала-Тоосунда кылымдар боюу көч көчүрүп келетат. Көчүргөн көчү башка элден артта калбасын. Манас атанын арбагы сактасын! Эл аман болуп, журтка

Назад Дальше