Айгүл ШАРШЕН
Өч алуунун аягы
Ош шаарынын бир айылында болуп өткөн бул окуя токсонунчу жылдын май айлары эле. Анда союздун гүлдөп турган маалынын акыркы жылдары, жаңы коомду көпчүлүк кабыл ала албай турган кез. Гүлбахар өзү медсестра болуп иштечү, отпускага чыкмак болуп арыз жазып эми үйүнө кеткени жаткан, чогуу иштеген Назира беш айлык наристени керебетке жаткырып жатканын көрүп:
– Бул кимдин баласы? – деди.
– Сенин балаң, – Нази күлүп койду, анткени Гүлбахар көп жылдан бери төрөбөй жүргөн эле, күйөөсү Карим экөө бала үчүн көп урушчу.
– Кандайча? – Гүлбахар ишенип-ишенбей тамашалап жаткандай карады, бүткөн бою билинээр билинбес калтырак басып курбусун тиктеп калды.
– Чын айтам Гуля, карасаң кандай татынакай бала, жактыбы сага?
– Ооба, уулбу же кызбы? – деди да керебетке эңкейип уктап жаткан наристеге үңүлдү, – Сулуу экен.
– Уул бала экен, – деди да Нази ага болгон ишти айтып берди, – Бул баланы азыр гана алып келишти, поезддин жолуна таштап кеткен экен, азырынча эч кандай негиз жок, бирок баары бир туугандары чыгат болуш керек.
– Ананайын ай десе, карасаң тим эле каштары капкара болуп жүзүнүн аппактыгын, кандайча таштап салышты экен? – Гүлбахар наристени колуна алып жүзүнөн сүйдү, – Денсоолугу кандай экен?
– Текшерип жатышат, анализдерин алды, төрт-беш айлык го, ыраспы?
– Ошондой го? – Гүлбахар баланы ойлуу бооруна кысты, – Бөйтөйгөн садагам десе, ушундай бир наристени кудайым мага дагы берип коеор бекен Нази? – Көздөрүнө жаш кылгыра түштү.
– Кабатыр болбо курбум, кудай деген куруу калбайт дешет эмеспи.
– Туура, кудайым куруу койбос…
– Бала кандай ыйлаган жокпу? – деп башкы врач кирип келип Гүлбахар көтөрүп турганын көрүп, – Оо Гуля, бала жактыбы? – деди күлө карап.
– Жакты агай.
– Эмесе ата-энеси же туугандары табылганча сен карап тур.
– Кантип? – Гүлбахар башкы дарыгерди таңгала карады, бала багып көрбөгөнгө жүрөксүдү, күйөөсүнөн тартынды, – Эмчек эмген баланы багуу оңой эмес го?
– Көнүп кетет.
– Макул, – деп Гүлбахар ойлонуп калды, башкы дарыгер чыгып кетти. Нази экөө көпкө сүйлөшүп отуруп анан үйүнө жөнөдү: «Каримге айтайын, макул болсо бага берейин, ушунча таштаган неме келе коймок беле», – деп ойлонуп келсе Карим келе элек экен. Күндөгүдөй эле өз ишин жасап кыбырап жүрүп дагы баланы ойлой берди, ата-энесине дагы кеңешмек болду, Карим эшиктен киргенде кубанычтуу каршы алып жайдарылана карады эле жактырбагандай:
– Энең эркек төрөгөнсүп эмне кубанып алгансың?
– Жакшы кабарым бар, сен макул болсоң эле болду.
– Эмне деген кабар?
– Бала багып алсак дедим эле…
– Кандай бала?
– Уул бала экен, бирөөлөр таштап кетиптир.
– Кереги жок, өзүң төрөй албай бирөөнүн баласына жалдыраткың келип жатабы? – Ачуулана бурк этти Карим.
– Анда өзүм багам.
– Эмне?
– Бала баксак ошонун арты менен балалуу болуп кетээрбиз.
– Жомогуңду кой, эмне кылсаң ошо кыл, – Карим дилинде макул болгонсуганы менен сыртына чыгарбады, – Кардым ачты, бирдеме берчи.
– Жуунуп келбейсиңби, тамак даяр.
– Ооба, – Керим сыртка чыгып кетти.
Гүлбахар өзүнчө ойго батып: «Мен балалуу болууну каалайм, өмүр бою Каримдин суз, муздак көз карашына тоңуп жүрө албайм, эне болуп, наристенин ырахатын, тун күлкүсүн угуп бактымды баладан табам, ал өз сүйгөнү үчүн өзүн түбөлүк туюкка камап алып, өзүнүн муз каптаган аралында жашай берсин», – деген чечимге келди. Карим кирип абалкысындай эле суздукка капталган муздак көз карашы менен Гүлбахарды бир карап алды да дасторконго отурду.
– Уул бала, татынакай, сүйкүмдүү экен, – деп койду Гүлбахар күйөөсүнө тамак куюп сунуп жатып.
– Деги аның кыргыз баласы бекен?
– Ооба-ооба, кыргыз эле, – Гүлбахар шаша жооп берди.
– Ата-энеси чыгып калсачы?
– Чыкпайт, – Гүлбахар ишенимдүү айтты.
– Кайдан билесиң, бир күнү чыга калса өзүңө жаман.
– Көрөбүз да, чыкса чыгаар, башкы дарыгер өзү бага бер деди, ал менин балалуу боло албай жүргөнүмдү укса керек, баланын артынан бала келет дешет го, балким кудайым бизди дагы кубантып коеор…
– Өзүң бил, издеп жатышыптырбы?
– Милицияга айтып дайындады.
– Аа-а, – деп койду Карим.
Бул үйбүлөнүн бирге жашаганына жыйырма жылдан ашып калса да бири-бирине муздак бойдон эле… Каримдин өзү жактырып жүргөн кызы бар эле, бирок аны агасы бербей койгон, акын агасынын көңүлүн калтыргысы келбей ал кыз Каримге болбой койгон. Гүлбахар бир үйдүн тун кызы, бирок төрөлгөндөн ыйлаак болгондуктан апасы ага энелик мээримин бере албады, бир күнү апасы каргап-шилеп жаткан:
– Жаагы сынып эле ыйлай берет, дегеле баладан башкача болду, өлүп кеткир ээ!
– Төрөбөй эле койбойт белең? – деди атасы күңк эте.
– Мен кайдан билейин, мунун мындай ыйлаак болоорун.
– Чоңойсо ыйлаагы калаар.
– Эк, тажап кеттим, – Силкине үч айлык кызын түртүп койду, бакыраңдаган наристе ушул учурда жарк этип күлүп койду, – Күлүп койгонун кара.
– Күлсө күлөт да, ыйлаактыгы ошол мунун, бала ыйлабай чоңойчу беле? – деп атасы кызын алып көтөрмөк болду, – Иштебесем өзүм багат элем, – Абдраим үй ичинде ары басты.
– Бага бер.
– Эмне болду? – Эшиктен Абдраимдин апасы Гүлпари келди, – Кызыңды көтөрүп алгансың го?
– Ооба, энеси муну жактырбай ыргытканы жатат.
– Ок, эмнеге ыргытат? – Гүлпари чоочуй келинин карады.
– Ыйлаак…
– Капырай де, бала ыйлайт да, ыйлабай чоңойгон бала болобу?
– Апа, күн-түн дебей ыйлайт, же уйку бербейт, же иш жасатпайт.
– Сабира, андай эле баладан тажап жатсаң мага бер, абысыныңдын согончогу канабай жүрөт, кандай гана багып алаар экен.
– Алып кетиңиз, багып алышсын, – деди Абдраим Сабирадан мурун эле, – Бала тапкандыкы эмес баккандыкы.
– Ой ала бергиле апа, дегеле тойдум, – деди Сабира дагы, Гүлпари келининин мерездигине таңгала баланы ороп, чулгап алды да көтөрүп алып өз үйүнө кетти, кичүү баласы үйлөнгөнүнө төрт-беш жыл болсо да балалуу болбой жүргөн, кубана Гүлбахарды көтөрүп кирген Гүлпари уул-келинине:
– Алып кел балам, агаңдын аялы баланы сүйбөйт экен, кудайдын буйругу менен балалуу болуп калсаңар ажеп эмес, чын пейилиң менен наристеге мээримиңди сал, балам, – деди кудуңдай.
– Жеңем өзү бердиби? – Уулу Азим апасын ишенкиребей карады.
– Бербегенде эмне, сенин балаңбы, аныкыбы баары биздин тукум.
– Апа, жеңем кайра алып алсачы? – деди Азимдин аялы Адина.
– Албайт, мен турам го? – деп Гүлпари наристени сунганда Адина кубана колуна алып мемиреп уктап калган наристени өпкүлөп ийди:
– Алтыным ий, дегеле көзгө сүйкүмдүү болуп калган го?
– Болду эми, уктап жаткан баланы ойготосуң, – деп келинчегинин колунан Азим алды, – Орун салчы.
– Азыр, – Адина шашкалактап балага орун салып жатты.
– Дегеле мемиреп калганын, үйүндө какылыктап ыйлап жаткан, – Гүлпари эч нерседен капарсыз бөйпөйүп уктап жаткан наристени мээримге толгон көз менен жылмая карап койду.
– Ошончо эле ыйлаак бекен?
– Айтпа, күнү-түнү ыйлайт дейт.
– Ыйласа деле мейли, уктабай эле багып алам, – Адина кызды колуна алып төргө жаткырды, – Садагам ий, ойгоноор түрү деле жок го?
– Баланын периштеси бар сенде балам, буйруса сен дагы төрөп аласың, ушу кыз ак жолтой болсун.
– Ошондой эле болсо экен, апа, – Адина бөйпөйүп уктап жаткан наристени ойлуу карап калды, – Кудайым ушундай эле бир кыз берсе болду, – Улутунуп жиберди.
– Жараткан пендесин өзү жалгайт балам, кудай десеңер куруу калбайсыңар, – Гүлпари сыртка чыгып кетти.
– Адина, сен муну бага аласыңбы? – деди апасы чыгып кеткенде Азим аялына.
– Эмнеге бага албайт экенмин, багам эле, – Адина күйөөсүнө бултуң эте таарынып калды.
– Деги да, өзү ыйлаак болсо, анын үстүнө бала багып көрө элексиң.
– Багам эле, керек болсо кандай багаар экенмин, – Адина эңкейе кызды ууртунан секин өөп алды.
– Чоочутасың, – деген Азим анын жанына отура калып өзү дагы наристени өөп алды, – Бала кандай жакшы көрүнөт ээ?
– Ооба-а, эмдигиче төрөсөм балабыздын алды бешке чыгып калмак, – деп Адина муңканып жиберди, – Мени кечирчи, Азим.
– Эмнеге кечирим сурайсың, сенин күнөөң жок, анте бербечи Адина, көрөсүң го, биз дагы балалуу болобуз, – Келинчегинин эки бетинен өөп койду, – Капаланбай жүрчү ээ?
– Ма-акул эми, – Адина унчукпай сыртка чыкмак болуп баратып кайра эмелеги таарынычы жоголуп жаркылдай карады, – Азим, балага сүт алып келиш керек, бизде сүт жок, ойгонсо эмне кылабыз?
– Чын эле, азыр мен сүт таап келем.
– Кийим-кече дагы карай кел, кызыбызга күрмө шым алып берели.
– Макул, – Азим шашыла чыгып кетти.
– Күчүгүм десе, Гүлбахарым менин, – деп наристени дагы карап жылмайып алды.
Гүлпари сыртта жүрүп уул-келининин сөзүн угуп ичинен сызып алды: «Карангүн ай, бир баланын айынан бечараларыма жаман болду, сүйүүң менен сүмүрөн кал, бири-бирин жакшы көрүшөт, айрылышаар эмес, жаратканым бир наристеңди аябай уул-келиниме бир перзент берип койсо экен», – деп ойлуу үйгө кирди, келгенине бир топ убакыт болсо да козголбой уктап жаткан наристени көз кыйыгынан карап, эбелектей улам аны караган келинин көрүп үшкүрүнө төрдөн орун алды.
– Азим кайда кетти? – деп сурап койду билип турса дагы.
– Апа, Гүлбахар ойгонсо ыйлайбы деп сүт таап кел дедим, – Кудуңдай карады, – Анан кийим-кече ала келсин.
– Аа-а кагылайын десе, буга азыр кийимдин зарылчылыгы жок, негизгиси бала силерге көнүп, эмчекти унутуп тамак ичип кетсе эле болду, эки-үч күндө билбей калат.
– Апа, ойгонуп калды, – Адина баланы ала койду, – Гүлбахар, кана кызым, кардың ачтыбы? – деп чоп эттире өөп койгондо наристе жарк этип күлүп койду, – Садагам ий, карасаң апа, сулуу кыз болот ээ?
– Сулуу болбосо да жүрөгү мээримдүү болсун, балам.
– Мен чай берейин, алып туруңуз, – деп Адина Гүлбахарды кайненесине кармата салды да чай даярдап алып, – Апа, упчу жок эмнеге берем? – деп айласы куруй түштү.
– Мен ылдыйкы үйгө барып упчусун алып келе калайын, – деп Гүлпари ордунан турду.
– Жеңеме мен эле барайын апа, сизди убара кылбай эле.
– Өзүм эле барайын, сен кызыңды алып отура бер, балам, – деп сыртка чыга бергенде Азим келип калды.
– Апа, сүт алып келдим, аптекадан упчу алып алдым.
– Алдыңа кетейин десе, ырас кылган турбайсыңбы, ылдыйкы үйгө барайын деп жаттым эле, – Эне-бала ээрчише ичкери киришти. Үчөө үйрүлө наристеге сүт берди эле упчу эмбеген неме кайсактап жатып зорго ичти, негедир какылдап ыйлаган кыз момурап эле калды. Адина менен Азим ортого алып улам бири ала коюп эркелетип ал түнү эрмеги бала болду. Түндө ыйлап бир аз эмчек издеген болду, бирок сүт берип койсо болпоюп уктап калды. Адина Гүлбахар көнгөнчө кийим чечип жатпады, улам туруп сүт берет, кургактап жалаяктарын жууп үтүктөйт. Сабира бир басып келген жок, Абдраим өзү үчүнчү күнү келди, бирок баягы какылдап жаагын баспай ыйлаган Гүлбахардын болпоюп эле Адинанын алдында отурганын көрүп таңгалды.
– Кызыңар кыйнаган жокпу? – деди назар сала келинине кайрылып.
– Жок аке, кыйнаган да, ыйлаган да жок, – Адина жылмая жооп кылды.
– Үнүн басчу эмес эле, ушу силерге келгиси келип жаткан го?
– Ошондой, наристе дагы билет, эми Сабира дагы төрөп алат, биз Гүлбахарды бербейбиз, – деди Гүлпари күлө, – Биздин кызыбыз болду.
– Мейли, Азимдин баласы дагы менин балам, – Абдраим ордунан турду, – Мен кеттим, ыйлап кыйнадыбы деп келгем.
– Сабира эмчеги толуп кыйналбадыбы?
– Жок, толгон деле жок дейт.
– Капырай, ушунча да мерез аял болот экен да.
– Өзү балага салкын экен, – деген Абдраим чыга жөнөдү, өзүнүн кызын колуна алуудан тартынып, эки күндө эле жат боло түшкөнүнө ичи ачышып үйүнө келди.
– Ыйлаптырбы? – деди Сабира.
– Сага эмес Адинага берсе болмок ошол кызды, баргандан бир да жолу ыйлабаптыр, күлүп отурат келиндин алдында.
– Чоңое берсин, акыры биздин балабыз да.
– Эми ошону менин кызым деп кантип айтасың, Адина аны үйрүлүп түшө карап жатканын көрүп ичим ачышып кетти, сенин мерездигиңден болду, эми барганда колуңа алчу болбо, – деп Абдраим жиндене кетти, – Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы дегенди билесиңби?
– Болуптур ой, ошолорго эле кут болсун.
– Кут болсун, бир тууганым менен бала үчүн жаман көрүнүшпөсөм болду, мындай жаман болчу эле.
– Ким жаман көргөзмөк эле, сен же мен унчукпасам болдубу? – деп Сабира күйөөсүнүн сөзүн жактыра бербей ары карады, – Сенин ичиң ачышып жатпаса мен ойлогон дагы жокмун.
– Эмне үчүн төрөдүң анан?
– Боюма болсо төрөбөй эмне кылам.
– Болуптур эми, аман-эсен чоңое берсин, – Экөө тең унчукпай калышты.
Күндөн-күнгө Гүлбахардын кыял-жоругу чыгып, Азим менен Адина колдорунан түшүрүшпөйт, аңгыча жай өтүп күз келгенде жөрмөлөп калды, айрыкча «апа-ата» дегендеги кубанычтарын сөз менен айтып жеткире албайт эле.
– Кана, кана Гүлү, апа-апа деп койчу, – деп Адина айтса Азим ага тийишип чычалатып кирет.
– Жо-ок, кызым ата дейт, кана кызым ата деп койчу, – десе наристе аларды көздөй талпына «апа-ата», – деп экөөнү кубанычка бөлөп турат, Сабира кээ-кээде келип аларды көргөндө: «Байкуштар ай, мейли силерге эле кут болсунчу, дегеле карабайын», – деп ойлоп коет. Бирок келип кетип жатса да назар салбады, абысынынын көңүлүнө кетпесин дегендей колуна албады. Убакыт учкан куштай сызып бат эле жыл өтүп кетти. Гүлбахар басып калды, көпөлөктөй кылып кийинтип алып кайда барышса дагы алып алышат. Гүлпари ичинен тынып: «Капырай, качан боюна болот, жок дегенде бирди төрөп алса болот эле», – деп тынчсызданып жүргөндө чындап эле кубанычтуу кабар болду, Адина бир күнү Гүлбахарга тамак жасап бергени жатып көңүлү айнып кускусу келип сыртка жүгүрүп чыкты, аны көргөн Гүлпари адегенде ишенген жок, небересин алып отуруп калды. Ошентип ал тамактын жыты келсе эле кускусу келип өзүн жаман сезип жүргөндө ага:
– Балам, тамак-ашты өзүм эле жасайм, кызыңды ала бер, – деп Гүлпари ички туюмун ачыкка чыгарбады, кокус боюнда жок болсо сууп калбасын деп ойлоду. Арадан эки ай, үч ай өткөндө ичи бүлк этип, Адина ошондо гана боюнда бар экенин билди, кубанычы койнуна батпай кызын кучактап өпкүлөп жатты:
– Берекем, ак жолтоюм, менин бир башымды эки кыла турган болдуң, сен менин бактыма гана төрөлгөнсүң, ырысым! – деп ыйлап отурган келинин көргөн Гүлпари сырттан кирип келип:
– Кызың экөөңөр эркелешип отурасыңарбы? – деди да көзүндөгү жашты көрүп чоочуп кетти, – Ботом, сага эмне болду?
– Апа, сүйүнчү, кызым ак жолтой болду, бөбөктүү болот экен! – Адина көз жашын куюлта кайненесин кучактап калды, – Биз балалуу болобуз, апа!
– Оозуңа май айланайын, ак сары башыл айттым, мен сезгеним менен ишенеби-ишенбейби деп айткан жок элем, – Гүлпари келинин өөп, Гүлбахарды колуна алды, – Май көтөн кыз болгон тура садагам десе, жакында Сабира дагы көз жарганы турат, өзүңөр менен өзүңөр көбөйө бергиле, айланайын.
– Азим кандай кубанаар экен, апа, сиз айтасызбы?
– Ооба садага, ал жамандан сүйүнчү алайын, – Гүлпари кудуңдай небересин көтөрүп эшикте жүргөн чалына сүйүнчүлөп андан кийин Адинага минтти:
– Азырынча башкага оозуңардан чыгарбагыла, кийин көрө берсин.
– Макул апа.
– Мен Абдраимдикине барып келейин, Сабира дагы төрөгөнү турат, кабар алып койбосом болбойт, – деди да ылдыйкы үйүнө жөнөдү. Негизи чоң үй, кичи үй дешчү, Абдраимдер үйлөнгөндөн кийин үй салып бөлүнгөн ошондуктан алардын үйүн кичи үй же ылдыйкы үй деп коюшат. Ал келгенде Сабира жатып алып уктап калган эле. Эшиктен кирген кайненесин сезген дагы жок, акырын кирип келе жатып:
– Сабира, ээ Сабира, ботом кечке уктай бербей ара-бери бассаң боло, төрөгөнүңө жеңил болот, – деди наалый, – Тур, кеч бешим болуп калды.
– Аа-а апа, качан келдиңиз эле? – Көзүн ушалап кериле туруп анан сыртка чыкты, – Абдраим келе элек го?
– Жумушка кетти беле?
– Ооба.
– Келет анда, ал келсе экөөңөр үйгө баргыла, келин тамак жасап жатат, чогуу тамактаналы.
– Макул, апа, – Сабира оозун ача эстеп алды.
– Анда мен кеттим, боюнда бар аял көп басат, төрөгөнгө абдан жеңил болот, жата берип кыйналып жүрбө.