– Ооба апа, – Сабира уялгандай жер карады, Сабира Абдраимдин экинчи аялы, Адинадан кийин келген. Гүлпари сүйлөнө короодон чыкты.
– Капырай, азыркы жаштар жаталак дегеле, колу бошунда ишин жасап албайбы, керээлден кечке жата бербей, – Ал үйүнө жеткенде Азимдин келип калганын көрдү, ал атасы экөө сүйлөшүп турган экен: «Каап, айтпа деп койбой, мейли садагаң кетейин, кубанып калсын», – деп ойлонуп жете келди.
– Мурдуңа келгир десе, тим эле дердеңдеп калган тура, – мулуңдай күлүп уулун өзүнө тарта эки бетинен өптү, – Кут кылсын балам, аман-эсен көзгө көрүнгүчө киши-карага айта бербегиле.
– Макул, апа, – Азим апасына жылмая карады, – Угуп алып аябай сүйүнбөдүмбү.
– Кудай кубанчыңды кут кылсын.
– Ошондой эле болсун апа, ал силердин небереңер болот да.
– Айла-анайын, Адина бала менен кыйналбасын, мен үйгө кирейин, – деп Гүлпари ичкериге кирди, – Кызың уктадыбы, балам?
– Ооба апа, Гүкү уктап калды.
– Садагаң болоюн десе, кудайым ушул кызды силерге периште кылып жөнөткөн экен да.
– Ошондой болсо керек апа.
– Тамакты асып койдуң беле?
– Ооба, бышайын деп калды.
– Абдраим менен Сабираны чакырып койдум, алар кийин укса таарынышат, мындай кубанычтуу жаңылыкты аларга айтпай койсок болбойт эмеспи.
– Ооба апа, айтпай кантип коймок элек.
– Тобо де балам, көптөн бери төрөбөй жүрөсүң балам, этият бол, бирөөнүн сөзүндө, бирөөнүн тилинде бар.
– Макул апа, – деп Адина унчукпай калды.
Ошентип көптөн күткөн кубаныч өз койнуна алып эми төрөбөй калдым го деп жүргөн Адинанын кубанычтан жүрөгү элеп-желеп болуп Гүлбахарды кудайындай көрүп жерге-сууга тийгизбей карап-багып жатты. Сабира экинчи кызын төрөп алды, Фатима төрөлгөндөн эле момурап жоош болду, Абдраим да кубанып экөөлөп карап жашоолоруна ыраазы болуп жашап калды. Ошол жылы жазга жуук Адина уул төрөп алды. Кубангандарын айтпа, атын Уланбек коюшту, артынан убай-чубай уул-кыз келе берсин деген тилек кылышты. Көп адам чакырып шаан-шөкөт деле кылган жок, баланын туулганына эмес турганына сүйүн деген эмеспи илгерки ата-бабалар.
Гүлбахар көздөрү жайнаган, татына кыз болуп чоңоюп келе жатты, жетиге чыкканда мектепке барды, ошол жылы Сабира бешинчи кызын төрөгөн, жаш аялмет болуп кыйналганынан ал Гүлбахарды сурай албай шылтоолоп сурап келе берет. Бир жолу жекшемби күнү келип:
– Апа, Гүкүнү жиберип койгулачы, балдар менен кыйналып жатам, кир когумду жууп алайын, – деди.
– Ботом, итирейтип буга бала бактыргың келеби, шылтоону башкага айт, эми Адина менен Азим силерге береби, анан калса экөө тең аны жакшы көрүшөт, – Гүлпари келинин сүйүңкүрөбөй карады.
– Жок апа, анда-санда жиберип турсаңар, жардамдашып турсун, – деди Сабира жер карай.
– Жеңе, – деди Адина, – Гүкүнү сизден талашпайбыз, бизге ак жолтой болуп берди, бала үчүн жаман көрүнүшпөйлү, барса барып келип турсун, мен сизден алыстатпайм, – деди күлүмсүрөй, – Ал үй менен бул үйдүн кандай айрымасы бар, колунан келишинче бөбөктөрүнө каралашсын.
– Өзүңөр билгиле, айланайындар, – деп Гүлпари эки келининин ынтымактуулугуна ыраазы боло карады, – Дегиңкиси баланы ортодо чайналтпай өз-өзүңөрчө мамиле кылгыла, бакма бала кыйын болот.
– Апа, Гүкүнү мен эч нерсе дебейм, эсине киргенде баарын өзү түшүнүп алат, жеңем да андай эмес.
– Мен эмне демек элем апа, бала болуп кетиптирминби же мен сени ыйлаактыгыңдан тажап берип койгом демек белем? – Сабира эшикти карап коюп күлгөн болду, – Мен жөн гана жардам берсин деп жатам, Адинанын өз кызы болсо деле сурап келет элем, анда эмне дейт элеңиз?
– Шум келиндер ай, мейли Гүкүнү чакырып алып кет, кайра кечке калтырбай жибер.
– Жарайт апке, – Сабира ордунан туруп эшикке жөнөдү.
Ал сыртта ойноп жүргөн Гүлбахарды ээрчитип үйүнө кетти, бирок канчалык аны кызым деп айткысы келсе дагы имериле албады: «Деги ушул кызга мээрим түшпөдү, неге мындай болду, өз баламды жээригеним кызык, ушундай да болот экен ээ?», – деп ойлонуп жүрүп дагы да төрөдү, кийинки кезде тукум улаар уулум жок өтөмбү деп көп ойлончу болгон эле. Эки үй, эки бир тууган абдан эле ынтымактуу болчу, ата-энелерин сыйлап, эки келин алдынан кыя өтпөй тамагын даамдап берип турат. Бир жолу эшикте жүргөн Гүлбахардын үнү «чыр» этти эле баары жабыла чыга калды. Ал чөптүн үстүнөн жыгылып кетиптир.
– Кокуй карангүн, чөпкө эмне чыктың эле?
– Этияттап көтөр эми, – дешип Азим үйгө көтөрүп кирди, анда врачтар анча көп эмес, сынык билген адамды алып келишип омурткасын салдырышты. Бир айдай төшөктө жатты. Ошондон жакшы сакая электе Абдраим келип:
– Гүкүнү бизге бергиле эми, балдарга каралашсын, – деди.
– Азыр жакшы боло элек, бели жакшы болуп калганда барсын, аке, – деди Азим, – Бала көтөрө албайт.
– Болуптур анда, – Абдраим башын жерге салып үйдөн чыкты, анткени Сабира: «Кыз бала болсо бүкүр болуп калбагай эле, үйгө эле алып кел, жакшылап карайлы», – деп жиберген эле.
Убакыт билинбей өтүп Гүлбахар бой тартып баратты, сегизинчи класста окуп жатканда кокусунан катуу жыгылып дагы белин оорутуп алды. Ооруканага алып барышты эле андан борборго жөнөттү. Гүлбахар жылдап ооруканада жатып калды, өзүнөн кийинки сиңдиси Фатима да бой жетип көзгө көрүнүп калган. Гүлбахарды медучилищага окутуп коюшкан. Ал окуп жүргөндө ага Каримдин ата-энеси куда түшмөк болуп чакыртып алышты, ошентип ал сүйлөшпөй этпей эле турмушка чыкты. Карим үйлөнгөндө муздак болуп ошол бойдон муздак, салкын мамиле жасап Гүлбахарды бир жылмайып карабады. Экөө жаш жубайлардай күлүп-жайнап ойноп күлбөдү… Ушуларды ойлонуп отуруп кеч жатты. Көңүлү уйгу-туйгу, бала эсинен кетпей улам эле болпойгон наристе көз алдына тартыла берди. Эртеси отпускага чыкканына карабай жумушуна келди, ал башкы дарыгерге кирээри менен эле:
– Гуля, келгениң жакшы болду, баланы алып кете бер, эгерде ата-энеси табылса көрөбүз, – деди.
– Макул агай, менин дарегимди милицияларга берип коесуз да.
– Албетте, аз күн болсо дагы баланы жакшы кароо керек, камкордук керек балага, баарын текшердик, денсоолугу жакшы.
– Түшүнөм агай, анда мен бара берейин.
– Бара гой, жакшы эс ал.
– Рахмат, – деди да башкы дарыгердин кабинетинен чыгып түз эле бала жаткан палатага кирди.
– Эмне болду, алып кете турган болдуңбу? – Назира суроолуу карады.
– Ооба, – деп Гүлбахар кубанычтуу жылмайды.
– Эч кимиси келбесе кандай болот, бага бересиңби?
– Эмнеге бакпайм, бала кылып алам, – деп Гүлбахар наристени колуна алып бооруна кысты, – Мага бала болосуң ээ балам?
– Күйөөңө айттыңбы?
– Ооба.
– Эмне дейт?
– Эчтеке, өзүң бил дейт.
– Жакшы болуптур, жолуң болсун эми, отпусканы бала менен өткөрө турган болдуң, – Назира күлүп аны кабинеттен узата чыгып кала берди. Үйүнө келе жатып эле наристеге бир сыйра кийим-кече алды, сүт менен упчу алып анан келди. Сүйкүмдүү наристе чоочуркап жатып көнө түштү. Күнү-түнү койнуна алып жатып, үнү чыкса эле уйкусунан ойгонуп карай калат. Эки жума дегенде ал өзү иштеген жерге барды, башкы дарыгер жакшы кабыл алып:
– Баланын абалы кандай? – деди туруп келип наристени карап жылмая.
– Жакшы.
– Ыйлаак эмес бекен?
– Жоош эле…
– Азамат, сен бир адамды асырап калдың.
– Агай, ата-энесинен дайын жокпу?
– Жок, болсо сөзсүз айтабыз.
– Эмне кылам, аты жөнү жок жүрө береби?
– Жок-жок, эки жумага чейин табылбаса өзүңө энчиктеп алууңа болот, керектүү кагаздарды толтуруп беребиз, күбөлүк алганыңа, – деди башкы дарыгер.
– Макул агай, – Гүлбахар баланы көтөрө кабинеттен чыгып бирге иштеген медсестраларга кирип көпкө отурду, ар кимиси ала коюп баланы эркелетип Гүлбахарды тамашалап жатышты, көптөн кийин үйүнө келди, келсе Карим үйдө экен.
– Бала деп мага көңүл бурбай да калдың, деги сага ошол талаадан табылган неме керекпи же менби? – Үңүрөйө карады.
Өзү да врач, башка клиникада иштечү, болгон окуяны угуп келген экен.
– Сен качантан бери менин көңүлүмдү карап калдың эле, жыйырма жылдан бери муз үстүндө калтырап келе жатам го, жок дегенде баланын ырахатына батып бактылуу болгонумду ыраа көрбөйсүңбү? – Гүлбахар ызалуу жооп кылды, – Өмүр бою башка бирөөнү ойлонуп, мен эмес ошонун элеси менен жашап келе жатасың го?
– Койсоңчу, – Карим дале кабагын бүркөй карап кол шилтеди, – Бирдеме жасай койчу, кардым ачты.
– Азыр, баланы уктатып коеюн.
– Аныңдын атасы келет жакында.
– Эмне, кайдан билдиң? – Гүлбахардын көздөрү алайып кетти.
– Атасы бар экен, – деп укканын айтып баштады.
Шухрат өзбек экен, аялы Зейнеп экөө эки жыл мурун эле үйлөнүп ушу баланы көрүшүптүр. Атасы өлгөндө бир агасы үйүн талашып жүргөн экен. Ага карындашы кошулуп:
– Сен кичүүсүң, жашсыңар, үй салып аласыңар, бошотуп бергиле, – деди, – Апа, балаңа айт бошотуп берсин.
– Ботом, бул үйдө Шухрат калат, андан көрө алар чоң эмеспи, үй салып алышсын, – деди апасы.
– Жаш аялмет болсо, кайдан үй салат, калыс эле болбойсуңбу, жаш немелер үйдү салып да, сатып алса болот.
– Жаш болсо да эң кичүүсүндө болот, сен эмнеге эле минтесиң, экөөнө тең калыс бол, бирин ашык, бирин кем көрбөй, – Энеси кызына ачуулуу карады.
Шухраттын атасы үйлөнгөндө Сарвиназ менен Шарип кичинекей болчу, алардын апасы ооруп каза болгондон эки жыл өткөндөн кийин үйлөнгөн. Сарвиназ өгөй энесине атайын эле жинденип жүргөн болчу.
– Ооба, Шухрат да менин бир тууганым, бирок сен экөөнү бөлүп жатасың, энеси бөлөк экенибизди далилдедиң, Шарипти бул үйгө киргизбесеңер силерге күн көрсөтпөйм, – деп албууттанып чыгып кетти.
Ошентип уруш көбөйүп отуруп акыры бир күнү түн жамынып келген Шарип менен Сарвиназ эки жакты карап эч ким көрбөгөндөй кылып жылып келе жатканда үйүндө коноктун бар экенин көрүп кайра кетишти. Зейнептин төркүндөрү бар эле, эртеси алар кеткенден кийин Зейнем күйөөсүнө:
– Шухрат, талашпай эле берип койсоңчу, түшүм жаман, бир балээге кабылып жүрбөйлү, – деди маанайы пас.
– Коркпо, Юсуп менин дагы атам, анын да атасы, кичүү деп мага жол койбосо өздөрү билсин, – деп Шухрат моюн бербей ишине кетип калды, келин бечара ойлонгон бойдон кала берди, анткени анын түшү өтө коркунучтуу болгон экен, өзүнүн чоң атасы аны ачууланып колунан алып жетелеп баратыптыр: «Балам калды, мен баламды алып алайынчы», – дегенине болбой: «Ал атасы менен калсын, сени тигилер мага жөнөтүп жатпайбы, кайненеңди күйөөсү алып кетет, сени мен алып кетем», – деп болбой эле караңгылыкты көздөй сүңгүп баратканда чоочуп ойгонуп кетти. Шухрат ошол күнү жумушунан кеч чыгып бирге иштеген шериктери менен сүйлөшүп чайлашып отуруп калган. Кеч күүгүмдө Шарип менен Сарвиназ келди да энесин урчудай болуп жатты:
– Жерди, үйдү бересиңби жокпу? – Сарвиназ мойнунан быкындаганда Зейнеп жетип чырылдап ийди:
– Эже, алгылачы баарын, апама тийбеңиз!
– Ыя де, кайненеңди жакшы көрөсүңбү, Шухрат менин тилимди албай сени алган, сүймөнчүк келинсиң да, – деп аны Сарвиназ түртүп ийди.
– Сарвиназ, анда эмне күнөө, сени эже дегенден башка эмне жамандыгы бар? – деп кайненеси тура калганда аны дагы түртүп ийди эле катуу жыгылып жыгач сандыктын кырына башы тийип кан жайылып кеткенде Шарип менен Сарвиназ бири-бирин карап делдейе калышты, алар жөн гана коркутмакчы болуп келген эле, Зейнеп чырылдап кайненесинин башын жөлөп бакырып жатканда Сарвиназ Шарипке башын ийкеп койду эле ал жүгүрүп эшикке чыгып барып балта көтөрүп келди да жетип ай-буйга келтирбей келинди башка бир чапты, кемпир эбак сулк жатып калган, аны кучактап отурган бойдон Зейнеп шылк этти.
– Ким кылганы билинбей калсын, кеттик эмесе, – деп Сарвиназ агасына караганда ички бөлмөдөн баланын үнү угулганда селдейе түштү:
– Эми эмне кылабыз, жата берсинби?
– Жок, аны да өлтүрөлү.
– Кантип, ал эчтекени билбейт, ансыз деле ыйлай берип боору катат, качтык бол эрте, – деп Шарип эшикти көздөй басканда Сарвиназ баланы көтөрүп жөнөдү, алар баланы алып үйдөн караандары эми гана узаганда Шухрат дарбазадан кирип келе жатып бир жамандыкты сезгендей жүрөгү опкоолжуй түштү да бөлмөгө жүгүрүп кирди, оозгу бөлмөдө бири-бирине оролушуп канжалап жаткан апасы менен аялын көргөндө эсин жоготуп койду. Дендароо болуп бир саамга туруп анан эсине келип өкүрүп-бакырып бир апасын, бир аялынын башын көтөрө калып кучактап ыйлап жатканда ар жак бери жактан коңшу-колоңдору келип заматта эл жыйналып калды. Ал убакта бала эсине келбеди, милиция чакырышып өлтүргөндөрдү иликтеп жатты, Шухрат аларга күнөөкөр ким экенин билип турса да айтпады. Үчүнчү күнү өлүктөрдү өз жайына коюп, ыйлап-сыктап отуруп анан оюна уулу келип жанында отурган атасынын иниси Музафарга кайрылды:
– Аке, менин уулум эмне болду, аны кайда алып кетишти?
– Ким билет, өчөшкөн немелер баланы алып кеткен го?
– Эмнеге, эмнеге баланы алып кетишет, азыр аларды өз колум менен өлтүрөм! – деп атып туруп эшикке жөнөгөндө аны Музафар кармап калды:
– Эсиңе кел, өлгөндөрдү ойло, кечээ көмүлгөн өлүктү кайрадан казып суракка алышат, баланы мен иликтейм, сен ачууңду басып үйдө отур.
Ошентип алар баланын дайынын угушуптур, – деди Карим, – Атасы аябай жинденип, – Кантип, Шарипти өз колум менен элдин көзүнчө мууздайм! – деп жулунганда достору, тагалары аны кое беришпеди, бул кезде Шарип үйбүлөсү менен Сарвиназ эки баласын алып айылдан чыгып кетишкен эле, анын күйөөсү жок болчу… Ошентип аларды үйүнөн таппай калып милицияга кабарлашты, алар дароо эле ооруканага алып барган наристе жөнүндө айтып тактамак болуп жетип барышты. Башкы дарыгер менен сүйлөшкөн соң Каримдин үйүнө келишти. Гүлбахар үйдө болчу, дарбазанын такылдаганынан чыга калса төрт беш сомодой болгон өзбек адамдары турган экен:
– Ассалоому Алейкум, апажан, – деди бири колун бооруна ала, жанында милиция кызматкери жүргөн.
– Эже, балага келишти, тааныса булардыкы, тааныбаса башка жактан издейбиз.
– Макул, – Гүлбахар дарбазаны кең ачты, – Кириңиздер. – Баары ичке киришкенде Азат уктап жаткан, Гүлбахар аны жүгүрүп жүрүп өзүнө каттатып күбөлүк алып, атын Азат деп коюп алышкан эле, аз убакыт бакканга боор эти менен тең болуп калган экен, ичи ачышып ыйлагысы келип турду, бирок чыдап баланы өйдө көтөрө берди, – Мына тааныдыңарбы, силердин балаңар бекен?
– Уулум! – деп Шухрат кулачын жая бергенде жаңыдан ойгонуп, уйкусураган наристе атасын көрүп талпына бой таштап жиберди, – Уулум, биз жалгыз калдык, биз ушу күнгө туш болдук, – деп бооруна кысып алып солкулдап жатты.
Азат бул үйбүлөгө келгенине бир айдан ашса дагы Каримден чоочуркап, аны көргөндө бакырып ыйлап жиберчү, эми Шухрат канчалык бекем кучактап алса да төшүнө башын катып жылтырап кайгыны түшүнгөндөй момурап тура берди.
– Апажан, – деди Шухрат көптөн кийин, – Сизге рахмат, уулума экинчи эне болуп калдыңыз, баламды алып кетейин, – деди.
– Шухрат аке, сиз эми ала албайсыз, – деди участковый ага.
– Неге өз баламды…
– Мыйзам ченемдүү табылган баланын ата-энеси эки жумага чейин табылбаса баккан киши менчиктеп алууга акылуу, ошондуктан балаңызды кайра өзүңүзгө өткөрүп алганча бул жерде болот.
– Үйдө күбөлүгү бар го?
– Туура, бирок булардыкын жокко чыгарыш үчүн убакыт керек.
– Жарайт, – Шухрат жер карап ойлонуп калды, Гүлбахар аларга чай берип жатканда Карим келип калды. Баш ийкеп учурашып, үйбүлөсүнүн өлгөнүнө көңүл айтты, чай ичип-ичпей алар үйдөн чыгышты.
Гүлбахар баланы кучактаган бойдон телмире отуруп калды: «Ушинтип менин кубанычым көпкө узабады, кайрадан жалгыз каламбы, көнүп калдым эле, эми эмне кылам, Карим табалайт го», – деп ойлонуп отурганда аларды узатып чыккан Карим кирди.
– Мына, элеп-желеп болуп алдың эле, эми эмне кыласың?
– Эмне кылмак элем, өзүм менен өзүм кеңешип жүрө берем.
– Эн-неңди, андан көрө туубайсыңбы! – деп Карим жини келип сөгүнүп кыйкырып жибергенде анын жүрөгү түшүп калды:
– Эмне кыл дейсиң, төрөй албасам кантейин, андан көрө сен төрөй турган аял болсо ала берчи кудай жалгагыр! – деп Гүлбахар дагы тилин тартпай көз жашын куюлта бөлмөдөн чыгып кетмек болгондо Карим аны кармап калды.
– Эмне, менден кеткиң келдиби, же башка бирөөнү таап алдыңбы, же алдагы баланын атасына тийгиң келип калдыбы?
– Кудай жалгагыр Карим, мени өлтүрсөң өлтүрчү деги, менин жүрөгүмдүн ооруганын сен кайдан сезмек элең?!