Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору - Мирлан Бакытович Калдыбаев 2 стр.


Кемпирди эки бүктөп отко салып өрттөшүп, кемпирдин баласын издеп жөнөшөт.

Бир нече күн жол жүрүп, суунун жакасына барып карашса, асман тиреген бир үй турат. Үйгө киришип, кызды табышат. Кыздан желмогуз кемпирдин баласын сурашат. Ошондо кыз:

 Энесин өлтүргөндү угуп, желмогуз кемпирдин баласы жумуртка болуп кубулуп, алтын куштун астында, камыштын арасындагы уясына кирип коркуп жатып калды, -дейт.

Карышкыр менен Болгон камыштын арасынан уяны таап, алтын куштун алдын аңтарып жумуртканы көрүшөт. Болгон жумуртканы алып, колу менен кыса баштаса, желмогуз кемпирдин баласы:

 Өлтүрө көрбө, коломтодогу күлүң болуп берейин, -деп жалынат.

Анда карышкыр:

 Калп эле жалына бербегин, желмогуз, тукумуна жана элге кайрымы жок, -деп катуу кармап жиберсе, ошол жерде жаны экен, сулап жатып калат. Кушту, кызды, күмүш куйруктуу айгырды алып, андан кийин Карышкыр Болгонду адашпай тургандай кылып жолго салып жиберет. Коштошордо Болгон Карышкырга мындай дейт:

Сен мага аябай кайрылышып, жакшылык кылдың. Адашканда жолго салдың, жүр мени менен конок болуп кеткин. Үйдөн эмне кааласаң ошону алгын, -дейт. Бирок, Карышкыр макул болбой:

 Кысылган жерде керек болор, -деп жүнүнөн жулуп, -керек болсом ушунун бир кылын жулуп түтөтсөң, мен даяр боломун, -деп убадасын берет.

Андан кийин кош айтышып, Болгон элине жүрүп, Карышкырда өз жайына кетти.

Ата-энеси баласынын келгенине кубанып, алып келген кызына үйлөндүрүп, элиндеги жаш, карынын бардыгын чакырышып, отуз күн оюн, кырк күн той өткөрөт.

Бир күнү бала аң уулап, куш салып талаада жүрүп, күндүн өткөнүн, кечтин киргенин билбей калат. Караңгыд адашып, жол таба албай жүрсө, бир желмогуз кемпир жолугуп:

 Издегеним сен элең, сиңдимдин баласын өлтүрүп мага кылган кордугуң аз эмес. Мына азыр мен да сага кордукту көрсөтөмүн, -деп тишин шакылдатып, Болгонго умтулат. Болгон атын сабап качып жөнөйт. Нечен кырларды басып, тоолорду ашып, «Эми кутулдум го» деп артын караса, кемпир жетип калыптыр.

Болгон дагы чу коюп жөнөйт. Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп астындагы аты жүрбөй эмне кыларын билбей, шаштысы кетип, эси ооп турганда баягы Карышкырдын жүнү эсине түшөт.

Болгон карышкырдын жүнүн күйгүзөт, ошо замат Карышкыр пайда болот. Аңгыча тишин кайрап баягы желмогуз кемпир да жетип келет.

Болгон Карышкырга:

Жанымды жакама келтирип, мени кысып коркуткан ушул, -деп желмогуз кемпирди көрсөтөт.

Карышкыр кемпирди өлтүрүп, Болгонду ажалдан аман алып калат. Болгон Карышкырга алкыш айтып, үйүнө конокко чакырат. Карышкыр конокко барбай, башыңа кыйынчылык иш түшсө чакыр деп, коштошуп жолуна түшөт. Ошентип Брлгон ажалдан кутулуп эли кашында, бак-дөөлөтү башында болуп муратына жетиптир.

АРМАН АЙ

Илгери, илгери бир карыя киши басса-турса эле «арман ай» деп жүрчү экен. Бул карыянын топ бузар курдашы болуптур. Бир күнү ошол курдашы:

 Сен дайыма эле «арман ай» деп жүрөсүң, эмнеге арман кыласың? Бала-чакаң бар, төрт түлүгүң шайма-шай,  деген экен.

Ошондо карыя:

 Менин арманымды уга турган болсоң балдарыма айткын, элди чакырып тамак берсин, арманымды ошондо айтам,  дейт.

Курдашы карыянын айткан сөзүн анын балдарына айтат. Балдары бээ союп, элге тамак берет. Ошондо карыя:

 Мен жашымдан жетим калган элем. Жыйырма жашымдан бир байдын малын кайтарып оокат кылып жүрдүм. Күндөрдүн биринде багып жүргөн койлорума карышкыр тийип, бир тобун кырып кетет. Бай кыжырына чыдай албай, мени төөнүн чылгый терисине салып, анын оозун тарамыш менен тигип, бир жерге алып барып таштайт. Чылгый тери ысык күнгө кургап, өпкө-боорумду куушуруп, кечки салкында кайра кенеле калып, айтор, алымды кетирип жүрдү.

Эл жайлоого көчкөндө бай мени бир төөгө тең кылып артты да, бир келинге жетелетип койду. Мен жүктү улам бир жагына салмагымды салып оодарып коёмун, келин улам оңдоп коюп жүрүп отурду. Ошентип келин аябай убара болду. Көч узап, келин артта калды. Кеч кирип кетти окшойт, келин мени таштап, төөсүн жетелеп кетип калды.

Мен эми: «Жырткычтар жеп кетеби?»  деп аябай коркуп, калтырап жаттым. Бир маалда нөшөрлөп жамгыр жаады, чылгый тери бошоп шалбырады, тарамыштын тигишинен үзүп, териден түн ортосунда чыктым. Карасам, бир үңкүр турат. Ошондо түнөп, эртең менен карасам, аябай жакшы кийинген бир мырза келатат. Аны көрүп кайра үңкүргө кире качтым.

Бир маалда жигит ал үңкүргө келип:

 Үңкүрдөгү адам бери чык!  деди.

 Жылаңачмын, уялып турам, баатыр,  дедим мен.

Бир маалда жигит ал үңкүргө келип:

 Үңкүрдөгү адам бери чык!  деди.

 Жылаңачмын, уялып турам, баатыр,  дедим мен.

 Жылаңач болсоң ушул үңкүрдөн чыкпай тургун, мен сага кийим алып келип берем,  деп ал чапкан бойдон кайра кетти.

Күн чыгаарда бир таңгак кийим алып келип берди. Кийимди кийип үңкүрдөн чыксам бир жаш, сулуу жигит турат. Ал:

 Сен эмне болуп жүргөн адамсын?  деп ал-жайымды сурады. Мен төкпөй-чачпай бардыгын айтып бердим. Мени жоргосуна учкаштырып алып, бир байдыкына алып барды да, байга:

 Бул сенин үйүңдө он күн турат, он күндөн кийин алып кетемин,  деп чу коюп жөнөп кетти.

Баягы жигит он күндөн кийин, келип, мени учкаштырып бир жерге алып келди. Келсек, бир кара кашка аттын жанында эки көзү толтура жык толгон бир куржун турат. Ал куржунду экөөлөп атка салдык, анан:

 Атка мин!  деди. Атка миндим.

 Эй, жигит, мен кызмын, кыз «экенимди ата- энемден башка эч ким билбейт. Ушул элге болушмун, элди мен бийлеп, мен башкарамын, менин никемди сага буюрган экен, жүр кеттик элиңе.  деди.

Жүрүп кеттик. «Бул кантип эле кыз болсун, кыз да болуш болуп эл башкармак беле. Эми мунун кыз экенин кантип билемин?»  деп кете бердим.

Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир дарыяга туш келдик. Ушул жигиттин кыз экенин анык билейин деген максат менен:

 Мен ысып кеттим, мына бул дарыяга киринип алалы,  дедим.

Жигит:

 Бул дарыяга түшүүгө болбойт, жылан, жаян көп, ал бизди тартып кетет,  деди. Мен болбой:

 Киринели дей бердим.

 Мейли, мен түшөйүн, сен менден көзүңдү айырбай тургун, эгерде жаян чыкса ат,  деп мага жаасын берип, өзү сууга кирди.

Мен жигиттин кыз экенин анык билип сүйүнгөнүмдөн жаяндын келерин унутуп коюптурмун, кызды жаян тартып кетсе болобу! Ошентип кызымдан ажырадым, ченде жок күйдүм, быштым, бирок колумдан эмне келмекчи, күчүмдү ыйлоого чыгардым. Кыздын куржундагы алтыны жана боз жоргосу менен төрт жагым кыбыла болуп, ушул даражага жетип, кадырлуу болдум.

Азап-тозоктон ажыраткан ошол кыз менен бирге олтуруп чай ичпегениме, бир сырдашып сүйлөшпөгөнүмө армандуумун, бул арманбы, жокпу? Арман, ай!  деп сөзүн аяктады.


УУРУ

Үч жерден үч ууру аттанып, бир жерден үчөө тең кезигишет. Бул уурулар сөзгө келип, бири- бири менен таанышышат. Биринчи ууру:

 Мен жанда жок уурумун- дейт.

Экинчи ууру:

 Мен жанда жок баатырмын- дейт.

Үчүнчү ууру:

 Мен жанда жок ченчимин. Мен отун бар деген жерде отун, суу бар деген жерде суу, эл бар деген жерде  эл бар, кыскасы бар деп айткандарымдын баары бар, баарын караңгы, жарыкта болсун жазбай табам,  дейт.

Ошентип узак жол жүрүшөт. Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир жерге келгенде ченчи жолдошторуна:

 Менин шакегимди алып атымдын басып кеткен изине көөмп кеткиле, кайта келиште жазбай табам,  дейт.

Баатыр менен ууру баягы шакекти ченчи айткандай жерге көөмп андан ары кетишти.

Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир оокумда баатыр менен ченчи жанда жок ууруга:

 Сен уурулугум ашык дейсиң, эмесе өнөрүңдү көрсөтүп, хандын казнасынан аттын башындай алтын уурдап кел,  дешет.

Бир күнү ууру түн жарымында хандын казынасына кирмек болуп келе жатса, шаардын четинде бир кыз отуруптур. Көрсө, ал хандын кызы экен. Ат башындай алтынды алып бир жигит менен качмак болуптур. Ууру келер замат кыз:

 Жүр, кеттик,  деп атка минип жөнөшөт.

Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп ууру кыз менен баягы баатыр ченчиге келип:

 Ээ, баатырлар, ата казынасы кызбы, же алтынбы?

 Ата казынасы кыз,  деп жооп беришет.

Баягы үчөө кызды ээрчитип жүрүп олтуруп бир жерге келгенде ченчи:

 Ой, баатыр, баягы шакекти менин атым басып калды, ала кой!  дейт.

 Калп айтпасаңчы, атыңдын бутунун астындагы шакекти кантип эле биле койдуң?  дейт.

Ченчи:

 Атыңдан түшүп, батыраак кара,  дейт. Баатыр түшүп, изин караса, шакек жатат.

Баягылар бир жерге келгенде жаан жаайт. Ченчи менен ашкан ууру баатырга:

 Сен баатыр эмессиңби, мүрзөдөгү жыгачтарды алып кел,  дейт.

Ошентип коюп ууру дароо барып жыпжылаңач болуп, баткакка оонап, төбөсү ачык көргө кирип кетет. Баатыр болсо бир бейиттин жанына барып муштагылап жыгачты алып, бир тең отунга жеткирип, бутун үзөңгүгө саларда, ууру кыйкырыкты салып:

 Сен малды айдап, майды чайнап жүрөсүң, биздин үстүбүзгө көлөкө кылган жыгачты да аласыңбы?!  деп жакадан алат.

Ошондо да баатыр кабагым кашым дебей:

Назад Дальше