Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору - Мирлан Бакытович Калдыбаев 3 стр.


Ошондо да баатыр кабагым кашым дебей:

 Сен эрте өлүп кудайга бардың, сага теңелип биз да ачка өлөлүбү,  деп ууруну жыга муштап, отунду арта салып жайбаракат кете берет.

Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп кыз үчөө бир айылга келип: «Кимибиздин өнөрүбүз күчтүү»  деп казыга калыстыкка барышты. Ар кимиси өз өнөрүн төкпөй-чачпай айтып берет.

Ошондо казы булардын өнөрлөрүн угуп отуруп:

 Баарыңдан баатырдын өнөрү ашык экен,  деп кызды баатырга берет.

АК БУЛУТТУ АТПАГЫЛА

Түн жаңыдан кирген кезде таенем экөөбүз үйдүн алдында отурганбыз.

Жаркырап тийген айдын аянычтуу жарыгына чагылышып, томуктай болгон апапак булут тоонун боору менен акырын жылып, таенем экөөбүздүн жаныбыздагы булакты көздөй сүйрөлүп келатты. Табияттын мындай сулуу көрүнүшү мага аябай жакчу. Чуркасаң эле жетип барчудай болуп аппак булут бизге өтө жакын келди.

Тиги булутту кармап келейинби, таене?

Шүк отур, чочутасың,дейт таенем да булутту суктана карап, булактан суу ичкени келген го, жаныбар.

Ой таене, кызыксыз го. Ал деген бууланган эле аба да.

Жок, дейт таенем. Бул булуттардын ыйыгы, күмүш булут экен, эгер сен муну үркүтчү болсоң, табияттын каарына калабыз, деп анан таенем адатынча мага табият жөнүндө жомогун айта баштады.

Илгери кайсы бир замандарда хан ууга чыгыптыр. Уудан келе жатканда ушул булактан суу ичип турган күмүш булутту карап туруп хандын бир жигити:

Ханым, тетиги ак булутту көрдүңүзбү? Муну күмүш булут дейт, эгер ким атып түшүрүп жуунса, денеси аппак сулуу болот имиш,деп калат. Муну уккан хан жигитин шылдыңдап күлөт да, бул жигитти экинчи жалган айтпас кылайын деп мээлеп туруп булутка жаасын кере тартат. Булуттан шыңгыраган үн чыгат. Таң калган хан чаап жетип барса уча качкан булуттун бир үзүмү жерде жаткан болот. Хан атынан түшүп, кебездей болгон муздак булутту алып, бети, колун жууп көрөт. Өңү капкара кара хан аппак жүздүү болуп, сергип чыга келет. Ушундан баштап хандын ак булутка кызыгып уучулугу башталат. Эми күмүш булутту атып түшүрүшүп, хан сарайынын айымдары сулуулана башташат.

Хан баш болуп жигиттери менен булутту койбой атып тамашага батышат.

Жыл айланбай хан уучулук кылган жерлерге кургакчылык башталат. Хандын жерине булут тургай куштар да конбой калат. Кайберендер баш болуп, жан жаныбарлар жер которуп ооп кетет. Табияттын куну учуп, эгин болбой, жер саргаят.

Жыл сайын жаз келет, бирок булуттар келбейт, жамгыр жаабайт.

Ошондой күндөрдүн биринде хан ойлуу отурса, үстүнөн каркыралар жаз келген жакка учуп өтө баштайт.

Оо, каркыралар!дейт хан, аларга карап аянычтуу биздин жерге да конуп өтсөңөр боло, бизге да жамгыр жаап, жаз келсин,деп жалбарат.

Ошондо хандын кулагына каркыралар тараптан ак булутту атпагыла!, ак булутту атпагыла! деген кыйкуулаган үн угулат. Эми хан өз айыбын түшүнүп, ушундан кийин ак булутка аңчылыгын токтотот. Кийинки жылы булуттар көчүп келип, жамгыр төгүп, жер жашарып, мурдагыдай табият көркүнө келет.

Таенемдин жомогунда чындык бардай эле. Анткени кечээ күнү каркыралар кыйкуулап учуп өтүшкөн. Ошондон кийин жамгыр төктү. Көрсө, алар жазды чакырып, ак булуттарды чакырган тура. Эми менин да ак булутту чочуткум келбей, айдын жарыгында ак булутту аяп аянычтуу тиктейм, булуттар болсо булактан суу ичип алып, Айды көздөй жылып баратты.

УСТА МЕНЕН ИТЕЛГИ

Илгери өткөн заманда колунан көөрү төгүлгөн зергер уста Дөөтү жашаптыр. Ал кызыл чокко колун салса да күйүүчү эмес экен. Темирди камырдай жууруп, түркүн буюм жасачу, алтын күмүштөн оймо-чийме чегүүчү. Баатырларга соот-чопкут, жоо-жарак жасаса, элге алтындан баалуу буюмдар жасады, шаарга чеп курду, желге жел тегирмен, сууга суу тегирмен чуркатты.

Калкы кадырлап, атагы алыска жайыла баштады. Миңдеген шакирттер өнөрүн үйрөндү. Алыскы өлкөдөн да келип үйрөнүп кетип жатты. Дөөтү алардан өнөрүн эч аянган жок, баарына бирдей үйрөттү. «Бирок,  деди ал шакирттерине,  эч убакта мактанбагыла. Эгер мактансаңар усталык өнөрдүн сыры ачылып калат да, оттогу темирди колуңар менен кармай албай каласыңар». Шакирттеринин баары устатынын айтканын эске тутушту. Ошентсе да алардын ичинде бирөө бар экен.

Бир күнү бир кары адам: «Балам, усталыгың кандай, бардыгын үйрөнүп калдыңбы?»  дептир. Анда алакөөдөн: «Дөөтүдөн да өтүп калдым»,  деди устанын айтканын эстен чыгарып. Дүкөнүн ачып, отко темир салып көрүгүн басып, темир кызыганда кармайын десе, колуна ысык темир шыр этип жабыша түштү. Алакөөдөн ошондо гана мактанып койгонун билди. «Аттиң»,  деп эрдин тиштенди. Жолоочулап кетимиш болуп, колун айыктырып алды, бирок дүкөнүнө кирип алып миң аракет кылса да эч нерсе чыкпады. Ошол кезде Дөөтү уста бут ааламды кыдырып, шакирттерин көрүп жүргөн кези эле. Ал бул шакиртине да кезикти, бирок дүкөнүнө барган жок, жөн гана: «Балам, иш кандай» деп сурамыш болду. Бала уялып эч нерсе айткан жок.

Дөөтү уста билди да: «Ит сөөктү кантип кармап жегенин да билбейсиңби?»  деди да, артына кылчайбай жок болду. Бала эми түшүндү. Дүкөнүнө келип эптеп бир кычкач жасады. Ошондон баштап иши кайра илгери жүрө баштады. Экинчи мактанганды койду.

Бир күнү Дөөтү уста тегирменин жүргүзөйүн деп ташын чегип болуп, суу жыгайын деп жатса, тегирмендин чатырында бир ителги отурган экен. Дөөтүгө салам берип, өзүнүн эмнеге келгенин айтты: «Мен сиз менен мелдешейин деп келдим эле. Эгерде мен сиздин тегирмендин ташын жара тээп, жүргүзбөй койсом, мага алтындан текөөр салып бересизби?»  деп сурады. Дөөтү уста: «Кой, антип бекер убара болбо. Эгер жара тебе албасаң уят болосуң». Ителги болбоду. Ошентип мелдеш башталды. Ителги асманга атып чыгып, типтик куушурулуп келип тегирмендин ташын жара тээп, кайра асманга атып чыкты. Дөөтү уста ителги кайра имерилгенче ташка кадоо салып сууну жыгып, тегирменди жүргүзүп жиберди. Ителги кайрылып келип караса, тегирмен кадимкидей эле жүгүрүп жатат. Өз көзүнө ишенбей көпкө таңыркап карап турду. Качан гана устанын айлакерлигине жана амалына түшүнгөндө, ыза болгон ителги ыйлап жиберет. Ошондон ителгинин көзүнө жаш тоңуп калган. Көзүнүн жашын ушул кезге чейин аарчыбастан, ителги ички ызасын чыгаруу үчүн түркүн кушка кас болуп, алдынан чыкканын жара тээп кете берет экен.

Ал эми Дөөтү устага ителги кайрылып келген жок. Эгер келсе тегирменин токтотуп, чын эле анын эрдигин көрсөтмөк, ызасын басмак. Дөөтү уста да ушул кезге чейин ителгини келип калабы деп күтүп жүргөнүн айтышат.

АЛДАНГАН БҮРКҮТ

Куу түлкү жойлоп жүрүп, акыры бир айылдын четиндеги дөбөгө туш келет. Ал дөбөнүн күн батыш тарабында момолой чычкандардын бир нече ийини бар экен, аны көрүп түлкү кубанычка батып, ылайыктуу жер таап ошого жашынып жатат.

Бир маалда күнгө кактанганы чыккан чычкандар бири бирине кабар бергенсип чыйылдашып жатып сыртка чыгышат. Ушуну эле күтүп турган куу түлкү бир-эки секирүү менен эки чычканды кармап жеп курсагын кампайтып эми өзү күнгө кактанып жатканда аркы дөңгө чыга келген бүркүтчү дароо түлкүнү көрүп, колундагы бүркүтүн коё берет.

Кылактап дөңдү айлана качкан кызыл түлкүнү көргөн бүркүт анын артынан түшөт. Бүркүттү көргөн түлкүнүн да айласы кетип, кайда качарын билбей, туш келди чуркап отуруп эски конуштун ордуна туш келет. Ары чуркап, бери чуркап, баары бир бүркүттөн кутула албасына көзү жетип, айласын таппай турганда, эски журттун четиндеги казыкты көрө коюп сүйүнүп кетип, ажалдан арачалап кала турган нерсе табылды дегендей дароо казыкты эки бутунун ортосуна кыпчый чокчойуп отуруп берет.

Куу түлкүнүн оюн түшүнбөгөн эр көкүрөк бүркүт бир аз бийиктей түшүп, анан түлкүнү карай шукшурулуп жөнөйт. Түлкү эч кыймылсыз бүркүттүн зуулдап келе жаткан кебетесинен көз албай тура берет. Бүркүт мына чапчып аларда булт этип казыктан чыга берет. Күү менен келген алгыр бүркүт кайра кайкып кетерде казыктын учу ичин жарып, ошол жерде мүрт өлүмгө туш болот.

Бүркүттүн артынан чаап келе жаткан мүнүшкөрдү шылдыңдагандай куу түлкү чокчойуп тура калып, анан ылдыйкы токойду көздөй зымылдап жөнөй берди. Ошентип куу түлкүнүн оюна түшүнбөй бүркүт бөөдө өлгөн экен


СУЛУУ КЕЛИН

Бир жигиттин түшүнө ай десе аркы жок, күн десе көркү жок сулуу кыз кирет. Ошо сулууну табам деп ал жигит: Медийнанын беш бурчун, Беш айланып кыдырат. Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айланып кыдырат. Баягы ойдогу сулуусу табынбайт. Жалдырап жигит жолго салат. Келе жатса бир булактын башында тамагынан ай көрүнгөн бир сулуу келин олтурат. Жигит ойлоно калып: «Менин түшүмдөгү көргөн кыз келин болуп калды. Мейли тобокел, ушуга сөз салып, тийсе алайын -деп камчысын бүктөп олтура калып:

 Экөөбүз баш кошсок кандай болот? -деп сулуу келинге кеп салса, ал макул болот. Сулуу келинди жигит алып үйүнө барат. Жигит үйүнө баргандан кийин үй-турмушу оңолуп, тамак-ашы жайнап жатып калат.

Бир аз убакыттан кийин баягы жигиттин өңү саргарып, арыктай баштайт. Ал жигиттин бир досу болот. А жигитке досу учурап:

 Ай, сенин өңүң эмне саргарат? -дейт. Аңда берки жигит:

 Билбейм! -деп жооп берет. Анда дос житити:

 Өңүндүн саргарганын сен билбесең, мен билем. Аялың аял эмес, карган ажыдаар. Бул карыганда оокат кыла албай калганда кубулуп келин болгон. Муну алдың, азапка калдың. Өзүңдү баш кылып бул шаарды сордурасың, -дейт. Сулууну алган жигит ишенбейт: «Кантип эле ажыдаар аял болуп калсын», -деген ойго келет. Анда берки дос жигити:

Назад Дальше