Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору - Мирлан Бакытович Калдыбаев 5 стр.


 Кайран асыл, билген кишинин колуна тийбей, билбес кишинин колуна тийипсиң, -деп сүйлөнөт.

Анын сөзүн угуп калган бир бала байга барып:

 Үйдөгү конок бала бүркүттү «кайран асыл, билген кишинин колуна тийбей, билбес кишинин колуна тийип калыпсың» -деп жатат, -дейт.

Балага келип бай:

 Бүркүттү таптап бергин, -дейт.

 Бүркүттү таптоону билбеймин, -дейт бала.

 Балам, ушул бүркүттү таптап берсең, кызымды сага беремин, -дейт бай.

Ошондо бала макул болуп:

 Эки жыл туу калган бээ тап, бир боз үй тиктирип коюңуз, ал үйдүн ичинде эч нерсе болбосун, ага бүркүттү коёмун жана бээни союп этин киргиземин, -дейт. Бай эки жыл туу калган бээни алып келет жана бир үйдү тиктирип даярдайт, үйдүн ичине эч нерсе койдурбайт.

Бала бээни сойдурат, аны бүтүн үйгө киргиздирет. Бүркүттү да кийирип байлабай бош коет. Ал чыгып кетпей турган кылып үйдү жылчыгы жок бекитет. Ошентип бүркүттү камап коет да, кээде гана суу берип коюп жүрөт. Бүркүт бээнин этин жеп бүтүп, семизинен басалбай калат. Бала: «Басалбай калган бүркүт таптоого оңой болот» деп, таптай баштайт. Бир ай таптагандан кийин аны түлкүгө салуу үчүн алып чыгат. Бир топ киши менен бала кыдырып жүрсө, бир кара түлкү чыга качат да, бүркүттү көрө салып тиктеп туруп калат, ал жөн түлкү эмес калтар экен. Бала бүркүттүн томогосун башынан алат да, бирок бүркүттө калтарга салбай томогосун кайра кийгизип коет. Бала менен бирге жүргөн кишилер: «Бүркүттү эмне салбайт?» деп таң калышат.

Бала бүркүттү томогосун дагы башынан шыпырып алып, бүркүттү салбай томогосун кайра кийгизип коет. Баланын жолдоштору «бул бала бүркүтүн эмне салбайт, калтарды бизге ыраа көрбөй турат го» дешип наалышат.

Бала томогону алып бүркүттү шилтейт. Бүркүт калтарга карабай асманга кетет. Калтар болсо алдыңкы эки бутун көтөрүп асманды тиктеп калат. Бүркүт өтө бийик көтөрүлүп, карааны көзгө көрүнбөй үлбүлдөп калган кезде шукшурулуп тик сайылып келип калтарды башынан мыкчый кармап көккө көтөрүлдү да, жерге таштап жиберди. Калтарды алышкандан кийин жолдоштору:  Эки жолу бүркүттүн томогосун алдың, бирок салбадың, үчүнчү жолу гана салдың, мунун себеби кандай? -деп баладан сурашат.

 Биринчи жолу асыл менен асыл кантип беттешет деп бүркүттү калтарга салууга колум барбады. Экинчи жолу асылды асыл кантип кыят деп салууга колум барбады, үчүнчүсүндө тобокел деп чымырканып туруп бүркүтүмдү кое бердим, бүркүттүн асманга бийик чыкканынын себеби, ал канчалык бийик көтөрүлсө, ошончолук тиктей берип түлкүнүн көзүнө жаш толот, качырып келе жаткан бүркүттү көрбөй калат. Акчекир деген бүркүт ушул, -деди бала.

Эл: «Чынында байдын кызы балага ылайык экен» дешип, баланы үйлөндүрүп-жайландырып коюшат.

ЖЫЛАН МЕНЕН КИШИ

Илгери- илгери бир дыйкан болгон экен. Эгинин отоп жүрсө, жакын эле жерден ышкырган дабыш чыгат. «Эмне болду экен?»  деп карай калса, бет маңдайында эки- үч кадам аралыкта эгинден да бийигирээк болгон жылан куйругу менен тикесинен турат. Дыйкан апкаарып жыланды тиктеген боюнча туруп калат. Баягы жылан да кишиден көзүн албай, тостоё тигилет. Дыйкан да көзүн ирмебей көпкө чейин карап тура берет.

Бир топтон кийин дыйкан жылан менен арбашып калганын билип, бир аз эсин жыйып, мындай учурда эмне кылуу керзк экенин элден уккандары боюнча жасоого аракет кылат. Жылан менен арбашып турганда ал кыймылдап, же бурулуп кетпей, жыландын атын табууга аракет кылып, ар кандай ысымдарды айта баштайт: «Мар», «Могой», «Мокочо», «Кайыш», «Айнек», «Айнеккөз», «Уу», «Заар», «Чаар»!

Бирок жылан эч кыймылдабай тикесинен катып турат. Дыйкан жыландын аты ушул болуп калбасын деп болжогон сөздөрүн жобурап улантат. Бирок таба албайт. Жылан анда- санда ышкырып коюп, тилин соймоңдотуп, дыйкандан көзүн албай кыймылсыз. Булардын арбашуусу созула берип, бир топ убакыт өтөт.

Түш ченде дыйкандын кызы атасына тамак алып келет. Келсе, атасы жылан менен тиктешип турат. Атасы күндүн ысыгына какталып тура берип, бүткөн боюнан шорголоп тер кетип, деми кыстыгып, ичи көөп бара жаткан экен. Жыланды караса анын да ичи көөп, шайы кетип, көзү тостоюп чанагынан чыгарына аз калыптыр. Кыз жүрөгү түшүп бир кадам жасай албай каккан казыктай туруп калат.

Кызыын келгенин билген дыйкан: «Топчумду чеч!»  деп айтууга гана араң кудурети келет. Эмнегедир шол замат баягы жыландын ичи тарс эте жарылып, сулап жатып калат. Көрсө, жыландын аты «Топчу» экен. Жыландын аты табылган соң, ичи жарылып кетиптир.

Жылан менен арбашкан адам, жыландын атын таба албаса ичи көөп, жарылып өлөт экен.

Ошентип дыйкан жыланды жеңип бала- бакырасы менен аман- эсен оокатын кылып жатып калган экен.


ОТУНЧУ ПАДЫША

Бир заманда Султаналы деген отунчу болгон экен. Өзүнө ылайык кембагалдын кызы Умсунайга баш кошуп «эки бакыр, бир тукур» болуп оокат кылышат. Аялы көп кечикпей эле эркек төрөп бериптир. Баланын кубанычы менен жылаңач- жабык эстен чыгып кетет. Мырза аттуу баласы бат эле чоңоюп, он жашка чыгат.

Султаналы үй- бүлөсүн, өз кардын тойгузуу үчүн «өлбөс оокат, чыкпас жан» дегендей, кара жанын карч уруп, күнүгө талаадан отун терип калаага сатуучу экен.

Күндөрдүн биринде кылаңгыр чайга тоюп, өлбөс оокатка жан талашат. Койнуна бир көмөчтү салып, жолду карата көп ойлорду ойлоп баш катырды. «Мен алтымыштан, кемпирим элүү жаштан аштык. Демек экөөбүз тең картайдык. Артыбызда керки, чотту жыйнап, атыбызды өчүрбөй турган тукумум Мырза бар. Жалгызымдын колун адалдап коюуга кудуретим келбеди. Атаганат!»  деп далай жерге келип калганын да өзү билбей калыптыр.

Отун алуучу жеринде эмне кыларын билбей, «урушарга жоо таппай, урунарга тоо таппай» жолдун боюнда сары сан болуп терең ойго батып отуруп калат. Бир убакта ордунан ыргып туруп артын көздөй жөнөйт. Баратып кантип уулунун тоюн берүүнү ойлонду: «Кой, аздан акча жыйнайын, катып койгон акчамды таптакыр унутуп калбайын, күрүч, кой алып туруп, уулума той берип, элден бата алайын» деп кызык кыялга батты.

Жолдо келе жатып көздүн жоосун алган сонун куурайларга көзү түшөт. Ана- мына деп карап турбай Султаналы жол боюндагы шуудурап турган куурайларды оро баштады. Күндөгүсүнөн алда канча көп куурай жыйнап, бекемдеп таңып, көтөрүүгө көп аракеттенип, кара терге түштү. Бир маалда эптеп дөңгө сүйрөп жеткирип, чарчап алы кеткендиктенби, аны ордунан кайра жылдыра албады.

Бүткөн бою суу болуп, өзү кара терге түштү. Көтөрө албайт, көтөрүп тура калайын дегенде, башынан ашып көмөлөнүп кетет. Бир туруп ызаланып, бир туруп капаланды. Кандай жеткирүүнүн амалын таппай, казыктай болуй жолду карап туруп калды.

Жолдон өтүп бараткан жолоочу көрүп- билип тургансып Султаналынын кыжырын кайнатып суроо берди. Ал жини келип:

 Көзүң көр, кулагың кереңби? Бооруң ачыса жеткирип бер, болбосо эмнеге куру сүйлөйсүң,  деп кыйкырып үнүн катуу чыгарды.

 Ачууланба, чабалдык кылба, билем сенин эмне кылганыңды, балаңа той берүүнүн камын көрүп, азап тартып, убара чегип жатасын. Сен куу жаныңды кууратып эмне кыласың. Ыракаттан жүзүн көргөн жериң жок, дүйнөгө келгениңден кийин жыргайм деп ойлосоң боло. Отунчум куу жанынды кууратпай менин акылыма көн. Тетиги чоң ташты көтөргүн, астындагы чуңкурга колуңду салсаң бир тасторкон, бир бешмант, бир сака бар. Ошолорду алгын, көктөн тилегениң жерден табылат.

 Аларды шаарга сатамбы?  деп Султаналы сураганда, жолоочу:

 Кокуй, андай кыла көрбө, кайсы тамакты көңүлүңө түшүрсөң ошол замат даяр болот, каалаганча жеп, тасторконду кайра катып коюп жүргүн. Бешмантты кийип алсаң, эл көзүнө көрүнбөй каалаган жерге жетесиң! Саканы болсо, башыңа кыйын иш түшкөндө курал кыл. Саканы тамдын төбөсүнө коюп туруп анын артынан өзүң чуркап бар. Сака түшкөн жерде эшик ачылып калат. Ичине кирип ылдый түшсөң адамдын көңүлүн чайыткан бак пайда болот. Ортосунда чоң жолу бар, жол менен басып бараткаңда оң жагыңды карасаң бышып жетилген мөмөлөрдү көрөсүң. Бирок сол жакка карабай, ар убак оң жактын мөмөлөрүн же. Сол жактагы мөмөнү сага мурда ким жамандык кылса ошолорго берип жедир. Аны жегенден кийин алар таш болуп катып калат. Каргап туруп берсең, сен жаман санагандай болот. Кыскасы кандай ойлосоң ошондой болот,  деди дагы жолоочу көздөн кайым болду.

Султаналы: «өңүмбү, түшүмбү», деп бир топко дал болуп туруп калып, араң- араң эсине келди.

Султаналы жолоочу айткан чоң ташты ордунан жылдырып коюп, дагы колун ийнине чейин төмөн карай салып, төмөнүрөөк жибергенге коркту. «Колумду улам салам деп отуруп, өзүмдү сордурбайын, кой кемпиримди жардам бергенге алып келейин» деди. Үйүнө барып кемпирине сүйүнчүлөп, «жүр, кемпирим» деп, алып келди.

Султаналы чөк түшүп отурду да, артынан кемпирине этегин карматып:

 Сак бол, кокус мени ары карай тартса, сен бери карай тарт, андай кылбасаң мен өлдүм,  деди.

Кемпири ээгин тиштеп, Султаналыны бекем тартып, кыйналып кысталып туруп тасторкон, бешмант, саканы сууруп алып чыкты. Кубанычтары койнуна батпай, абдан сүйүнүштү.

Назад Дальше