Кемпири ээгин тиштеп, Султаналыны бекем тартып, кыйналып кысталып туруп тасторкон, бешмант, саканы сууруп алып чыкты. Кубанычтары койнуна батпай, абдан сүйүнүштү.
Кемпирим эмне жегиң келет? деп жалт карады. Умсунай:
Сары майга бышырылган каттама болсо!
Мен да ошону каалаймын, дей салды Султаналы. Ичинен сары майга бышырылган каттама чык, деп тасторконду ачты эле, тасторкон толду, өлгөнчө жеп тоюшту.
Баягы жолоочу айткандай жеп бүтүп, кайра жаап коюшту. Айт тамактар болуп, береке жайнап ырахаттын жүзүн көрө башташты.
Анан бешмантты кийип, Султаналы шаарга чыкмакчы болду. Бешмантты алып, жолоочу айткандай эч кимге көрүнбөй шаарга кирип барды. Султаналы шаарды аралап, бир жерди караса набайчы нан чыгарып жатыптыр, «ушундан бирди алып көрөйүн, билинер бекен, билинбес бекен», деп нанды алды дагы, тыяк- быякка карап көрдү. Бир аз басып, кайра турду, набайчы аны менен иши да болбоду.
Султаналы дагы сынап, бир киши алма сатып отурган жерден алмасын алды эле, эч ким көрбөдү. Андан ары бал саткан жерге келип, оюндагысын алып, керек дегенин колуна кармады. Бирок такыр адамдын көзү чалбады.
Султаналы кездеме саткан соодагердин жанына келип: «Бул адамдын акчасын алайын» деп ойлонуп, коюн кончуна тыгып акчаны ала берди. Бул дагы көргөн жок.
Анан Султаналы келатса, базарда чөнтөкчү уурдаган акчасын санап туруптур. «Мейли бул дагы бирөөлөрдү какшаткан акча», деп анын дагы акчасын, алды.
Ары барса, кай бирөө какшап, кай бирөө боздоп жүрүшөт. Султаналы абайлап канча жоготсо, ошончо акчаны орундарына салат.
Андан ары сыйкырдуу бешмант менен жүрүп отуруп кайыр тилеген пенделердин арасына келип баягы акчаларды берип отуруп, аны дагы апың- упуң кылды.
Жолдо келе жатып Султаналы бир казыга кезигип калды. Казынын башындагы жибек жоолугуң алып жаман чүпүрөктөрдү ороп койду. Казы бул ишти байкабай жүрө берди, ары өткөн, бери өткөндөр шылдың кылышып шермендеси чыкты.
Сыйкырдуу бешмант менен аман- эсен Султаналы үйүнө келип болгон иштердин чыпчыргасын коротпой аялына айтып берди.
Арадан көп убакыт өтпөй Султаналы: «Эми саканы сынайынчы», деп үйүнүн үстүнө чыгып, жолоочу айткандай саканы атып жиберип, анын артынан өзү келди. Шарт этип эшик ачылып, мөмөлүү бактар көрүндү. Мөмөлөрдү көрүп, айран таң калып, оң тарабындагы жемиштерди татып көрдү.
Жолдун сол жагындагы ашпурт, анжыр, алмаларга көзү түштү. Самсаалап турган анжырдан бирди үзүп алып, өзү жебей: «Умсунай муну жакшы көрүүчү эле», деп сүйүнгөн бойдон кемпирине аласала алып келди.
Умсунай «жеп коеюн» деп, оозуна салаары менен мышык болуп мыялап калды.
Султаналы аргасы кетип, айласы түгөндү. Умсунай дубалга чыгып, эмне кыларды билбей жалдырап турду.
«Бир анжырдын азабынан кемпиримден айрылдым», деп кокуйду үстөккө- босток айтып, эстен танды. Аргасы кетип көзү карайлап, баягы сакасын калчап, бактын оң тарабындагыга барып, анжыр, ашпурт, анар, жүзүм терип алды дагы, бирден мышыкка зордоп жедирди. Анжырды жегенден кийин кемпир өз калыбына келди.
Султаналы сүйүнүп, «Кемпиримден бөөдө ажырап кала жаздадым», деп мөмөлөрдүн кандайы дабаа, кандайы залал боло турганын жакшы билди. Султаналы сыйкырдуу бешмантты көп кийип күндө базарга барат. Арам тамак соодагер, байлардын акчасын алып, кембагалдарга таратып берет. Кембагалдар тоюнуп жыргашты. Кандын казынасын чачты. Короо- короо кой, өрүшү менен жылкыны таратып, кедейлердин жарпы жазыла баштады.
Жердин үстүндөгү жемиштер дагы калганы жок, утурумдук оокат үчүн Султаналы Умсунай экөө алтын саканы ыргытып коюп жер астындагы бактардын мөмөлөрүн сата баштап турмушу оңолду.
Бир күнү Султаналы баласына той берип шаардын падышасын вазирлери менен чакырып ааламда жок даамдарды тасторкон жасап, аябай тан калтырды.
Кетээрде падыша Султаналынын сыйкырдуу бирдемеси бар экенин билип, анын сырын билиш үчүн:
Мындан ары жакшы жүрөлү, келишип кетишип туралы, балким кудалашып каларбыз, деп өзөр- мазир сөзүн айтты.
Султаналы кубанычы терисине батпай:
Кулдук- кулдук, деп таазим кылды.
Мына ушундан баштап падышанын кызы Айжамал менен Мырза көп ойной турган бодду.
Бир күнү Султаналы менен Умсунай бир жакка кетишип, баягы сыйкырдуу бешмантты үйгө унутуп калтырышат.
Айжамал менен Мырза бышып турган коонго барат да ээси кармап алып, Айжамалды жибербейт. Ошондо Мырза кызга боору ачып, сыйкырдуу бешмантты алып келип, коонду оюнча жеп, каалаганча алып кетишет.
Бешмантты үйүнө коюп, Мырза билмексен болуп калды.
Айжамал болгон ишти төкпөй, чачпай атасына айтып келди.
Сен ошол бешмантты алып келсен, алтындан сөйкө жасатып берем, деп падыша кызына убада кылды.
Кыз атасынын айтканын орундатып, сыйкырдуу бешмантты алып келип берди. Падыша сыйкырдуу бешмантты сынап көрүп, бекем катып таштады.
Бир күнү Султаналы менен Умсунай экөө дагы айылчылап кеткенде, Мырза Айжамалдын астына барбактап тасторконду жайып, түрдүү оокатты жайнатат. Каалаганча жешип, тасторконду кайра ордуна илип коюшат.
Айжамал үйүнө келип атасына сыйкырдуу тасторкон жөнүндө айтып берет. Атасы аябай кубанып кызына:
Сага алтын шакек берем, ошол тасторконду алып келсең, деп дагы жумшайт.
Сыйкырдуу тасторкон да алынып келди.
Султаналынын тырпы тышына айланып, бешмант, тасторкондон ажыраганына аябай капаланды. Ким колдуу болгонун дароо байкады.
Алтын саканы ыргытып, анан өзү чуркап жердин алдындагы бакка барып, мөмөлөрдү эки- үч чакадай жыйнады. Кыштын кырчылдаган күнү падышага тартуу кылып алып барып берди. Баарысы аң- таң калып, жеп жыргашты.
Эртең дагы алып келем, деп убада кылды. Султаналы бактын сол жагындагы мөмөлөрдү терип туруп падышаныкын көздөй басты. Султаналы:
Мен бирден оозуңарга салам, оозуңарды ачып, көзүңөрдү жумуп тургула дегенине падыша менен вазирлер макул болду.
Падыша мышык, вазирлери ит болсун, деп Султаналы шыбырап, колун бир силкип койду.
Ошондон кийин баарысы айткандай болду. Падышанын тактысына өзү олтуруп, адил иш жүргүздү. Жоголгон буюмдарын таап, жаркырап- жайнап жатып калган экен.
СЫЙКЫРДУУ САКА
Илгери- илгери миң койлуу киши менен жүз койлуу киши кошуна жашайт. Койлорун балдары кайтарып жүрөт.
Күндөрдүн бир күнүндө миң кой кайтарган бала менен жүз кой кайтарган бала койлорун эки бөлөк жайып коюп, чүкө ойношот. Кечке ойноп, жүз койлуу бала чүкөсүн бүт уттуруп, бир сакасы эле калат. Ошондо гана кайтарган кою эсине түшүп, койлоруна келсе, баарын карышкыр кырып кетиптир.
Үйүнө баргандан коркуп, бала бир үңкүргө түнөйт. Курсагы ач, ичерге тамак жок, кою кырылып, чүкөсүн уттуруп, ичи күйүп уктай албай коёт. Ошондо сакасын колуна алып: «Сакам, сен да жакшы конбой койдуң, мен да жакшы ойной албадым. Чүкөмдү уттурганым аз келгенсип, койлорду карышкыр кырып кеткенин карачы. Эми кантип жан сактайбыз? Эт, май, сүт, кийим- кечекти кайдан табабыз? Атаңдын көрү ай, кайра жүз койлуу болсок, чүкө ойногонду коюп, жакшылап кайтарып жүрөр элем», деп көз жашын сакасына тамчылатат. Ошентип санааркап жатып уктап кетет
Эртең менен эрте ойгонуп, бала өз көзүнө өзү ишенбейт. Тегерете койлору жуушап жатат. Бала сүйүнүп, койлорун айдап үйүнө келет. Бирок кечээ болгон окуяны ата- энесине айтпайт.
Дагы кой жайып чыкканда кечээ койлорун карышкыр кырып кеткенин, уктап калса, койлору жуушап жатканын миң койлуу балага айтып берет. Миң койлуу бала укканын атасына айтат.
Миң койлуу киши сыйкырдын баары жүз койлуу баланын сакасында экенин билип, дагы байыгысы келет, да, өз баласына: «Тиги жолдош балаңдын сакасын бүт чүкөңдү берсең да, бир койго сатып алсаң да алып кел», дейт. Эртеси бала бүт чүкөсүн бир сакага алмашып, атасына алып келип берет. Саканы колуна алып, баласы экөө «Миң коюбуз эки миң болсо экен, элдин баарынан бай болсок экен, айланайын сака, тилегибизди бере көр», деп тилеп, экөө тең таң атканча койлор кантип көбөйөр экен деп тирмийип карап турат.
Аңгыча таң да атат. Короого келип, койлорун караса, миң коюунун бири да калбай кырылып калганын көрөт. Ошондо ачуусу келип, саканы отко ыргытат. Сака отко түшөр замат жарк этип жалын чыгып, жалындын арасынан он эки мүйүздүү бугу чыгып, токойго чуркап кетет.
КАМЫР БАЛБАН
Мурунку өткөн заманда баласыз кемпир- чал болгон экен. Бир күнү кемпир камыр жуурганда: «Алда кудай ай, ушул менин камырым бала болуп калсачы» деп арманын айтып, тышка, чыгат. Тыштан кайра келсе, баягы камыры бала болуп калыптыр. Анда баягы кемпир- чал бир бирине сүйүнчү айтышып, абдан кубанычта болушуп, той беришип, атын Камыр балбан коюшуптур. Ал абдан балбан, кайраттуу, эр чыгыптыр. Камыкең алтымыш өгүз, элүү ат, араң кыймылдата турган, темир таяк жасатып алып, он жети жашынан саякатка жөнөйт. Жолундагы шаар эли үркүп кете баштайт. Себеби, таягы жерди дүңгүрөтүп солкулдатса, эл «жоо келе жатабы» деп качат экен.