Журналист: Эгерде андай болбогондо, кантип Ак-Үй куламак? Курал-жаракка жык толгон плутократ ажонун чээни. Кыргыз элинин алтынын, пахтасын, сууларын, жерин тоногон падыша, Аксы элин аттырган зөөкүр бийлик дагы бир жолу массалык түрдөгү кан төгүүдөн, өз элин автомат менен атуудан баш тартат беле?
Эл үнү: Плутократ деген эмине, туугандар,
Бергилечи анын аныктамасын?
Куудул: Хоп болоду, жан акебайлар. (Эл-аралык экспертине кайрылып). Сиз түшүндүрүп бересизби, мударис акебиз?
Эл-аралык эксперт: Yes, OK
Чөнтөгүнөн блокнотту алып, окуй байштай.
Кечиресиз, мен бул терминдерди мурдатан эле кыргызчалатып алганмын, эмесе кулак салып уккула.
Плутократия деп, өңкөй байлардын бийлигин айтат,
Кыскасы, байлар бийликке келип, кысталактар,
Ого бетер байыйлы деген максатта
Түзөт мыйзамдарын, Конституциясын, тартибин,
Башка балекеттин баарын ойлоп тапканын,
Эптеп эле сиз менен биздин канын сооробуз деп башкарганын,
Жалпы элдин талабын таптакыр унуткарганын
Мына ушундай башкарууну, кудай урганды,
Плутократия же кыргызча Бүлдөккратия дейт, туугандар.
Ал эми Клептократия деп
бийликке келген кылмышкерлердин өлкөсүн айтат.
Бул бийликтин арам түрү амал дегенде
жатып калган кысталактардын бийлигин чагылдырат.
Эң жаман мыйзамдарды, Конституцияны
өзүнүн бийлигин кармап калуу үчүн
жараткан шүмшүктөрдүн бийлигин айтат.
Куудул:
Кыскасы, мындайдардан үлгү албагыла, туугандар,
Эгерде келечекте кимдир-бирөөңөр президент болуп калсаңар,
Булардын баары саясаттагы ириң-чирик, көтү-баш, гангреналар.
Элди бийликке келип биротоло курутабыз дегендер,
Ушуну эсиңерге бек түйүп эч убакта унутпаңар,
Эл-аралык эксперт:
Эгерде келечекте кимдир-бирөөңөр президент болуп калсанар,
Ушуну эсинерге бек түйүп, эч убакта унутпаңар!
Аскар Салымбеков болобу,
Же Эмиль Умөталиевби,
Же жолдош Ашир Түлөкабыловбу.
Негизи, өз элиңди тонобогун,
Тыгып атса да сага акчана, бурадарың.
Ажолук колдун кирикелет-кетет,
Абийирди жоготсоң кайра таппайсың.
Бала-чакаң, небере-чөбөрөң толуп ызаага.
Эмнеге мындай жегич болгон деп биздин grand father.
Даанышман:
Анда эмесе, ушул күн кыргыз эли үчүн түбөлүктүү майрам болсун! Кыргыз эли Кудай менен бетме-бет сырдашкан, жүздөшкөн түбөлүктүү күн болсун 24 март күнү, баардыгыбыз ошого колубуздан келген күчүбүздү, акылыбызды кошолу. Оомийн!
Эл үнү (алыстан):
Түбөлүктүү Эл майрамы болсун бул күн!
Бүткүл дүйнө-жүзүн силкинтти катуу толкун,
Бүткүл дүйнө-жүзүндөгү бийлик амалкөйлөрү сокку жеди!
Клептократтар, плутократтар, доңузкраттар титиреди,
Ойлогон максатына, тилеген тилегине жетсин,
байыркы Ала-Тоо эли!
Диктор: Революцияны коргоогондордун бирине сөз берилет!
Гайд-парк трибунасына революциянын коргоочусу чыгат
Ишкер: Албетте, бул күн түбөлүктүү Эл майрамына айланат. Ыңкылаптын душмандары канчалык амалкөйлүк менен ошол 24 марттын түнүндө өзүнүн карамүртөз ыплас акцияларын аткарып койсо да. Акаевдин жактоочулары жөн жаткан жок. Жаңжалды күндүзү эле баштап ак-шапкечендер, өзүлөрү ит болуп калың элдин көзүнчө, түндөсү болгон күч-аракетин жумшашып, революцияны биротоло жок кылууга аракеттенбедиби бул шүмшүктөр. Ачыгын айталы, туугандар, аларга кошулуп калың элдин бир тобу да шаарды тоноо акцияларына аралашып кетпедиби. Бирок негизги уюштуруучулар дал ошо акаевчилер, алар бүгүн да болгон күч аракеттерин ыңкылапты жоктогонго жумшап жатпайбы, эртең да ушул иш менен алек болушат, шүмшүктөр жана суук тумшуктар. Ошондуктан революцияны коргой билели. Күрөш али алдыда.
Элдин үнү: Түбөлүктүү Эл майрамы болсун бул күн!
Диктор: Эми адилеттүүлүк үчүн трибунадан Революцияга каршы тарапка сөз берели.
(Кара костюмчан башына ак кепканы кийген Анти-Ишкер трибунага чыгат).
Анти-Ишкер: Ооба, силерге! Бул эч кандай ыңкылап эмес. Болгону эле төңкөрүш. Ошондуктан, бул күн мародерлордун күнү болуп түбөлүктө сакталып калсын!
Анткени бул ынкылаптын максаты канчалык чапса өргө,
Ошончолук мурдагы бийлик жылган болот көргө
Тарых алдында бөлөнүп чексиз уятка!
Тескерисинче, эгерде революциянын чыкса ашмалтайы
Анткени бул ынкылаптын максаты канчалык чапса өргө,
Ошончолук мурдагы бийлик жылган болот көргө
Тарых алдында бөлөнүп чексиз уятка!
Тескерисинче, эгерде революциянын чыкса ашмалтайы
Анда ыңкылапчыларды да Кудай урганы.
Мурдагы бийликтин кайта баштайт кадыр-баркы,
Акырындап унутулуп уурдаган миллиарды,
Бары бир жакшы болот аягында экс-ажо,
Эгерде жаңы бийлик андан да болсо келесоо,
Тез эле коррупцияга белчесинен матырылып,
Ыңкылаптын идеалын шылдың кылып.
(Сценадан түшүп кетет).
Эл үнү: Ыңкылапты төнкөрүш деп табышкан,
Төңкөрүлсүн баары каргыштан!
Диктор: Негизинен демократиялык өлкөлөр дүйнө жүзү боюнча Бишкекте болуп жаткан тарыхый окуяны революция катары кабыл алышты.
Эл-арадык эксперт: Yes it is. This is the Great Kyrgyz Revolution! The day when Heaven told with people on the Ala-Too.
Диктор:
Ошол эле мезгилде СНГ өлкөлөрдүн басымдуу көпчүлүгү, Грузия менен Украинадан тышкары, Март ыңкылабын салкын маанайда тосушуп, Россия Кыргызстандагы болгон окуяларда кайра эле Батыш менен Американы айыптагандай сыр көрсөтүп, Кыргызстандан качкан экс-ажоону өзүнүн жылуу берешен кучагына алып коргоду.
Бул жагынан алганда ыңкылаптын душманы болуп аталган, Акаевдин лагеринен чыккан журналист-Балитологдун айткан сөзү өзгөчө маанилуу. Мына мындай ал Москвадан чыккан газетага айтыптыр:
Трибунага Балитолог чыгат.
Балитолог: Разумеется, революцией в Кыргызстане и не пахнет. Произошел банальный переворот и приход к власти южных кланов взамен уступившего северного акаевского рода. Однако у нового руководства Кыргызстана свое мнение по этому поводу, и они уверены, что то что имело место 24 марта является революцией. Тогда как для этого дня больше подходит название День мародера.
Куудул Балитологду трибунана түртүн, анын ордун ээлейт,
Балитолог «Я протестую» деп, бирок трибунадан кетет.
Куудул: Атаңдын көрү, өзүң мародерсун,
Акаевдин куралын көтөргөн бирөөсүн.
Өлкөнүн уурдалган акчасынан күн көрөсүң,
Чындыкка жамынган жалганды жазып көнгөнсүң!
Буларга ишенбегиле эч качан, калайык,
Акчаны ар тараптан соруу булардын өнөрү анык.
Ким акчаны көп берсе,
Ошерде тинтип жүрөт мындай балит нерсе.
Эл үнү:
Молодес, эң туура айтасын
Жоголсун Кремлдин куйругу,
Керек болсо Кремлди да талкалайбыз,
Эгерде мындай болсо Асмандын буйругу.
Авторитаризмди сагынгандын баары,
Ыңкылаптын душманы.
Ыңкылапты төнкөрүш деп табышкан,
Төнкөрүлсүн баары каргыштан!
Ыңкылаптын шаңдуу музыкасы угулат.
(Көшөгө).
Үчүнчү көрүнүш
Караңгылаган сахнада Журналист менен Рухайым калышат.
Журналист:
Март ыңкылабы
Маалымат согушун ырбатты,
Журналисттер эки тарапка бөлүнүп,
Чындыктан биротоло баш тартып
Бири-бири менен кармашты.
.
Рухайым:
Аларга теңелип,
Көзү ачык, бакшы, олуя,
Маркумдар менен сырдашканы,
Наркы дүйнөгө тиктегени олурая
Бөлүнүп эки лагерге алар да
Бири-бири менен кырылышты.
Акаевдин кара күчтөрү
Ак күчтөр менен таймашты.
Баалайбы бул бийлик, түшүнөөр бекен
Эки дүйнөдө аны үчүн күрөшкөнүбүздү?
Журналист:
Эки эмес үч дүйнөдө аны үчүн күрөшкөнүбүздү.
Рухайым: Кандайча?
Журналист: Маалымат чөйрөсүндө бул бир дегин. Виртуалдык дүйнө Интернетте. Бул эки дегин. Анан, эң акырында, көзү ачыктар, периштелер, желмогуздар дүйнөсүндө. Сен бул жагында президентибиздин фронтун бекем кармап турбадыңбы.
Рухайым: М-да!
Журналист: Айтмакчы, Акаев президентиктен кетет деген кабарды алгачкы жолу качан алгансың?
Рухайым: Башынан эле бул адам бийликке татыктуу болгон эмес. Асман бул бийликти Чыңгыз Айтматовго буйруган эле, ал болсо бул асмандын буйругун Акаевге тапшырып берген. Улуу жазуучубуз ушул кадамы менен оор катаны кетирген.
Журналист: Бирок башында коомчулук аны жакшы эле кабыл алды го?
Рухайым: Албетте, элдин үмүтү бар болгон, ал турсун Чынгыз Айтматовдун тандаганына да ишенишкен башында. Бирок, Асман, Манас атабыздын руху башынан эле бул кишиге каршы болгон. Ошого карабастан алгачкы жылдары Асман тим болгондой сыяктанган, бул президенти өз эркине коюп, балким оңолуп кетет деген ниетке өзүн өзү алаксытып. А бирок, анын жыйынтыгы жакшы болбоду. Президенттин бийликке татыктуу эместигин, кыргыз элине зыяндан башка эч нерсе алып келбестиги бат эле аныкталды.