Март Революциясы. Коомдук-саясий драма - Замирбек Өсөров 3 стр.


Журналист: Качан сен анын тактан шерменде болуп кеткенине көзүң жетти?

Рухайым: 95-жылдары болушу керек. Ал менин түшүмө жылаңач болуп кирген болучу, ошондо мен алгач ирет анын аягы жакшы болбойт деп билгемин. Чынында бул киши ошондо эле президенттиктен кетиши керек эле, бирок ал мезгилде ал күчкө кирип, эсине келе баштаган Чынгыз Айтматовду бийликке келтирбей койбодубу.

Бирок Айматов өзү күнөлү болду. Башынан эле, эл аны сурап жатканда, президенттикке келгенде, Кыргызстан өзүнөн өзү эле оңолмок.

Журналист: Да-аа. Убагында кетпей, акыры он жылдан кийин зордолуп кетти.

Жазуучу болсо убагында такка келбей, кийин арманда калып, бул жарыбаган президенттин азабын бөлүп калды. Кандай татаал драма жана трагедия! Баса (Колундагы саатына карап).


Бир аз кечигип калдым окшойт,

Эмесе мен барайын,

Мындай улуу заман башыбызга түшкөн соң,

Жөн эле жүрө бербейли темселеп,

Заман өзү билбесе да эмне кылаарын,

Бирдеме кылалы, аракеттенели, тыбырчылайлы

Жашоону туура жолго салууга ниеттенели,

Улуу урматтуу март ыңкылабынын айымы.


Журналист кетет.


Диктор: Жалгыз калган Рухайым, креслого барып олтурат, өзүнүн ойлоруна чөмүлүп. Эми уктап кетейин дегенде анын жанына бийлеп үч азгырыктар  мурдагы бийлик тарабында болушкан көз боемочу, каргыш айтууга, дубаны салууга көнүгүшкөн адистер, кара-күчтөр чыгышат. Азгырыктар Рухайымды курчоого алышат.

Биринчи азгырык: Бул бийлик жакын арада эле тактан кетет деп уктук биз. Эмне дейсин буга, өлкөбүздүн чыгаан, атактуу саясий олуясы?

Экинчи азгырык: Ооба, бул президент тактан куулуп келет дейт, бийликке накта кыргызга күйгөн патриот жигит келет дейт.

Үчүнчү азгырык: Чет элде жашап абдан байыган кыргыз экен деп уктук биз.

Үчөө тең(Рухайымды айланып):

Эгерде ал бийликке келсе,

Жыргайт деп уктук кыргыз эли.

Буга эмне демексин,

Бакиевди алып келген кызыбыз?

Рухайым (аларды курчоосунан бошонуп):

Адашып жатасыңар баарыңар,

Ошо бай жигиттин акчасына зарыгып.

Кет десе эле таарынган топ,

Президент кызматынан кетип калабы?

Биринчи азгырык: Сөзүңөн адашпагын өмүрдүн гүлү. Асман айтып жатат, ал келет деп.

Рухайым: Ха-ха-ха. Эгерде билгиңер келсе, асман алып келди учурдагы президентти, мурдагы президентти да кууп кетирди. Асмандын буйругу, Манастын руху менен Ак-Үй алынды, бийлик алмашылды.

Экинчи азгырык:

Абайлагын сулуу кыз. Сени жек көргөн күчтөр абдан арбын жана акча-каражаттуу. Күнү-түн сага каршы дубалай турган болсо эмне кылмаксын, каякка качып кетесин?

Үчүнчү азгырык: Болду эми кызым, бул президентти колдобой эле жүр. Баары бир ал сага эч кандай жакшылык кылбайт. А эгерде сен биз тарапка өтсөң, биз сенден эч нерсени аябайбыз.

Үчөө тең: Ооба, биз билебиз, сен Акаевди тактан кетирдиң.

Эми бул президентти да кетирип берсең, сени биз кечирдик.

Рухайым: Кеткиле нары, караңгы күчтөр.

Силер мени дубаласаңар,

Силерди урган болот Манастын руху.

Кыш желмогуздар. Силердин убактыңар өттү,

ырдаган ырыңар бүттү.

Акаевди мен эмес  Кудай кетирди!

(Көшөгө).

Экинчи акт

Сахнага Диктор чыга.

Диктор:

Бул акт Конституциялык реформага

Багышталат.

Эки тарап кантип күчкө салып

Утулуп калганын чагылдырат.

Ал эми эгерде бир бүтүмгө келе алганда,

Жылат эле эртеңкиге коомубуз бачым.

Оппозиция да,

Өкмөт түзүлүштөрү да

Өз ээлеген ордун туура табып,

Өзүм баарын ээлейм, башкарам деген

Өлүп тарпы чыккан саясый каада-салт

Албайт эле бизди тузакка кайрадан.


Сахнадан кетет.


(Көшөгө ачылат).

Биринчи көрүнүш

Ала-Тоо аянты.


Сахнада Журналист менен Рухайым.


Журналист(колундагы газетасынын соңку номерин жайып):

Мына мындай жаздым акыркы макаламда. Окуп берейин (гезиттеги макалага үңүлүп окууга даярданып). Президент жана анын жакындары биздин гезитте жарыяланган макалаларды үзбөй окуп жатпайбы. Ошондуктан ага таасир бере алабыз деген оюм бар.

Рухайым: Арийне, сенин жазган макалаларыңды ал окуйт болушу керек. Сенин жазганыңды окуп урматтайт эмеспи. Баса, эмнеге кызматты сурабайсың? Ал кантип сенин талабыңды, ой-максатыңды билип койсун? Өзуң сурабадыңбы  демек, сага кызмат керек эмес экен деп түшүнөт да, башкалардын барысы жан талашып бийликке, жана кызматка илешебиз деп күндүр-түндүр чуркап жатса да.

Мына мындай жаздым акыркы макаламда. Окуп берейин (гезиттеги макалага үңүлүп окууга даярданып). Президент жана анын жакындары биздин гезитте жарыяланган макалаларды үзбөй окуп жатпайбы. Ошондуктан ага таасир бере алабыз деген оюм бар.

Рухайым: Арийне, сенин жазган макалаларыңды ал окуйт болушу керек. Сенин жазганыңды окуп урматтайт эмеспи. Баса, эмнеге кызматты сурабайсың? Ал кантип сенин талабыңды, ой-максатыңды билип койсун? Өзуң сурабадыңбы  демек, сага кызмат керек эмес экен деп түшүнөт да, башкалардын барысы жан талашып бийликке, жана кызматка илешебиз деп күндүр-түндүр чуркап жатса да.

Журналист: Кандай кызматты сурамак элем?

Рухайым: Сен эмне, түбөлүк журналист бойдон өтөт белең? Ажодон пресс-кызматынын жетекчилигин сурап же ал болбосо, өкмөт гезиттеринин биринин редакторлугун ал. Ал дагы колуңа тийбесе, чет өлкөлүк элчилигинин жетекчилине жет. Кубан Мамбеталиев, Рина Приживойт, Замира Сыдыкова ага-эжекелериңден эмнең кем? Мүмкүн болушунча баарын сурай бериш керек. Бири тийбесе бири тийет. Эл үчүн иштейм дейсиңби жүрөгүңдө, кызматтан көтөрүлгөн сайын мүмкүнчүлүгүң артат. А эгерде кызмат сурабасаң, сенин ордуңду татыксыз бирөө ээлеп, ишти бузуп аягында сен дагы күнөөлүү болосуң.

Журналист (ойлонгон таризде): Бир жолу сураган элем ажонун өзүнөн. Өкмөттүк гезиттин редакторлугун. Оппозициянын толкуну аябай күчөп бараткан чакта, Кыргызстан жарандык согуштун коркунучу астында калганда. Бирок ал максатым иш-жүзүнө ашпады. А сен эмнеге кызмат сурабайсың? Сени дагы ажобуз жакшы тааныйт эмеспи? Илгери эле президент боло электе, сага убадасын бербеди беле?

Рухайым: Ооба, берген. Мен ага сиз келечекте Кыргызстанды башкарасыз дегенимде, ошондо мени унутпайсызбы дегенимде, ал мага унутпаймын деген, эгерде чын эле президент болуп калсам, өзү эртең президент болоруна ишенбей, бирок мындай сөздөрүмө кубанып кеткен.

Журналист: Анда эмне үчүн сага жакшы өкмөттүк кызматты бербей жатат? Деги, сен өзүң анын кенешчилерине, өзүнө кайрылгансыңбы?

Рухайым: Кайрылгам, каттарды да жөнөткөм, аны менен жолугушууга да аракеттенгем.

Журналист: Ии, натыйжасы кандай болду?

Рухайым: Кабыл албай жатат. Жакындары менен байланышып турса да, анын мен туралуу ою жакшы болсо да, жакшы кызматты бизге окшогон адамдарга берүүдөн, негедир, тартынып турат, ишенбей жатат.

Журналист: Себеби, тегерегине суу куйду, кошоматчылар толуп алган

Рухайым: Кана, эмесе, эмнени жаздың кезектеги саясий макалаңда?

Журналист: Мен сага бир эле үзүндүнү окуп берейин, калганын өзүң түшүнөсүң.

Анда эмесе, көнүлүңдү бур  (колундагы гезитке көз салып)

«Так Манты жеп эле, кокус, президент болуп калды деген оппозициянын өрдөгүн, наалатын жана каргышын кантип жоготсо болот? Элге берген убадаларды аткаруу зарыл, ошондо эч кандай оппозициянын жаман сөзү жукпайт, келечекке таасир бербейт, Кыргызстанды адилет башкарып турсаңыз эле болду. Саясий жана экономикалык реформаларды кечиктирбей аткарыш керек».


Дал ушул мөөнөттө экран жагылып, Кыргызстандын президентинин фотосүрөтү пайда болот.


Кыргызстандын президенти(Үнү):

Албетте, аткарабыз. Жакшы адамдарды, мыкты адисттерди жакшы жооптуу кызматтарга алабыз. Тууганчылык, жердешчилик дегенди, үй-бүлөлүк башкарууну, трайбализм, регионализм дегендерди бийликтин бир дагы бутагына жана бучкагына жолоттурбайбыз. Ант беремин аны үчүн!

Экранда президенттин карааны кайрадан Ала-Тоо аянтынын сүрөтү менен алмашат.

Экинчи көрүнүш

Сахнага Даанышман менен Куудул чыгышат.


Даанышман кранга кайрылып):

Элдин талабы, революциянын негизги талаптары сөссүз түрдө аткарылышы керек.

Залга кайрылып.

Дагы бир жолу аны Ак-Үйгө кат жазып эскертип коеюн. (Экранга кайрылып). Эң негизги талап  биздин эл өзү бийликке ээ болгусу келип жатат, сизге терең ишенип, урматтуу президент.


Экранда кайрадан президенттин көрүнүшү пайда болот.


Президент(Үнү):

Бийлик калыс, чынчыл, таза жана акыйкат болсо  элдин бийлиги деген ошо. Бийлик элге кызмат кылыш керек эл бийликке кызмат кылбай.

Куудул:

Ии, байым, баардыгы эле башында, такка чыгаары менен, ушундай бал сөздөрдөн баштайт, балекеттин бары кийин өзүнөн өзү эле мен билем деген балээден чубалжып чыгып, бүт өлкөнү селдей каптап, муунтуп ишти бузуп баарын саңырсытат.

Назад Дальше