Ии, байым, баардыгы эле башында, такка чыгаары менен, ушундай бал сөздөрдөн баштайт, балекеттин бары кийин өзүнөн өзү эле мен билем деген балээден чубалжып чыгып, бүт өлкөнү селдей каптап, муунтуп ишти бузуп баарын саңырсытат.
Ал эми бийлик качан элге кызмат кылат деген суроо кайрадан бул турмуштан буйт качып, философиялык мааниге ээ болуп, килтейген китептерде гана абстрактуу идея катары жашап калат, жөн эле ооз көптүрмө сөзгө айланат.
Залга кайрылып.
Чын эле, агалар жана инилер, эжелер жана карындаштар, жалпы кыргызым айткылачы, кагылайындар, бийлик качан, кайсы мезгилде жана кандай шарттарда элге чынчыл болуп, дитин коюп кызмат кыла баштайт?
Экрандан кайрадан президенттин түспөлү пайда болот.
Президент: Эгерде бийлик суудай таза болсо, элге кайрымдуу, күйүмдүү болгондо гана элге кызмат кыла алат.
Экранда сүрөтү Ала-Тоонун сүрөтүнө алмашат.
Куудул: Ооба, ажом, суудай таза, айдай ачык болсо. Кептин бары кайдан айданбы же марстанбы андай суудай таза бийликти издеп таба алабыз?!
Рухайым: Эгерде бийлик асмандын талабына жана элдин ой-максатына дайым кулак төшөп жүргөн болсо, анда ал элге кызмат кыла баштайт.