Адамдын Асыл ойлору - Кадыр Абакиров 11 стр.


* * *

Түнкү жолочу чыракты көрдү, ал ошол жерге барып түнөйт.

Жетим бала күндүзү үйдөн куулуп чыкты, ага күйгөн чырак жок кайда барып түнөйт?


* * *

Бийлик турат, бийликтин артында байлык турат, жардылык турат, анын артында жоксуздук турат.


* * *

Амалдуу адамдын көп амалы болот. Анын баарын ишке ашырам деп, карып кетет. Жакшы адамдын бир эле амалы болот. Көп амал ишке ашкыча бир амал тез эле ишке ашып кетет.


* * *


Көп адам окуган китеп, бактылуу чыгарма. Бир да адам окубаган китеп, армандуу чыгарма.


* * *

Акмактын бир сөзү узун роман, куудулдун бир сөзү адамды күлкүгө бологон кыска юмор.


* * *

Улуу кишиге салам айтып өт, көңүлүн эргүү каптасын, ажал алдындагы адамга жакшы сөз айтып өт, көңүлү дагы сенден калбасын.


* * *

Суу акпай калган арыкты көрдүк, балалуу болбой калган эрди-катынды көрдүк, ыр жазып жүрүп акын болбой калган адамды көрдүк.

* * *

Бир жерде жалгыз жетекчи эл үчүн иштеп жатат. Башка бир жерде эл жалгыз жетекчи үчүн иштеп жатат. Бирок турмуш билинбей эле өтүп жатат.


* * *

Чыныгы сүйүүнүн арасында кырк насыят жатат. Аны табыщмагын сүйүшкөндөр гана жандырып жатат.


* * *

Сүйүү бул эки жашты жолугууга чакырып туруп алат. Анын эң жакшы жагы ошол. Анан алар түбөлүккө ажыраша албай калат. Негизги байлык ошол.


* * *

Сүйүү жүрөктө жаралып анан турмушка аралашат. Ал жашоодо кандай ишке ашат, ал эки жаштын келечеги.


* * *

Сүйүү бул табышмактуу нерсе, анын баардык сыры ошондо жатат, Анын табышмагын эки жаш чечет жана жандырат.


* * *

Сүйүүнү үшүйт, ыйлайт, кайгырат, кубанат десе болот. Аны кайгыртып, кубанткан айланасындагы адамдар жана өздөрү жашап жаткан коом десек болот.


* * *

Бир кишинин муңдуу үнү бүт дүйнөнү солкулдатат. Демек анын жүрөгүндө бүт дүйнөнү солкулдата турган кайгы болгон.


Сүйүүдө кечиримдүү жана кечиримсиз нерселер болот. Кечиримсиз нерсени жасоо ал чыккынчылык. Ал арманга айланат жана жүрөктү жаралайт.


* * *

Сүйүүдө бейадеп жагымсыз нерсени жасоо жаман. Ал көңүлгө кир калтырып кетпей жатканы арман.


* * *

Өзүн күчкө салып күлгөн кишиде биз билбеген бир чоң амал жашап жатат. Ал амалды сырын өзү гана түшүнөт, Анын сырын бизге такыр айтпайт.


* * *

Бир нерсесин жоготкон адам кайсалап, таппай тим болот.

Ал эми жан жолдошун жоготкон адам эмне болот? Кантип табат?


* * *

Тарых улуу сабак, ар бир адам ошол улуу сабактан үлгү алса өсүш болот. Анын баары келечегине сабак.


* * *

Адамда эки иш бар: күнүмдүк жана түбөлүктүү. Күнүмдүк нерсенин жарыгы бир күндү жаркытат, түбөлүктүү нерсенин жарыгы кылымдарды жаркытат.


* * *

Чыныгы тарбия үйдөн башталат дешет. Армандуу жери үйдөн башталбаган тескери тарбия түрмөдөн башталат дешет.


* * *

Эс алууга чыккандардын эки түрү болот: эмгектенди, эми жакшы эс алсын. Тагдырда түбөлүк эс алгандар болот. Аларга акчанын да, тамактын да, каражаттын да кереги жок. Аларды анда-мында эскерип куран окуп коюш керек. Бирок такыр унутуп салганыбыз жакшы болбойт.


* * *

Жаандан коргонуп турган кушту уясы жок деп айтпагыла! Кайыр сурап жүргөн пендени түбөлүк ушинтип калат деп да айтпагыла!


* * *

Тигил адамдын каякка баратканын сурабагыла! Анын силерге кереги жок. Бул адамдын да каяктан келатканын да сурабагыла! Анын да силерге кереги жок. Дүйнөдө силерге керектүү жана керексиз адамдар болот. Керектүү адамдар менен өзүңөр эле жолугасыңар. Кереги жок адамдар менен жолукпайсыңар. Тагдыр ошол.


* * *

Куштун доору учушта, балдардын доору балалыкта. Ар бир курактын өз доору болот.Өмүр ошонусу менен тандамал жана кызык.


* * *

Адамзаттын ар бир күнү жаңылык. Жаңылык болбосо өсүш жок. Өсүш жокто турмуш жылбай токтойт.


* * *

Наристеде жек көрүү, ач көздүк, көрө албастык жана башка жаман сезимдер жок. Ошондуктан аларда тазалыктын булагы сызылып агып турат.

* * *

Тамаша өз жолу менен кетти, чындык өз жолу менен кетти.


* * *

Турмуш чоң сабак. Түрмө да унутулгус сабак. Ал жерде уруп, согуу турмуштун башкача тарбиясы башталат. Адамар үчүн ал да сабак.

* * *

Ит үрсө, конок келатат деп айтпа! Кубаныч кичине эле жылмайса бакыт келди деп да айтпа!


* * *

Жакырчылык келгенде досторуң таштап кетээрин унутпа! Карылык келгенде кайрат-күчүңүн кетээрин да унутпа!


* * *

Күн кыска, түн узун, өмүр кыска, өлгөн жанга түбөлүктүү уйку узун.


* * *

Аз өмүрдү элге берип кетелик. Өмүрдүн кыскалыгын биле кетелик.


* * *

Нике кагаз баш кошуу жөнүндөгү келишим, а сүйүү жүрөктүн иши. Баш кошуу кубанычы да жүрүп-жүрүп отуруп сүйүүгө баш ийет.


* * *

Чыныгы жашоонун ичинде өчпөй турган махабат жатса, анда чыныгы турмуштун өлбөстүгү ошол.


* * *

Сүйүү бул уч кыйырсыз мейкиндик аны кудай жараткан. Кудай жараткан нерсе, баардык кезде ыйык жана өлбөс кымбат болот.

* * *

Сүйгөндүн сүйгөнүнө жазган каты жүрөктүн даңазасын алып бара жаткан ыйык куш.


* * *

Жаман иштерге азгырылып жүрөгүңө булганыч нерсени киргизе көрбө! Анда сүйүү өлөт. Өлгөн сүйүүнү тирилтүү тозок.


* * *

Бардык балыкчылар көлдөн алтын балык кармайын деп келишет. Бирок эч бир балыкчы алтын балык кармаган эмес. Аны жомокто жана кыялында гана кармаган. Бирок адам кыялы менен чыныгы турмушка аттанып, алтын балык кармаганын билем.


* * *

Карыя бир кезекте тоого катып койгон алтынын эстеди. Карыя тоого бара албайт. Барган менен ала албайт. Карыянын алтыны балалык. Аны мезгил бекем жерге жашырып койгон.


* * *

Адамдын өмүрү эки нерседен турат: Өткөнү жана келечеги. Өткөн ишти оңдоого болбойт. Бирок андан сабак алып, келечекти оңдосо болот.

* * *

Жакшы нерсенин жарыгы эмгек деп айтсак болот. Улуу ачылыштын жарыгы изденүү деп айтсак болот. Элге жарыгы тийбеген жетекчини эмне деп айтсак болот?


* * *

Мезгил өтүп заман оңолсо, жакырчылыктын күнү бүтчү кези болот. Анан эл ынтымакта эмгектенип, бакытка бурулчу күн болот.


* * *

Улар улуу тоого учат, ак куу көлгө учат, жылан кургактыкка умтулат. Жашоо оор болуп заман бузулганы турат, мындай кезде жакырчылык кимге умтулат?


* * *

Бай жакырдан карызын алайын деп келиптир. Эзелки оору карыяны ээрчитип кетейин деп келиптир.


* * *

Жумуртка куш болуп учуп кетпейт, тапталбаган өнөр талант болуп учуп кетпейт.


* * *

Карыяны сыйлап салам берип келген муңайымдуу кишинин өзү жакшы, өзүнөн да, сөзү жакшы.


* * *

Сапар бараткан эки жолочу бири-бирине мээримин төгүп, пенделиктен каниет албаса, алар катар бараткан жолочу деп эсептелбейт.


* * *

Эл оңолот. Жакырчылык да жоголот. Жакырчылыктан коркпо! Эл башына аялынын тилин алган, жеп-ичээр убалдан коркпогон пенде келет дейт. Ошондон корк!


* * *

Бирөөнөн алайын дебе, берейин де, анын да сага жообу болот. Кайырчыдан алайын дебе, берейин де, анын да сага сообу болот.

* * *

Мышык мыёолойт, ит үрөт, карга каркылдайт. Паракор бирөөнүн эмгегин жалмайт, ууру уурдайт, баатыр эрдик жаратат. Демек баары өз ишин жасайт

* * *

Байыркы учкул сөздөр биздин ушул күнгө да керек, анткени алар ушул күндө да маанисин жогото элек. Демек, байыртадан бери элибиздин эне тили,сөзү унутулуп кала элек.


* * *

Бийик чоку бийиктиги менен баардык заманда бийик.


Баатырлар баардык заманда жасаган баатырдыгы менен бийик.


* * *

Бир учкул сөздү бир кой менен салыштырба, кой болгону бир байдын байлыгы, учкул сөз жалпы элдин байлыгы.


* * *

Тутам гүл туулган жериңин баардык гүлүнүн элесин бербейт, болгону анча-мынча жытын гана элестетет.


* * *

Бир үй-бүлөгө жакырчылык келсе, бүткүл элди жакырчылык басты деп айтпа! Бир үй бүлөнүн жакырчылыгын эл оңдоп алат. Ал эми бүткүл элдин жакырчылыгын кантип оңдой алат?


* * *

Бир кишинин жок болгону бир үй бүлөнүн кайгысы болду, Элди башкарган азаматтын жок болушу бүткүл жумурай журттун кайгысы болду. Бирок экөө тең эле кайгы болду.

* * *

Байдан жардам сурадым эле, ал мага эчтеке бербеди. Андан байлыкты эмес жардылыкты алдым. Жардыдан жардам сурадым эле, ал мага жардам берди. Андан жардамды да аны менен кошо байлыкты да алдым.


* * *

Картайганда айды карасам, ай мен сыяктуу өмүр жашы өтүп, картайып армандуу болгондой көрүндү.

Назад Дальше