* * *
Кыраан куштун өлгөнүн көрүп аядым. Кыраандык өлгөн жок, ал эч убакта өлбөйт.
* * *
Бүгүнкү күн кечөөгүнкү күндөн башталса, кечөөгүңкү күн андан аркы күндөн башталган.
* * *
Эмгектин артында талант жатат, таланттын артында өлбөстүк жатат, өлбөстүктүн артында улуулук жатат.
* * *
Ар бир адам бактылуу болсом деп дүйнөгө төрөлөт. Ал эми ар кандай бактысыздыкка учурашы ал тагдыр.
* * *
Өткөн өмүр-аяныч, келээр өмүр-кубаныч.
* * *
Кек сактаган сүйүү, сүйүү деле эмес. Андай жерде жашоо өч алууга бараткан болот.
* * *
Улгайган адамдарда сүйүү жок деп эч ким айткан эмес. Тескерисинче алар бактылуу жашап, сүйүүнүн өлбөстүгүн көрсөтүп жатат.
* * *
Желмогуз жеп ичкич жетекчилер элдик сүйүүнү кыйраткандар. Алар жаштарды кор турмушка алып келип, сүйүүнүн анык душманы болгон желмогуз тирандар.
* * *
Коом канчалык жакшы болсо, сүйүү да бактылуу болот.
Андай жерде жаштардын самаган нерсеси сөзсүз жакшылыкка барып, келечеги ишке ашат.
* * *
Бардан жок нерсе жасалбайт, жоктон бар нерсе жаралбайт, бар деген кубулуш бар бойдон кала берет
* * *
Суу агат. Адам өмүрү дагы агат? Экөө жарышып кайда баратат? Эмнеге жарышка ашыгат? Адам өмүрү каякка шашылат? Баардыгы табышмак.
* * *
Чыныгы сүйүү дайыма окулуучу повесть. Анда биз биле элек сонун сырлуу лирикалуу дүйнө жашайт.
* * *
Окшош сүйүү болушу мүмкүн, окшош тагдырдын да болушу мүмкүн. Демек турмушта окшош окуялар боло берет. Ансыз турмуш алга кантип агылат.
* * *
Ата камкор эмгекчил үйдүн ээси, аял камкор эне очоктун ээси. Андай адамдар болгон жерде сүйүү бактылуу болот. Очоктун айланасында балдардын үнү чыгып бактылуу жашоо уланат.
* * *
Жакшы таанышпай туруп, үйлөнгөндөрдүн арасында бактылуу сүйүү болгонун билем. Аябай таанышып жүрүп, үйлөнгөндөрдүн арасында бактысыз жашоо болгонун да билем.
* * *
Оорулуу акын жакшы ыр жазып, эли үчүн артына аманат ырын калтырды. Ошол аманат калтырган акынды эч убакта эли унутпасын! Өзүн унутса да, ырын унутпасын!
* * *
Эски муун кетип, анын ордуна жаңы муун келгенин билдик. Бул жашоонун өлбөстүгү экенин билдик. Эски ырлардын ордуна жаңы ырлар пайда болду. Бири кетсе, экинчиси келгенин билдик.
* * *
Кудай мурун жаралганбы, же чындык мурун жаралганбы? Менимче экөө бир жаралган. Анткени кудай жаралганда эле анын жүрөгүнө чындык кошо жаралган. Жаратканым ааламга чындыкты чачып турат.
* * *
Жалгыз кой бир короо койдун санын бербейт. Бирок, бир короо кой бир койдон куралаарын унутпаш керек.
* * *
Жалгыз баатыр падышанын бүт аскеринин санын бербейт, бирок жалгыз баатыр бүт аскерди артынан ээрчите алат.
* * *
Жакшы нерсенин жарыгы эмгек деп айтсак болот.
Улуу ачылыштын жарыгы изденүү менен ойлонуу деп айтсак дагы болот.
* * *
Турмуштан түрмөгө чейинки кашка жол. Ортосунда чоң сабак, чоң кайгылуу көрүнүш көрүнүп жаткан жол.
* * *
Жашоодо жардылыкты жойсо болот, анын жанында рухий жардылыкты жоюш бир топ кыйын.
* * *
Комиссия келип, кетип калган. Турмушубуз мурункудай эле эски бойдон өзгөрүүсүз калган. Мындай көрүнүшкө өкмөт да, эл да көнүп калган. Кыскасы комиссия такыр эле жок нерсе экенин билинип калган.
* * *
Жаман уул атасынын байлыгын чачып ийип жардыланат. Кээ бири өзүнүн талантын чачып ийип жардыланат. Кээ бир эл өзүнүн рухун чачып жардыланат.
* * *
Улуу чыгарма күн менен кошо төрөлөт. Аны менен өл-
бөстүк кошо төрөлөт.
* * *
Өмүр бою соодада жүргөн адам «бардык байлык акчада» деп ойлонот. Булар дүйнөдө: «Рухий байлык болгон эмес, баардыгын акча чечет», деп да ойлонот.
* * *
Өткөргөн турмушубуз өзүнчө сабак, ал эми келечегибиз анын жыйындысы.
* * *
Жакшы үгүт жакшы саясатты жаратат. Үгүт менен саясат бирге жүруп элге жакшылыкты жаратат.
***
Эмне үчүн эл Султан Ибраимовду кайра-кайра эскерип, адамдар өзүнө жакын кылып алган. Анткени ал эл үчүн иштеп, эл үчүн жашаган адам. Ошол үчүн адамдар жакшы жетекчини өзүнө жакын жана дос кылып алган. Адамдар аны оор кезде эстеп, анын эрдигине, элесине бел байлайт.
* * *
Кээ бир обондуу ырды бир эле кайрыгы аны бийик тепкичке чыгарып таштайт. Жашоонун өлбөс элеси бир кайрыктан башталат.
* * *
Сүйүүдөн көңүлү калган адам, турмуштан көңүлү калган. Көңүлдү көтөрүш үчүн ага көп нерселер керек болот.
* * *
Бир туугандар кысталыш кезде бири-бирине жардамга келбесе, алар тааныш бирок такыр чоочун адамдар.
* * *
Махабат эки адамдын иши, баш кошуу андан кийинки нерсе.
* * *
Жашоодо эски менен жаңы бар. Сүйүү эч убакта эскирбейт, ал дайыма жаңыга айланып турмагы бар. Ошол үчүн анын түбөлүктүүлүгү дагы бар. Бирок сүйүүнү эки адам баардык убакта жаңыртып турушу керек. Ошондо ал нагыз жана түбөлүктүү сүйүүгө айланат.
* * *
Таалайлуулардын арасында сөзсүз сүйүү болот. Антпесе анын өмүрү кантип гүлдөй алат
* * *
Сүйүүнүн сырын сүйүшкөндөр түшүнөт. Сүйүү менен жашап жаткандар бактылуу жашап жаткандар. Ал өзүнчө биз окуй элек биз билбеген ыйык поэма. Андай поэманы жаратыш үчүн бактылуу жашоо керек.
* * *
Улам жашыбыз өйдөлөгөн сайын, теңтуштарыбыз, досторубуз, суюлган сайын адам пендесине келчү жалгыздыкты сезе баштадык. Ошону менен бирге өткөн өмүрүбүздү көп ойлоно баштадык.
* * *
Улуу ачылышты бир эле адам жаратат бирок, аны менен жалпы эл сыймыктанат.
* * *
Адашам деген адамга ар кандай шылтоо -шыноо көптөгөн ийри жолдор табыла берет.
* * *
Генийлик чыгармачылыкка, соодалашуу менен бир да бай адам, жете алган эмес. Алар байлыгы менен жеткен күндө да Шекспир же Данте, Руставели болуп кеткен эмес.
* * *
Эки-үч жолу жаңылганың, кийинки жаңылбооңо сабак болот.
* * *
Учкул кыялың көңүлдөгү жакшы нерселерге жол табууга аракет кылат.
* * *
Төрт мезгил ээрчишип, биринин артынан бири кайрылып кайра келет. Бир гана өкүнүчкө салып өмүрүбүз кайда кетти?
* * *
Чыныгы чыгармачылык эч бир заманда эскирбейт.
Анын чындык, өлбөс заты ошондо.
* * *
Ар бир үй-бүлө кичинекей жазылбаган роман. Үй-бү-лөнүн мүчөсү романдын каармандары. Алар романдагы окуяны түзүп аралашып жүрүп отурат.
* * *
Көз көрөт, көз көрбөгөндү, көңүл көрөт деген такилип бар.
* * *
Бийик жана жапыз тоолор бар. Бийик тоолор, жапыз тоолордуэч убакта жапызсың деп, айткан эмес. Улуу жана, майда адамдар бар. Улуу адамдар майда адамдарды эч убакта майдасың деп да айткан эмес.
* * *
Түн узарып, күн кыскарып баратат, муну да билдим, Өмүр кыскарып, карылык жакындап келатат муну да билдим.
* * *
Ай жок жерде, түн жалгыз, кемпири жок чал жалгыз, кеңеш айтары жок жол жүрүп келе жаткан кашка жолдо жолоочу жалгыз.
* * *
Биринчи жолочу жакын жерге барып, кайтып келди, экинчи жолочу жол жарымына барып, кайтып келди, үчүнчү жолочу жол аягына чыгып өмүрүн жакшы өтөп келди.
* * *
Балага балалыгы кызык, жаштарга жаштыгы кызык, улгайган адамга баардыгы кызык.
* * *
Бир оору кыйнап келет, кандай кылам? Өмүрдүн көбү өтүп, азы калды, кандай кылам? Күз өтүп, өмүрүмө кыш келатат кандай кылам?
* * *
Бир койду жоготкондон беш койду жоготкон оорураак, жаңы достодон эски досту сагынган оорураак. Өмүрдө эч нерсе кылбай, бекер өткөн, жылдарды эстеген оорураак.
* * *
Оор күндөргө кайрат таяныч, капага кубаныч-таяныч, астыңкы күндөргө үмүт таяныч.
* * *
Кышында түн узун, күн кыска. Досуң менен коштошуп жатканда жол кыска, мезгил узак, а өмүр эмнеге кыска?
* * *
Улуу адамдын өзүн сыйлабасак да, улуулугун сыйлоого туура келет. Таланттуу адамдын өзүн сыйлабасак да, талантын сыйлоого туура келет.
* * *
Түнкү жарык күндүзгү жарыктан күчтүүрөөк. Анткени ар бир жанган жарык караңгыда даана көзгө көрүнөт. Күндүзгү айааламды жарык кылып, күн турат. Жанган жарыктар анын далдаасында калат. Ошондой эле кээ бир майда таланттар чоң таланттын далдаасында көрүнбөй калат.
* * *
Түнкү жолочу чыракты көрдү, ал ошол жерге барып түнөйт.
Жетим бала күндүзү үйдөн куулуп чыкты, ага күйгөн чырак жок кайда барып түнөйт?
* * *
Бийлик турат, бийликтин артында байлык турат, жардылык турат, анын артында жоксуздук турат.