өсүп келаткан гүлзардагы касиеттүү гүл ал өлкөнүн келечеги.
* * *
Алыстагы жылдыздарды жерден көрөбүз. Дыйкандын түшүмүн күзүндө көрөбүз. Чыныгы таланттын бар, же жок экенин жазгандарынан көрөбүз. Өзүбүздүн жүзүбүздү элге сиңирген эмгегибизден көрөбүз.
* * *
Такыр байлык болбогон элде, жардылык бар. Жарды жашаган элде уурулук, бири-бирин алдоо жана башка жаман көрүнүштөр бар.
* * *
Үч киши чогулуп алып сүйлөшүп жаттык. Бирок үчөөбүздүн мамилебиз келише алган жок. Ошондон кийин үчөөбүз үч башка жолду тандаган адамдар экенибизди түшүндүк.
* * *
Адам бакытты да, кайгыны да өзү жаратат. Демек, адам өз тагдырын өзү жаратат.
* * *
Таланттын табышмактуу сыры анын ички кереметинде жатат.
* * *
Ата-бабанын тарыхы улам алыстаган сайын алардын жашоосу бизге мунарык жана күүгүм тарта берет.
* * *
Манас ыры элибиздин генийлигинен жаралган. Аны жараткан эл бактылуу деп, башка элдин адамдары шыпшына кубанышат.
* * *
Жаштык өлүмдөн да, коркунучтан да, баарынан корккон эмес. Ошол үчүн ал кайраттуу, ошол үчүн ал жаштык.
* * *
Карылык болгон жерде сый болсун, жаштык болгон жерде эмгек болсун, карылык жана жаштык болгон жерде бакыт баары болсун.
* * *
Өлгөн адамдан жалгыз туяк калды.
Түнкү толкундан көл жээгинде из калды.
Күн сапарга кетип, жер үстүндө түн калды.
* * *
Бай жалгыз козусу жоголгондо, «Байлыгымдын чети оюлду»-дейт. Жарды жалгыз эчкилүү болгондо, «Байыдым» дейт, бака кенедей сазы кургап калса, «Бүт дүйнө кургап калды» дейт.
* * *
Жакшы, жаманга тең келбейт, сынык бүтүнгө тең келбейт, бар, жокко тең келбейт.
* * *
Көл жээгине келдим. Көл да тынч. Түндө көлдөн тынчтыкты таптым. Көл үстүнөн айды анын шооласын да кошо таптым.
* * *
Акылман да, акмактар да чогуу жашайт. Акмактар акылмандан көп нерсени алса болот. Ал эми акылман акмактан эмнени алса болот?
* * *
Сенин жүрөгүңдү кайгы каптаса, асмандагы ай да, кайгылуудай сезилет. Жеке эле ай эмес, мобереги айлуу түн да, убайымдуу сезилет.
* * *
Кыргыздын көчмөн турмушунда Жараткан улуу орунду ээлеген. Жараткан алардын жан дүйнөсүнүн ыры эле. Жараткан -бийиктик Теңир эле. Журтубузду ошол байыртан бери кемитпей сактап келген эле.
* * *
Чындыктын да өз жолу бар. Калптын да өз оорду бар. Акыйкаттын да, өз турагы бар. Мен анын кайсынысын тандайм. Демек, менин да өз жолум бар.
* * *
Улуу бейпилдик адамдын ыйык досу. Адамдар улуу бейпилдикти сактап келген.Пейпилдик адамдарды сактаган.
* * *
Улуу рухубуздан ажырабасак экен. Ажырасак биз менен рухтун ортосунда аралык алыс болуп, анда төбөсү ачык көктү, төшү түктүү жер энени да, а түгүл өзүбүздүн ким экенибизди да, көрө албай калабыз.
* * *
Жалгыздын берген жардамын эсимен чыгарбадым, жалгыз досумун акыркы осуятын эстен чыгарбадым, жалгыз жашап жаткан карынын армандуу ырын ойдон чыгарбадым.
* * *
Эненин сөзүн укпаган кыз жаман, жалгыз жолоочуга боройлоп соккон борошо жаман, өзүн өлүмгө кыямын деген адамга бул жашоонун баары жаман.
* * *
Байтак кара жолдун өзү жалгыз, анда кетип бараткан жолочу жалгыз. Асманда тийип турган күн жалгыз, Бобереги айланада турган күздүн өзү жалгыз.
* * *
Жалкоо адамга түн да узак, күндүн өтмөгү да узак, өмүрдүн өтмөгү андан бетер узак.
* * *
Акылмандын ар бир сөзү улуу жашоонун өлбөстүгүн даңазалайт. Өлбөстүк кылымдын ырын даңазалайт.
* * *
Тынымсыз эмгек менен өткөн өмүр бир сонун килемди токуп жаткан сыяктанат. Килем жашоонун өлбөс ыры сыяктанат.
* * *
Адамдарга керектүү Улуу ачылыш жаралган күнү, жер бетинде адам пендеси бар экен деп кудай сүйүнгөн.
* * *
Накта токтоолук сабырдуулуктан башталат. Ошол үчүн кээ бир адамдарды сабырдуу сапатка жеткириш кыйын болуп жатпайбы.
* * *
Комузумдун эмне үчүн үч кылы бар, бир кылы төбөсү ачык Жараткан. Бир кылы өзү жашаган очогу Ала-Тоосу төшү түктүү жер экен. Бир кылы комузчу өзү, кыргыз журту үчүн үч кыл үч жолоочу.
* * *
Көңүлү көктү карап эргигендик Манас эпосун жаратканга Кудайымдын өзү да, жардам берген өңдөнөт.
* * *
Жараткан Көкө Теңирди карап турсам мендеги сыр туюму көөлгүп, бийиктикке сиңип, кайра чыгып жатты. Аяктан кандай ойлорду, кандай сырларды ошол жактан таап, келип жаттым экен.
* * *
Манас ыры булуттуу Ала-Тоодо жана муңдуу чөптүн үстү, жер эненин ортосунда, адам оюу, анын ченемсиз акылы, адамдын генийлиги касиеттүү Манас ырын, кыргыз эли жараткан.
* * *
Кыргыздар төбөсү ачык көктүн астында, төшү түктүү жердин үстүндө, көптөгөн эпосторду жаратты. Алар бул элдин акылмандуулугу, өлбөстүгү жана түбөлүктүүлүк даңазасы жана аныктамасы.
* * *
Береги кан жолдон өзүнчө бир тарыхты көргөм, кан жолду карап, атчан өткөн ата-бабамын элесин көргөм. Алар жөнүндө жүрөгүмөн ыр жаралганын көргөм.
* * *
Бакыт да, таалай да, эмгек да түбөлүктүү жана түбөлүк-түүлүктүн аягы түбөлүктүүлүк.
* * *
Жаштык күндөгү жагымдуу учурду эскерүү бир чоң таалай өмүрдө жакшы мезгилдин өткөнү чоң майрам
* * *
Өткөн күндөрүбүз окуп бүткөн аңгеме, келээр күндөрүбүз окуйлу деген чыгарма.. Андагы катышкан каарман биз тааныган айланабыздагы эл.
* * *
Адамдын кайгылуу өткөн күндөрү трагедиялуу чыгарма. Ал
трагедиялуу чыгарманы окубай эле койгон жакшы. Анда өткөөдөгү кайгы муң эске түшөт.
* * *
Адамдардын мүнөзү бири-бирине окшош болушу мүмкүн. Ал эми таланттар бири-бирине куюп койгондой окшош болбойт. Окшош болсо бири-бирине туурап жазган чыгарма болот.
* * *
Согуш болгон жерде кузгун куркулдап, карга каркылдап турду. Аны көрүп жарадар адамдардын үрөйү учуп турду.
* * *
Кээ бир үй-бүлөдө атасы да аракеч, энеси да аракеч, балдары да аракеч. Ал үйдө аракечтердин армандуу үнү чыгып, таза адамдар табылбай турду.
* * *
Бир кедейдин жардылык азабы, миң кедейдин муңу.
* * *
Турмуш ачуу да, таттуу да. Ошонусу менен жашоо бизге ынанымдуу жана кызыктуу.
* * *
Оң колум айтты:
Карыдыкпы карыя?
Сол колум айтты:
Кайрат качты, калчылдап калдык.
Ага буттарым жооп берди:
Бир кезекте жаш элек, солкулдап турган дене элек, калчылдап баса албай калдык.
Мен айттым:
Ооба ынактарым бир кезекте жаш элек, эми баарыбыз карыдык ,-деп каңырыгым түтөдү.
* * *
Кайгынын атасы да, энеси да жок. Эгер ата-энеси болсо:
Кой уулум бирөөгө барып, аны капалантпа демек.
* * *
Акыл, үмүт, кайрат үчөөнүн жолу бир. Бир жерден чыгып, бир тарапка кетип баратат.
* * *
Өсө турган эл: «Ким элек, ким болдук?» деп, падышасы да, ар бир жөнөкөй адамы да ушул суроого жооп берип жүрүп отурат.
* * *
«Мен учкул сөз жазып жатам. Ачылыш жасаган жокмун, болгону элден алып, кайра элге таратып жатам»-деп улуу ойчул айткан. . Мен деле адамдарга ушул сөздү айтам..
* * *
Ата-бабамын атчан өткөн тарыхын кармайын дейм, кармай албай жатам. Байыркы бабалардын тарыхынын баяны
каякка сиңип кеткенин билбей жана таппай адашып жатам.
* * *
Байыркы бабалардын ташка тарткан сүрөтүндө адамдын башы Жаратканга тийип турса, эки буту түбү түктүү жерди басып турат. Бул элин коргогон улуу баатырдын элеси.
* * *
Жараткандын улуулугу анын кол жеткис бийиктигинде турат. Таланттуу адамдын бийиктиги анын да кол жеткис эмгегинде турат. Демек, Жаратканым да, талант да кол жеткис бийиктикте турат. Муну биз Ч. Айтматовдун, С. Каралаевдин, С. Орозбаковдун жана башка Манасчылардын чыгармачылыгына карата айтсак туура болгон турат.
* * *
Кудай барбы, же жокпу, деп кабатыр болбо! Кудай бар ал сенин жүрөгүңө жакшылыкты, ток пейилдикти, баарын чачып турат. Демек, ал бар. Кайсы жерде кубаныч бакыт болсо, ошол жерде кудай болот. Кудай болгон жерде бардык иш оңунда болот. Анткени анын кудурети улуу.
* * *
«Руху жок адам өзүнөн-өзү эле майдаланып жатат» деп осуят китептерде жазылган. «Майда бараттык жан дүйнөнүн жардылыгына алып келет» деп да жазылган.
* * *
Көрүстөндөгүлөр: «Көр казалы», дешет.
Адамдар:
«Сөөктү жерге коёлу», дешет.
Жакындары: «Маркум менен акыркы жолу коштошолу», деп кайгырып жаштарын төгүшөт.
*
* *
«Эң эле негизги нерсе экөөбүздүн жашообуз. Андан кийинки нерсе ошол жашоону турмушка ашырганыбыз»-дейт баш кошкондор.