«Эң эле негизги нерсе экөөбүздүн жашообуз. Андан кийинки нерсе ошол жашоону турмушка ашырганыбыз»-дейт баш кошкондор.
* * *
Унутулган ыр өткөн кубанычты эске салат. Өткөн кубаыч кайта келбей калган күндөрдү эске салат.
* * *
Өткөн күндөрүбүз канчалык кубанычтуу болсо, өмүрүбүздөн ошончолук жакшы өчпөс элес калган.
* * *
Эч нерсени бүткөрбөй өтүп бараткан адам өкүнүчтүү адам. Түбөлүк жакырчылыкты көрүп келген адам жокчулукту оозанган адам. Бир адамга жарыгы тийбей кеткен адам жок адам.
* * *
Өлкөнү бийлеп турган эл башчы элине трагедиялуу тагдырды жаратса, анын өмүрү да трагедиялуу тагдырга кабылат.
* * *
Жолдун аягына чыгып, кубанып кеткен адам таалайлуу.
Эмгеги тирүүсүндө атак-даңкка жеткен адам таалайлуу.
Баласынын ийгилигин көрүп өткөн адам таалайлуу.
* * *
Эмгекчил адамда бир эле сыр бар, муну да билем. Жалкоо адамда дагы бир сыр бар аны да билем. Ошол бир эле сырда ар түркүн ойлор жашынып жатканын да билем.
* * *
Элге кызмат кылган таалайлуу өмүрдөн бир сонун ачылыштар башбакты. Кылымга үлгү боло турган окуялар башбакты.
* * *
Сыртта шамал болуп турат. Адамдар терезеден сыртты карап турат. Алардын жан дүйнөсүндө, сырттагы шамал уңулдап согуп турат.
* * *
Көптөн бери жөлөгү жок келатам, Кимдир бирөө жөлөк болобу деп келатам. Ал жөлөк мага жардам берип, жазган ырымды китеп кылып чыгартабы деп келатам.
* * *
Өмүр бою ыр жазып, бир да китебин чыгара албай кеткен акын бар. Ал бул жарык дүйнөдө бир нерсени жаратып, анысын такыр таба албай кеткен адам.
* * *
Эл эгеси биримдүүлүк, биримдүүлүк улуу акылмандыктан башаты.
* * *
Жер үстүнө адам жаралгандан кийин, кайгы жана бакыт жаралды. Жер үстүндө кайгыны жараткан , адамдарга каргыш
Бакыт жаралса, жер үстүндө бейиш өкүм сүрөт. Ошондой болсун.
* * *
Табият кооздук менен сулуулукту жаратат. Демек адам улуулук менен сулуулукту өзү курчап турган жаратылыштан көрүп анан жаратат.
* * *
Ай менен күн түбөлүктүү. Ошол үчүн алар ааламда жашап келатат. Жакшылык менен сүйүү түбөлүктүү. Ошол үчүн алар дагы адамдар менен кошо жашап келатат.
* * *
Адамдар айтат: «Ырыс оошот», деп ырыс оошсо, таза сүйүү жүрөктөн жүрөккө оошот. Ошентип адамдар жараткан бакыт баарына тең орток.
* * *
Жакшы нерсеге адам эгедер. Адам жакшылыкка умтулуп кубанычка эгедер.
* * *
Жараткандын ысымы улуу, аны өзү айтып турат. Улуулук
бийиктиктен даңазаланат. Бийиктик таза жана рахаттуу нерсе.
* * *
Турмуш өзү элек. Жакканын өткөрөт. Жакпаганын өткөрбөйт. Жакканы жашап, жакпаганы унутулуп жок болот.
* * *
Жокчулуктун артынан барчылык келаткансыйт. Катаал кыштын артынан жаадырап жаз эшик каккансыйт.
* * *
Жакшы чыгарма кубанычтуу күндө жаралып, алар түбөлүктүү адамдардын кенчине айланып, алар менен кошо жашап жатат.
* * *
Күн да тынымсыз айланып турат. Жер да тынымсыз айланып турат. Адамдар да кыймылдап турат. Кыймыл жашоонун өчпөс элеси.
* * *
Көз алыстагы жылдыздардын шооласын даана көрөт, а эмне үчүн биз жаныбыздагы адамдардын шооласын даана көрө албайбыз?
* * *
Оор күндөн кубанычтуу күн артык, жеңилүүгө караганда жеңиш артык, бирөөнөн экөө артык.
* * *
Акылмандан сурап калдык:
Даанышмандык кайдан башталат?
Сүйлөгөн сөзүнөн, берген кеңешиңен, дүйнөгө болгон көз карашыңан, асыл ойдун ишке ашышынан.
* * *
Кечөөгүңкү күн бүгүн кайталанбайт, ошол үчүн өткөн өмүр кайталанбайт, өткөн кубаныч эсте калат, бирок кайталанбайт.
* * *
Эки жаш баш кошсо, алар түбөлүк ажырашкыс адамдар болгонго тете. Эми ошол эки жолочуну акыл аралашкан сүйүү башкарсын. Ылайым эле ошонжой болсун.
* * *
Эстен кетпей калган сүйүү бул армандуу сүйүү, ал түбөлүк эстен кетпей көңүлдө сакталып калган сүйүү.
* * *
Күндөр жагымдуу болсо, ошончолук узак, канчалык кайгылуу болсо, ошончолук кыска.
* * *
Тез өчүп унутулган сүйүү, сүйүү эмес, ал жөн эле бир элес. Ал түбөлүккө сакталбай унутулуучу элес.
* * *
Эски мектеп улгайган адамдардын эсинде калган. Анткени алар бала чагында ошол мектептен окуп калган .
Эски мектеп улгайган адамдардын эсинде калган. Анткени алар бала чагында ошол мектептен окуп калган .
* * *
Даанышмандан сурап калдым:
Акылмандыктын чеги болобу?
Жок, чеги болсо, акылмандыктын элеси эчак эле бүтүп калмак.
* * *
Шамал кайдан келсе, кубаныч ошол жактан келген. Махабат кайдан келсе, сүйүү да ошол жактан келген.
* * *
Эгин оруп жаткан адамга кайрылдым:
Адамым эмне кылып жатасың?
Жашоо менен күрөшүп жатам.
Ийин казып жаткан момолойго кайрылдым:
Момолойум эмне кылып жатасың?
Жашоо үчүн күрөшүп жатам..
Демек адамдар да жаныбарлар да жошоо үчүн күрөшүп жатат антпесе өмүр токтоп калган жатат.