Адамдын Асыл ойлору - Кадыр Абакиров 2 стр.


* * *

Ай жолоочуга кара жолду көрсөтөт. Кара жол жолоочунун барчу тарабын көрсөтөт.


* * *

Унутулуп бараткан күндөрдү эстегиле! Көзү өтүп кеткен адамдарды эстегиле! Бири-бириңерге кылган жакшылыкты да унутпай эстегиле! Антпесеңер жашоонун такыр кайрымы болбой баратат.


* * *

Бийликке жагынып, элге чыккынчылык кылган адам, Ата-Мекенге деле чыккынчылык кылган адам

* * *

«Генийге кара күчүң менен жетем дебе, ага акыл-эс, эмгек, талант кудуретиң менен жетем»  деген артык..


* * *

Гений деле сен сыяктуу энеден төрөлүп, атанын тарбиясында өскөн, башкаларданэч айырмасы болгон эмес.


* * *

Бийликте мындан мурун деле жагынуучулук болгон, мындан кийин деле боло берет. Анткени жагынуучулук менен өскөн адамдар толтура.


* * *

Бир киши өлөөрүндө: «Ушундай дүйнөдөн өтөөрүмү билсем, көп нерсени бүткөрмөкмүн, азыр кеч болуп калды»  деп арманын айтыптыр.


* * *

Оозуңан чыгып кеткен сөз ок, ал ок кайра кайрылып, өзүңө тийиши ыктыммал.


* * *

Көзү ачылбаган билимсиздик, бул жакшы жорук эмес,  ал кайгылуу арман.


* * *

Карыган ата-энеңин сага берген акылман кеңеши ал сага калтырган асыл мурас.


* * *

Жакшы тарбиядан баардык асыл нерселер башталат, жана тарбия жоголбой турган ыйык өнөр.


* * *

Улгайган адамдар: «Өмүрүмдө эмне эмгек кылдым, артымда эмне эмгегим калат?»  деп тынчсызданат алар өлүм жөнүндө ойлонгон адамдар.


* * *

Кээ бир адамдар башкалардан дайыма жаманчылык издеп турат, ал жакшы сапат эмес. Ал армандуу кайгы.


* * *

Талант бийик тепкичке чыгайын дейт, бирок өмүр кыска, чаркы чамалуу.


* * *

Жалкоонун сүйгөн кесиби уйку, андан башка кесипке көнгөн эмес.


* * *

Акын калеми менен, соодагер акчасы менен, жолочу жолу менен. Демек баардыгы өз жолу менен.


* * *

Элдин тагдыры баатыр да, баатырдын тагдыры элде.


Алар бири-бирине, тагдырлаш-энчилеш.


* * *

Ар бир адамдын өзүнө ишеничтүү бир эле дарыгери

болот ал өзү.


* * *

Ар кандай кубанаарлык иштер, терең ой жүгүртүүдөн башталат.


* * *

Жаңгактын мөмөсү ичинде, кабыгы сыртында, кабык сөзсүз мөмөнү сактайт.


* * *

Акылга-үмүт таяныч, доско-дос таяныч, талант-эмгекке таяныч, өлбөстүк өмүргө таяныч. Жакшыга-жакшы таяныч.


* * *

Үй-бүлө тынч болсо, үй тынч, коңшулар тынч болсо, көчө тынч, үй да, көчө да, тынч болсо, анда биз үчүн аалам тынч.


* * *

Атасынан баласы акылдуу болуш керек, анткени ал кийинки муун.


* * *

Кооздук бул терең ой жүгүртүүдөн башталган.


* * *

Кубанычтын өңү жашыл, жаздын өзү жашыл, жашаргандын баары жашыл.


* * *

Бир жолдо келаткан үч жолоочунун үч жолу бар, ошондой эле үч жолочунун үч тагдыры бар.


* * *

Падыша же жөнөкөй адам үчүн адилеттик бирөө, экөөнө эки башка адилеттик жок. Анткени күн бирөө. Жана дагы ар бир адам үчүн өмүр бирөө.


* * *

Бүткөн иштердин көбү бара-бара унутулат. Эл баспай калган жол унутулат. Өлгөндүн изи унутулат.


* * *

Бийиктик бат эле жете койчу тепкич эмес, адам ойлогон ой, түрүп алчу жип эмес, таалай усталар жасаган сандык эмес.


* * *

Максатына жетпей калган адамдар ойлонуу менен таңды атырат, ойлонуу менен күндү батырат. Бирок ошонун өзүндө ийгилик болобу?


* * *

Күндүн артынан түн келет. Түндүн артынан күн келет. Баары эле кайта келет. Бирок өмүр өткөн сайын жашоо сага башкача болуп келет.


* * *

Бир чымындын өлүмү адам үчүн кадимки эле көрүнүш.


Бирок чымын үчүн орду толбос оор жоготуу болгон.


* * *

Жек көрүүдөн жамандык төрөлөт. Башка эч нерсе төрөлгөн эмес.


* * *

Асмандагы күн -бирөө, жалгыз сапар келаткан жолочу- бирөө, жалгыздык өзү деле -бирөө.


* * *

Ач көздүн жан дүйнөсү тар болгон менен аны карап турган аалам ошончолук чексиз кенен эле болгон.


* * *

Ар бир адам ден-соолугун мыкты күтсө болот, аны күтүү өзүнчө бир чоң чеберчилик.


* * *

Чындыкты жалгандан айырмалаш үчүн көсөм акыл керек болгон.

* * *

Өлүм төрөлүүдөн коркот. Өмүр, өлүмдөн эч убакта коркпойт. Ал чындыкка моюн сунат.


* * *

Элсиз ээн жымжырт жаткан жерге ар бир түндө айдын чыкканы чоң кубаныч, айдын шооласынан төгүлгөн нур чоң майрам.


* * *

Ар кандай адамдын тынчын алган кыйкырык үндөр

айлананын жымжырттыгын жутат.


* * *

Тереңди-терең, жапызды-жапыз, бийикти-бийик дейбиз. Ошол сапатынан алар бири-биринен толук айырмаланат.


* * *

Талант адамды издебейт. Адам талантты издеш үчүн жаралган.


* * *

Ийгиликке жеткен адам жеңилденет, ашуу ашып түшкөн адам жеңилденет. Ооруп айыккан пенде жеңилденет.


* * *

Асманды сызып бараткан күн өз жолу менен күндү карап жол бараткан жүргүнчү өз жолу менен кыскасы, баары өз жолу менен.


* * *

Сүйлөөчү сөз болот, сүйлөбөй турган сөз болот. Сүйлөбөй турган сөздү сүйлөп ийген адам уят болот.


* * *

Жашоо чындыгы, турмуш чындыгына жол ачат.


* * *

Өлбөс поэзияны өлбөс улуу акындар жаратыш керек болгон. Ал үчүн чексиз өлбөс эмгек, сүйүү керек болгон.


* * *

Кереги жок буюмдан керектүү буюмдар жаралат.


Ошол үчүн жашоонун кайрымы бар.


* * *

Өткөн өмүрдүн элүүдөн бири гана кайрылган. Ошондуктан өмүр сүрүү өкүнүч.


* * *

Өмүр бир кайрык, эмес миң кайрык. Ошондуктан жашоо бизге сырдуу жана табышмактуу кубулуш.


* * *

Эч убакта түн ичинде карга каркылдабайт. Каргадай болуп жаманчылык каркылдайт.


* * *

Ыр учуп жүргөн куш, саяпчы аны кармайын деген- акын.


* * *

Аары тикендерге денесин сайгылатып, азап менен бал чогулткан сыяктуу, акын дагы толгон тозок менен ыр жыйнайт. Балды адамдар тамак сыяктуу жеп алышса, ал эми ырды адамдар окуп кылымдар бою ырахат чогултат.


* * *

Жакшы кабарды чабандес алып келе жатат, кабар менен кошо адамдардын жүрөгүнө кубаныч кошо келе жатат.


* * *

Тарбиялоодо ата насаат айтуучу, бала угуучу. Экөөнүн көздөгөнү бир жерден чыгышы керек.


* * *

Куш жемди күтөт, адам жакшылыкты күтөт, ал эми айыкпас оорулуу адам эмнени күтөт?


* * *

Жүрөгү таза адамдар чындыкты-жалганга, караны-акка, эч убакта аралаштырбайт. Аны жомоктогу терс каармандар аралаштырат.


* * *

Биз кимди колдосок, алар бизди колдойт. Бир-бирибизге куш кабар жетип турат.


* * *

Ар бир очоктун ээси эне болот. Очок эне аман болсо, үй-бүлө бактылуу болуп, анын айланасында балдар бапырап ойноп жакшы маал болот.


* * *

Мен өзүмө керекмин жана да үй бүлөмө керекмин, кимге пайдам тийсе, ошого керекмин.


* * *

Өмүр кыска, мезгил да кыска, баары кыска, а жашоодо эмне узак?


* * *

Жан дүйнөсү начар руху өтө төмөн адамдан жакшылыкты деле күткөн эмеспиз.


* * *

Талаада жалгыз даракка аяныч, уяда жалгыз жумурткага аяныч, сапарга аттанган жалгыз туякка аяныч.


* * *

Эч бир жазуучу бу дүйнөдө жок нерсени жазбайт, баары эле баягы болгон нерсени көркөмдөп, акылман терең ой менен жазган. Бирок таланты жоктор деле китеп жазган.


* * *

Ал өз жолу менен кетти. Мен да өз жолум менен кеттим. Баары эле өз жолу менен кетти. Өз жолун таппай жүргөн адамдар эмнеге адашат?


* * *

Мен жол менен басып баратам. Менин айланамда мезгил да токтобой өтүп баратат. Мезгил менен кошо өмүрүбүз кайда шашып баратат?


* * *

Бир жазуучунун чыгармасын окуп көрсөм жазгандары мен жазып жиберчүдөй оңой нерсе болуп көрүнөт, а биз эмне үчүн ошол оңой нерсени мурун жазган жокпуз. Бирок ошол жөнөкөй чыгармада өтө татаал мээнеттин жолу көрүнөт. Андан мурдараак биз издеп жүргөн таланттын өзү көрүнөт.


* * *

Экөө бар, экөөнүн биринде жок, биринде бар. Жогунда жакырчылык, беркисинде байлык болгон.


* * *

Кубаныч, сүйүүбүздү элибиз мекенибизге берели. Ансыз биз бактылуу болбойт экенбиз. Кубанычын, сүйүүсүн элине бербеген жетекчилер элинин байлыгын уурдап алып, ыйык журттан качып жоголгон. Эли үчүн алардын караан- элеси эчак безип жоголгон.


* * *

Жаздын таңы атты. Бизди эмгек чакырат. Эми сонун күндөр биздин алдыбызда жатат.


* * *

Назад Дальше