* * *
Адамдын өмүрүндөгө көөнөрбөс түшүм, өткөн жана алдыңкы күндөгү эмгеги аркылуу келет.
* * *
Күзгүдөн көрүнгөндүн баардыгы чындык. Анын элеси бурмаланбай даана көрүнүп турганы да чындык.
* * *
Оор заманда шаарыбызда иш таба албаган эч жерге кереги жок адамдар көбөйдү. Айрымдары жашоонун кордугун көрүп, өзүн-өзү жок кылып жатты. Анткени биздин өлкөнү башкарган адам элди жетектей албаган адам эле. Керексиз жетекчи болгон жерде, керексиз адамдар туш -туштан агылып чыга бериши көнүмүш окуя болгон.
* * *
Пенденин көзү өткөндөн кийин жаман сапаттары унутулуп, жакшы жактары калкылдап чыга келет. Өмүрүбүз ошол жагы менен бактылуу жана унутулгус.
* * *
Күзүндө куштар үн салып учуп баратат. Бул үн
коштошуу элесин өзү менен алып баратат. Бизге да коштошуунун күкүмүн таштап баратат.
* * *
Мен эмнени сепсем ошону эгип алам, жаманчылыктын үрөнүн сепсем жаманчылыкты алам, жакшылыктын үрөнүн чачсам жакшылыкты алам.
* * *
Бизге бат өткөн убакыт да керек, жай өткөн убакыт да керек, ошол өткөн убакытта эмне жумушту иштеп чыктык, баарынан ошол керек.
* * *
Күн кечтеп баратат, мезгил өтүп, өмүрүбүз карып баратат?
* * *
Бийлигиң аяктоочу нерсе, мезгил өтүп кетүүчү нерсе, демек баары унутулуп же артта калуучу нерсе. Демек баардыгы армандуу нерсе.
* * *
Кышында жаз бизге өтө алыстай сезилет, бирок аны мезгил бат эле айдап келет. Бизге кубаныч өтө алыстай сезилет, аны деле мезгил өзүбүзлө ылдам эле айдап келет.
* * *
Кеменгерликтин артынан кеменгерлик жаралат.
Акылмандуулуктун артынан акылмандуулук жаралат. Улуулуктун артынан улуулук жаралат. Алардын элге, журтка берилген өлбөс ыйык сыры эле ошол болгон.
* * *
Сенин жылмайганыңан сүйүүнүн өңүн көрөм, ак куунун сүзгөнүнөн сулуулуктун көрөм, май айында торгойдун сайраганынан алтын жазды көрөм, бырыш баскан өңүнөн карылыктын жүзүн көрөм.
* * *
Начар адам кудайды оозанып калса, анын оюна бир жакшылык жышаанасы жылып келген.
* * *
Мүнөзү жумшак жагымдуу ургаачы адамдардын эсине далайга сакталат, аны менен бирге жакшылык сакталат.
* * *
Начар уулдун жаман жоругу жакшы ата-эненин чачын агартат. Ошол ак чачтардын арасында баласы жараткан арман жатат.
* * *
Көкүрөгүңдө умтулуу токтогон күнү жашоонун кызыгы бүдөмүк тарта баштайт.
* * *
Астрономдор асмандагы жылдыздарды жоктоп жана түгөлдөп турган сыяктуу, адамдар өздөрүнүн бош кетирген өмүрүн жоктоп жана түгөлдөп жатат. Антпесе, көп учуру текке кетип, убакыт такталбай калганы жатат.
* * *
Ааламда күндө жаңы-жаңы ачылыштар болуп турат. Ал ачылыштарды көрүп адам баласы жакшы жашоого умтулуп турат.
* * *
Кичинекей кызым мени туурап жазуучу болом деп, жомок жаза баштады. Анын балалык күнүнөн эле кереметтүү жомок төгүлө баштаган.
* * *
Адамга уйку да керек, эмгек да керек, уйку жокто таң атпайт, эмгексиз өмүрдү кубаныч аралабайт.
* * *
Бир күн кымбатпы, же бир ай кымбатпы? Бир күндө сонун иш бүткөрсөк ошол кымбат-унутулгус убакыт. Бир айда эч нерсе бүткөрбөсөк ал кымбат эмес, унутулган убакыт.
* * *
Улуу адамдар күндөлүк жазышкан. Менимче ар бир адам өткөн өмүрү жөнүндө эс акылында күндөлүк жазып жүрүп отурат. Анын көптөрү унутулса, кээ бири эсте калат. Адамдын эсинде бир капалуу, бир бактылуу күндөр эсинде калат.
* * *
Уулу каза болгон аялдын чачы аппак, кантип байлык топтойм деген бай соодагердин чачы аппак, улуу бийик тоонун башындагы кар аппак.
* * *
Ишке ашпаган жетекчинин сөзүн угууга караганда саздагы бакалардын чардаган үнүн тыңшоо түбөлүк бактылуу кубулуш.
* * *
Көп таланттар тирүүсүндө сөзгө илинбей өлгөндөн кийин гана бааланат. Демек, чыныгы талант унутулбайт, ал унутулгус керемет.
* * *
Жакшы адамды төрт сапатынан: токтоолугунан, жөнөкөйлүгүнөн, эмгекчилдигинен жана боорукерлигинен билсе болот. Ушул төрт сапат жүрөгүңдө болсо, аны жакшы адам деп эсептөөгө болот.
* * *
* * *
Жаман адам «жарма бер» дейт, Арамза адам «арак бер» дейт,
Байкуш адам «баарын бер» -дейт.
* * *
Кылым өтсө чириген үй кулайт, эскирген бийлик чирик үйдөй кулайт, ушинтип экөө тең кулайт.
* * *
Пайгамбарлар улуу китептерди жазышкан, алар колдон түшпөй окулат. Ал эми акын, жазуучу жана ойчулдардын жазган китептери да, колдон түшпөй окулат. Адамга эмне керек болсо ошонун баары колдон түшпөй окулат.
* * *
Пенденин кыйкырыгын аска-зоолор коштоп кеткен сыяктуу, баатырдын эрдигин адамдар эскерип турбаса, унутулуп калган күн болотЭли үчүн жасалган эрдик унутулса, элге эле уят болот.
* * *
Катаал заманда элдин башына журт башкара албаган пенде келсе, калайыкка эле кыйын болот. Ошол тиранга ким каршы чыкса, ал чоң баатырдык жасаганга тете болот.
* * *
Бири-бирине кереги бар адамдар жолугат. Бири-бирине кереги жок адамдар бетме-бет кандайча жолугат?
* * *
Алыс кеткен жолоочунун качан келээри түшүнүксүз, бош кеткен өмүрдүн өзү түшүнүксүз, биз билбеген нерсенин баары түшүнүксүз.
* * *
Акылмандын айткан кеби түшүнүктүү, эл үчүн берилген жетекчинин иши түшүнүктүү, эмгекчил адамдын келечеги түшүнүктүү.
* * *
Майданга узагандардын кээ бири кайра келбейт, убакыт мезгил өтсө кайра келет, бирок өткөн өмүрүбүз кайра келбейт, жүздүн ону кайра келбейт, маркумду узаткандар кайра келет, маркумдун өзү кайра келбейт.
* * *
Жайында атчан кетип бараткан жалгыз жолочуну жолдошу жок деп айтпагыла, жүрөктө жанган үмүтүбир, асманда тийген күнүэки, айланасында улам-улам согуп жаткан учкаяк салкын желиүч, астында созулуп жаткан кашка жолутөрт. Демек, ал жолоочу төрт жолдошу менен сапар кетип баратат.
* * *
Койлорго кол салган карышкыр койчуга айтып келген эмес. Карышкыр сыяктуу өлүм-өмүргө кабар айтып келген эмес.
* * *
Эркиндик болгон жерде жашоо, эмгек, өсүү бар, бир гана артка кетенчиктеген иштер жок.
* * *
Көпчүлүк күткөн үмүт аткарылбаса, ал жамаат үчүн аяныч.
* * *
Көз, сезими, жүрөгү курч кыраандар алысты көрөт. Андай сапаты жоктор эмнени көрөт?
* * *
Мага карылык келатканын башымдагы ак чачтарыман көрсөм болот. Өмүрдүн бүтүшүнө канча жыл, канча күн, канча убакыт калганын кайдан барып көрө алам?
* * *
Убакыт келгенде мээримдүү, жакшы адамдарга жолугабыз, жакшы ыр жазган акынга жолугабыз. Алдыда келаткан мээримдүү күндөргө жолугабыз. Аягында жаадыраган жазга жолугабыз.
* * *
Күндүз жетпеген нерсеге түн ичинде жетебиз, өңүбүздө жетпеген нерсеге түшүбүздө жетебиз.
* * *
Эрди-катындын бири-бирине таза болгону эле жакшы. Тазалыктан дилдин тазарганы жакшы. Дил таза болсо, жашоо таза, баары жакшы.
* * *
Жаш чагыбызда өмүр эки жолу берилбей, бир эле жолу берилээрин байкаган эмеспиз. Эгер эки жолу берилсе,
кемчилигибизди оңдоп, мынчалык аянычка чөкмөк эмеспиз.
* * *
Ар бир пенденин жарыгы өзүнө жетет. Жетпесе башкалардан жарык алат. Адам адам үчүн жашайт деген кеп ошол. Анткени адам бири-бирине керек.
* * *
Чыгармаларым менин балдарым. Кудайга тобо! Алар жок мага кандай көңүлсүз болоор эле. Кудайга тобо! Аз болсо да, эмгегим бар экен деп, кубанып калам. Кудайга тобо! Адам деген түзүүчү тура, ошол түзгөндөрүм менен көңүлүм эргип, жашоом алдыга умтулат. Кудайга тобо!
* * *
Таланттуу адам оң жагына өжөрлүктү, сол жагына эмгекти, жана жүрөгүнө кайратты жоготпой алып келатат жолочу.
* * *
Кечээ күнкү окуя бизден алыстап кеткен окуя, бүгүнкүбүз болуп жаткан окуя, алдыңкы күндөрүбүз боло турган окуя. Демек биз үч окуянын аралыгында жашап келе жатабыз.
* * *
Акылмандын сөзү улуу, анын үлгү көрсөткөн жүрүм-туруму улуу. Демек, бул турмушта бардык жакшы нерселер улуу.
* * *
Адамдар колу менен техниканы, китепти, жаңы ачылыштарды жаратат. Жаралган буюмдар эскирип, адамдар жаңысын жаратат. Аларды жасаган адамдар да жок болот. Бирок алардын ачылыш жасаганы жөнүндө жазылган жаңылыктары кылымдан-кылымга эскирбей оордунда кала берген болот.