Адамдын Асыл ойлору - Кадыр Абакиров 9 стр.


* * *

Кээ бир акындар өз эне тилинде ыр жаза алышпайт, анткени алар өз эне тилин билбей калган, бир арманы бар. Өз эне тилин билиш үчүн алар кайра төрөлүш керек. Тагдыр аларды андай кылбайт.


* * *

Бөксө мээге бир жакшы нерсе кошулбайт, кошуш үчүн ал кайра төрөлүш керек.


* * *

Жаратканым адамга эки кулак, эки көз, бир ооз эле бериптир. Бир эле ооз бергени жакшы болуптур, эки ооз берсе, экөө тең тынбай сүйлөй берип, бул дүйнө чалды-куйду болуп айланы кетирмек экен. Кээде бир ооз деле көп сүйлөп жиберип мазени такыр кетирип жатпайбы.

* * *

Көлөкөбүздүн бизге зыяны да пайдасы да жок. Болгону ал тирүү жашап жүрөт деген шоорат. Көлөкө жогодбосун, ал жоголгон күнү биз да жогодгон болобуз. Ошол үчүн анын бизге пайдасы тийбесе да жоготплй тирүү сактап жүрөлү.

* * *

Улуу даанышмандыкты адам жаратат. Башкалар анын нуруна бөлөнөт. Даанышмандыктын жолу ошол.


* * *

Адамдар жашап турган жерде алардын турмушунда сөзсүз

жаңылануу болуш керек.Антпесе, адардын жашоосу эскирип, алдыга жылышы болбой калат.

 57

* * *

Үй ээсинин жаңылганы үй-бүлө үчүн жаман, Өлкө башчысынын улам-улам жаңылганы эл үчүн жаман, же экөө тең кырсыктуу окуя.


* * *

Жакырчылыктан жаалданган эл көчөгө чыгып толкуса, аны көрүп эл башчычынын шаабайы сууп жер карады. Эл бачысыны көрүп, элдин айласы кетип жер карады. Азыр баары асманда карабай, жерди карап турган чагы.


* * *

Чындык менен калп бир казанда кайнаса, аны көргөн адам, же калп, же чындык экенин билбей башы маң болот.


* * *

Куштардын сайраган үнүн колуң менен кармай албасың, бирок көңүлүңдө сакталат. Ошол үчүн көңүл тоодой нерсени көтөрүп жүрбөйбү. Адамдын көңүлүндө баардык улуу жакшылык сакталат.


* * *

Эл үчүн күрөшүп өлгөн баатырдын өмүрү санжырага айланып, сонун-сонун жомок сыяктуу башталып, түбөлүк эстен чыкпайт.


* * *

Жалган менен чындыктын бир окшош жери бар. Экөөн тең эле адам жаратат. Бирок аларды эки башка адам жаратып жатпайбы. Ошол жерде жаңылыштыкты жараткан адамда бир шек бар.


* * *

Кудай барбы же жокпу, деп кабатыр болбо! Кудай бар үчүн сен бар, мен бар, баарыбыз барбыз жана жердеги жашообуз бар.


* * *


Адамдын көзү өтүп кете электе ага жолугуп калалы, анын сөзүн угуп, ага кайрат айталы, анын сөзүн башкаларга айта баралы.


* * *

Ай толгон күнү акын бакытка жолугат, анын таланты да, толгон айдай толот. Айды көргөн акын, жаңы талантка жолугат.


* * *

Жалган атак, көп адамдарды жолдон адаштырат, бийлик жоголгон күнү жалган атак да көздөн кайып жоголот.


* * *

Эл башчы элди мыйзам менен башкарат, ошондо эл башчы да элдики, мыйзам да элдики болот.


* * *

Хандын аялы болуш өтө оор болот. Хандын аялы начар ач көз дүйнөкөр болсо, хандан мурун элдин шору. Жакшы болсо, бүткүл элдин энеси болот.


* * *

Бассаң, турсаң ойлонуп жүрүп, адамдар үчүн бир сонун нерсе жаратканың бул бактылуулугуң. Ал бактылуулук башкаларга бакытты алып келсе, андан бетер бактылуулугуң.


***

Иттер үрүп, жылкылардын дүбүртү угулду. Биз күткөн адамдар келаткан экен. Эмне кабар айтат болду. Көңүл байкуш, кубанарын, же кайгырарын билбей үшүркөп турабыз.


* * *

Акындар айтат:

 Жакшы ыр жүрөктөн жаралат,  деп. Жүрөктү кубанычка бөлөгөн ыр анан каяктан жаралмак эле?


* * *

Адамдардын жүрөгүндө төрт нерсе, болуш керек: Сүйүү, чындык, эмгек. ойлонуу Сүйүү жашоону көркөмдөйт. Эмгек өлбөс өмүргө керек. Чындык ар бир күнгө, келечек жашоого, баарына керек. Ойлонуу болбосо, акылмандык кантип жаралат.


* * *

Ат арабаны сүйрөп баратат. Арабакеч арабаны кайда бурса, араба ошол жакка бурулат. Мезгил биздин өмүрүбүздү ат сыяктуу айдап баратат. Анда биздин арабабыз кайда? Арабакечибиз ким? Кайда баратабыз?


* * *

Бир күнүң, бир күндүк өмүр, кээде бир үзүм өмүрдөн өчпөс болуп эрдик жанат. Ошол эрдиктен өчпөс изиң калат.


* * *

Алыста жүргөн эки адам бири-бирин сагынышты. Демек алардын ортосунда жылдыз жанган жагымдуу күндөр болгон. Жагымдуу убакыттын арасында, жаадыраган жакшылык болгон.


* * *

Өнөр өчпөй турган ыйык нерсе. Ал дайыма жаңыланып турат. Ошол жаңылануусунда бир керемет жаркы жанып турат.

* * *

Балалыгым аркы жээкте, өзүм берки жээктемин. Дайраны кечип, балалыкка барайын дейм, бара албайм. Дайрадан кечүүгө болбойт. Экөөбүз эки жээктебиз.


* * *

Өткөндө жайлоого барып, балалыгым өткөн кыяны кылчак-, кылчак карадым. Кыя менин балалыгымы жоктойт, мен баардыгын жоктойм.


* * *

Унчукпай тынымсыз аракет кылган адамдар көп нерсени бүткөрүп, көп нерсеге эгедер болот. Алар жакшы жеңиштерге салтанаттуу түрдө жакындаган болот.


* * *

Ар бир күн жаңы төрөлөт. Улуу жомок, өчпөс талант да, ар дайыма күн менен кошо жаңы төрөлөт.


* * *

Жакшы учкул сөздөр кумдан жыйнап алган майда алтындар сыяктуу шоолаланып турат. Учкул сөз да жылт-жулт эткен алтындын сапатын элестетет.


* * *

Көп нерселер кайрылып келди, жаз да кайрылып келди, куштар да кайрылып келди. А эмнелер кайрылып келбей калды.., ошону эстегибиз келди


* * *

Анын мүнөзүндө жакшы сапаттар бар. Бала чагында жакшы тарбия алгандыгын даңазалап турбайбы.


* * *

Тарых акты ак деп, караны кара деп, тыянак чыгарып коёт. Ошентип, акты карадан бөлүп, оордуна коёт.


* * *

Баласы жок, кемпири өлгөн абышка, жалгыздыкта өткөн өмүрүн эстейт. Армандуу өткөн өмүр менен эмнени эстетпейт.


* * *

Адамзат үчүн иштеп, журт тагдырын ойлогон жетекчилер өтө аз болот. Эгер алар көп болсо, дүйнө мындан бай жана бактылуу, шаңдуу болмок. Биздеги элдин жетишпеген арманы ошол.


* * *

Хан элден качса, эл да хандан качат. Хан тескей тоодо болсо, эл күңгөй тоодо болот. Ортосунда күрүлдөгөн дайра акса, эл аркы өйүздө хан берки өйүздө болот. Элин жек көргөн хандын тагдыры эми эмне болот?


* * *

Бирөө менден сурады:  «Ой узунбу же агып жаткан дайра узунбу?» Мен айттым:  «Ой узун, анткени ал дайранын баш аягын бат эле карыштап ченеп коёт».


* * *

Ден соолуктун эң мыкты дарысы күлкү менен кубаныч.


Экөө болгон жерде оорулуунун жүрөгү дарыгерсиз айыгат.


* * *

Алыскы душманым эчтеке эмес, ал эми жанымдагы душманым эң эле коркунучтуу. Анын күндө каршылык кыла бергени мага коркунучтуу.


* * *

Кичинекей балам жашоому көркөмдөп турат, менин кубанычым ошол жакта жоголбой турат.


* * *

Ырайымдуулук жана калыстык болгон жерде өмүр жаандан кийинки көк чөп сыяктуу өнүмдөйт.


* * *

Таланттын энеси эмгек, атасы-изденүү, агасы-эргүү, иниси-окуу болот.


* * *

Малчылар тоодон көчүп кетип, тарапта кулак кескендей жымжырттык болду. Бирин-экин куштардын үнү гана угулганы болду, же такыр ың жыңсыз. Кайтыш болгондор ушул ың жыңсыз жымжырттыкка сиңип кеткендей дарексиз болду.


* * *

Элдин жыргалы, биринчи эсепте хандын жыргалы.


* * *

Адамды ынандыруу анын ишеничине кирүүнүн жакшы жолу.


* * *

Айылыбызда эчаакы өткөн көп адамдар унутулуп жок болгон, анткени алардын элеси караңгылыкка жана жым-жырттыкка сиңип кеткендей болгон.


* * *

Акылмандар айтты:

 Тирүүңдө адамдарга жакшылык чачып кал, анткени көзүң өткөндөн кийин сени пенделер ошол жакшылыгың аркылуу эскерет!


* * *

Акылмандар айтты:

 Адамдын төрөлгөн күнү,гүлдөгөн учуру болот. Жеңишке жеткен учуру болот. Өлгөн учуру болот. Өлгөндөн кийин эмгеги аркылуу эскерилген учуру болот.


* * *

Жашоонун башталган жери күн, аба, суу, жарык, кайгы, кубаныч ал өмүр. Өмүрдүн бүткөн чеги караңгылык жана жымжырттык ал өлүм.


* * *

Байлыгыбыз эмгекте, келечегибиз-акылда, элге эмгек сиңирүү үчүн буларды жоготпой ала жүрсөк, өмүрүбүздүн армандуу жагы жоголот.


* * *

Түн ичинде көл жээгине келип уктап жаттым. Таң агарганда көл шарпылдагы мени ойготту:

 Эй, адамым туруп эмгектен, мен да эмгектенип жатам!


* * *

Топ бай туугандардын арасында жалгыз кедей кыйналып араң жашап жатат. Кудай ай!


* * *

Менде болсо, сенде болот, экөөбүздө болсо, элде болот.


* * *

Кыраан бүркүт алысты көрөт. Кыраан эместерге ал тарап өтө ыраак, ал жакты кантип көрөт.


* * *

Алыста тоолор көрүндү анын башына чыксак этеги көрүндү. Өмүрдүн кылда чокусунан балалыгымдан берки күндөр үл-бүл этип көрүндү.

Назад Дальше