Алтын сандыктагы ырлар - Кадыр Абакиров 2 стр.


Кыргызым өнгөн жерге баратам.


Тамылжыйт улуу тоолор алыстан,

Таң эртеде сапар тартып аттангам.

Байтак жолдо күлүгүмдү желдирип,

Бабаларым өнгөн жерге баратам.


Арыдан укмуш-укмуш гүл жайнап,

Адырларым мен кургурду каранткан.

Туу кылып денемдеги жүрөгүмү,

Туулган жердин аймагына бараткам.


ОЙГО ТҮШӨТ

Туулган жерде бир аскача бар эле,

Ар жылына боорун жарып гүл өнөт.

Бай асканы бөтөн жерден эстегенде,

Баягы бир тутам гүл ойго түшөт.


Берекелүү аска эсимен кетмек беле

Бетиндеги гүл кооздукту ачпайбы.

Ата конуш сүйүү чалган ырларынын,

Ардакталып ыргагы чыгып жатпайбы


УЛУУ АТАК

Чындыгында мекен деген улуу сөз

Маанисинде жашап жатат өлбөстүк.

Өскөн жерди ыйык сактап күтөлүк,

Өлгүчөктү жоодон коргоп өтөлүк.


Ар бир дарак жана дагы ташы алтын

Даңктайлы бийик-бийик аскасын.

Аскадагы жылма таштын бетине,

Жаздыралы бабалардын аттарын.


Ошол ырды балдарыбыз жаттасын,

Үн чыгарып обон кылып ырдасын.

Мекен деген улуу даңкка берилип,

Керек болсо өз өмүрүн арнасын.


ЖУРТ ДАЯР

Акбозун минип алып сабалап

Аркырак арыбас талант бизде бар.

Асыл таштай ар дайыма аярлап,

Ал талантты ардактаган эл да бар.


Таргыл атын минип алып чапкылап,

Таланттуу татынакай уул бизде бар.

Өксүк кылбай улуулукту бек сактап,

Өнөрлүүнү өрчүтүүгө журт даяр.


КЫЛЫЧ

Бирөө мага бере койду болотту

Мен андан кылыч жасап таштадым.

Алыс жолго, эл четине кетеерде

Аны алып, өз балама арнадым.


Кылычты алып, Акбозчон баратып

Балам кетти өз мекенин коргоого.

Алыс жакка улуу ысымын жайылтып,

Ата-журтту биз алабыз колдоого.

КЫШКЫ ТАЛААМ

Кышкы талаам ак кепинге оронгон,

«Сен аны өлдү экен» деп ойлобо.

Адам деген ар кыялга алдырат,

Арам нерсе келе берет ойлорго.


Кышкы талаам уктап жаткан убагы,

Эс алып тынч уйкусун кандырсын.

Кылым боюу бизди багып келатат,

Кыш келиптир эми ал да эс алсын.


Жаз келгенде асыл талаам ойгонот,

Үрөн алып ыйык жерге себебиз.

Укум жерлер ата баба байлыгы,

Урмат менен ырга салып келебиз.


АР КЫЛ ЫРЛАР

-

КЫЙГАЧ КЕТКЕН

Кыя жолдо бараттың,

Кыялданта карантып.

Кыялдана артта калдым,

Кыяк менен ыр жаратып.

,

Ой, санаага ашпайт экен,

Ойлогондун баардыгы.

Кыялданып карай бергем,

Кыйгач кеткен бактымы

ЖАЗЫНДА

(дүйнө ачып)


Заргындар турат гүл ачып,

Аарылар конуп кайталай.

Шамал өттү даң салып,

Шарданы такыр тарабай.


Талааны карайм таңданып,

Капа да жок менде эч.

Дүйүм куштар үн салып,

Дүйнө ачып турган кез.


ЖОМОКТОГУ ТҮН

Мерген менен аңчылыкка баргамын

Анда менин эс тарта элек бала чагым.

Издеп келдик эликти тоо-токойдон,

Эч нерсе жок, жолубуз да болбогон.


Аңчы менен бир үңкүргө түнөдүм,


Тамактанып көрдүм тоонун түңдөрүн.


Жомокто жез кемпирлер жөнүндө,

Укмуш кепти укпагамын өмүрдө.


Баатырлар кылыч менен чабышат,

Туулган жерин алар коргоп жатышат.


Жоо жеңилип артка карай баратты,

Баатырлар улуу эрдикти жаратты.



Жылдыздар асмандан көз ымдап,

Жымыңдап шоолалары жаркылдап.


Токой шуулдап, жез кемпирлер келеби,

Токтоно албайм, уктай албайм мен эми.


Yйгө келдик сапарлап эртеси эле,

Жамгырлап шамаалданып кечинде.


Андан бери далай жылдар өтүптүр,

Ак булуттар тоого карай көчүптүр.


Азыр деле мага чачып сүйкүмүн,

Эсимде үңкүрдөгү сырдуу түн.


Сыйкырланган ошол түнүм оболу,

Мергенчинин мага айткан жомогу.


Балалыкка сүйкүм отун жагыптыр,

Бакыт түнүм жомоктолуп калыптыр.


ЖЫЛДАРГА

Менин алды жагыман

Коён качты сереңдеп.

Чар тарапты карап коюп,

Безип барат элеңдеп.

Бир кезде мен жаш элем,

Чачтарымды ак басты.

Гүл чачтым эми алчадай,

Жылдар дагы коён өңдүү,

Дайнын кетти таптырбай

ОЙЛОНУУ

Уйкусурап түн жарымы мезгилде,

Уктайм анан бир кезекте ойгоном.

Секетим ай, сакталдың го эсимде.

Сени эстеп кайра- кайра толгоном.


Эрктүү жүрөк ак сүйүүнү жаратса,

Эрктүү жүрөк ак сүйүүнү жаратса,

Эчен жылдар эстен кете койбогон.

Сүйкүмүнөн жылдыз жанып баратса,

Сүйүү ушундай ыйыкпы деп, ойлоном.


КЕЧИНДЕ

Саан бээлер чогула,

Келип жатат желеге.

Күн кылкылдап батууда,

Кызылын чачып кечинде.


Аркы жактан үн берип ,

Козу маарап, үн салат.

Короого ээрчен ат келип,

Чоң казыкка байланат.


Сүйкүмдүү кеч ашыгып,

Тоолорго келди шашылып.

Жылкылар жөнөйт жайытка,

Жылга менен даң салып.


Сапар тартып төрлөргө,

Булут көчөт шашылып.

Белесте булагы көрк төгө,

Берметтери чачылып!


Суур торсоюп аңкуштап,

Кире качат ийнине.

Тоонун гүлүн жел термеп,

Назиктик отун билдире.


Арыдан тосуп койлорун,

Атчан малчы ашыгат.

Түнөргөн булут аскадан,

Түнөк издеп шашылат.


ЧАКЫРЫК

Алыс жакта чабан үйү көрүнөт,

Айланага бийлик кылып түн жүрөт.

Терезеден алсыз нурлар таралып,

Тигинде жалгыз чырак бүлбүлдөйт.


Ошол үйдө мен чоңойдум бир учур

Балалык кез анда өтүп закымдайт.

Баары көөндө ошол чырак ошол түн,

Бакыт болуп мени алдыга чакырат.


БАЛКИМ

Айлананы күз баскан,

Жамгыр берет дабышты.

Балким ушул жааган жаан,

Күз жааныдыр акыркы


Таанышым узак жол кеткен,

Карап турам тоо жолун.

Эң акыркы аны менен,

Коштошконум болбосун

Карыя карайт тоо жакты,

Сыркоо экени болжодум.

Балким, анын эң акыркы,

Караган чагы болбосун


Баары болот турмушта,

Мен ошону ойлондум.

Коштошкондук аянычтуу

Кандай гана болбосун.


ЖАН ЫРЛАРЫМ

Ажыраштым бир кездеги дос менен,

Мен өтөдүм ак өмүрдүн сапарын.

Бөлүнбөстөн силер менен бир келем

Жан ырларым, жакшы көргөн ырларым.


Ак үмүттү жакшы ой санаа ээлеген,

Шаңы чыгып келе жаткан жылдардын.

Силер менен түбөлүккө бир элем

Жан ырларым, жакшы көргөн ырларым.


Балким мени таштап кетеер башкалар,

Жан ырларым өзүм болуп калмаксың.

Өлүм келип мени ээрчитип кеткенде,

Өзүм үчүн өмүр сүрүп жашайсың.

КҮҮГҮМҮМ

Иңир кирип, жарык өчүп,

Алыстан жылдыз көрүнүп,

Айланага кайра чачат,

Караңгылык күкүмүн.

Тоо башынан ай көрүнүп,

Аппак нурун төгүлтүп.

Келе жаткан күүгүмүм,

Элесисиң өткөн күндүн.

Аралыгы болосуң,

Жарык менен келээр түндүн,

Күүгүмүм ай, күүгүмүм

Аны оронгон кайран өмүрүм.


КАН ЖАЙЛОО

Иним Шаадат Акуновго


Балык кармап Тешик-Көлдө жүрчүбүз,

Кешчү элек бөөт-бөөт сайларды.

Балдар менен жылгадан өтчүбүз,

Баратабыз аралай чаап шалбааны


Көп жоктоймун ошол күндүн сересин,

Сапар кетип акырындап жок болгон,

Кайра эстесем ал учурдун элесин,

Кайткыс күндөр Кан Жайлоомо окшогон.


БАКЫТ БАРБЫ

Турар Кожомбердиевге

Өзү өлдү бирок дагы сөзү калды,

Өчкөн жок алоолонгон сөздүн табы.

Жылуулук келип турду коломтодон,

Жылытып анда отурган адамдарды.


Ачуу- таттуу турмуш жолун аралап.

Ак кагазда жазып кеткен ыры калды.

Араласа далай-далай кылымдарды,

Акын үчүн андан ашкан бакыт барбы.


ЖОЛОЧУ

Эшикте кыш, ызгаар суугун таратып,

Үй ичинде меш дуулдап үн берет.

Те бийикте созолоно баратып,

Тереземен ай караанын белгилейт.


Анда-санда дарак кыймыл жаратып,

Мындай түндө караан деле көрүнбөйт.

Шамал гана өз үйүнөн адашып,

Шашып жүргөн бир жолочу өңдөнөт.


ТӨРТӨӨ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ

Достук, эрдик, акын менен жомокчу,

Сапар тартып баары бирге баратты.

Сыдырым жел. Түздөр тоого алмашып,

Сыноо күткөн дагы далай жол жатты.


Достук ошол татаал жолдо баратып,

Ал үчөөнү бириктирип таштады.

Жолдош болду күч-кубатын арттырып,

Жомокчунун жол арыткан дастаны.


Эрдик болсо астыдагы душмандан,

Эчен жолу карегиндей сактады.

Акын эргип толкундана тынч албай,

Досторуна жакшынакай ыр жазды.


Эриш-аркак жашоо керек дүйнөдө,

Түркүк болуп бир-бирине адамдар.

Ал төртөөнүн ынтымагын салт кылсын,

Алыс жолго сапар тартып жаткандар.


КАРГА ЖАНА ЭРКИНДИК

Карга болуп учуп кетпейм асманга,

Карга болуп кайып жүрсөм асманда.


Ак кагазга эркиндикти ким чиет,

Ырларыма жетимдик жетип келет.

Назад Дальше