Бабалардын баяны 2 - Кадыр Абакиров 3 стр.


Кищи пири Адам Ата,

Адам Ата колдосун!

Ар дайыма жар болсун!

Үндүн пири Камбаркан,

Ыр, күү кылым арыткан.

Кымбат күүнү уккандар,

Кыйлага эргип кубанган.

Кайта уксак деп суранган.

Бакыттыкы Кыдыр Иляс,

Беккулу уулун колдосун!

Бакыттын өзү жар болсун!

Баланыкы Умай Эне,

Бешик термейт Жер Эне

Бешенеси жайнаган,

Балдар толсун жергеме!


Байыркынын учкул ою,

Бабырата уланган.

Суунун пири Сулайман,

Бизден эмес кудайдан.


***

« Бугу эне тирүү»

Баатыр Балбайдын сөзү.

Качкынбай Осмоналиев. « Көчмөндөр кагылышы» деген романынан


***

«Беккулу атанын талы колдосун. Оомийи»!!!»

Темир Канат айлынын бата тилегендеги ыйык сөзү.

***

Сан жылкылуу Сарыбай,

Миң жылкылуу Каптагай,

Биздин Бугу четте бай,

Алты Басаар Тагай бар,

Кара Көйнөк Канай бар,

Союл чабаар Саяк бар,

Көл башында көп Белек,

Көбүндө жылкы көрөсүң,

Канимет кылып жөнөөрсүң,

Каяша кылсаң өлөөрсүң!


Солтобай төкмөнүн ыры К. Осмоналиев. «Көчмөндөр кагылышы».

****

« Тоңдо Темир-Канатта Кара көйнөк аттуу кайындарым бар эле.Капканчы Ысабекке карай аттандым. Анын аңчылык ирети келип, Суусардан өйдө байланып турган учуру экен.

А. Акматалиев « Баба салты, эне адеби» деген китебинен.

***

Өткөндү унуткан киши алдыны ойлобойт,

Адам өткөнү менен келечегин боолголойт.

Эл макалы.

***

«Өткөндү унутпа, ал келечектин окуучусу».

Кытай Эл макалы

***

«Акмактардын акмактыгынан, жакшы адамдын жакшылыгынан үлгү менен окуучуларга билим пайда кылат. Жүрөгүндө оту бар жигиттер тарих билүү керек. Тарых билген адамдар мурунку өткөндөрдүн ал абалын көргөн сыяктуу билет. Тарых окубаса, гезит көрбөсө, илими болбосо, атасынын башын билеби!»

Осмоналы Сыдыков

Кыргыздын агартуучусу, улуу тарыхчысы

***

Билимдүүнүн билими жугат,

Билимсиздин чириги жугат.

Эл макалы.

***


Адам деген өмүр сүрбөйт түбөлүк,

Бабалардын баскан жолун сүрөлүк.

Анда-мында кобураша калганда,

Аталардын атын айта жүрөлүк.

АТАЛАР АТЫН СҮРГӨНДӨ


Аталардын баянын

Азыр айта баштайын.

Айдыңдуу тоодо мал баккан,

Алаш менин чоң атам.

Андан аркы бабабыз,

Акылман Көлөй карыя,

Кеби элге жарыя,

Кеменгер Көлөй карыя.

Сөзү элге жарыя,

Сөзмөр Көлөй карыя

Аңгемем ары уланат,

Көңдөйгө келген уулдары,

Көөнөрбөс атам Баястан,

Баястан эмес Бай арыстан.

Ушуларды айтайын деп,

Ойлонуп турдум жанатан.


Андан ары калтырбай,

Аңгемемди узартсам,

Дагы-дагы кеп айтып,

Дайнымы айтып уласам.

Каадалуу элден даңк алган,

Кара көйнөк аталган.

Жыргалаңда жашаган,

Жыгачтан уук жасаган,

Жылдыздуу атам Бүтөбай.

Берешен жана бай келген,

Берки атабыз ушундай.


Уңгусунан калбастан,

Уламалар уланат.

Сабалаган жылкыдай,

Санжыралар куралат.

Айдыңдуу уулдар тараган,

Атагы элге даңкталган.

Аркы атабыз Беккулу,

Акылдуу адам аталып,

Айта жүргүн ушуну.

Карааны тоодой көрүнгөн,

Кагылайын жан курбу.


Дагы эмнени айтайын,

Дайныман кабар тактайын.

Эл башкарып тың чыккан,

Эрөөлдө туруп кармашкан,

Торгой деген атанын,

Тоодой болгон атагын,

Топ-тобу менен айтайын.


Куржунга салып алып барган,

Кужулдагы чуу жарган.

Куржун деген атанын,

Батыра кетем атагын,

Баштап жазган ырыма,

Бабамдын жалгыз баласын.


Абалтадан келаткан,

Аңгемемди улантам.

Аркы атабыз Төрөкочкор,

Аталар жолун уланткан.

Бабабыз болгон Жамангул,

Эл багаар эле анык бул.

Андан ары Алсейит.

Анан дагы Мырзакул.

Айтайын деп баштаган,

Аңгеменин жайы ушул.


Бабалардын баянын

Бабырап айта баштайын.

Эч бир жерин ката айтпай,

Элестүү болсун баяным.

Тайсалдабай түз айттым,

Мен айтпасам ким айтат.

Санжыра билген киши айтат.

Калыстыкты так айтат,

Каада билген киши айтат.

Бабабыз болгон Орозбак,

Кыңая баскан мойну ийри,

Өңү сары, сөз билги,

Кылымга кеткен атак даңк,

Кылжырдан баян такталат.


Аркы Тагай атабыз,

Айбаттуу болгон эр болгон,

Эр уулу менен тең болгон.

Канча жоого намыз бербей,

Кадимки жолборс берендей,

Кармашта элин коргогон,

Өзгөгө намыс карматпай,

Өз элине чеп болгон.


Атанын эгиз уулдары,

Агуул жана Кууул,

Алардан тукум уланган.

Аңгеме айтам булардан.

Агуул биздин атабыз,

Алыста калган бабабыз.

Абалкыны жакындатып,

Алардан баян айтабыз.


Ак карлуу тоодо төрөлүп,

Атак даңктан чеп курган.

Душманга бербей намысты,

Туу алдында бек турган.

Кооптуу жерде алышып,

Коогалаңда чабышып,

Атанын жалгыз баласы,

Сыйлап көзгө басаары,

Доордун айтып тарыхын,

Долон бий өткөн дүйнөдөн.


Аңгемемди ары улайм,

Андан аркы атабыз,

Кыргыз-кыргыз болгону,

Кыргыз атка конгону.

Тайган эмес ырыстан,

Аркы атабыз Ырыскан.


Каадалу өмүр өтөгөн,

Карабагыш, Акбагыш,

Анан дагы Чоңбагыш

Акбагыш биздин атабыз,

Удеге менен кармашкан,

Намысты коргоп калмактан,

Нарктуу жолдон тайбаган.

Эли-жерин коргогон,

Элес айттым ошондон.

Кыргызды кыргыз кылып,

Кылымдар боюу сактаган.

Баян козгойм кайтадан,

Байыркы ата бабамдан.


Аркы атабыз Үрүмчү,

Айдыңдуу баян оболойт.

Ата-баба тарыхын,

Айтканым сонун кеп болот.


Мен булардын аттарын,

Санжырадан окугам.

Качанкыны кеп кылган,

Карылардан көп уккам.

Ушундайбы, башкабы,

Чын баянын ким билет.

Качанкы кеткен тарыхты,

Карылар аны эскерет.


Санжыраны билбеген,

Сай-сайда калып жоголот.

Жети атасын билбеген,

Жетип уул деп кордолот.

Ушуну менен бул айтаар,

Учкай кебим токтолот.


СӨЗ

Хан бектердин катаалдыгын айткан сөз,

Качанкы бир байыркыдан калган сөз.

Бал-балдардан балбылдата күү чалып,

Бабалардын баянын айткан дагы сөз.

***

« Ыр сөздүн падышасы»

Элден

БАШКЫ СӨЗ


Тоолрдогу гүлдөрдү,

Топ-тобу менен чогултам.

Коолордогу гүлдөрдү,

Кооздугун карап отурам.

Алардын алып көрктүүсүн,

Жердештерге көрсөтөм.

Жергемдин көркөм экенин,

Жетине албай сөз бөлөм.


Кыргыздын асыл ойлорун,

Кымбаттарын чогултам.

Даана жазып бабаларды,

Дастан кылып отурам.

Аңгемем жакшы, жаманбы,

Аны билбей чочулайм.


Дастанымда баары бар,

Кайтыш болгон баба бар.

Кадырлуу өткөн кары бар,

Саймедиреп токтобос,

Санжыра айткан адам бар.

Каада күтүп мал баккан,

Кадимки Сыдыш абам бар.

Жанында аны ээрчиткен,

Жапас деген агай бар.

Үйрүнөн калбай келаткан,

Үсөнбай байкем дагы бар.


Эр эңиште байге алган,

Эчен-эчен шерлер бар.

Жумурай журтка таанымал,

Жумакадыр аба бар.

Койсойбостон Канай бар,

Дөөдөй болгон бу да бар,

Дайнын айтып отурсам,

Дагы канча жандар бар.

Атагы чыгып даңкталган,

Шоңколор багып мактаган,

Чоң жарышта байге алган,

Ала байтал күлүк да бар.


Дастанда баары бар,

Арпа Тектир, Ат Жайлоо,

Агалар баскан айдың бар.

Кара Каман, Чатыр Таш,

Каадалуу жайлоо Сорок Таш,

Алды жагы Калак Таш,

Жамырап өткөн жалын жаш,

Жалын өмүр кайрылбас,

Жайнаган сонун жерлер бар.


Окугандар дастанды,

Баардыгына кабылат.

«Жараткан кудай алла» деп,

Жан дүйнөсү жаңырат.

Көрүнбөй кеткен бабанын,

Көбүн эстеп жаш алат.

Окугандар дастанды,

Кең дүйнөсү ачылуу,

Бапырап өткөн таалайлуу,

Балалыкка кабылат.

Баё кезин сагынат.

Көөнөрбөс жерге тартылып,

Көзүнө мөлтүр жаш чаят.

Аралаган дастанды,

Туулган жерге тушугат,

Ата-баба сапар өткөн,

Адырларга жамгыр төккөн.

Кайрылбай өткөн мезгилге,

Бу дастан сени жолуктурат.


Туу жондордун сүйкүмүн,

Туулган жердин наз гүлүн,

Тунжураган айлуу түнүн

Көрсөтүп жүрүп отурат.

Атыр жыттуу абасына,

Ак кар баскан аскасына,

Айдың көлдүү жактарына,

Азгырып жүрүп отурат.


Жон-жондогу чабандын,

Жети атасын таптырат.

Күлүктөрүн жарышта,

Күйүктүрүп айдатат.

Кара- Каман, Чатыр-Таш,

Каадалуу жакка алпарат.

Карыга баян айттырат.


Дастанда баары бар,

Айдыңдуу Акун атага,

Алпарып комуз черттирет.

Майданда өлгөн эрлерден,

Маанилүү маек эшилтет.


Бул дастанды жаратуу,

Кыйын болду мен үчүн.

Уйкусуз өтүп кетти го,

Назад Дальше