Калк айтты:
Ажо бул аскага чыгып душманга дүрбү салчу.
Кароол чоку.
Бул жерден келаткан душман даана көрүнөт.
Жарыктык канаттуум ээсин эстеп жатат. Тили жок куш болсо да баатырча келаткан жоону карап турат. Касиеттү кароол чоку. Теңирим жараткан. Тоодой алтынга бергис чоку. Бизге кыраандык жолун айтып жатат.
Бул жерден келаткан душман даана көрүнөт.
Арбакты сыйлап баш урууда.
Куш ал жерден айлана учуп мүнүшкөрдүн колуна келип конду.
Эл мүнүшкөргө:
Шумкарды дагы учур кимге барып коноор экен- деп, жаалашты.
Жанагы аксакал куштун башын, канат куйругун дагы бир жолу эркелете сылап кушту учурду. Бул жолу кыраан эч кимге конбой бийик карагайдын башына барып жай алды. Кайран кыраан билген экен. Ошол карагайдын түбүнө ажо мезгил-мезгили менен элди чогултуп, курултай өткөрүп турчу. Эл эмне сунуш айтса, ажо ошол ойуду аткарган. Журт муну эстеп:
Касиеттүү канаттуу элди сыйлап жатат.
Мүнүшкөр үчүнчү жолу кушту учурду. Канаттуу асманда үч ирет кайкып үн сала чыгышка карай сызды.
Журт:
Ал келбейт.
Кайра-кайра учура берип, бизге таарынды окшойт.
Ал биз менен коштошуп алыс сапарга кетти.
Эл жакшылыкты үмтөтүпкуш кеткен тарапты колун серепчилеп карап турушту. Журт бул көрүнүштү жаманчылыкка жоруп жатты.
Көк асман. Куштан дарек жок. Муштумдай боз караан учуп отуруп, асманга сиңип кеткен экен. Эл кушту жоктоп, асманды карап, баарынан айрылгансып, жалдырап туруп калышты. Бир чай кайнамдай убак өттү шекилденет. Алыстаасмандан бир караан элге карай сызып келаткандай болду.
Тетиги эмне?
Бир караан сабалай учуп келатат.
Көзү курч балдар карагылачы?
Карарган ал эмне?
Көк кажыр го.
Тарп жору окшойт.
Таз карабы.
Алар чоң болот жай учат. Мунун учушу ылдам экен. Бир кыраан куш го.
Бул чабыты алыска кеткен алгыр кыраан куш тура.
Жарыктык зыпылдай учуп келатат.
Ой, ажонун кырааны.
Ал кайра келатат.
Кудай берди.
Айланайын жаратканым колдой көр!
Эмне кылаар экен карап туралы.
Бизден кетпесе экен. Теңирим бизге кубат берсин!
Деги эли-журтубуз аман болсо экен.
Куштун учушу өтө олуттуу тыянак чечимге келгендей сыяктанат. Жаныбар болсо да, бүткүл элдин ой-санаасын билип тургандай сезилет. Эл кушту көрүп шыктана түштү. Канча кылса да мекен, эл жерин коргогон адамдан калган асыл таберик эмеспи. Асманда күүлдөгөн дабыш эшилип, жаныбар шукшурула келип ылдыйлап, анан жай каалгый абада айланып далайга туруп алды.
Журт:
Кыраан бизди таштаган эмес экен.
Ал таштабайт, эстүү жаныбар эмеспи.
Акылдуу жаныбарды жаратканым колдой көр!
Ал бизди ташташы мүмкүн эмес. Ал баарыбыздын колдоочубуз. Канаттуу жай акырын каалгып келип, Рыс деген кишинин оң ийнине жай жайгаша конуп кайраттуу шаңшып жиберди. Баары сүйүнө кубанып, кыйкырып жатышты. Эл токтоно албай термелет. Каны кызуу жаштар дүргүп дуулдап турушту. Эми Рыс деген ким эле? Майданга жибербей эл аны катып калган. Өзү жарды үй-бүлөдөн. Андай баатырлар эл ичинде өтө аз төрөлүп, өтө аз чыгат. Ал калыс журттун тагдырын ойлогон, акылман, чечен, баатыр адам болчу. Колунда болгон байлыгын жардыларга таратып бере берген. Эл башкарууга ылайыктуу адам болуп, жаштайынан эле калайыктын камын көздөп жүргөн. Ал каза болгон ажонун биринчи кеңешчиси болуп, ажо баардык ишин анын айтканындай аткарып жүргөн.
Карыялар:
Кагылайын журт эл тербип турганда багыбыз бар экен.
Рыска конду туура конду.
Ал элдин камын ойлогон баатыр жигит.
Мындай баатырларыбыз турганда элибиз кор болбойт.
Өз кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын жогору коёт.
Эми Рысты хан көтөрүп, Рысхан атайлы.
Жаштар дуулдап кыйкырып жатышты.
Биздин ханыбыз Рысхан!
Рысхан!
Рысхан!
Рысхан!
Рысхан деген ат тээ обого теребелге бобу ачык ай-талаага тиги аркы карагай жыш өскөн жылгага чакырык болуп таралып жатты.
Ошентип журт Рысты хан көтөрүп, Рысхан деп, аташты. Жараткандын буйругу экен Рыс элге хан болуп калды. Кыргыздын кырк уруусу биригип баягы баскынчы кара кытай, калмак, манжуларга тең ата болуп, аларга эркиндигин алдырбады. Рысхан жаңы алтымыштан ашкан. Ал ары акылман, ары аяр, ары чечен көрүнүктүү аскер башы эле. Кыргыз элинин биримдигин чыңап, башка элдер менен тең ата жашап турду.
Карыя улама-санжырасын эң жакшы аяктады. Бул уламаны ал бирөөдөн укса керек ошол үчүн бизге жакшы айтып бербедиби. Мен аны толуктап туруп башкалар окусун деп кагазга түшүрүп койгом.
ЧЫНГЫЗ ХАНДЫН УЧУРУ
Айланасы өтө бийик эмес жапыз тоолор, чычкан жөргөлөп өтө алгыс калың токой, көпчүлүгү кызыл карагай, эмен алардын арасында ар кандай бадалдар жер жемиштер. Тээ арыда улуу дайра алтын казык жылдызына карай, суусун жарга уруп, атам замандан бери агып жатат. Касиеттүү ата-бабабыз мекендеген дайранын жээгинде улуу токой соккон шамалга бой керип, сеңселе кыймылдайт. Токойдун арасы ар кандай илбеесин жан-жаныбарларга жык толгон. Бул жерге кышкысын кар калың жаап, жайкысын бир топ эле салкын тартат. Кечке чейин сайраган канаттуулардын үнү басылбай, кереметтүү кайрыктары кайра эленет. Ал эми күкүктүн, булбулдун андан башка түркүн канаттуулардын үнү бирде бул жерден, бирде тигил жерден чыгып, жашоонун өлбөс элесин тартуулайт. Бул жердин адамдарынын бойлору узун келбеттүү, сары чачтуу, кызыл жүздүү, көздөрү көгүш эле. Ошол үчүн аларды «Кызыл жүздүүлөр» деп атап алышкан. Алар токойдун арасында бир жерден экинчи жерге малын айдап, көчүп жүрүшөт жана токойдун арасына кирип кас элден коргонушат. Жана токойго жашынып душмандарына кол салып, чабуул коюп, бат эле майкандап жок кылып, качып кетишчү экен. Курч балта, араалары менен келиштирип жыгачтан үй салып алышат,
Тээ тетиги токойлуу тоонун бери жагындагы аймак ушул жердин бийлөөчүсү Олобектин андан ары Единал, Алдиер жана башкалардыкы. Ал жердеги кыргыздар ушул мекен коргоор баатырлары менен сыймыктанышат.
Береги жайыктан бир топ атчандар чыгышты. Алар буудандарын камчылана катуу таскак менен алгалайт. Жолочулардын минген аргымактары өтө чымыр жана күлүк эле. Жаныбарлар кеминде он күн жол жүрсө да арыбас-чарчас түрлөрү бар сыяктанат. Тээ ары жакта бай Олобектин төөлөрү, уйлары, койлору жайылып жатат. Төштө оттоп жаткан кара куйруктуу текелерди ак калпакчан бир бала төмөнгө карай айдап келатат. Токойдун бери жагындагы өзөндөн баш-алты бала жаны тынбай балык кармоодо. Балыктардын ооз-муруну башынын асты жагында болуп, денеси кылкандуу тартып өтө майлуу эле. Балдар аттын куйругунан, жалынан жасалган торлорду иримге салып, бир тобу таяк менен балыктарды ылдый карай айдап жатат. Ылдый кайыган балыктар торго түшүп жатты. Өспүрүмдөрдүн өңүндө кубанычтын элеси чачырап, бай жээктен алар күндө ушинтип балык кармашат.
Береги топ атчандар кайрат чачкан көк асабасы желпилдеген Олобектин үйүнө жете келип, унааларынан түшүп боз үйгө киришти. Алар дагы бир тараптан атчандарды күтүп жатышты. Көп өтпөй тээ береги чоң сайдын жанындагы бурулуштан беш атчан көрүнөт. Аларды акбозчон баатыр баштап келатат.
Ырыспек келатат. Жардамчысы Асаат, Маатай да бар экен.
Ырыспектин атчандары бат эле боз үйгө жете келип, улуулата төрдөн орун алышты. Отургандар кымыз ичип, анын артынан эт жеп, ортодо кызуу сөз жүрдү. Сөздү аягы монголдорго барып келген Дөөлөс алды:
Мен Темүчүндүн ата конушуна барып көп жерди кыдырып келдим.
Отургандар:
Деги Темүчүн деген ким экен ошону айтып берчи?
Темүчүн ошол көчмөн монголдордун Тайшит уруусунан чыгыптыр.
Ата теги энеси ким монголдордо көп уруу бар эмеспи?
Анын энеси Оолун бизче «булут» дегенди билдирет. Атасы Есугей баатыр, чоң атасы Бартан, дагы Хабул хан.
Мен кимдир бирөөнөн уктум эле анын жетинчи атасы кыргыз экен, деп
Ошондой шекилденет өңү саргыч тартып, кыргызга окшоштурушат экен.
Дагы бирөө чыйылдап сүйлөп калды:
Балким ал биздин чоң аталарыбыздын бирөөсүнүн баласы болуп жүрбөсүн.
Баардыгы кыраан каткырыкты салышып, сөз андан ары уланды.
Тайшиттер өзүнө каршы урууларды каратып алып, баш көтөргөндөрдү талкалап жок кылышты.
Алар татарларды, наймандарды, меркиттерди, өзүнө багындырып, бийликти Темүчүндүн колуна топтошту.
Баардыгы сүйлөбөй ойго батышат. Олебек монголдорго барып келген адамдан сурады:
Баарын тактап чачпай баяндап берчи Темүчүн жөнүндө эмнени билесиң?
Тигил киши үнүн жай чыгарып акырын сүйлөй баштады:
Темүчүндүн баяны арбын анын атасы Эсүгөй ал баатыр адам болгон экен. Анын атасы Бартан баатыр, Хабул хан, Тумбинай чечен, Байшинкар, Хайду, Бодончар анан Кул Малик, анан Алангоо деген аял Кул Малик менен кошулуп, Бодончар төрөлүптүр. Уламада айтылган ошол Кул Маликти кыргыз экен дешет. Аланго деген аял күйөөсү өлүп калып. Береги Кул Малик менен жүрүп, Чынгыз хандын түпкү аталары Бодончар төрөлүп жатпайбы. Дагы Темүчүн жөнүндө бир уламаны айтып берейинчи. Бир күнү монголдордун меркит уруусунан Эскиледу деген мыкты жигит Оолун деген кызга үйлөнүп аны арабага салып үйүнө бараткан экен. Ошондо теңсиздик менен кызды Есугей тартып алып үйүнө алып келип үйлөнүп алат. Оолун акылман аял болуптур. Укканга караганда Жочу, Угедей, Чагатай, Тулуй деген балдарды төрөптүр. Темүчүн төрөлгөндө оң алаканына кан уучтап түшкөнүн көргөн кемпирлер болуптур. Алар ошондо аябай таң калышат. Бала төрөлгөн күнү ачык эле туруп күн тутулуп, жети күн катары аба ырайы ачылбай бороон согуп, кадимкидей кыш кычырап аяз түшүп турат. Түнүндө ат кишенеп, айбалта шыңгырап, кылыч кыңгырап, согушкан баатырлардын үнү угулуп, бала ыйлап, эне боздогон каңшаар сезилип турган экен. Араң дегенде сегизинчи күнү асман ачылып, калың тумандын арасынан күндүн көзү агылыптыр. Булуттар тарап, айлана жылымык тартат. Ошондо таягын такылдатып улуу бакшы айтыптыр: