Бабалардын жанырыгы - Кадыр Абакиров 3 стр.


 Айланайын эл журт бир балакет болбосо экен, бул тозок адам пендесине көрүнүп, жер үстүндө киши задиси кызыл кыргын, кара сүргүнгө кабалып азап тартпсын. Жер бетиндеги жазыксыз адамдарды тирүү койсо экен. Көзү ачык бакшы жаны тынбай секирип баардык жерге ушул сөзүн айтып чыгыптыр. Кыраакы бакшы туура эле айткан окшойт. Ошол бала төрөлөөрдө энеси бир кызык түш көрүптүр. Бала жөрмөлөп отуруп туу чокуга чыгат. Тоонун этегинде эл быкпырдай кайнап, журт балага ийлип таазим кылат. Тоонун башында ак кар көк муз эрип суу ташкындап кыян агып жаткан имиш. Бала сууга кылыч, найза, жаа салып агызып жатат. Суу элге жетип, алиги куралдар калың журтту өзүнөн-өзү эле өлтүрүп кирет. Өлгөн адамдарды быкпырдай кылып суу агызып жаткан экен. Агып жаткан суу суу эмес эле, кандуу дарыяга окшошот. Азаптуу сууда адамдын баштары, буту, колу, денеси агып жаткан болот. Чынгыз хандын энеси Оолун суу башында туруп, баласына карап:

 Темүчүн бул эмне кылганың, адамдар тынч өмүр сүрсүн!

 Жок эне мен ааламга чаң чыгарыш үчүн төрөлгөм, ошол бойдон калам. Ааламдагы элдер мага баш ийиш керек эгерде баш ийбесе суу кан болот.

 Антпе балам, адамдарга тынчтык керек, алар тынч жашасын. Алар тынч жашап жакшы өмүр өткөрүш үчүн төрөлгөн. Жараткан эгем да ошону каалайт!

 Жок мен туу чокуга жетем, мен кан агызып отуруп бийликке барам. Мен ааламды башкарып анын эгеси болом!

 Кой, уулум антпе, биз тынч жашайлы, сенин атаң, анын атасы да кийинки аталар да тынч жашап келген. Сен тоодон түшүп кел,кан акпасын!

Ушул кезде Оолун ойгонду аябай тердеп кетиптир.

Жанагы көзү ачык бакшы боло турган окуяны чын эле болжолдогон окшойт.

Темүчүн желмогуз ошентип эр жетип чоңоёт. Чоңойгондо эле ал аскер курап, баш ийбеген журтка кан агызып, тынч жаткан тайпаларды багындырып кырып келатты.

Отургандардын баардыгы катуу санаага чырмалат. Алардын бул ойлонуусунда «Эми биздин тагдырыбыз эмне болот?» деген божомолдор бар эле. Улуу Кемжет кем (Жогорку Эне Сай) Кичи кем ( Кичи Эне Сай) дарыяларына, Миң Суу өзөнүн мекендеген туягы курч, шамал эшкен басканда арыбас, күлүк аттарын минип курч кылыч, калкандарын колуна кармаган журт, ааламды басып алууга аракет кылган Темүчүндүн жүз миңдеген жоокерлеринин келишин билгенде тымтырс болуп ойлонуп жатышты

Дагы бир абышка кайталап сурады:

 Анын жети атасы каргыз дедиңби, кайталап айтчы, түшүнбөй калдым?

 Ооба анын ата теги санжыра боюнча кыргыз дешет.Биздин ушул эле Миң Суу өзөнүн жердеген Маалик деген адам бир себеп менен туткунга түшүп, монголдорго кетет. Ал ошол жерде жашап, чыныбы, калпыбы алиги аял менен байланышат. Ургаачы улама боюнча ал кишиден үч бала төрөп алат. Баарысы тең азырка Темүчүнгө окшош чачы сары, көк көз Темүчүн ошол жети атасын тартып калса керек. Өңүнө караганда аны биздин тукум деп эсептөөгө болот, бул сөздү укканда баарынын өңүндө кубанычтын элеси чачырай түштү.

Дагы бирөө күлүп:

 Биздин тукум болсо, эмне бизге каршы кол аттантып жатат. Эми биз менен каршы күрөшөбү.

Баары күлүп калышты.

 Кыргыз каны менен монголдун каны бириксе, көк бет болуп, бүткүл ааламды чаңызгытып бушайман кылбайбы.

 Алар жер жайнаган кара кытайларга да коркунучтуу душман болуптур.

Отургандар жоонун каардуу, сүрдүү, күчтүү, жеңилбес экенин билип ойлонуп отуруп калышты. Алар «эмне болобуз» деп өз күнүн ойлонот. Булардын келечегине кандайдыр бир шектүү жаман окуялар башын кылтыйтып турду.

Бирөө:

 Чектеш Тумат эли менен биригип, Темүчүндүн колуна каршылык кылсак эмне болот.

Демейде чечкиндүү ажо Ырыс, Алдиер, Олебектер да тунжурап отурушат.

Олебек:

 Едине келсин ал эмне айтаар экен. Ошонун пикирин угалы.

Отургандар эт жеп, кымыз ичип анан тарап кетишти.

Кыргыз билермандары кечинде жыйын курмай болуп, баардык жерге кабар таратышты.

Түн кирип эртеси таң атты. Дагы бир күн өттү. Түн кирип дагы таң атты. Эки күн өттү. Касиеттү кыргыз эли. Миң Өзөн жергеси. Токой жолу. Асманы ачык, ай жарык. Жери жер, суусу суу болуп жайкалат. Калың токой анын арасында түркүн куштар үн безеп сайрашат. Жайыттан ат кишенеп, кой маарайт. Токойдун арасындагы булактан эки бугу суу ичип, чар тарапты абайлай карап, калың черге кирип кетишти. Тээ береги жайык талаа. Ал чоң карагайдан кураштырып салынган үйдүн жанында бийик даракта көгүш желек желбирейт. Береги мелтиреген жып-жылма улуу аска, байыркы замандан бери ичине сыр катып жаткансыйт. Асканын жанында улуу карагай ыргалып, анын канча жашка чыкканы белгисиз. Анын башына кыраан бүркүт жылда уялайт. Анын уясы ар кандай чычырганак, талдан жана башка бадалдан бекем салынып, жаныбардын жүнү менен жылууланат. Азыр бүркүт эне уяны басып, кыраан ата ага ар кандай азыктарды ташып берип, балапанын учуруп кеткен. Эки бүркүт балапандарын аман-эсен басып чыгарсын. Бар бол туулган жеримдин кыраан бүркүттөрү! Сенин шаңшыган сүрдүү үнүң биз жашаган жерден алыска-алыска угулсун! Биз сени менен сыймыктаналы! Бар бол касиеттү Эне Сайжерим!

 Чектеш Тумат эли менен биригип, Темүчүндүн колуна каршылык кылсак эмне болот.

Демейде чечкиндүү ажо Ырыс, Алдиер, Олебектер да тунжурап отурушат.

Олебек:

 Едине келсин ал эмне айтаар экен. Ошонун пикирин угалы.

Отургандар эт жеп, кымыз ичип анан тарап кетишти.

Кыргыз билермандары кечинде жыйын курмай болуп, баардык жерге кабар таратышты.

Түн кирип эртеси таң атты. Дагы бир күн өттү. Түн кирип дагы таң атты. Эки күн өттү. Касиеттү кыргыз эли. Миң Өзөн жергеси. Токой жолу. Асманы ачык, ай жарык. Жери жер, суусу суу болуп жайкалат. Калың токой анын арасында түркүн куштар үн безеп сайрашат. Жайыттан ат кишенеп, кой маарайт. Токойдун арасындагы булактан эки бугу суу ичип, чар тарапты абайлай карап, калың черге кирип кетишти. Тээ береги жайык талаа. Ал чоң карагайдан кураштырып салынган үйдүн жанында бийик даракта көгүш желек желбирейт. Береги мелтиреген жып-жылма улуу аска, байыркы замандан бери ичине сыр катып жаткансыйт. Асканын жанында улуу карагай ыргалып, анын канча жашка чыкканы белгисиз. Анын башына кыраан бүркүт жылда уялайт. Анын уясы ар кандай чычырганак, талдан жана башка бадалдан бекем салынып, жаныбардын жүнү менен жылууланат. Азыр бүркүт эне уяны басып, кыраан ата ага ар кандай азыктарды ташып берип, балапанын учуруп кеткен. Эки бүркүт балапандарын аман-эсен басып чыгарсын. Бар бол туулган жеримдин кыраан бүркүттөрү! Сенин шаңшыган сүрдүү үнүң биз жашаган жерден алыска-алыска угулсун! Биз сени менен сыймыктаналы! Бар бол касиеттү Эне Сайжерим!

Ушул аймак Олебектин жери болуп, кул-кутандары менен ушул чөлкөмдү мекендейт. Анын үйүнө ажо Ырыс, анын артынан Долон бий, Единал жана башка бир топ сөөлөттү кишилер келишти. Кыргыздарды ал кезде жалпы ажо башкарчу андан кийинки кызматта иналдар турушчу.

Чогулгандар семиз койдун этин жеп, ал арада Темүчүн жөнүндө сүйлөшүп жатышты.

 Эми эмне кылабыз?

 Балким тумат, кыштым, урасут, төлөс уруулары менен бириксек Темүчүндү жеңеер белек.

 Ай ким билет баарын кыйратып келаткандан кийин Темүчүндүн жоокерлерин токтотуу кыйындыкка турат го.

 Ооба Темүчүндүн колу күчтүү аны жеңе албайбыз. Жер жайнаган кара кытайларды да коркутуп жатпайбы.

 Канкордун колу күчтүү аны багынта албайбыз.

 Ошондуктан ага белек берип, ошолор тарапка өтсөк балким элибизди кызыл кыргын, кара сүргүн өлүмдөн сактап калаар белек. Андан башка бизде кандай арга.

 Бизге кошулуп душмандарыбыз менен согуш десечи.

 Согуша албайбыз жерибиз башка, жада калса дитибиз эки бөлөк. Алар менен эмне ишибиз бар. Балким анча-мынча салык төлөөрбүз.

Баардыгы Олобектин айтканына макул болушту. Эми белекке эмне бере турганын жөнүндө ойлонуп жатышты.

 Темүчүн баскынчы, кан ичеер эмеспи ага ыраазы болгондой кымбат белек бербесек болбойт.

Ошентип кыргыздар ителгинин кыраан чыкмасынан шумкар тандашты. Ак жана кара шумкарды, кан ичеер ушул эки кыраанды көргөндө биздин элди аяп, анча жамандык кылбас деген ойдо болушту. Ушул эки шумкардын атагы алыска белгилүү эле. Канаттуу кыраандар далай бүркүткө кол сала жара тээп, ар кандай илбээсин канаттууларды айылдын үстүнө топ-тобу менен айдап келип, бирден тээп түшүрчү. Бирөөнүн өңү агыш келип, куйругунун алдындагы сыңар жүндөрү жаңы жааган ак кардай аппак болчу. Тумшугу жана тырмактары кызыл эле. Карасынын өңү каралжын тартып, көргөн жанды улам-улам каранта берчү. Саятчы Каратөлөк «Көз тиет» деп аны эч кимге көрсөтчү эмес. Бул шумкарды Долон бий кармап саятчы Каратөлөк экөө тапка келтирген. Ар бир шумкарды эки жүз койго бааласа боло турган эле. Бул тартуу менен бирге акбоз аттын башына окшотуп жасалган чылгый алтын бар болчу. Теңирим берип асмандан түшкөн кара таштан согулуп, токойду кыйып, көмүрчүлөр көмүр өчүрүп, уу булактан сугарып, ажыдаардын заңына үч ай таштатып, түн ичинде кындан суурса, айланасы жарык болуп жалыны өрттөй чыгып, тоону чапса таш кескен, шиберге койсо өрт кеткен кылычтарды, найзаларды буларды Ашмай, Эркашка, Көкүм табылгыс чебер усталар узанып жасаган эле.

Ошентип, монголдорго Единал, Алдиер, Олобектер көп жигиттери менен сапар тарта жөнөп калышты. Элчилер менен кошо бектин кеңешчи, көзү ачыктары кетип баратты.

Темүчүн: «Мага кимде-ким өз эрки менен баш ийсе менин тууму желбиретип, бизге кошула берсин»-деп монголдордун ыйык деп эсептелген туусун көп жерге таратып жиберген. Ошол туудан бирди кыргыз элчилери аны жанындагы меркит урууларынан алып, карагайдын жыгачына желбирете тагып алышкан. Бара жаткан кыргыз элчилерин «Башка бирөө кол салабы» деп мыкты куралчан өрт жигиттер кайтарып келатты. Жолдо келе жаткан кыргыз кошунууна эч ким каршылык көрсөткөн жок. Темүчүндүн колу дүйнөнү багындырып келатканын баардык эл билип, туюуп турушкан. Аларга кол салуу өтө оор болуп калган. Кээ бир начар коргоноору жок элдер өздөрү эле кошула башташкан. Бара-бара жүрүп отуруп, кыргыз элчилери монголдордун жоокерлерине жолугушту. Кошуун менен кошо короо-короо койлор, уйлар, үйүр-үйүр жылкыларды айдап өтүп жатышты. Жаныбарлар чабуулда жүргөн монгол жоокерлеринин азык-заттары эле. Эч бир жерде баш аламан нерсе жок баардык жерде тартип менен кетип бараткандай сезилет. Монголдордун желегин көргөндө эч бир жоокер аларга каршылык кылган жок. Монгол жоокерлери аларга урмат кылып колун бооруна алып ийиле салам берип өтүп жатты. Бул «кошулалы» деген башка элди урматтаган белги болчу.

Назад Дальше