Бабалардын жанырыгы - Кадыр Абакиров 6 стр.


ЧЫНГЫЗ ХАНДЫН ТҮПКҮ ТЕГИ КЫРГЫЗБЫ

Жапыз тоонун түшө калышынан бери шиберлүү аймак созулуп, чөбү чыктуу келип малга тоюттуу ушул жерди Эрке Харанын боз үйү андан башка тайшит урусунун адамдары жанаша конгон. Булардын ичинен байы эле ушул Эрке Хара. Анын көптөгөн төрт түлүк кой, эчки, уй, өгүз, жылкы жада калса, бийик тоолордо сан жеткис топоздору жайнап жайылат. Бул жердегилер Эрке Харага баш ийет. Анын бир канча кул-кутандары бар. Аймакта көптөгөн адамдар жашап, алардын арасында Борчунун үй-бүлөсү да бар. Ал сөөк-саактуу боюу узун далдагай адам. Анын ата-бабасы көптөн бери ушул жерди конуштап мергенчилик кылып келатат. Анын кой көздүү кара каштуу бир-бирине оп-окшош үч баласы бар. Борчу малга аттын кылынан чылбыр эшип жатканда ага аялы Аймарал айтты:

 Дайым эле эркек балалуу болдук. Эмки наристебиз мага кол кабыш кылгандай кыз болсо экен.

Анын айта турган жөнү бар болучу. Кайын энеси улгайып каруу күчтөн тайып калды. Ал эми Борчунун биринчи аялы мындан эки жыл мурун төрөттөн ооруп дүйнөдөн кайтып, үй-бүлөнүн түйшүгү казан-аяк иштери жалаң Аймаралдын колунда калды. Анын үстүнө үч баласын өтө жакын жүйүр төрөп аларды чоңойтуу да азап болгон.

Акырындык менен мезгил жылып жатты. Борчу түйшүктүү адам аңчылык менен шуулданып, үй-бүлөсүн багыш үчүн жер кезип, тоо-талааны аралап жүргөнү-жүргөн.Тамагын жалаң талаа-тоодон тапкан.

Бир жолу коңшу айылдагы атактуу Алтан төрө той берип жатыптыр деген каңшаар угулду. Ошондо Борчунун баласы Добун атасына айтты:

Ата, Алтан төрө чоң той берип жатыптыр. Мен ошол жакка барып келейинби?

Мейлиң балам, бирок этият бол меркит уруулурынын жигиттери келет деди эле, алар көрүп калса сени зыян кылбасын.

Эцеге (ата) мен алардан коркпойм жаам бар эмеспи.

Балам чеберде жааң менен бирөөн кырсыктатып саласың.

Чебердейм, эцеге андай жерде жааны пайдалана билиш керек. Зыян болуп кетсе, жаман былтыркы керет уруусундагыдай чатак болот,-бала кадыр эсе чоң кишидей жооп берди.

Анан жаа атышуу мелдешке катышам,эгерде жеңсем Алтан төрө мага чоң сыйлык береер.

Ошол күнү күн ачык болду. Өрүштө ыңкып жаткан мал. Аларды көзөмөлдөп жүргөн малчы балдар, кул-кутандар. Ар тарапка сайгактап качкан уйлар, аларды кайтарып жүргөн атчан адамдар. Өтөктө монголдордун аппак боз үйлөрү көрүнөт. Тээ береги айлана берген урчукта шылдырап аккан кичинекей суунун жээгинде Алтан төрөнүн аппак боз үйлөрү. Конуштун айланасында байланган аттар ары-бери чапкылаган адамдар. Алар эшек, качыр, төө, өгүз минип кээ бир байлар арабачан келишти. Эл боз үйдүн жанында аппак дасторконго отуруп, чай, кымыз ичип, андан кийин эт жеп жатышат. Чоңурактары кымыздан тартылган арактан ичүүдө. Тээ дөңдө бир топ адамдар, алардын четинде төөнүн жүнүнөн жасалган чепкен кийип, карышкыр көлдөлөңдүн үстүндө улигерчи (жомокчу) ата бабасы жөнүндө дастан айтканы ээ бир сонун керемет. Улигерчиге чоң атасы ушул дастанды айтып берген. Бул жерге келген Добун быштысынын тизгинин түрүп коё берип, жомокчунун жанына барып, сөзүн тыңшап калды. Дастанчы баланы өтө таң калтырды, анын ак сакалы белине жетип, ак каштары калың тартып, чап жаак экен. Ал байыркы дөө-шаалар, желмогуздар, баатырлар жөнүндө укмуштуу окуялардан жомок курап айтып, колун ары бир жаңсап, бери бир жаңсап, башка бир жакка обого учуп кетчүдөй куш сыяктуу сезилет. Анын айткан баянын жөн эле татканып угасың, сөздөр өзүнөн-өзү куралып ыр сыяктуу кереметтүү туюлат. Мындай сыйкырдуу жомоктор бул дүйнөдө жоктой же жарала электей сезилет.

Ал Алтын каган жөнүндө баян айтты. Аңгемеде монгол баатырлары Тибет башчыларын жана тангуттарды кантип сүрүп чыкканын айтканы бир укмуш. Ушул кезде улигерчи кыраакы адам окшойт, бала Добунга:

 Эй,балам, сен, жомок угам деп тамак ичпей ачка калдың бар тамактанып кел!

Бала жаасын колуна кармап чуркаган тейден түзөңдөгү дасторконго келип отурган. Ага чай, кымыз берип анан койдун жана суурдун майлуу этинен чоң табакка салып берген. Ошондо энеси Аймаралга окшош ак жүздүү аял:

 Тойдуңбу жаш каган майлуу эттен дагы жей түшсөңчү,-деп тамашалап ырайлуу карап, бала уялбай эле:

 Дагы эт барбы?  канча кылса да этти көп жеген мергенчинин баласы эмеспи жанагы энесине окшош аял ага ичеги карын жана чоң койдун кичине мүлжүлгөн жамбаш сөөгүн алып келип берген. Добун кадыр эсе эркектерче чөнтөгүндөгү бычагын алып жамбаш сөөктүн этин калтырбай мүлжүйт. Тамак жеп жатып, керемет жомок айткан улигерчи отурган дөбөнү улам-улам карап коёт. Ал жерде эч ким жок экен. Баары жомок угуп тарап кетишиптир. Тиги түзөңдө той кызуу өтүп балбан күрөш жүрүп жатыптыр. Эки чоң семиз адам белинен өйдө жылаңач болуп күрөшүп жатат. Тойду акылман белгилер башкарып жүрүшөт. Мына тайшиттердин бир балбаны күрөшкөнү чыкты. Эки балбан бири-бирин жыга албай букадай челишип жатат. Экөө тең оңой эмес экен. Акыры кермураттын балбаны тайшиттерин балбанын көтөрүп чаап, аны эл кыйкырып сүрөп жатат. Тойдо жаа атуу мөрөйү башталып, ким узун карагайдын башында илинген чымчыкты алыстан атып алса, сый катары эки кой берилмек. Жаачылар четтен туруп жакшылап эле атып жатышты бирок, бирөө да тийгизе албады. Анан мергенчилер эки жаат болуп аткылап киришти. Ошондо Добун өзүнүн уруусу менен жаа атуу мөрөйүнө кошулуп бак башындагы алакандай чымчыкты атып алышкан. Топту башкарган узун бойлуу эжигейдей сары башчы мерген баланы ийинден таптап:

 Мына сен дагы биздин уруунун мергендеринин катарына кошулдуң,-деп куттуктаган.

Добун сүйүнүп, жаасын кайа-кайра өпкүлөп, атам сыяктуу мен да чоң мерген болуп, үйдөгүлөрдү кор кылбай багып алам деп өзүнө-өзү кайра-кайра ант берген. Ошол тойдо элге аралашып жүрүп Корултай мергендин кызы Алан-Коого жолугат. Кыздын боюу узун мойну койкоюп, бети сепкил тарта караган жанды өзүнө тартат. Добун ошол кызды тымызын сүйүп калды. Алан-Коо кыздардан бөлүнүп баланын жанына басып келет. Экөөнүн көздөрү бири-бирине чагылып сүйүү элесин берди. Бала кызга,-Жаамы алгын ,-дейт.

Кыз:

 Сага дагы жаа керек,өзүмүн жаам бер,-деген

Кыз өзүнүн ата-жотосун Добунга аңгемелеп айтып берген. Экөө аман болсок дагы жолугабыз деп ажырашты.

Ошондо эле булардын тагдырын кудай бириктиргендей болгон.

Салтанат шааниси жай бүтүп, тойго келгендер жай-жайына тараган. Добун тойдон кийин өзүнүн кер быштысын табай албай бушайман болду. Бала жаасын кармап, токтобой ары бир чуркап, бери бир чуркап, эч бир жерде кер быштысын таба албады. Акыры айласы кеткен Добун Алтан төрөнүн жигиттерине кер быштысын жоготуп ийдим деп даттана кайрылган.

Кара тоголок жигит:

 Кеч болуп калды үйүңө бара бер кер быштыңы тапсам байлап коём,-деген.

Добун чуркап отуруп өзүнүн боз үйүнө эл орунга отурганда араң жеткен. Бул кезде,-Балабыз эмне болду,-деп атасы Борчу энеси Аймарал айыл четинде жолдун айрылышындагы чоң кара таштын жанында күтүп жаткан экен. Алар алыстан сербеңдеп чуркап келаткан караанды көрүшүп:-Биздин бала экен,-деп сүйүнүшкөн.

Борчунун жини келип, аны Аймарал тыйып:

 Баланы көп жемелебечи ансыз деле айыптуу болуп келатат.

Борчу аялынын сөзүн угуп жумшарат.

 Балам, кер быштың кана?-деди бору ооруп.

 Эцеге(ата)мен аны чылбырын түрүп оттосун,-деп коё бергем, той бүткөндөн кийин карасам эле жок таппай калдым.

Айрмарал эне эки ортону жумшартып:

 Эчтеке эмес уулум эртең атаң барып таап келет. Жоголбой жүрчү бышты беле бир жерде оттоп жүргөндүр. Уулум эл көп болдубу?

 Ооба эне, Алтандын тойуна адамдар көп келди, сакалы белине жеткен улугерчи карыя жомок айтып, балбан күрөш, жаа атыш ар түрлүү оюндар көп болду,-деп бала көргөн-билгенин кобурап жатты.

 Сен жаа атыш ойнуна катышкан жоксуңбу? Мергенчинин уулу эмесиңби?

 Катыштым, ата эки ууру, эки жаат болуп атышты, биз атып кетип жеңишке жеттик.

 Мергенчинин уулу мергенчи болот,-деп сүйүнүп айтты,-Аймарал эне баласынын ийгилигине жетине албай сыймыктанып.

Анан бала менен энеси шыбырап сүйлөшүп калышты.

 Эне мен Алтанды көрдүм ал чокчо сакал койдурган чоң адам тура.

 Ооба ал бай жана төрө эмеспи.

 Эне ошол айылда Корултай деген мерген бар экен. Анын Баргужин-Коо деген аялы, алардын Алан-Коо деген кызы бар тура.

Энеси таң кала:

 Анан ал эмне экен?

 Ал аябай сулуу экен.

Энеси жүрөгү жибип, күлүп жиберди жетине албай:

 Менин уулум тойго барып, өзүмө келин таап келген го,-деп сүйүнө айтты.

 Ошону менен тааныштым.

 Таанышканың жакшы уулум көрүнгөн тоонун ыраагы жок аны биз келин кылып алабыз.

Береги Борчу мергендин баласы бир тойдо тагдыр буйруп, Корултай мергендин кызы Алан-Коо деген сулуу кыз менен таанышып калыптыр.

Борчу аялы Догулан экөө өз турмуштарын өткөрүп жатышты. Борчу түндүктөгү токойдун арасынан ар кандай илбеесин кармап аң терилерин даярдаган мерген. Терилерди ашатып ийлеп, бүтүп жаасын асынып, жылуу кийинип аң улоого жөнөдү. Аны ээрчип Добун жөнөөчү ошондонбу ал кайсы жерде аң болот аны кандай кылып, атыш керек кыскасы ата кесибин мыкты өздөштүргөн. Баралына жеткенде эң мыкты мерген болчудай. Борчу ушул чөлкөмдөгү жөндөмдүү аңчылардын бири. Ал жер өңүтүн коёндун жатагына чейин билген.

Добун Корултайдын баласы менен достошуп алды. Анын максаты Алан-Коо менен сүйлөшүп жакындоо болчу. Анан закымдап мезгил өтүп, жаштар бойго жетишти. Бирок кызы төрөлгөндө эле башка бирөөнө кудалап, анча мынча мал алып койгон эле. Анын кудалаган жери Эрке Харанын таякелеринин уулу Кубулай деген бала болчу.

Алан Коо атасы менен энесине айткан:

 Мен ага турмушка чыкпайм.

Анткени ал Борчунун баласы Добунду жакшы көрүп калбадыбы. Добун узун бойлуу, шадылуу келип, ак жуумал улан эле.

Бир күнү булак жанында Алан-Коо Добун менен сүйлөшүп жатып айтты:

 Сен мени бат эле ала качып кетпейсиңби же, болбосо атам кудалаган жерге берген жатат.

Корултай кызын антташкан жерге бермек болгон. Бирок Добун Алан-Коону эл жатаарда келишкен кер жорго менен келип үйүнө ала качып кеткен.

Назад Дальше