Добун Корултайдын баласы менен достошуп алды. Анын максаты Алан-Коо менен сүйлөшүп жакындоо болчу. Анан закымдап мезгил өтүп, жаштар бойго жетишти. Бирок кызы төрөлгөндө эле башка бирөөнө кудалап, анча мынча мал алып койгон эле. Анын кудалаган жери Эрке Харанын таякелеринин уулу Кубулай деген бала болчу.
Алан Коо атасы менен энесине айткан:
Мен ага турмушка чыкпайм.
Анткени ал Борчунун баласы Добунду жакшы көрүп калбадыбы. Добун узун бойлуу, шадылуу келип, ак жуумал улан эле.
Бир күнү булак жанында Алан-Коо Добун менен сүйлөшүп жатып айтты:
Сен мени бат эле ала качып кетпейсиңби же, болбосо атам кудалаган жерге берген жатат.
Корултай кызын антташкан жерге бермек болгон. Бирок Добун Алан-Коону эл жатаарда келишкен кер жорго менен келип үйүнө ала качып кеткен.
Ал мезгилде айлана суук тартып, соккон шамалга калың чийлер бетеге башка өсүмдүктөр кыймыл жасашып желге термелишет. Булуттар батыштан чыгышка карай сапар улашкан.
Корултай кызынын кайда кеткенин билбей калды. Добундан шек санабады ал жөн эле жолдош деп ойлогон.
Бирок энеси Баркужин Коо билчү. Энеси да бул баланы жакшы көрүп жактырган.
Мерген жолду карап жалгыз аттын изин кууп жүрүп отуруп, бир нерседен шектендиби же, өзүнүн иши менен бир тарапка кеткен го деп божомолдоду.
Акыры баланын атасы Борчу эки жолдошун ээрчитип Корултайдын үйүнө келип түштү.
Ууру болуп калдык кудалар көп күнөөбүздү аздай көрүп кечиргиле- деп, башын ийип салаңдатып,-Алам десең баш мына,-деп айыптуу болуп турду.
Анан эле токтоно албай Корултайдын аялы аюудай болуп чамынып айтты:
Анын кудалаган жери бар эмес беле, эми карыздан кантип кутулабыз?
Мен аны кайдан билем, эки бала бирин-бири жактырып калыптыр.
Кыздын атасы ээ-жаа бербей каардана:
Кызымы алып келгиле анан көрөлү,-деди.Жигиттер аттарын кара жолдо чапкылап баратат. Аларды иттер үрүп кубалашат. Куугунчулар бат эле селкини алып келишти.
Ошондо кыз көзүнө жаш алып кайгыра:
Энеке, мен биздин үйгө келип жүргөн Добун мергенди жакшы көрүп калгам. Кыздын ата-энеси баласын ыйлаткысы келбей анын эрки менен калышты.
Ушул баян ушул бойдон калган жок.
Адегенде шарт боюнча эки куда сүйлөшүп сөз бекитишип туугандарды чакырып той беришти. Анан кийин мурунку кудалаган жердин карызынан ашыгы менен мал берип кутулушту. Жана Алан-Коо деген сулуу Добун мергенге турмушка чыгып бактылуу жашап калат. Ошентип эки жаштын тагдырын байлык эмес таза сүйүү чечти. Ал көзгө атаар мерген эле. Тоонун кайберендерин атып келип, өз жашоолорун өткөрүп жатышты. Алардын бактысы тоонун назык гүлүндөй болуп шоодур кагып, жаз желине жанданып, учкул өмүрү тоо шапатасына бой салып ыргалат. Экөөнүн бактысы чыгышта нур чачып жанаша турган кош жылдыздай болгон. Эки жаш эң туура табышып, улуу тоо-талаада назик сүйүүнүн гүлү ачылып жаткан сыяктанып көрүнгөн. Алар үйлөнгөнүнө эки жыл болот дегенде эркек балалуу болушту. Анан бир жыл өтүп дагы бир уулду болуп ого бетер сүйүнүштү. Добун мерген менен Алан-Коо сулуунун сүйүнгөнүн айтпа. Балдарыбыз аман эсен чоңойсо, деген жакшы сонун тилеги болгон. Баарынан да эки эркек уулдун Добун мергенге окшоштугун айтпайсыңарбы. Алардын өзүнө окшоштуруп, мерген аябай кубанып тагдырына ыраазы болгон.
Ата ошого жетине албай Алан-Коонун сыйын сүйөт. Тынч албаган Добун ар дайыма аңчылыкта жүрсө, ал эми аял эки баланы багып үй-тиричилиги менен алек.
Ошол жылы жаз илеби эрте байкалып, улуу Гоби чөлүнөн жылуу илеп жете келип, жер тоңу кетип, топуракка жылымык келип, күңгөйдөгү тоонун кары эртелей эрип, тентек суунун үстүндөгү муздар шар агымдын эпкини менен ылдый карай агыла баштады. Кыштын ызгаардуу суугу эчак эле кайтып жер жылымдап,айрым сууктан далдаа жерге көк чөп өнүмдөп кылтайа башбагат. Түштүктөн куштар учуп келип, канат кага күңгөй жылымык тарапта,учуп-конуп көкөлөй торгой куштун сайраганы анда-миында чыгып, айлана бир керемет сыяктанат.
Адамдардын баардыгы жаздын эрте келгенине кубанышты. Жаз келсе тиричилик жанданып,бирин-экин мал төлдөп адамдар сүт, ууз айран ичип быйылкы жылдын эрте келген напсисин татмак.
Ошол күндөрдүн биринде айылдын ары жагында Кара тоо деген зоо бар эле. Анын башын көк жалтаң аска, кар мөңгү мекендеп, тоодон бери түркүн дары чөптөр өсүп, аскасында улар кушу мекендөөчү. Куштардын түнөгүн Добун мерген билчү .Анын эти кандай дары, кандай даамдуу жана жумшак. Ал кылтак тартып улар кармап келүүнү көздөп, өрүлгөн желени алып, аңчылыкка даярдана баштады. Ошондо аялы көңүлү чөгө, бушайман боло:
Ошол күндөрдүн биринде айылдын ары жагында Кара тоо деген зоо бар эле. Анын башын көк жалтаң аска, кар мөңгү мекендеп, тоодон бери түркүн дары чөптөр өсүп, аскасында улар кушу мекендөөчү. Куштардын түнөгүн Добун мерген билчү .Анын эти кандай дары, кандай даамдуу жана жумшак. Ал кылтак тартып улар кармап келүүнү көздөп, өрүлгөн желени алып, аңчылыкка даярдана баштады. Ошондо аялы көңүлү чөгө, бушайман боло:
Добун ардагым, эмнегендир жүрөгүм уйгу-туйгу болуп тынч албай жатат. Ал жакка барбачы анын үстүнө күн бүркөө түндүктөн удургуп басылбай шамал согобаштады.
Бирок күйөөсү болбоду.
Эки бала ачка болотко Кара тоонун үстүндөгү аскага улар кушу жылына мекендейт, желе тартсам эле алар түшөт, бат эле келем,-деди болбой.
Алан-Коо бир эсе балдарды, бир эсе турмушту ойлоп, «Мейли эми бат эле кел»,-деп макулдугун берген.
Добун мерген кадамын бат-бат шилтеп, Кара тоо жакка багыт алган. Аңчы кой терисинен шырылган ичикчен, топоздун терисинен тигилген тумакчан узун карааны тээ алыстап, урчукту айлана берип көрүнбөй калганЭмнегендир тынсыздандыбы жээ үйүнүн карааны жакшы көрүнүп кеттиби, эки-үч жолу бурулуп артын карап койду.Боз үйүнүн жанында Алан-Коо эки баласы менен күйөөсүнүн узата тиктеген. Балдардын жанында Ала мойнок күчүк ойноп жаткан. Дөңдүн далдаасына киреерде мерген артын кылчактай карады дагы эле Алан-Коо эки баласы менен күйөөсүн карап турган экен. Добун мергендин жүрөгү бир нерсени сезип уйгу-туйгуланат. «Кайра үйгө кете берсемби» деди. «Бирок болбойт мынча болду үйдөн чыкпай эле койсом болмок», ал кетип баратып аялына айткан кебин эстеди.
Ардагым, сүйүктүүм ата-бабам аңчылык кылып келген жер. Бул аймактын сырын коёндун жатагына чейин белем. Камтама болбо, бат эле келем. Андан көрө ысык тамагың болсо, даярдап кой ,-деген.
Ошол күнү кечинде басылбай согуп, шамал улам күч ала берди. Анан бирин-экин жылдыз чыгып, түн акырын көшүлүп кирип келген.
Бир күн өттү. Эртеси деле күн ачылбай айлана сургут тартып, шамал согуп турду. Сапар улап дагы бир күн өттү. Добун мерген келбеди. Алан-Коо балдары менен Кара тоо тарапты телмирип карап турат. Айрыкча эки баласы:
Атам качан келет,-деп энесинин тынчын алды.
Айласы кеткен аял:
Атаңар келет шашпагыла, ал кармалып жатса керек,-дейт.
Анан күйөөсүнүн аңчылыкка кетип келбей калганын Добундун туугандарына айтты.Адамдар ат минип чабагандап чер токойду, тоодогу аңчылык кылган жерди аңтарып-теңтерип карап чыгышты. Акыры чабагандар асканын бетине карга-кузугун айланып турганын көрүп, жогору Кайкы өтөккө чыгып барышса, Добун мерген аскадан кулап түшүп, башы ташка тийип, түбөлүк уйкуга кеткен денесин табышты. Адамдардын айтымында Добун мерген асканын башында уларга желе тартып жатканда ашуу тараптан катуу куюн башталып, кулап башы менен урчук ташка тийип, жарадар болуп, алы кетип, тура албай калган шекилденет.
Добун мерген буту-колун тартып, бүрүшүп жатып калыптыр. Анан суука чыдай албай байкушум жан берген шекилденет. Атчан келген чабагандар сөөктү аскадан түшүрүп, алдына өңөрүп үйүнө алып келатышты. Чабагандар чаап келип, суук кабарды Алан-Коого угузушту. Ак жуумал тарткан эстүү аялө өзүн жоготуп дендароо болуп, кайгыга бөлөнүп, жашын төгүп-төгүп ыйлап жатты. Аны үйгө алып кирип, бети-колун жууп айрандан чалап ичиришти. Жесир аял эсине келип-келбей:
Жөлөгүмөн айрылдымбы, аны такыр көрбөй калдымбы,эми балдарды ким багат,-деди муңга батып армандана шурудай жашын тамчылата буркурап.
Бул да болсо, тагдырдын иши кайраттан,-деп аны кармап турган аялдар сооротуп жатты.
Ошентип эки балалуу ак жуумал аял тагдырдын буйругу менен жесир кала берди.
МААЛИК ТЕКСИЗ КУЛДУН БАЯНЫ
Ошол мезгилде кыргыздар Эне Сай өзөнүнүн жанында Миң Суу деген жерде аңчылык жана мал багуу менен жашоосун өткөрүп жатышты. Бул аймакта кыргыздардын бир канча уруусу бар эле. Кыргыздарды башка элдер шибелер, же токой адамдары деп аташкан.Токой адамдары кайраттуу тартып, суукка чыдамдуу эле. Шибелер эт жеп, малдын сүтүн ичип, айрыкча бээнин сүтүн ачытып кымыз кылып азыктанышкан. Кыргыздар Кара тоодон темир казып, эритип найза, жалаңдаган курч кылыч, темир калкан менен куралданып оңой менен жеңилбеген жоокер эл болгон. Алардын асмандан түшкөн таштан (метеориттен) жасалган кылыч, калкандары жалаңдап өтө курч болгон. Аларды кымбат баалуу буюмдарга гана алмашкан. Куралдардын жасалышын катуу сыр кылып башка элдерге такыр айтпаган.