Бабалардын жанырыгы - Кадыр Абакиров 8 стр.


Алардын бойлору бийик сары чачтуу, сары жүздүү жана көздөрү көк эле. Эркектери сөйкө тагынып кооздонуп алышкан. Токойу жок күнөс жерге таруу, арпа, буудай эгишчү. Байлары кыз алганда калыңды көп төлөшкөн. Шибелер кытайдын соодагерлери менен байма-бай байланышып аларга аң терилерин берип, башка бир керектүү буюм менен алмашып алып турушкан. Шибелердин колдорунда найза, ай далыда жаадан коргонуучу калкан, башында ок тосуучу шуңшуйган тулга, сол капталында кылыч салмактуу чоң жаа, шыгырылган жебелер батырылган саадак. Ошол шибелерди Ажо башкарып турган. Анын туугандары өтө бай болуп, Миң Суу өзөнүн жана улуу дайра (Улуу кем) Эне Сайдынжээгинде жашоосун өткөрүп турушкан. Ушул журтта Уткул деген адам болуп, анын эки баласы аялы жана көптөгөн малы болгон. Уткулдун Маалик деген алп узун бойлуу, өңү сары жездей сап сары уулу бар эле. Ажонун жакын туугандары Уткулдун байлыгын көрө албай жигиттерин жиберген. Анткени каардуу Ажо менен кармашкысы келбейт. Себеби, анын колунда бийилик жана тандамал жоокерлери болгон. Ошентип Ажолуктар Уткул байдын малын уурдап ага тынчтык бербей койду. Ошондо Уткулдун уулу Маалик намыздана баштады. Ал Ажону жок кылып же анын малын уурдап, өз намызын алгысы келет. Атасы муну билип:

 Уулум кой, шайтандын куйругун баспа, бир балакетке калбайлы. Ал кекчил эч нерсеге көнбөгөн таш боор пенде Уткул туура айтты. Ажо эң эле каардуу эч кимди аябаган пенде болчу. Бул жердеги уруулардын өзүнчө закону бар. Эгер ууру кылып элге-журтка тынчтык бербей койсо, аны өлтүрүп, баш сөөгүн атасынын же бир туугандарынын мойнуна тагып коёт. Бул эң каардуу закон. Анын бети курусун кудай бербесин. Ал бир канча жыл уурунун сөөгүн мойнуна тагып жүрүп азапка батат. Кыргызда бир канча адам ошондой болуп жүрөт. Уткул карыя ошону ойлоп санаасы санга бөлүнүп, эгер Маалик ошондой тагдырга жолугуп калса эмне болот. Ата баласына көп жолу эскертти. Бирок баласы болбой эле уурулугун уланта берди. Ошол күнү Маалик бир нерсени ойлоп турду. Ажонун миң булак өзөнүндө жыйырма үйүрлүү жылкысы болгон. Ал эмнегендир жаны жай албай тынчы кетип, ала күүгүм кезде Ала туяк атын минип келатты. Ал Ажонун жылкыларына жакындап, бир жылкычыга чалма ыргытып кармап күч менен күргүчтөтө коого карай сүйрөдү. Ошол кезде адамдын арасында жашынып жаткан үч жигит чапкан тейден барып, Мааликти колго түшүрүп алууга аракет кылды. Маалик ойлонду булар үчөө эле экен аларды жеңүүгө болот деди. Үч жылкычы Мааликти аттан сүйрөп түшүп, колу бутун таңууга аракеттенмей болду. Ууру койнундагы токмогун алып чыгып эки жылкычыны башка берип-берип калды. Катуу нерсенин уусубу жылкычылар ошол жерден аттан торок кулап түшүп жан берди. Эми бир жылкычыны оңой эле жеңмек, сааттай болуп, ары жактан дагы төрт жылкычы аттарын сороктотуп чаап келип ууруга аргамжы ыргытып мойнун муундура тарта жерге түшүрүп буту колун байлап, Ажонун үйүнө алып келип жыгач үйгө камап салышты. Баарынан ууруга эки жигиттин өлгөнү жаман болбодубу. Кыргыздар ууруларды өтө катаалдык менен жасалоочу. Ажо ойлонуп жатты муну эмне кылсак өлтүрүп баш сөөгүн атасынын мойнуна тагып койсок кандай болот. Бирок бул ойдон баш тартты. Уткулдун туугандары кекчил бир балакет кылбасын деп кайта өзү чыгарган бүтүмүнөн баш тартты. Ошондо аны бөтөн жактан келген кербендерге энчилеп сатып ийгиси келди. Ал ушул ойду тапканына аябай сүйүндү. Ырас эле ыраака кетсе, өзүнө жакшы болмок. Өлтүргөндөн көрө жер үстүндө жашап жүрмөк. Ошонусу да чоң бакыт, соодагерлерге берип, бир душмандан кутулганы оң. Бул жерде жүрсө баары бир бизге тынчтык бербейт. Көп өтпөй Кытайдан кербен келди. Алар чай, кашык, чыны, жибек дагы толгон буюмдарды алып келишти. Кыргыздар соодагерлер менен алака түзүп буюмдарын аң терилери менен алмашып жатышты. Эртеси ак сакалдар чогулуп Маалик ууру жөнүндө сүйлөшүп жатышты.

 Муну башка элге берип жиберели антпесек уурулугун койбойт.Бизге кекенип калды жана баарыбызга тынчтык бербейт.

 Көптөн бери бизге зыян кылып келатат.

Карыялар ууруну Кытайдын соодагерлерине сатып, жиберели деп чечишти. Алар соодагерлер менен сүйлөшүп эки тарап макул болушту.

 Бул өтө карылуу күчтүү адам чебердегиле качып кетпесин.

 Качырбайбыз муну императорго белек катары тапшырабыз.

Бирөө күлүп айтты:

 Бул кул императордун аялы менен байланыш түзүп алса, кантебиз кайра өзүбүздү өлтүрбөйбү. Мындан сап-сары кылып, көп бала тууп жүрбөсүн. Баардыгы күлүп калышты.

 Император эмне келесоо бекен бычып салат да,кайрадан күлкү аралады.

 Император эмне келесоо бекен бычып салат да,кайрадан күлкү аралады.

Тагдырыбы кыргыз Маалик кытай соодагерлери менен кетип баратты.Ал акыркы жолу өзү өскөн токойду, сууну, түтүн булап жаткан өзүнүн боз үйүн аянычтуу карады. «Бул жакка келеер бекем же келбей каламбы?» Анын каңырыгы түтөп баратат, кайгысы күчөп баратат. Туткун төө үстүндө кетип баратып бир ыр эсине келди:

Кагылайын туулган жерим кош болгун,

Карагай,кайың менин ыйык досторум.

Кийинки учурда өзүнүн тагдырын ушундай оор болоорун сезип,билип жүргөн.Ага аялы айткан:

 Маалике сен уурулукту токтотсоң.

 Мен уурулук кылганым жок, алар атамын малын алып бербей жатат. Ошондуктан күрөштүм.

 Күрөшкөн менен аягы кандай болду.

 Сага аз уруусунун адамдары тиш кайрап жүрөт, колго түшсөң өлтүрүп бир балакет кылышпасын.

Ага кошулуп энеси да көзүнүн жашын көлдөтүп акыл айтты:

 Балам,чебердечи кийинки учурда Ажого каршы иштерди жүргүзүп жатасың, анын аягы жаман болбосун.

 Энеке,мен кайраттуу адаммын оңой менен колго түшпөйм жана ууру кылган жокмун. Ажонун адамдары атамын малын тартып алып, бизди кордоп жаман сөз айткан. Ошол үчүн күрөшүп жатам. Энесинин айтканына Маалик көнбөй койбодубу акыры ушул көрүнүшкө барып такалды. Аны кытай соодагерлери элүү чай, толгон чыны, чайнек жана шайы жибекке алмашты.

Тексиз кул төө үстүндө колу байланып, кытай соодагерлери менен кетип баратат. Туулган жери артта калып, ал эми убакыт закымдап өтүп жатат. Өз жерине болгон сүйүүсүн Маалик кичинекей жүрөгүнө салып кетип баратат. Анын артта калган өмүрү мунарыкка сиңип кеткендей болуп, ал жакта калган өмүрү белгисиз аянычтуу арманга батат. Кербен жай жылып кетип баратат. Кербен үстүндө эрксиз кул Маалик кетип баратат. Анын атасы, туугандары, балдары, жары чыркырап ыйлап узатышты. Мааликтин туугандары кербенге кол салбасын, деп Ажонун тандамал жоокерлери жүргүнчүлөрдү узатып баратат.

Маалик арт жакты карады. Көзүнөн эки тамчы жаш кулап түшүп, жүрөгү туйлап, оюнан төмөндөгүдөй ыр жаралды:

Кош болгунуң киндик каным тамган жер,

Жакшы кал, ата бабам өскөн жер.

Жээ келеермин же,болбосо келбесмин,

Келбей калсам нечен ирет эстеермин.

Тексиз кул төө үстүндө кытай соодагерлери менен кетип баратат. Кербен узап баратат, мезгил да узап баратат. Анын мээсине бир ой келет. «Келеминби же келбейминби?» Анын жүрөгүнөн бир кыл үзүлүп кеткендей болду. Ал кыл эмне экенин өзү да билбейт. Түбөлүк үзүлдүбү же бир азга эле элеби? Ал жип туулган жерге болгон ыйык сүйүүсү эле. Анын киндиги туулган жер менен байланышкан эмес беле. Анын бир аз алакандай өмүрү ушул токойлуу аймакта, улуу Эне Сай дарыясынын боюнда закымдап көзгө илешпей өттү. Жүрөгүндө кеткис болуп сакталган ошол байлыкты канткенде унутуп, канткенде эсинен чыгарат. Жана ата-энесин жандай көрчү эки баласы, сүйгөн жарычы. Ушуларды таштап төө үстүндө эрксиз кул болуп кетип баратпайбы. Ата-журт туулган жерин көрбөй андан бир жолу алыстап кетеби? Анын жүрөгүнөн бир аялуу нерсе туулган жерге өзү өскөн айлына калгандай болгон. Ал ыйк нерсе эмне эле? Ата Журт ажарыбы? Ошол ыйык нерсени өмүр боюу көрбөй калабы? Дагы ойлонду ушундан көрө өлүм менен көргө узатса жакшы болот беле? Ал бурулуп артын карады.Артында жайык талаалар, шыңга бойлуу бийик карагайлар. Алардын шамалда гүү-гүү эткен түгөнбөс үндөрү, куштардын сайраганы, улуу дайранын доошу, аска-зоону айланып учкан алгыр бүркүт баары-баары артта калып жатты. Баарын-баарын кайра көргүсү келди. Буларды кантип таштайт, ушинтип эле эрксиз кул болуп кете береби? Ал артын улам-улам,кылчак-кылчак карады.Тээ алыста туулган жери калып жатат. Тигинде бийик дөбөдө атчан адамдар: алар атасы-энеси, бир туугандары, энесинин сызыла боздоп ыйлаганы, атасынын аянычтуу тиштенип турганы көз алдынан кетпейт. Аялынын балдарынын атакелеп ыйлаганычы. Ал артын улам-улам, кылчак-кылчак карайт. Кытай соодагерлери да ошону түшүнүп аны аяды. Жаштыгын аяды. Аны жырткыч жаныбарлардай байлап бараткандай сезилди. Анын айлы мунарыкка сиңип кеткендей болот. Сиңип кетти. Төө үстүндө көп нерселерди ойлоп баратат. Тээ артта жайнап турган сезими. Артта калган балалыгы. Ал кулап түшүп ташка айланып жок нерсеге айланабы? Тексиз кул төө үстүндө кытай соодагерлери менен кетип баратат. Кербен жылып баратат, тексиз кул да кетип баратат. Ал өзүнүн туулган жерин артка таштап кетип баратат. Артын карады көз жеткис мунарык өзүнө тааныш эмес жерлер, тааныш эмес тагдырлар. Кербен жайык талаа менен кээде токойлорду аралап, кээде ачык талаа менен жүрүп отурду. Көп жер басып, суу кечип, ашуу ашып, аркайган эчен бел басып, акыры алар монгол жери менен баратты. Маалик соодагерлердин тилин, дилин такыр түшүнбөдү. Тагдыр ушул экен эгер кичине эле мүнкүнчүлүк болсо качмак бирок кантип качат. Колу, бутуна чынжыр оролуп баратпайбы. Ал эмне болсо да, баарын кудайдын жазганын көрөөрмүн деп кетип баратты. Соодагерлер Монгол жериндеги тайшит уруусунун аймагын аралай келип калды. Ошондо тайшит уруусунун аксакалы Камбагай айтып калды:

Назад Дальше