Жок, урматтуу окурман, окугусу келген адам каерде болбосун, эң сонун, сапаттуу билимге ээ боло алат экен, биз деле өзүбүз мындай мектептерди айыл-кыштактарыбызда өз күчүбүз менен ачууга, ишин жандандырууга кудуретибиз жетишерлик экен, ал турсун мындай мектептерди элет жерде ачуу биздин турмушубуздун эң бир зарыл, көйгөйлүү иши, учурдун негизги талабы экен.
Себеби, бул «номер бир» проблемабызды чечмейинче, бул багытта зор иштерди аткармайын, биздин коом эртеңки рухий жана материалдык жетишкендиктерден куру калганы бышык. Ошондой эле жер-жерлерге бөлүнүүдөн, трайбализмден, айыл менен шаардын ортосунда күчөп бараткан ажырымдан, карама-каршылыктардан кутула албайбыз.
Мына ушундай бийик жана адал максатты Кыргызстанда уюшулган «Эркин Жаш Ишкер Адамдардын Достугу» аттуу соопчулук фонд (ЭЖИАД) өзүнүн негизги багыты деп билет. Бул фонд башынан эле өлкөбүздөгү бизнесмендерди, илимпоздорду, жетекчилерди, кыскасы, бүгүнкү эл агартуунун оор абалын түшүнгөн педагогторду, кайдигер эмес инсандарды, «натыйжасы ондогон жылдардан кийин билинүүчү» агартуу системасынын реформасына жогорку баа берген, ага инвестициялардын зарылдыгын баамдаган атуулдарыбызды бириктирет.
ЭЖИАДтын уюштуруучулары болуп Кыргызстандын улуттук Академиясынын Математика институтунун илимий кызматкерлери, физика-математикалык илимдердин доктору, профессор, Академиянын мүчө-корреспонденти Азрет-Алий Боташев, Математика институтунун ага-илимий кызматкери, физика-математикалык илимдердин кандидаты Омурзак Мамаюсупов жана физика институтунун ага-илимий кызматкери, техника илимдердин кандидаты Абдисалам Чылымов катышышкан. Булардан тышкары учредительдердин арасында «Асаба» партиянын активдуу мүчөсү жана жетекчилеринин бири Майрамбек Чекиров, борборубуздагы «Хен-Фен» банкынын кызматкери Каныбек Абдыкадыров, «Чыгыш» аттуу кичи ишкананын жетекчиси Асылбек Чолпонбаев жана Амирбек Усмановдор бар.
Өзунун техникалык, илимий, материалдык жардамы, координациялоосу астында ЭЖИАД буткул өлкөбүз боюнча алыскы тоолуу айыл-кыштактарында талантуу балдар үчүн физика жана математика багытында 40 лицей-мектептерди ачууну долбоорлоп жатат. Бүгүңкү кундө өлкөбүздө ондогон мындай лицей-мектептер негизделип жатат десек жаңылышпаган болобуз.
Биринчи натыйжалар эле эң жакшы, ал турсун таң каларлуу дегенге арзыйт. Бул лицейлердин жанданышы менен коомчулугубузда таптакыр жаңыча, мурда болбогон психологиялык ситуация пайда болууда. Элеттик жергебиз ушунчалык келечектеги потенциалдуу ломоносов, пушкин, ахунбаев, табышалиев, юдахин, айтматовдорго бай экенине, лицейдин алгачкы түшүмүнөн, жетишкендиктеринен байкап, көзүбүз ачылып жатпайбы! Аларды бириктирип, интенсивдүү окутууга ылайыктуу шарт түзүп берсең эле болду, бири бири менен эрегишип, абдан тез өсүп, жетилип чыгышат экен.
Ноокат районундагы Кара-Таш айылындагы «Ноокат билимканасы» аттуу мектеп-лицей ушул типтеги мектептердин эң алгачкысы. 1993-жылы биринчи бүтүрүүчүлөрдү чыгарышкан. 18 улан жана кыз. Алардын баары, бири калбай, өз күчү менен өлкөбүздүн жогорку окуу жайларына өтүшүп, бүтүшкөн. Айрымдары бир эле кезде 23 институт, университеттерге өтүшүп, эң ылайыктуусун тандап терең билим алышууда. Райондук, областтык, республикалык предметтик олимпиадаларга катышканда да дайыма жеңүүчүлөрден болушат. Математикадан болобу, физикаданбы, географияданбы, англис тилиненби айтор, бардык предметтерден күчтүү болуп чыгышат. Өткөн экинчи выпуск бут баары жылдагы бүтүрүүчүлөр да республикабыздын жогорку окуу жайларында окуп жатышат.
Англис тилинде лицеисттердин басымдуу көпчүлүгү 8-класстан тартып 11 класска чейин кадимкидей эркин сүйлөшө алышат, айрым окуучулар бул тилде ыр, аңгеме жазууга да аракеттенишет. Ал эми өз эне тилинде билимкананын бардык балдар-кыздары ыр жазышат. Жазгандарын бири бирине окуп, окуткан эжеке-агайларына, экологияга, дүйнөгө, илимге, ата-энеге арналган берметтей таза, тунук ойлорун, аруу сезимдерин эмитен эле кадимки профессионал акындарыбыздан калышпай чагылдырып бере алышат.
Лицейдин директору Саадат Сатарованын айтканына караганда билимкананын негизги максаты, элине, мекенине мыкты кызмат кыла алган инсандарды жаратуу, азыркы замандын оор, татаал проблемаларын түшүнгөн, аларды чечүүгө жөндөмдүү, өмүр бою далалаттанган, билимдүү атуулдарды тарбиялоо. Бул бийик максатарды көздөп лицейде тереңдетилген программа боюнча математика, физика, англис тили сабактары өткөрүлөт.
1995жыл. Бишкек. Ноокат Билимкананы колдоочулары: (солдон оңго) китептин автору Замирбек Өсөров, журналист Назаркул Жоошбаев, ишкер Абдисалим Чылымов, агартуучу Омурзак Мамаюсупов, IT-менеджер Нурбек Имакеев, агартуучу Саадат Сатарова.
Биринчи этап
Ноокат билимканасы кантип пайда болду? Мындан 20 жыл мурда, 1975-жылдары, Кыргызстан илимдер Академиясынын мүчө- корреспонденти, математика илимдердин доктору Азрет-Алий Боташев Кыргызстандын университет, институттарын жаныдан бүтүргөн 20 эн мыкты бүтүрүүчүлөрдү (математика жана физика адистиги боюнча) Новосибирск шаарындагы атагы алыс кеткен университетке жана башка СССРдин илим борборлоруна стажировкага, аспирантурага академик М. И. Иманалиевдин колдоосу менен жөнөткөн.
Бул бүтүрүүчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү Кыргызстандын алыскы айыл-кыштактарынан болушкан. Алардын арасында Ноокат районундагы Чечме-Сай айлында туулуп-өскөн Өмүрзак Мамаюсупов да бар эле. Баса, анын атасы да, Шеран-ака, адистиги боюнча математик, көп жылдар бою мектепте иштеп, бир катар сонун адисттерди тарбиялап берген. Азыр бул киши пенсияда, айылдын эн-бир урматтуу, кадыр-барктуу аксакалдарынын бири.
«Силердин эң биринчи максатыңар деп Азрет-Алий Боташев өзүнүн окуучуларын, шакирттерин алыскы сапарга узатып катуу эскерткени алигүнчө Өмүрзактын эсинде, ошол илимий борборлордун астындагы талантуу балдар үчүн уюштурулган физика-математикалык мектептин окутуу системасын бардык жагынан терең изилдеп келгиле. Мына ушул нерсеге биринчи кезекте көңүл бургула. Кийин аспирантуураны бүтүрүп, өз жерлериңерге кандидат, доктор болуп кайтканыңарда, дал ошол Новосибирсктеги калыптанган, бүткүл дүйнөгө дүңгүрөгөн таланттуу өспүрүмдөрдү даярдоо системасын ушуерде, өзүңөрдүн мекениңерде, Кыргызстанда кеңири түзүп берүүгө жарай турган болгула» деген илимпоз-аксакал.
Азыр ошол жаштардын бүт бары физика-математика илимдердин кандидаттары болуп, кээ бирилер докторлукка да жетишип республикабыздын институт, университеттеринде ийгиликтүү иштен жатышат.
Алардын арасынан Өмүрзак Мамаюсупов алгачкылардан болуп Новосибирскте терең изилдеп, үйрөнгөнүн өз жергесинде ишке ашыра баштады. Айтмакчы, бул багытта Новосибирскке баргандан мурда да Өмурзактын айрым тажрыйбалары болгон эле. 1974-жылы ал өзүнүн бир тууган иниси Маккамбай экөөлөп (Маккамбай дагы физика- математика илимдердин кандидаты, азыркы убакта Ош мамлекеттик университетинде ага окутуучу болуп иштейт) математика жана физика боюнча адистештирилген кружокту уюштурушат. Ошол кружок кийинчерээк адистештирилген класска айланып, жетекчилигине мектепте иштеген математик Каныбек Матисаев дайындалган.
Демек, студенттик жылдардан тартып бул эки бир туугандын максаты бир болгон айылдык таланттуу балдар-кыздар үчүн терең билим берүү системасын куруп беруу, алардын бактына дүйнөлүк стандарттагы мектептерди ошол эле айыл жерде уюштуруу болгон. Ушул эки зирек, арканды үзүн таштаганды билген жигиттерибиздин мээнети, тынбай изденүүсү аркылуу Кыргызстандын алыскы тоолуу айылдарынын биринде таланттуу балдарды, жана ошондой эле таланттуу, адис мектептерде иштей ала турган мугалимдерди, тандал-иргеп, тарбиялап алуу системасы акырындык менен курула баштады десек болот.
Чындыгында максат абдан оор, түйшүктүү эле, аны иш жузуне ашыруу үчүн көп күч, энергия сарпталышы керек болучу. А бирок мындай энергия бул бир туугандарда жана Чечме-Сай айылынын тургундарында бар болгон экен.
Баса, бул системаны курушабыз деп, буларга чейин бир нече кыйын педагогдорубуз бар болгон, бүт өмүрүн ошого арнап, өз үй-бүлөсүнө, балдарына колу жетпей дүйнөдөн кайгылуу өтүшкөндөр да жок эмес. Алардын арасында Сокулук районунда иштеген педагог Жунусов Турсунду (өзү Совет районунан болгон) жана Ала-Букада өмүр бою кызмат өтөгөн (өзү Сузакта туулган) Пазылбек Жуманазаровду өзгөчө айтып кетүүгө туура келет. Экөө тең республикабыздын мыкты педогогдорунан болушуп, элет жерде физмат мектепти уюштурабыз деп, бул оор ишке чексиз берилгендигинен эрте кетишпедиби бири рак оорусунан запкы жеп, бири трибунада депутаттардын алдында доклад окуп жатканда, кыргыз мектебинини учурдагы оор абалы туралуу, жүрөгү жарылып. Бул эки агайды тең Өмүрзак жакшы билген, аларды өзүнүн насаатчысы катары баалайт жана алардын ишин улантууну өзүнүн өмүрлүк парзындай көрөт. Ошол эле убакта Өмүрзак ал агайлардын кетирген кемчиликтерин өзүнүн иш тажрыйбасында кетирбөөгө аракеттенет. Мыкты мугалимге мыкты шарт түзүп бериш керек, ишке да, үй-бүлөсүнө да көңүл бурууга, бардык жактан бактылуу болууга булар татыктуу болбогондо ким дагы болмок? Чынын айтканда ЭЖИАДтын куруп жаткан системасы бул элеттик талантарыбызга көңүл буруу, аларды бактылуу кылууга аракет, системдүү мамиле десек, жаңылышпайбыз.
Бул эки агайды тен Өмүрзак жакшы билген, аларды өзүнүн насаатчысы катары баалайт жана алардын ишин улантууну өзунун өмурлук парзындай көрет окшойт. Ошол эле убакта Өмүрзак ал агайлардын кетирген кемчиликтерин өзүнүн иш тажрыйбасында кетирбөөгө аракеттенет. Мыкты мугалимге, мыкты шарт түзүп бериш керек, ишке да, үй-бүлөсүнө да көнүл бурууга, бардык жактан бактылуу болууга булар татыктуу болбогондо ким дагы болмок. Чынын айтканда ЭЖИАДтын куруп жаткан системасы бул элеттик талантарыбызга көңүл буруу, аларды бактылуу кылууга аракет десек, жаңылышпайбыз.
Мындай аракетке элеттик балдар да, аларды тарбиялап өстүрүп жаткан мугалимдер да өзгөчө муктаж экенин биздин тоолуу өлкөбүздө жашагандарыбыздын арасында кабарсыз адам болбогон чыгар баардыгы эле билген элет жеринини турмушу абыдан оор деп, а бирок куру сөздөн конкреттүү ишке, ошол элеттик адамга, мектепке жардам берели дегендерин арасынан биринчи иретте ЭЖИАДтын демилгесин, анын ишинин найтыжасын тарых өзү көрсөтөт деп мен ишенемин.
Өмүрзак Мамаюсупов:
Кыргыз элинин 80 пайызы айыл жерде жашайт. Ошондо да алардын арасынан басымдуу көпчүлүгү алыскы тоолуу аймактарды мекендешет. Демек, ошол элет жерге, алыскы тоолуу аймактарга негизги басым жасабасак, кыргыз элибиздин улут катары калыптаныша да, маданиятыбыздын өнүгүүсү да абдан оор, онтойсуз абалда калышы айдан ачык. Мунусуз эч кандай реформалар биздин жерибизде ишке ашпайт. Эртенки күнүбүз, келечегибиз алыскы тоолуу аймактарда түптөлүп жатат. Ошол айыл-кыштактарда тарбияланып өскөн балдарыбыз эртең кандай болушса, кайсы жакка бурулушса биздин турмушубуз да ошондой болот, ошояка бурулат. Демек, периферияга, провинцияга көңүлүбүздү өзгөчө бөлмөйүн, эмгегибиздин негизги векторун ошол жактагы проблемаларды чечүүгө багыттамайын, жалпы абалыбыздын онолушу да күмөн. Муну биринчи кезекте эске тутуп жүрүшүбүз абзел. Биздин өлкөбүздүн спецификасы да, өзгөчө кыйынчылыктары да ушунда. Кыргыз элинин маданияты да, агартуу системасы да гүлдөгөн болсо ошол элет жерден гүлдөй баштайт. Башкача болуу мүмкүн эмес.
Баса, Каныбек Матисаевди адистештирилген класстын окутуучусунун деңгээлине жеткирүү үчүн Өмүрзак аны менен биргелешип бир катар жылдары иштеген, нечен жолу борборго математика институна атайын курстарга чакырып, ал турсун Новосибирскке да стажировкага жөнөткөн. Муну айткан себебим, лицейде иштей ала турган мугалимдер да атайын өзүнчө даярдоо окуудан, переквалификациядан өтүшү ыктымал. Ансыз лицей лицей боло албайт. Келечектин мектеби сөссүз түрдө окуучуну да, окутуучуну да тынбай окутууга, билим деңгээлинин жогорулатууга мажбур кылат. Бул өзгөчө биздин элеттик мугалимдерибиз үчүн маанилүү иш. Алар менен тынбай, системдүү түрде иш алпармайын, шаардын мугалимдеринин деңгээлине эч убакта алардын билгенин көтөрө албайбыз да. Ал эми лицейде иштейм деген мугалимдер шаардык мугалимдерден да күчтүү болууга тийиш. Антпесек, лицейдин ачуунун кажети барбы?
Акыры жыйынтыгы жаман болбоду. 1984-жылы адистештирилген класстын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн басымдуу көпчүлүгү (80 пайызы) жогорку окуу жайларына өтүшүп окуп калышты. Алардын арасында бүгүнкү Ноокат билимканасында иштеген жаш физика предметинин мугалими, 1991-жылы Оштогу пединститутту кызыл диплому менен бүтүргөн Тургунбай Жунусов да бар болгон. Дал ошол адистештирилген класста иштеп, көп тажрыйбаны математик Мукушалы Мамарасулов да ала алган, азыркы мезгилде Ноокат билимканасынын негизги адисттеринин бири болуп жетилип
Ушинтип, кадам артынан кадам, кудум ийне менен кудук казгандай алыскы элет жерде так илимдерге шыгы, жөндөмү бар балдардын өзүнчө окуу системасынын пайдубалы негиздене баштаган.
Чечме-Сай айылындагы «Ноокат билимканасы» аттуу лицей тибиндеги өзүнчө мектеп 1989-жылы ачылды. Бул лицейди ачууда алгачкы демөөрчүлөрдөн жана спонсорлордон айылдын атактуу адамы, бүткүл өлкөбүзгө таанымал улакчы Аманбаев Жумабай палван болуп берди. Азыркы мезгилде бул киши Чечме-Сай колхозунун башкармасы болуп, лицейге болгон жардамын улантууда, мыкты окуган балдарга өзүнүн атындагы стипендияны ыйгарып, картошка менен лицейдин ашканасын камсыз кылып, көмөкчү чарбаны өнүктүрүү максатында 3 гектар суулу жерди бөлуп берип, техника тарабынан тейлеп. Бул кишиден тышкары башка спонсорлор да бар болгон, негизи бул идеяны жергиликтүү калк да, райондук элге билим берүүнүн жетекчиси да (Абдрахманов Калмамат), райондук кеңештин терагасы да (ал кезде бул кызматта Абдураимов Эшболот иштеген) жылуу кабыл алганы иштин ийгиликтүү уланышына жакшы шарт түзүп берди десе ашыкча болбойт. Кандай нерсени баштаба, бардыгы ушул маселеге такалат эмеспи. Айлана-чөйрө бардыгын акыры чечет, мыкты идеяны колдосо колдойт, эгерде жалпы коллективдик акыл-эси ошого татыктуу болсо, ал эми түшүнүгү тар, карангы чөйрө эң сонун башталыштын да үзүрүн көрө албайт, эң мыкты баласынын кендирин кесип, шагын сындырат эмеспи.
18 чымыны бар баланы район боюнча катуу сынактан өткөрүп, тандап лицейдин алгачкы сегизинчи классы түзүлгөн эле ошондо. Бул балдар үчүн Чечме-Сай айылындагы Кара-Таш орто мектептин бир корпусун толук бөлүп беришет. Үч маал жылуу, сапаттуу тамак менен окуучуларды камсыз кылып, ошол эле корпустун ичиндеги жатаканаларга жайлаштырып, айыл жердеги чарбалык иштерден бул балдарды толук бошотушат.
Ошол окуу жылында эле райондук олимпиадага Ноокат билимканасынын балдары катышып бардык предметтер боюнча биринчи орунду ээлеп келишкен.
Ошол күндөн тартып бүгүнгө чейин лицеисттер райондук, областтык жана республикалык олимпиадаларында дайыма женүүчүлөрдөн болуп жатышат. Жыл сайын 18 бала катуу сыноо, конкурстан өтүп Ноокат билимканасына кабыл алынат. Бүгүнкү күндө ошентип окуучулардын жалпы саны 82-ге жетти. Алардын жарымы жергиликтүү балдар-кыздар, калганы Ноокат районунун башка айылдарынан терилип келишкен. Акыркы жылдары башка райондордон да, ал турсун Кызыл-Кыя, Ош, Бишкек шаарлардан да келип бул лицейде терең билим алып жаткандар пайда болууда. Алардын арасында мурда орус мектептеринде окуган балдар-кыздар да бар. Лицеистердин мындай район, область ал турсун (соңку мезгилде) республика боюнча «курамалыгы», ар-ар жерлерде өзүнчө тарбияланып, тили, психологиясы, өңү-түсү менен айырмаланып бирге ынтымак жашаганы да эң мыкты кошумча тарбиялык жагдайды түзүп жаткандай сыяктанат.