С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат - Замирбек Өсөров 3 стр.


«Лицейдин балдар, ата-энелер арасындагы авторитети жөнүнде мындай эле бир көрүнүш баса белгилеп берет. Билимканага өтөм деп, бир жылдык подкурска илешип окуган кээ бир балдар, маселен, Көтөрмө айылынын тургуну Каныбек Абаралиев, подкурстун жазында болобу, кышындабы 56 чакырым аралыктан сабактарына лицейге басып келип билим алууда. Лицейге өтүп окугандардын арасында да мындай, «жүргүнчүлөр» жок эмес. Алардын биринин да окууга кечигип келген күндөрү болбогон, себеби подкурста бир жыл окугандардын арасында да лицейге өтүүчү конкурс бийик ар-бир үч подкурсниктен бирөө гана лицеист боло алат. Ал эми жалпы конкурс болсо соңку жылдары бир орунга 1520 талапкерлер туура келип, кээде 30-га чейин көтөрүлөт. Мына ошондуктан лицейге өтүү институтка өтүү менен барабар болуп, элдин жалпы кызыкчылыгын арттырып жатпайбы. Бул жерде балдарды агай-эжекелер мыкты тарбиялап, дүйнөлүк деңгээлде окутуп, кийин институт-университетке өтө турган мезгилде да балдар менен кошо шаарга барып, аерде жайлаштырып, экзаменге киргизишет. Эгерде кайсы бир проблема пайда болсо, ошол жерде эле чечүүгө аракеттенишет. Жоопкерчилик деген мына ушундай болот окшойт.

Ошол эле убакта республикабыздын бардык орто мектептери оор мугалимдердин кризисине чалдыгып, мектепти биротоло таштагандар күндөн күнгө өсүүдө. Мугалимдердин да, окуучулардын да арасынан  адистигинен айрылып, коммерцияга, алып-сатарлыкка берилишип, базар, рынокторубузда сагыз, тамеки, арак сатып күн көргөндөрү канча. Балдарыбыз болсо көчөдө калып, ар-түрдүү хулиган, арамза адамдардын тузагына түшүп абалыбыз ого бетер татаалданып жатпайбы. Мектепте окуган күндөрү да кыргыз мектебинин мугалимдеринин жөндөөмсүздүгүнөн, сабакты өтө супсак, машиналдуу түрдө өткөргөндүгүнөн, биздин балдарыбыз билимден таптакыр көңүлү калып, көчөгө эле карашып калышпадыбы.


Билимкананы материалдык жактан камсыз кылуу үчүн лицейдин астында Талант кичи ишкана тибиндеги атайын фонд уюштурулган. Бул коммерциялык структуранын негизги максаты  лицейди байытуу, алардын мүчөлөрү бизнеске активдүү аралатырып, тапкан акчасынын көбүн окуучулардын муктаждыктарына жумшашат. Жогоруда айтып кеткенибиздей лицейдин 3 гектар жери бар, аерде жүгөрү менен картошка өстүрүлөт. Лицейдин астында өзүнчө коммерциялык дүкен да ачылган. Мындан тышкары лицейдин туруктуу спонсорлору да, учур келгенде материалдык жардамын аяшпайт. Маселен, 25 майда, акыркы конгуроо салтанатына катышкан коноктордун арасынан райондук «Сельхозхимиянын» жетекчиси А. Эгембердиев билимкананын жерин өздөштүрүү үчүн эки тонна химиялык жер семирткичтерди тартуулап, тийиштүү техниканы да иштее маалында берип турган.


Ошондой эле «Намеда» аттуу биргелешкен мекеме (директору А. Пратов) 300 литр солярканы бөлүп берген. Ошол эле күнү райондук айыл-чарба башкаруусунан 500 сомго көркем китептер белек катары лицейге тартууланган. Өкмөт тарабынан да жардам берилүүдө. Лицей элге билим берүү бөлүмүндө интернат катары катталып, тиешелүү каражатты алып турат.

Кыскасы, бул лицейдин материалдык базасы, анын ичинде мугалимдердин алган айлыгы өкмөт тарабынан да (мугалимдердин орточо айлыгынын деңгээлинде), «Талант» фонду жана спонсорлордун жардамы аркылуу да кошумчаланып негизделинет. Мына ошондуктан лицеисттердин тамагы да сапаттуу, мугалимдердин айлыгы да жөнөкөй мектептерге салыштырганда эки-үч эсе жогору, а бирок ошого жараша биердеги окутуучулардын жаны тынбай иштегени да бар. Эртеменен саат сегизден кечке жуук, саат тогузга чейин лицейден чыгышпайт. Негизги иш  балдарды интенсивдүү түрдө окутуу, аларга терең билим берүү, сабактан бош мезгилде чарбалык жумуштар, курулуш, уюштуруу иштери күтүп,  кыскасы, мугалимдердин нагрузкасы арбын.

Балыкчыда дал ушундай уюшулуп жаткан лицейдин астындагы фонд түзүлүп жатканда, шаардын атактуу, кадыр-барктуу адамдары, бизнесмендер, директорлор жыйналышка чогулуп, бир күндө эле рекорддук сумманы (50 миң сомду) соопчулук фондтун эсебине которуп беришти. Дал ошондой Кочкордо да Турдакун Усубалиевичтин демилгеси аркылуу тез убакта айылдын аткаминерлери жыйналып, бул иштин жергиликтүү элге өтө керектигин бат эле түшүнүшүп «Калыгул» фондун уюштурушту, өнүккөн эл бат эле иштин пайдасын көрө алат эмеспи, керектүү чыгымдарга моюн сунуп. Бул жагын эске алганда түштүгүбүздүн кадыр-барктуу аксакалдары да, жалпы эл-журту да бир аз кашаңдыгын көрсөткөнүн ачык эле айтып кетишибиз абзел. Ноокат билимканасы маңдайында жайгашканына карабай, анын келечек үчүн зор маанисин сокур адам да көрүп турган чакта, ошондо да, Ноокаттан башка аймактарда дале болсо алгылыктуу жылыштырдын байкалбашы албетте өкүндүрбөй койбойт. Нарын, Ысык-Көлдөн өзүлөрү келишип ЭЖИАДтан керектүү маалымат алып жатса, түштүктүн кээ бир райондоруна өзүн барсан да эч кандай жыйынтыгы чыкпай жатканы, аердеги адамдардын чабандардан тартып акимдерге чейин өзүнүн жеке кызыкчылыгынан башка эч нерсени ойлогусу келбегени кимдин гана жалынын өчүрбөсүн, кимдин гана шагын сындырбасын! Эки-үч миң сомду район боюнча лицей учун жыйнай албай, ал эми ошол эле убакта он эсе, жүз эсе көп суммаларды ар-түрдү аш-тойлорго, мааракелерге, юбилейлерге чачып жатканыбыз акылга сыя турган нерсеби?


Ноокаттагы эксперименталдык лицей өзүн толук актап, бул жакшы жөрөлгөнүн, кыймылдын келечеги кен экенин лицей менен таанышып кеткендин баары айтышат.

Анын негизинде жана топтолгон бай тажрыйбасында өлкөбүздүн жаш илимпоздор менен педагогтордун бул зор кыймылынын 2-этабы иш жүзүнө ашып жатат.

Экинчи этап

Кыргызстандын тоолу аймактарында 40 мектеп-

лицейлерди уюштуруп берүү.


Кыргыз элине жакын тууган болгон карачай элинин мыкты өкүлү Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти Азрет-Алий Боташев чындыгында өлкөбүздүн бакыты үчүн жаралган экен. Бул акылы терен инсан эми колунан өсүп жетилген шакирттеринен Ноокат билимканасы тибиндеги Кыргызстандын алыскы тоолуу аймактарында 40 мектеп-лицейлерди уюштуруп бересинер деп талап коюп жатат. Ар-бир райондо жок дегенде бирден лицей сөссүз болушу керек, антпесек таланттарыбыз өсүп-өрчүбөй жок боло берет деп.


Кыргызды басмырлаган өнөкөт


Көпчүлүк ата-эненин

бизде калыптанган адаттагыдай,

өсуп жетилип бараткан балага,

анын баскан-турганына

көңүлүн чындап бөлүүгө,

анын жан дүйнөсүндө

эмне болуп жатканын,

кандай кыйынчылык, азаптарды

башынан өткөрүп жатканын 

мунун баарын ата-энелер этибарга албай,

жашап көнгөн мындай нерсеге кызыкпай,

баланын иши баланыкы деп,

тарбия иштерин баарын мектепке жумшап коюп,

өзүн өзүлөрү алдашып.

Ушинтип ата-энелер, улуулар

өз иши менен алпурушуп,

өз проблемаларынан баш көтөрө албай,

кызмат, карьера, байлык,

тууган менен катышка, аш-тойлорго баш-оту менен берилип,

жашоодогу эң негизги, эң кымбат, эң асыл байлыкты,

түбөлүктүн булагын, башатын,

эртең эле келечекке умтулуучу ракетаны 

өз баласынын тагдырын

унуткарып коюшат ата-энелер,

кудум кыргыз тилин, мектебин, маданятын унуткандай,

же баласын кара ишке жумшап,

андан башка эч нерсеге үйрөтпөй,

жаралган болот дагы бир Кыргызстанда

тачка түрткөн жигит базарда,

же мекенинен алыс кетип, таштап алтын жерин,

чочко багып бөтөн элде,

пол жууп, туалет казып,

эптеп күн көрүп өзүн таппаган адамдай,

кыдырып бүтсөң да ааламды,

чыга албай баягы эле абалдан.

Ошентип күндөн күнгө.

көр турмуш, тириликтен баш көтөрүлбөй

калат баланын тагдыры жер төлөөдо, көз жаздымда,

ачылбаган гүл, жазылбаган ыр, айтылбаган сыр оңдүү

уланып мындай чабалдык муундан муунга,

«ак сөөк» адамдын баласы учуп ааламга,

кедей-дыйкандын тагдыры өтүп эски арабада.


Бүгүнкү күндө ушинтип Азрет-Алий агайдын «наполеондук» стратегиясы аркылуу Кыргызстандын туш тарабында 15 физика-математикалык багытындагы лицей-мектептер түзүлүп, мыкты балдар менен мугалимдерди тандоо астында өз ишин баштады десек болот, дагы бир нечеси жаңы окуу жылдын башталышына чейин уюшулушат. Ал тургай республикабыздын сырт жагында да, Казакстандагы Кыргызстанга чектеш райондорунда бул үлгү кеңири тарап, ушул принципте айылдык казак лицейлер пайда болууда, Өзбекистандын кыргыздары да лицейдин идеясын жылуу колдоп, өз жерлеринде билимканаларды ачууга, Кыргызстандын Академиясынын математика институту менен тыгыз байланышта иштөөгө аракеттенүүдө.

Кыскасы, Азрет-Алий Боташев менен Өмүрзак Мамаюсупов кыялданган 40 лицей келерки эки-үч жылда эле түзүлүп, кудум Ноокат билимканасындай жандуу иштеп калышына терең ишеним бар.

Эгерде сиз дагы, окурман, педагогиканын азыркы оор абалына кайдигер эмес адам болсоңуз, эгерде сиз дагы өзүңүздүн туулган айыл-кыштагыныздын эртеңи жөнүндө бушайман болсоңуз, балким сиз дагы айылыңызга мындай лицей-мектепти ачып бергиңиз келээр? Балдарыңыздын келечегине, журтуңуздун бактына. Анда сиз менден сурашыңыз ыктымал: «Лицейди уюштуруу үчүн биринчи ирээтте эмнеден баштоо керек? Кимге кайрылабыз? Кантип окуучуларды, мугалимдерди тандайбыз? Кайсы жактан материалдык каражаттарды жана техниканы, илимий жардамды күтүүгө болот?»

Миң уккандан көрө бир көргөн жакшы дегендей, Ноокат билимканасына чыгымданып барып келгениңер эң жакшы болмок, ошондой эле Бишкектеги «ЭЖИАД» соопчулук фондунун офисине кайрылсаңар бул тууралуу кеңири маалымат ала аласыңар. Анын дареги жана телефондору бул китептин башында келтирилген. Мен дагы өзүм көрүп түшүнгөнүмдү силерге жеткирүүгө аракеттенемин.

Лицейди ачкандан мурда, аны колдоочу фонд сөссүз түзүлүшү ыктымал. Ноокатта бул фонд жогоруда айтканыбыздай «Талант фонду» деп, аталат. Кадамжай районундагы «Келечек» мектеп-лицейин «Исфайрам» фонду колдойт.

Фонд түзүлмейүн, ал турсун өзүнүн коммерциялык иштерин баштамайын лицейдин чындап түзүлүшү да күмөн. Жаш таланттарды өстүрүү үчүн далай мээнет жана каражат сарпталышы абзел. Балдарды жылуу тамак, жатакана, өзүнчө окуу кабинеттер менен камсыз кылуу, ошондой эле аларга терең билим берген мугалимдерге айлыгын көтөрүү, ар-түрдүү семинар, конференцияларды, олимпиадаларды материалдык жактан каржылоо  мунун баары, албетте, оңойго турбайт, мунун баары фондтун милдетине кирет. Кыскасы, фондтун ишин мыкты бизнесмен башкарса эң жакшы болот. А фонд ачылуу үчүн эмне кылуу керек? Фонд бул кадимки эле эч кимге көз каранды эмес кичи ишкана тибиндеги коммерциялык структура, өзүнүн мөөрү, бланкалары, жергиликтүү банкта эсеби ачылат. Ошондуктан биринчиден фондтун уставдык фонду чогултулуш керек. Маселен, «Исфайрам» фонду уюшулуп жатканда Кара-Дөбө, Үч-Коргон, Майдан, Чавай айылдарынан 300 педагогикага кайдигер эмес адамдар чогулуп, ар бири 510 сомдон өз чөнтөгүнөн чыгарып, ортого салышкан, 2500 сом топтолгон, ушуну менен фонд мыйзамдуу түрдө негизделди. Демек, лицейди ачуу үчүн, фонд уюштуруш керек, а фондту уюштуруу жергиликтүү элдин макулдугуна байланыштуу болот.

Лицейлердин астындагы фондтордун коммерциялык иштерин координациялоо максатында, ошондой эле мүмкүнчүлүк болгондо техникалык жана финансалык жардам кылуу үчүн Бишкекте жогоруда бир нече жолу атап кеткен «ЭЖИАД» соопчулук фонду түзүлгөн. Мындан тышкары, лицей-мектептердин системасын өнүктүрүү үчүн «Мугалим-инвест» аттуу эл аралык холдинг корпорациясы да уюштурулууда. Ушул эки инициативдуу уюм аркылуу Бишкекте лицейлердин жана алардын астында түзүлгөн фондтордун ишин координациялоо максатында атайын борбор түзүлгөн. Ал борбор учун тиешелүү оргтехника (компьютер, факс жана башкалар) сатып алынып, бул аппаратураны иштете алган жогорку квалификациядагы персонал болунуп берилген.

Илимий жактан болсо лицейлердин ишин УИАнын астындагы математика институту жана жаңыдан уюшулган эл-аралык педагогикалык академия (МАПН) тейлейт. МАПН келечекте лицейлерде иштеген окутуучулардан илимдердин кандидат жана докторлорун даярдап берүүгө багыт алмакчы.

МАПНдын уюштуруучуларынын арасында ЭЖИАДтын жетекчилеринен тышкары Кыргызстандагы белгилүү илимпоздор жана педагогтор Д. Асанов, академик Измаилов, Р. Ачылова жана башкалар бар.

«Бул система күчүнө чындап киргенде 40 лицей-мектептер ар-ар жерлерде түзүлүп, аларга Өзбекстан, Казакстандагы лицейлер да кошулуп өзү аткарган грандиоздуу ишин жалаң гана айылдык таланттуу окуучуларды дүйнөлүк стандарттагы билим берүү, тарбиялоо менен чектелбей, өзүбүз көрүп жаткандай ошол эле алыскы тоолуу айыл-кыштактардын жашоочуларын чыныгы бизнеске акыл-эстүү, цивилизациялуу түрдө аралаштырууга көмөктөш болуп берет. Бул «тарбиялоо иштери» да ЭЖИАДтын пландарында бар. Анын глобалдуу системасы аркылуу алыскы тоолуу аймактардагы лицейлер бири-бири менен ар-түрдүү жактарынан тыгыз байланышып, Бишкектеги борбордон координацияланып чет элдик жаңылыктарга убагында бардыгы кабардар болуп, ошол тоолу аймактын ар-тараптуу өнүгүү жолуна мыкты мүмкүнчүлүк, шарт-жагдай түзүлүп жатпайбы. Окуучулар да, мугалимдер да, ата-энелер да бардыгы «дүйнөлүк стандарттагы» чоң ишке аралашууга, тынбай, үзгүлтүксүз ар-тараптуу, көп кырдуу билимге эгедер болууга, өзүнүн күнүмдүк турмушун кескин түрдө жакшыртууга ушул лицейлердин ажайып системасы аркылуу кеңири жол ачылып жатпайбы.

Качан, кайсы убакта, ким силерге дагы ушундай сунуштары менен кайрылып келген, урматтуу элеттик калын эл-журт? Эзелтен мектеп, лицей ачылса да сөссүз түрде ири шаарларда ачылып, аерде жалаң гана чоңдордун былтыйган балдары окуп жүрбөдүбү? Окуганда да орус тилинде окутуп, өз эне тилинен, маданиятынан улуттук үрп-адаттарынан биротоло айрылган адисттер, жетекчилер, илимпоздор козугарындай жайнап, элибизге пайдасынан зыяны кеп болуп жатпадыбы? ЭЖИАДтын силерге кайрылганы, урматтуу тоолуктар, бул өзү кыргыз элинин терең урматтонун белгиси. Анткени, улуттук маданиятыбыз да, илимибиз да, келечегибиз да силердин колуңарда эмеспи.


Кылымдын өзөктүк чындыгы


Орус тилди жоготсоң  Россияны жоготкон болосуң, англис тилинен айрылсаң  бул дүйнөнүн төрт тарабынан, Батыштан, анын технологияларынан айрыласын, арап, фарси, кытай тилдерин билбесең Чыгыш дүйнөдөн кабарсыз болосуң  ал эми кыргыз тилин жоготсоң  бүт баарын, Ааламды жоготосуң.

Бул жөн эле поэзиялык метафора эмес, бул  так илимдер тарабынан абдан кылдат далилденген улуу чындык болот.

Анткени эне тил акылдын төрүнүн, биздин подсознаниебизде сакталып жаткан чексиз ааламдын байлыктарынын, катылган сырларынын ачкычы, башаты, уюткусу, катализатору, эбегейсиз өзөктүк (ядролук) энергиянын кампасы болот.

Билимкананын канатын көтөргөндөр

Кандай гана адамдар акыркы бир-эки жылда Ноокат билимканасына келип, анын балдары менен таанышып, окуу процессине катышып, чын жүрөгүнөн мугалимдерге өзүнүн ыраазылыгын билдирип кетпеди! Аскар Акаев, Чынара Жакыпова, Абдыганы Эркебаев, Аскар Какеев, Турар Койчуев, Америка, Европа, Турциядан келген коноктор, окумуштуулар, ал эми жергиликтүү мугалимдерди айтпай эле коелу Ноокат билимканасы бүгүнкү күндө Кыргызстандын педагогдорунун меккесине айлангансып, күн сайын бул жерде семинар, конференция, жолугушуулар өткөрүлүүдө. Мунун бары албетте лицейдин педколлективи үчүн кошумча кыйынчылыктарды туудурбай кое албайт, ошого карабастан билим жана тажрыйба алуу үчүн келген конокторду чын жүрөктөн тосуп, аларга жардам берүүдөн аянышпайт. Болгон убакты минут сайын чектелип зарыл иштерге пландалган болгондо да, келген конокту урмат, сый менен тосууга, анын визити ал үчүн максималдуу пайдалуу болуусуна аракеттенишет. Бул дагы өзүнчө лицеисттер үчүн чоң мектепке айланууда. Мугалимдердин саны чектелген болгондуктан, конок кутуу церемонияларына окуучулар да сөссүз кошулат. Бул жагынан алганда билимкананын балдары шаардык балдарыбыздан кескин турде айырмаланып турушат. Шаардык балдар, асыресе элитардуу мектеп-лицейлерде билим алып жатышкандар таптакыр конокту тосуу, узатуу деген түшүнүктөрдөн айрылып калышкан эмеспи, дулдуюп эле турушкандан башка эч нерсеге жарабай. Алардын билими терең болгондо да, орус, англис тилдеринде сайрап сүйлөгөндү билишкенде да  мунун бардыгы анча деле баалуу эместей сезилери бышык, эгерде баланын улуттук тарбиясы жок болсо. Айыл жердеги балдарыбыз болсо, бул жагынан шаардыктардан кыйла маданияттуу болгону менен жалпы билиминин чабалдыгынан, кругозорунун тардыгынан уткарып жатышпайбы.

Назад Дальше