С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат - Замирбек Өсөров 4 стр.



Ал эми Ноокат билимканасынын балдары эки тараптын мыкты касиеттерине ээ болушуп, ал турсун билим жагынан, ошол эле англис тилди Бишкектеги спецшколалардын окуучуларынан жакшы өздөштүрүп, так илимдер жөнүндө айтпай эле коелу, ошол эле убакта баягы эле татынакай айылдык балдар бойдон калышы  мына ушул көрүнүш, туугандар, биздин доорубуздун накта феномени, залкар психологиялык төңкөрүшү десе болот.

Ооба, бул лицейде билим алгандар 21-кылымда окуган кыргыз балдарын элестетет. Алар бизден таптакыр башка. Биз окуган 20-кылымдагы кыргыз мектептер, айрыкча алыскы тоолуу аймактардагы көпчүлүк мектептер артта калгандын, караңгылыктын, чала сабаттуулуктун символу болгон, мунун жашырыштын кереги барбы. Ошондуктан баардыгыбыз орус мектепте окууга умтулган эмес белек, чабан-колхозчулардын балдары гана кыргыз тилде билим алууга аргасыз болуп, тоолордун курчөсунан чыга алышпай. Ноокат билимкананын кыргыз улуту үчүн мааниси жана баалуулугу мына ушунда. Жарыбаган традицияларыбызды бузгандыгында, жоголгон улуттун намысын кайтарып бергендигинде. Демек, биз дагы эл экенбиз да, мындай балдарды тарбиялоого жараган болсок.


Кадрлар баардыгын чечет деген атактуу бир саясий ишмер. Ооба, дал ошондой. Бул чындыкка бардык өнүккөн өлкөлөр эчак эле түшүнүшкөн, биздин эл да көп кыйынчылык, азаптарды кечип бул турмуштун зор чындыгына акырындык менен багынууда. Кадр маселеси ошондуктан дайыма эң орчундуу, татаал маселе болгон. Анын туура чечилиши абдан көп мээнетти, көрөгөчтүктү, акылмандыкты талап кылат. Ноокат билимкананын коллективинин тандалышы ушул жагын эске алганда бул өзүнчө турмуш сабагы, башка коллективдерге үлгү катары болуп бере алат. Нечендеген сыноолордон, изденүүлөрдөн, мурдагы иштеген мектептерде орунсунбай, таланты жок пас адамдардан запкы жеп, кыйналып-кысталып, акыры бири-бирин Ноокат билимканасында табышып, ынтымактуу, педагогикага жан-дили менен берилген үй-бүлө болуп калышпадыбы! Эң кыйындары, эң жоопкерчиликтүүлөрү, эң жалындуулары иргелип, адашып келгендери кайра кетип жаралбадыбы бул лицейдин жааматы! Ар-бир мугалимдин тагдыры өзүнчө китеп кылып жазууга, ал турсун ар-бир лицейдин окуучусу да буга татыктуу.


Саадат Сатарова  республикадагы мугалимдердин конференциясында, Бишкек, 1997 -жыл.


Лицейдин алгачкы директору Саадат Сатарова, соңку жылдары Кыргыз Республикасынын агартуу системасындагы көрүнүктүү ишмерге айланып калбадыбы.

Ноокат билимканасы түптөлүп аткан мезгилде өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында ал жаш адист болгон, ошого карабастан мыкты педогогиялык уюштурулук таланты менен билим чөйрөсүндө адистердин коомчулугуна көрүнүп калган педагог эле. Аны менен таанышып калган күнүм балким менин эң бир бактылуу күнүм болуп калган чыгаар. Ылайым ушундай адистерибиз жана айымдарыбыз элдин калың катмарында арбындай берсин! Балдарды мыкты тарбиялоо үчүн жаралган инсан, кулк-мүнөзү, рухий дүйнөсү, өң-түсү жагынан абдан жука, назик, чебер калыптанган аялзат тилибизде мындай адамдарды сүрөттөп берүү үчүн али сөздөр да, түшүнүктөр да жок болушу керек. Балким, ушул лицейде анын колунан тарбия алган акын-жазуучулардын колунан келип калаар мындай иштер. Мен болсо силерге кыскача эле бул биздин outstanding and extremely beautiful and subtle айымыбыз жөнүндө маалымат берип кетейин.

Саадат Сатарова 1952-жылы Кызыл-Кыя шаарында шахтердун үй-бүлөсүндө дүйнөгө келген. Кызыл-Кыя шаарындагы номер 6-чи кыргыз орто мектебин бүтүрүп, борборубуздун Кыргыз кыз-келиндер пединститутун ийгиликтүү аяктап, англис тили адистигине ээ болду. Студенттик кезинде эле ар-тараптуу жөндөөмү бар инсандай аныкталган. Шахмат боюнча институттун курама командасына бир нече жолу катышып, далай ийгиликтерге жетип, студенттердин жана окутуучулардын арасынада сый менен урматка бат эле ээ болгон. Ал эми мылтык атуу, мергенчилик жагынан бул чыгаан кызыбыздын ошондо эле 1 разряд деген жогорку спорттук наамы бар болучу, бул жаатындагы спорттук республикалык мелдештерге тынбай катышып, ал жерде да байгелүү оорундарга ээ болуп, окуган институтун кадыр-баркын көтөрүп турган. Ал бардык жагынан заманбап айым болуп тарбияланып калган болсо да, ошол эле убакта  бу дагы анын өзгөчөлүгү, уникалдуулугу болгон  Саадат 14 жашынан тартып апасынын жолдоосунун, жетектөөсу астында нукура кыргыз элинин салтарын, кол-өнөрчүлүгүн, байыркы көчмөн маданиятынын асыл мурастарын таанып, аларды жаш кезинен терең урматтап үйрөнүп келген. Ал 14 жашынан тартып килем сокконду, шыйырдак жасаганды мыкты өздөштүрө алган. Бул өнөрчүлүк дагы анын өмүрлүк хоббилерине айланган. Мектепте окуган жылдары физика, тарых, география предметтери боюнча шаардык, областттык олимпиадаларга катышып жүргөн, аерде да дайым биринчилерден болуп, мектептеги уюштуруу, коомдук иштерине да активдүү катышып, ушундай жашоо образына биротоло көнүп калган.


1974-жылы Кызыл-Кыядагы мектеп-интернатта педагог болуп иштей баштайт. Бир жылдан кийин гана анын классы үлгүлүү деген наамга ыйгарылып класстагы окуучулары менен Саадат Сатарова Москвада өтүүчү Бүткүлсоюздук мугалимдердин конференциясына катышып келет.

Дагы үч жылдан кийин Ош областынын Кеңешине депутаттыкка аны Кызыл-Кыянын эли шайлаган болот. Саадат эженин педагогиялык өзгөчөлүгү, анын окуткан ар бир балага инсан катары мамиле жасаганы, анын табигый өзгөчөлүктөрүн, жөндөмдөрүн өстүрүүгө, курчутууга далалаттанганы  мына ушул нерселерде бул педагогдун эң чоң секрети, ийгиликтерди жараттүүчү сыры, ички механизми катылып жатат окшойт. Аны алгачкылардан Саадат эже балдарды окутуп жаткан ата-энелер түшүнүп, жүрөктөрү сезип, анын шаардын өкүлү болом деген ниетин катуу, жапа тырмак колдошуп Ош областынын кеңешине депутат кылып шайлап бербедиби. Мындайда калың эл адашпайт, ошондуктан таланттуу педагогду элдин өкулу болгонуна сүйүндү, ошону менен бирге келечекте өзү дагын, калайык-журт, көптөгөн утуштарга ээ боло алды. Талантттарды туура билип, колдоп турган элдин гана келечеги кең болот эмеспи.

Саадат Саттарова ушул туралуу өзү педагог катары эң мыкты билет. Педагог кесибин тандаганы да ушул себептеп.

 Мугалим, педагог,  дейт Саадат Сатарова,  балдардын бактылуу келечегин ачып берүүчү адам. Анын жогорку максаты жана миссиясы мына ушунда. А бирок класстагы ар бир бала жаратылышынан бири бирине окшобогон болгондуктан, ошол окуучуга индивидуалдуу подход, мамиле, ачкыч табылганда гана анын жолу ачыла баштайт, педагогдун таланты да мына ушундайда билинет, байкалат. Аны үчүн педогог менен баланын ортосунда эч кандай дубал болбоого тийиш. Кызматташтык педагогиканын негизги аксиомасы ушул эмеспи. Албетте, педагог окуткан баланын үй-бүлөлүк абалын жакшы билиш керек, ошондой эле эң негизгиси өзүнүн билим деңгээли, кругозору абдан кенен болушу керек. Антпесең азыркы заманда окуучулар да, алардын ата-энелери да сени педагог катары сыйлабай коюшат. Кыскасы, мугалим окучууга канчалык жогорку талап койгон болсо, ошол деңгээлде өзү да тынымсыз үйрөнүүгө, окууга, чеберчилигин өркүндөтүүгө мажбур болот. Балдардын билимин өстүрүүдө эң негизги нерсе  аларга тынымсыз билим берүү процесси, ошого алардын табиятын, кулк-мүнөзүн, ички жана сырткы чөйрөсүн көнүктүрүү болот. Ар күнү алдыга жылуу, кайсы бир жаңы нерсени системдүү түрдө үйрөнүү, өткөндөгү үйрөнгөндү кайталап элесинде бекемдөө, цементоо, аны керек болгон учурда пайдаланууну билүү  билимдүүлүккө алып баруучу жалгыз жол ушул. Лицейде конкуренция, бири-бири менен тирешүү духу өтө күчтүү болгондуктан, мугалимдин иши башка мектептерге салыштырганда оңоюраак көрүнөт. Биердеги балдарга бир жолу айтсаң эле болду, ал турсун берген темаң боюнча өзүлөрү түнү менен иштеп чыгып, сен билбеген нерселерди чукуп таап келишет.

А бирок кандай болгондо да, педагог балдардын ата-энелери менен да тыгыз байлангышта иштеш керек. Ошондо натыйжа жакшы болот, эки тарап тең катуу аракет жасаган болсо.


 Педагогика жаатында,  дейт Саадат Саттарова,  өзүмдүн кеңешчим катары ошол Кызыл-Кыядагы интернатта бирге иштеген педагог, Кыргызстандын элге билим берүү, агартуу системасынын отличниги Альберт Вартанович Сагамоновду тааныймын. Бул армян улутундагы агайым зор инсан, өзүнүн кесибине чексиз берилген педагог болгон. Ушул адамдын мугалимдик тажрыйбасы, таланты, инсандык образы аркылуу мага Сухомлинскийдин тарбиялоо методу ачылган десем туура болот.

1988-жылы методист-мугалим Саадат Саттарова Бүткүлчоюздук мугалимдердин съездине делегат болуп, Кызыл-Кыядагы 700 ашуун педагогдордун арасынан шайланат.

Андан соң Ноокат районунун Чечме-Сай айылына үй-бүлөлук шарттарга байланыштуу (жолдошу Абдрахман Матмуратов ушул айылдан болот) көчүп келет. Кызыл-Кыя шаарына салыштырганда бул тоонун этегинде жайгашкан айыл асман менен жердей айырмаланып турган болушу керек шаарда өсүп тарбияланган Саадат эже үчүн. А бирок чыныгы профессионал жана адис бардык жерде профессионал бойдон калат эмеспи, ошондуктан Чечме-Сайда да жылдыздуу айымдын жылдызы өчпөдү, ал тургай «коюланган түндө», шаарга салыштырмалуу караңгы, түнт чөйрөдө анын адистик таланты ого бетер жалтылдай баштайт. Кайнар-Булак орто мектебиндеги анын жасалгаланган окуу кабинети бир жыл өтпөй район бонча мыкты болуп бааланып, баардыгына таанылды, ал эми 1993-жылы жогоруда айтып кеткенибиздей Саадат Сатарова Кыргызстандын агартуу тармагынында «Жылдын мыкты окутуучусу» деген даңазалуу республикалык наамга ээ болуп, бүткүл өлкөбүзгү таанылат.

Ушундан кийин Саадат эже Ноокат билимканасына чакырылган.

Ал лицейге келери менен англис тилинин окутуусу кескин түрдө оңолгон болот. Сегиз айдан кийин (!) лицеисттердин 70%  8-класстан тартып 11-класска чейин  англис тилинде эркин сүйлөп калышат. Кээ бири балдар, кыздар англис тилин орус тилинен да жакшы билишип, бул тилде ыр-аңгеме жаза баштаганы таң калтырбай кое албайт.

Ноокат районун олимпиадасына лицейден 37 бала катышууга укук алып, алардын ичинен 30 (!) байгелүү оорундарды ээлеп кайтышты. Алардын арасынан англис тилинен жеңгендер да болгон. Андан соң Ош областтык олимпиадасында билимкананын 17 баласы 1,2,3, 4-орундарды ээлеп, башка Кыргызстандагы ушул эң ири областынын мектептердин окуучуларын пъедесталдын, байге тапшыруучу жайдын жанына жолоткузбай кайтышат. Ошентип республикалык олимпиадага Ноокат билимканасынан 7 лицеист катышкан болот. Ошолордун ичинен экөө байгелүү орундарды ээлешти. Ал эми Ош областында ал убакта республикабыздын калкынын жарымы жашап атканын жана Кыргызстан боюнча 2 миңден ашуун орто мектептердин бар болгонун эске алсак  жалпы окуучулардын саны 1,5 миллиондон ашып, мына ошондо Ноокат билимканасынын бул ийгиликтерин туура баамдаган болобуз  бул чын эле таңгаларлуу кыргыз элинин айылдык мектеби экен деп тааныйбыз! Анын негиздөөчүүлөрүнүн башынан эле түпкү максаты  Кыргызстандын алыскы тоолуу аймактарында дүйнөлук деңгээлдеги стандарттарга жакын кыргыз мектебин жаратуу, ошол максат үчүн катуу аракеттенгенин баалап, Ноокат билимканасы мына ошондой мектептердин алгачкылары болгонун тастыктаган болобуз.

Лицейде 13 окуутуучу иштейт. Алардын баары тажрыйбалуу адистер, балдарды тарбиялоого, билим берүүгө жан-дили менен берилген адамдар.

Мамарасулов Мукушалы, математик, Ош мамлекеттик педагогикалык институтту Маккамбай Мамаюсупов менен 1978-жылы бирге бүтүргөн. Мукушалынын атасы да Кыргызстандын агартуу системасында эмгеги сиңген жогорку педагогикалык наамга жеткен мыкты математик болгон. Лицейге Мукушалы Кайнар-Булак орто мектебинен чакырылат. Ал мектепте Мукушалы математикалык адистештирилген класста тереңдетилген программанын негизинде иштеп бир топ такшалып калганда Маккамбайдын суроосу боюнча лицейге которулат. Мукушалы Саадат эженин лицейдеги оң колу болгон, ансыз директор бир кадам да жасай албаганын ачык эле айтат. Себеби Мукушалы Мамарасулов мыкты адис гана эмес, жакшы адам, анын мүнөзүндө, ата-бабаларынан калган таалим-тарбиясында, генинде, каныныда көптөгөн сонун улуттук касиеттери чогултулган. Абдан жөнөкөй, адамгерчиликтуу, ар-бир аткарган жумушуна өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылган педагог, адис. Билимкана материалдык жана уюштуруулук жагынан толукталып бутуна туруп жаткан кезде, негизги педагогикалык жумуштардан тышкары ар-түрд үү чарбалык, курулуштук майда-чүйдө иштер кыстаганда, мындай адамдардын коллективде бар болгону өзгөчө маанилуу эмеспи.

Лицей математика, физика багытында тереңдетилген программа менен иштейт. Жаңы окуучуларды кабыл алгандан мурда атайын уюштурулган экзамен, сыноолор өтүшөт. Бир оорунга 2030 балдар талашып, мындай жогорку конкурстун натыйжасында райондун эң мыкты окуган балдар-кыздары гана лицейге өтүшөт. Бул класстардын негизги максаты  райондук, областтык, республикалык «күч сыноолорго», олимпиадаларга, эффективдүү даярдануу, аерде сөссүз түрдө жеңүүчүлөрдөн болууга аракеттенүү, предметтерден терең билим алууга умтулуу.

«Өзүмдүн мектебимде жалаң бешке окуганмын,  дейт лицейдин подкурсунун окуучусу Гулнара Кабылова.  А биерге келип билимимдин чабалдыгын түшүндүм, компьютерде алгач жолу ушуерде иштеп, англис тилин чындап окуп»

Ооба, жөнөкөй мектептин отличниктери, мыктыгерлери, лицейге келери менен арттагыларга кошулуп калышат, араң үч деген баага окушуп. Кийин гана, эгерде баланын аракети күчтүү болсо, алдыга акырын жылат.


Информатика сабагынан Кошмурзаев Исмаил башкарат. ОМПИ-ни 1989-жылы бутүргөн. Студенттик кезинде Бүткүлсоюздук математикадан олимпиадага катышып женүүчүлөрдөн болгон. Райондук Финасылар бөлүмүндө компьютерлерди тейлеп иштеген. Бул адисти да Маккамбай Мамаюсупов издеп, таап лицейге алып келген, Чечме-Сай айылынан турак-жай менен камсыз кылып, анткени Исмаил бул жерлик эмес коңшу номер 44 конезаводтун аймагынан болот. Мугалимдер аны «биздин волонтер» деп тамашалап коюшат. Информатика жана математика сабагын үстүртөн караганда кургак, кызыксыз окуганы менен, анын ар-бир сөзү математикага шыгы бар балдар үчүн алтындай кымбат. Себеби, бул момун, көп сүйлөбөгөн, шашпай баскан арыкчырай меланхолик жигит тубаса математик болуп жаралган десек жаңылышпайбыз. Анын мүнөзү, баскан-жүргөнү да муну далилдегендей  каерде болбосун чексиз математика, информатика дүйносүнө ою менен чөмүлүп, ошоерде жашап жатканы анык.


Физика сабагынан Жунусов Тургунбай алып барат. Бул жаш жигит дагы ОМПИ-ни 1991-жылы кызыл диплом менен аяктаган, өзү Чечме- Сайда ачылган физика-математикалык спецкласстын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн. Олимпиадалык класс менен иштөөгө абдан көп көңүл бурат.

Физика предметинен республикалык спецмектептердин арасында олимпиаданын жеңүүчүлөрү тууралуу өзүнчө сөз кылуу керек. Ноокат билимкананын 11-класстагы окуучулар: Эмил Боркошев 2-орунду (область боюнча биринчини), Данияр Абдибаитов 3-орунду (областта экинчини) ээлешкен. Ал эми Акыл Жээнбеков лицейде жалаң бешке окугандыктан бир класстан аттап, 15 жашында окууну алтын медаль менен бүтүргөн. Физикадан жана географиядан республикалык мелдеште 3-орунга татыктуу болгон, өткөн жылы математика предметинен областта биринчиликке жеткен.

Назад Дальше